20.07.12 Кыргызстан Лондондо

Кыргызстан өзүнүн эгемендик тарыхында болгону 3 эле олимпиада медалына ээ болгон. Бир күмүш менен бир колону төрт жыл мурун Пекинде өткөн олимпиадада Руслан Түмөнбаев менен Канат Бегалиев алып келсе, андан мурун казакстандык легионер Айдын Смагулов коло алганга жетишкен. Кыргыз олимпиадачыларынын жылдызы 1980-жылы Москвада өткөн олимпиадада жанган. Бул жылы көпчүлүк өлкөлөр СССРдин Афганистанга киргенине бойкот жарыялашып катышпай коюшкан.


Ошол спорт майрамында кыргызстандыктардан 8 адам медаль тагынган. Анын ичинен бешөө олимпиада чемпиону аталышкан. Алар мерген Александр Мелентьев, оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, ат спортчусу Александр Блинов (алтын да, күмүш да тагынган), жеңил атлетчи Татьяна Колпакова жана Николай Чернецкий, марафончу Сатымкул Жуманазаров жана фехтовалчы Александр Абушахметов. Башка олимпиадалардан СССРдин курама командасынын капитандары болуп гандболчу Талант Дүйшөбаев жана баскетболчу Елена Баранова Барселонанын алтынын тагынышкан. 400 метрлик эстафетада Мария Кулчунова да чемпион аталган. Ошондон бери экономикабыз да, спортубуз да өспөй бир ордунда туру.
Бул жолу бизден спорттун он түрүнөн 14 спортчубуз Лондонго жөнөдү. Расмий делегациянын курамы 36 киши. Бабанов эки жансакчысы, бир жардамчысы менен конок катары барат. Ал расмий делегациянын катарына кирбейт. Чоңдордон УОКтун төрагасы Мурат Саралинов жана спорт агенттигинин башчысы Байгазы Кенжебаев. Калган адамдар машыктыруучулар (11 адам), массаж жасаган жана башка зарыл адамдар.
Мамлекет Олимпиадага барып келгенге 4,5 млн. сом бөлүп берди. Бул каражат жол киреге, кийим-кечеге гана коротулат. Жашай турган жерди, тамак-ашты кабыл алган тарап өздөрү камсыз кылышат.



грек-рим күрөшү
Данияр КӨБӨНОВ, Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери
2002-жыл - Азия оюндарынын вице-чемпиону
2005-жыл - Азия чемпиону
2006-жыл - Азия оюндарынын коло медалчысы
2007-жыл - Азия чемпиону
2010-жыл - Дүйнө биринчилигинин коло медалчысы
2010-жыл - Азия оюндарынын чемпиону
2012-жыл - лицензиялык турнирдин вице-чемпиону


грек-рим күрөшү
Арсен Эралиев, Эл аралык класстагы спорт чебери
2009-жыл - Кыргызстан курама командасынын мүчөсү
2011-жыл - Азия чемпиону
2012-жыл - лицензиялык турнирдин вице-чемпиону


жеңил атлетика
Юлия Андреева (Архипова), Эл аралык класстагы спорт чебери
Кыргызстандын жана Казакстандын бир нече жолку чемпиону
2009-жыл - Балтимордогу марафондун чемпиону жана рекордчусу
2010-жыл - Балтимордогу марафондун күмүш медалчысы
2011-жыл - Лос-Анжелестеги марафондун катышуучусу


оор атлетика
Бекзат Осмоналиев, Азия Кубогунун ээси, Кыргызстандын чемпиону


жеңил атлетика
Эржан Аскаров, Кыргызстандын спорт чебери
Кыргызстандын жана эл аралык чемпионаттардын катышуучусу
2010-жыл - Азия оюндарынын катышуучусу


эркин күрөш
Магомед Мусаев
2011-жыл - Кыргызстан курама командасынын мүчөсү
2011-жыл - Ахмат Кадыровдун байгесине болгон эл аралык турнирдин жеңүүчүсү
2012-жыл - Кыргызстандын чемпиону
2012-жыл - Азия чемпиону
2012-жыл - лицензиялык турнирдин коло медалчысы
2012-жыл - Кытайда өткөн лицензиялык турнирде олимпиадага жолдомо алды


парус спорту
Илья Игнатьев, Кыргызстандын спорт чебери
2010-жыл - Хуа-Хин шаарындагы Королдук регатанын катышуучусу
2010-жыл - Азия оюндарынын катышуучусу
2011-жыл - Европа чемпионатынын катышуучусу
2011-жыл - өспүрүмдөр арасындагы дүйнө биринчилигинин катышуучусу
2011-жыл - Дүйнө чемпионатынын катышуучусу
2012-жыл - Дүйнө чемпионатынын катышуучусу


таекван-до ВТФ
Расул Абдураим, Кыргызстандын спорт чебери, 2-дандагы кара курдун ээси
2004-жыл - Кореянын вице-чемпиону
2005-жыл - Корея чемпионатынын коло медалчысы
2008-жыл - Пекин олимпиадасынын катышуучусу


Юрий Краковецкий, Эл аралык класстагы спорт чебери
Жаштар арасында 3 жолу Азия чемпионатынын колосун тагынган
"Азия балдары" эл аралык оюндарынын коло медалчысы
2008-жыл - 23 жашка чейинкилер арасындагы ЖИКИ эл аралык турниринин коло медалчысы
2011-жыл - Азия чемпионатында 5-орун
2012-жыл - Олимпиадага жолдомо алды


дзю-до
Чыңгыз Мамедов, Эл аралык класстагы спорт чебери
2010-жыл - Дүйнө кубогунун коло медалчысы
2010-жыл - Европа кубогунун коло медалчысы
2011-жыл - Дүйнө кубогунун коло медалчысы
2012-жыл - Гранд-прикс турниринин коло медалчысы
2012-жыл - Азия чемпионатынын коло медалчысы
2012-жыл - Лондондо өтчү олимпиадага жолдомо алды


ок атуу
Руслан Исмаилов, Эл аралык класстагы спорт чебери
2006-жыл - ДОСААФ (КМШ) чемпиону
2008-жыл - Пекин олимпиадасынын катышуучусу
2010-жыл - Гуанчжоудогу Азия оюндарынын финалисти
2012-жыл - Олимпиадага жолдомо алды


аялдар күрөшү
Айсулуу Тыныбекова, Кыргызстандын спорт чебери
2009-жыл - жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону
2010-жыл - жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону
2010-жыл - Азия чемпионатынын коло медалчысы
2012-жыл - чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону
2012-жыл - Олимпиадага жолдомо алды


сууга сүзүү
Дмитрий Александров, Эл аралык класстагы спорт чебери
Кыргызстандын көп жолку чемпиону жана рекордчусу
2008-жыл - өспүрүмдөр арасындагы 1-Азия оюндарынын катышуучусу
2009-жыл - өспүрүмдөр арасында Азия чемпионатынын коло медалчысы
2010-жыл - өспүрүмдөр арасындагы 1-олимпиада оюндарынын катышуучусу


Дарья Таланова, Кыргызстандын спорт чебери
Кыргызстандын көп жолку чемпиону жана рекордчусу
2011-жыл - Дүйнө биринчилигинин катышуучусу


Даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ