кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї
Жан алгыч жана аял

Жашы элүүгө чукулдап калган аял жүрөгү кармап ооруканага жатат. Операция үстөлүндө жатса көзүнө жан алгыч көрүнөт. Аял андан:
- Менин убакыт-саатым жеттиби?
Жан алгыч:
- Жок, сенин дагы 45 жыл 4 ай 7 күнүң бар.
Операция жасалып бүтүп, наркоздон тургандан кийин дагы ушунча жыл жашай турган болсом, анда пластикалык операция жасатышым керек деп аял операция жасатууну чечет. Бетин тарттырып, эриндерин, төшүн чоңойттурат. Кыскасы, жаңы төрөлгөндөй болуп чыга келет. Акыркы операцияны жасатып ооруканадан эми чыгып келатканда аялды кокустан "тез жардам" машинеси коюп кетип каза болуп калат. Анда аял жан алгычка:
- 45 жыл жашайсың деп айттың эле, эмнеге "тез жардам" машинесинен мени сактап калган жоксуң?
Жан алгыч:
- Ту-уй ата, сени тааныбай калыптырмын. Укмуш өзгөрүп кетиптирсиң.













??.??