20.07.12 Ашмалтай
Муфтияттагы кайым айтышуулар бул жолу кан төкпөй аяктады, бирок муну менен бүтпөйт

Орозонун алдында, ажылык сапар мына-мына башталат деп турган учурда Чубак ажы Жалиловдун кызматтан чегингени ага каршы уюшуп аткан топтор үчүн да күтүүсүз болду окшойт. Чындыгында коомчулукта Чубак ажы алдыдагы орозо менен ажылык сапарды жыйынтыктап анан кызматтан кетсе болмок деп аткандар да бар. Бирок күтүлбөгөн жерден эле муфтий 16-июлда кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, 17-июлда Уламалар кеңеши айыгышкан тирешүү менен анын арызын кабыл алып, убактылуу муфтийдин милдетин аткаруучу кылып муфтияттын кызматкери Рахматулла Эгембердиевди шайлады.

Каршылаштарын тоготпой аткан мурдагы муфтий кантип сынды?
Арыз жазардан бир күн мурун эле Чубак ажы Жалилов "vb.kg" сайтына төмөнкүдөй ойлорун айтып, кызматтан кетери тууралуу ооз ачкан эмес.
- Учурда каршы тарабыңар сиздин легитимсиз муфтий экениңизди айтып келет. Ушул тууралуу оюңузду уксак?
- Муфтийди устав боюнча Уламалар кеңеши шайлайт, курултай бекитет. Ал беш жылда бир жолу өтөт. Мен азирети муфтий катары шайлангам. Бирок курултай беките элек. Ал насип кылса 2012-жылдын 15-декабрында өтөт. Мыйзам боюнча муфтий ден соолугуна байланыштуу өзү арыз жазса же өтүп кетсе гана кызматтан четтетилет. Устав боюнча муфтий мынча жыл иштесин деген мөөнөт жок. Бизде курултай болгонго чейинки эң чоң орган Уламалар кеңеши болгондуктан Уламалар кеңеши шайлаган муфтий курултай болгонго чейин легитимдүү муфтий деп эсептелинет. Буга чейин биздин мурдагы уставдарда муфтийди курултай бекитет деген эреже жок болгон. Бул муфтийдин бийлигин бекемдеш үчүн акыркы жылдарда кошулуп калган. Шарият боюнча муфтийлик кызмат Уламалар кеңешинин чечими боюнча чекит коюлуш керек. Уламалар кеңеши 35 аалымдан турат. Алардын жарымынан көбү колдогон чечим легитимдүү деп эсептелет.
- Сиз муфтиятта кандай реформаларды өткөрдүңүз?
- Биз президенттин саясатына жараша коррупцияга каршы аябай чоң иш баштадык. Муфтиятка түшкөн акча баарына ачык болуш үчүн фонд түзүлдү. Ажылык умра борборун түзүп, мындагы коррупцияны жок кылдык. Ошондуктан былтыр ажылык сапар жакшы өттү. Мисалы, былтыр бир дагы виза чет элдикке сатылган жок. Кыргызстанда биринчи жолу бардык ажылар самолет менен барды. Бир дагы ажы башка жол менен кеткен жок. Бардык ажылардын акчасы банкка төлөндү. Ажылык борбору боюнча атайын сайт ачылды. Ажылык умра борборунда атайын көзөмөл комитет түздүк. Алар сырттан түшкөн акчаларды карап турушту. Жол акысынын салыгынан эле өкмөттүн казынасына 10 млн. сом түшүрдүк. Ал эми быйыл биз буга чейин таптакыр ажылыкка бара электерди ажылыкка жөнөтөлү деп атабыз. Ал эми "ажы башылары" дегенди "ажылык топтун имамы" деген түшүнүккө алмаштырып, аны мечиттердин имамдарынан жана ислам окуу жайларындагы мударистерден гана түзөлү деп атабыз. Мурда ашканачы, чайканачылар деле ажы башчы болуп бара беришчү. Дагыңкысы дагы бар.
- Кыргызстанда курулган мечиттер тууралуу айта кетсеңиз. Аларды кимдер салат? Учурда Агахан фонду шийиттер агымынын мечиттерин куруп атат деген сөз бар. Ушул маалыматты тактай кетсеңиз?
- Агахан фонду Нарын облусуна университет куруп атат. Бирок мечит салышкан эмес. Биздеги мечиттер төрт гана жол менен: Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан, "Факуф ислам" фонду тарабынан, жергиликтүү спонсорлор аркылуу же Түркиядан келген демөөрчүлөрдүн аркасы менен гана курулат. Кыргызстанда бир гана Тоголок Молдо көчөсү менен Ленинград көчөсүнүн кесилишинде шийит багытындагы мечит бар. Башкалары суннит багытындагы мечиттер. Муфтият ислам дининин башка агымдары мечит курганга уруксат бере албайт. Эгер башкалар куруп бере турган болсо мечиттерди өзүбүзгө алып, имамдарды өзүбүз коюу шарты менен гана макул болобуз. Учурда жана айткан жалгыз шийит мечитинин имамы биз менен дайыма тыгыз байланышта.

Ушул ойлорун айтып оңойу менен кызматтан кетпечүдөй болуп аткан Чубак ажы анын эртеси эле өз каалоосу менен кызматынан кетти. Арыз жазар алдында "www.bulbul.kg" сайтына ал тууралуу бир мүнөткө жетпеген түшүнүксүз видео жайгаштырылды. Ал элестер муфтияттагы жаңылыктарды чагылдырууда КТРКдан да бир нече жолу кайталанды. Бирок биз көргөн видеороликте Чубак ажыга байланышкан анчалык деле сенсациялуу компромат жок. Жалилов кайсы бир кафеге кирип барып дасторконго отурганы тартылган. Болгону ошол… бирок жанында кимдер бар экени белгисиз. Мүмкүн ал видео отуруштун бир үзүмүдүр, кызыгы алдыдадыр… Ушундан улам Чубак ажы Жалиловду кимдир бирөөлөр кандайдыр бир ыплас компромат менен коркутуп муфтийлик кызматтан кетүүгө мажбурлаган го деген шек жаралат. Ал эми расмий билдирүүдө муфтий кызматынан ден соолугуна байланыштуу кетип атканын билдирген.

Дүйшөн АБДЫЛДАЕВ,
"Акыл-эс, ыйман" коомунун жетекчиси, укук коргоочу:
- Чубак ажы аалым. Чынында билимдүү, энергиясы ашып-ташкан кыйын жигит. Чубак ажынын убагында биртоп реформалар жүрдү. Мисалы, ажылык умра боюнча жасап аткан жумушу ишке ашты. Реформаны этап-этап менен жүргүзүп аткан. Жакында садага, секет, факуф фонду, элге билим берүү боюнча пландары ишке ашмак. Эми жаңы келген муфтий ушул максаттарды ишке ашырыш керек.





Тартышмай
Алланын сөзүн тоготпогон аксакалдар, муфтий болгусу келбеген Нарматов, кайрадан жеңилген жумагуловчулар


17- июлда Бишкекте Уламалар кеңешинин жыйыны башталганда эле уламалар ортосунда талаш жаралды. Чубак ажы Жалилов жыйынды жаңы шайланган Уламалар кеңеши алып барсын десе, анын каршылаштары жаңы Уламалар кеңеши легитимдүү эмес экенин айтып, жыйынды эски Уламалар кеңеши алып барсын деп чырылдап чыкты. Жыйын башталганда эле биз сыйлаган ажылар бири-бири менен айтыша берип, сыйдан кеткен ашмалтайлардын ордосуна айлангандай таасир калтырды.
Мурдагы муфтийдин юристи Акин Токталиев алардын легитимсиздигин сот гана чечерин айтып чыкса, аны спортчу кебетеленген башында топу, ээгинде сакалы бар эргулдар жаалап, жыйындан чыгарып ийишти. Эр ортонунан ооп калган такыбалардын кызуу кандуулукка алдырганы, атургай 70-80ге келген ажы аталардын нарктуулукту, салттуулукту унутуп жулунуп, бири-биринен сөз талашып атканы сындап аткан адамын басмырлаганы, сырттан караган кишини чындап эле иренжитет. Ээгинде төрт-беш кылы бар боз балдардын аталарынан сөз талашып адыраңдаганы андан өөн көрүнөт. Бул талаш-тартыш аз эле жерден кагылышууга айланып кетейин деп калганда жыйынды алып баруучулардын катарында отурган ажыкелердин бири кырааты менен кубулжута куран окуп кирди. Бирок динчилердин арасында да Алланын сөзүн тоготпогондор бар экен. Мисалы, муфтийге каршы болуп аткан тараптан чыккан сакалы куудай аксакалдар куран окулуп атса да үнү айрылганча бакылдап кимдир бирөөнү жамандап, күнөөлөп атты. Аны чай кайнам убакыттан кийин гана килеңдеген сакалчандардын бири "куран окулуп атат өч, отур" деп омуроолоп араң токтотту. Бирок куран окулуп, бетке бата тартылгандан кийин да сүйлөшүүлөр жакшы маанайда уланган жок. Жыйын кайра эле кайым айтышуулар менен коштолуп, аксакал-көксакалдар биринин пикирине бири макул болбой атышты. Чубак ажы жыйынды Уламалар кеңешинин эски курамы жүргүзсүн деген талапка макул болгон жок.
Тактай кетсек, Уламалар кеңешинин курамы быйыл май айында Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйында өзгөрүп, анын алты мүчөсү жаңыдан шайланган. Бирок айрым уламалар ал отурум мыйзамсыз болгон, анткени аны өткөрүүгө кворум болгон эмес деп чырылдап атышат. Андан ары Чубак ажы Жалилов мыйзам боюнча анын милдетин биринчи орунбасары Абдышүкүр Нарматов аткарып каларын билдирди. Бирок Абдышүкүр Нарматов муфтийдин милдетин убактылуу аткаруудан баш тартып, эгер мусулмандардын курултайында тең атаандаш шайлоо өтсө гана ага катышарын айтты:
- Мага ыраматылык Мураталы Жуманов 2010-жылдан кийин ооруп атып, "сиз элдин тынчтыгы үчүн муфтийликти алыңыз, кийин сакайгандан кийин башка бирөөнү дайындайм" дегенде мен анын ооруп атканынан улам шагын сындырбай макул деп коюп түнү менен уктабай, кырк жашымда биринчи жолу туура эмес чечим кабыл алганымды туюп, тогуз күндөн кийин муфтийликти өткөрүп бердим. Буга чейин Абдышүкүр муфтий болот экен, андай-мындай деген сөздөр тараган. Бүгүн мен муфтийдин милдетин аткаруучу болуп калсам, эртеби-кечпи ошол адамдар чыгып, мына, биздин айтканыбыз туура чыкты, Абдышүкүр ушуну каалап жүргөн экен, ага эми жетти деп айтышат. Ошондуктан мен муфтийдин милдетин аткаруучу болбойм - деди Нарматов.
Чубак ажынын оппозициясы Нарматовдун бул жообуна өтө эле терең ыраазычылык менен ыракматын айтып, кайрадан калчылдаган кайым айтышуулар башталды. Ушундан уламбы же намаз убактысы болуп калдыбы, айтор, Чубак ажы Жалилов өзүнүн кызматтан кетүү арызы жана жаңы муфтийдин талапкерлиги карала электе эле жыйындан чыгып кетти. Андан ары узакка созулган талаш-тартыштан кийин уламалар жыйынды эски курам алып барганы мыйзамдуу деп таап, муфтийдин арызын кабыл алып, анын ордуна жаңы адамды тандоого өтүштү. Буга чейин атаандаш муфтият түзүү демилгеси менен чыгып жүргөн демилгелүү топ Руслан ажы Жумагуловдун талапкерлигин сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок.
Руслан ажы Жумагулов 2010-жылы муфтий Сүйүн ажы Кулуев сабалып, күч менен кызматтан четтетилгенден кийин келип, үч ай Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарган. Андан соң Уламалар кеңеши ал кызматка Чубак ажы Жалиловду шайлашкан болчу. Бирок бул демилгелүү топ Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандарынын курултайында муфтий болуп бекий электигин жүйө кармап, аны толук мыйзамдуу эмес деп келатышкан.
Русландын талапкерлиги өтпөй калгандан кийин Мусулмандар дин башкармалыгы муфтияттын кызматкери Рахматулла Эгембердиевдин талапкерлигин сунуштады. Аны Уламалар кеңешинин жыйынга катышкан 30 мүчөсүнүн 24ү колдоп, муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлашты.

(Уландысы 6-бетте)