20.07.12 Азыркы Алдар көсөлөр
Кытайдын он сомдук айнегин асыл таш деп элди алдаган компанияга сот жокпу?
Көчөлөрдөгү бактарда, аялдамаларда, коомдук транспорттордо "жумушчулар керек, билими жоктор деле жарай берет. Айлыгы 100-150$ чейин" деп чапталып турган жарыяларды кездештирүүгө болот. Бирок алардын көбү акырында элди алдап акча жыйноо менен шугулданган компаниялар болуп чыгат. Учурда Кыргызстанда мындай компания толтура. Өлкөдө аларды көзөмөлдөгөн эч ким жок. Бир алдамчы компания түзүлө калат да, анан элди алдап качып кетет. Анан бир нече убакыт өткөндөн кийин алданган адамдар митингге чыгып, сотторго чуркап ызы-чуу түшөт. Мисалы, учурда пирамида системасында түзүлгөн "Diamond removes" компаниясынын тегерегинде соттошуу иши башталды.

Жаңыл БЕГАЛИЕВА:
"Орозгүл Парханова бул компанияга Отунбаева уруксат берди, Келдибеков колдоп атат деген"
- Биз бул компанияга "алгач 350$ мүчөлүк акы төгөт экенсиң, анан сага сапфир ташын берет экен. Алгач матрицанын эң түбүнө жайгашат экенсиң, эки кишини чакырсаң үчүнчү кабатка чыгасың, ал эки киши экиден чакырса, башка иштөөчүлөр дагы киши чогултса матрица толот да, сен төртүнчү кабатка чыгып, ал жерден өтүп башка матрицага киресиң. Ал жактан кезек менен 12 миң доллардан алып турат экенсиң" деген азгырык менен келгенбиз. Жыйналышта бизди бул компанияга алып келген Орозгүл Парханова деген аял "Diamond removes" компаниясына Отунбаева уруксат берди, элде жумуш жок болуп атат, андыктан интернет бизнесин өнүктүрүш керек, эгер иштей алышса иштей беришсин деди деген. Мындан сырткары, лидерлер ошол кездеги ЖК спикери А.Келдибеков менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүшүп, ал да бул ишке уруксат бергенин айтышкан. Чынында баарыбыз эле ушундан кийин аларга ишенип, үч айдын ичинде 12 миң доллар алып атсак жашоо-турмуш оңолот экен деп сүйүнүп калганбыз.
Биздин билишибизче, лидерлерибиз гана 12 миң доллардан алды беш жолу, арты үч-төрт жолудан алышты окшойт. Ал эми бизге окшоп айылдардан бала-чакасы, тууган уругу менен жазылгандар акчабызды берип коюп эле темтейип отуруп калдык. Биз алар эмне талап койсо ошонун баарын аткардык.12 миң доллар аласыңар деп үгүттөп тууган-уругубузду жаздырып, алар да өз кишилерин таап келишип акча төктүрүп берди. Тилекке каршы, алар айткан чоң суммадан такыр дайын жок.
Жакында "мастер карт" алсаңар ага акча түшөт деп 55 доллардан чогултуп алган. Баарыбыз алганбыз. Бирок банкка барып текшерсек ал эч нерсеге жарабаган, убагы өткөн "мастер карт" экен. Ушундан кийин биз Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгына арыз жаздык. Алар биздин лидерибизди Сверлов РИИБисине камаганда "Diamond Rewards" компаниясынын бухгалтери Нурия Сыдыкова чакырылган. Биз ага "мастер карттын" жасалма экенин айтканыбызда, ал дагы бир ай күтсөңөр чыныгы "мастер карт" келет деп айткан. Ал үйүңөргө кут кирет, баалуу таш алып атасыңар дейт. Текшертип көрсөк бизге берген баалуу таштары кытайдын он сомдук ташы экен. Бул эмне болгон алдамчылык? Элди ушинтип алдай берсе болобу? Чүйдөн, Ат-Башыдан, Таластан бул компанияга кирип алданып аткандар толтура. Угушубузга караганда мурда бул компания Ош менен Жалал-Абадды курутуп келген имиш. Азыр шаарда алтымыштай аял соттордун эшигин сагалап жүрөбүз.

Назира БОЛУШБАЕВА:
"Алдамчылардын айынан тууган-урук менен катташпай, үй-бүлөгө жек көрүнүп калдык"
- Биздин айылга 2010-жылы ноябрь айында Токтокан Нурдинова деген аял келип Кыргызстанга кут жаады, жакут жаады, эми ишиңер жүрүшөт деп үгүт жүргүзүп, биздин телефон номурларды алган. Анан эле эки ай бою кайра-кайра телефон чалып чакыра баштады. Мен башында жакшы эле кирбейм деп аткам. Анан бир күнү ал "эже, мен алты жүз доллар алдым, Жалал-Абад кафесине келе кал, алган акчамды майлап атам" деп чакырып калды. Келсем Жалал-Абад кафесинде элүү- алтымыштай аял плов жеп, чай ичип отурушуптур. Отурган аялдардын баары эле алтын шилекейин чачыратып аталган компанияга киргиле деп үндөп атты.
Жолдошум муну угары менен каршы болгон. Мен кашайып жашынып келип кирдим бул компанияга. Анан артымдан өзүмдүн эки тууганымды тарттым. Алар да андан ары өз кишилерин таап келди. Эми минтип алдамчылыктын айынан тууган-уругум менен таарынышып, күйөөм менен урушуп отурам. Бул оюнга "Финкадан" кредит алып кирген аялдар да бар. Анан эле бир күнү бул оюн токтоп калды. Биз аркылуу барган аялдар бизден келип сурап, биз алардын баарын ээрчитип алып Токтокан Нурдиновага бардык. Ал бизди ары-бери аласалдырып, акыры акчаңарды бир айдан кийин берем деп кетирген. Ошону менен ары-бери түртүлүп жүрөбүз. Соттор ишибизди жакшы карабай атат. Свердлов райондук соту лидерибизди үй камагына чыгарып ийди. Аны качып кетпейт деп эч ким кепил боло албайт. Биздин талап - берген акчабызды кайтарсын. 12 миң долларынын деле кереги жок, ар кимибиз 4-5 миң доллардан акча салганбыз.
Жанагы кытайдын 10 сомдук айнек ташын бул деген алмаздай болгон кымбат таш, андан шакек жасатып алсаңар болот, сатсаңар 400 доллар турат. Бирок бул ташты сатпай эле койгула, үйүңөргө коюп койсоңор кут чакырып турат деген. Тилекке каршы, ал ташы кут чакырбай эле акчанын айынан күйөөбүзгө, балдарыбызга жек көрүнүп, үйүбүздөн кут качып, уруш-талаш кетпей калды. Ар бирибиздин артыбызда жыйырмадай аялдын арызы бар. Бул компания Кыргызстан боюнча 50 миң адамды алдап атат. Канчалар билбей жүрөт. Арабызда кредит алып киргендер бар. Биз минтип отура бербейбиз. Бара турган жерге чейин барабыз. Айла кетсе митингге чыгабыз.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок эмнегедир ал улам ары-бери калчанып туру. Маалыматтарды карап көрсөк, 2011-жылдын май айына чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндөгү жактоочулардын имаратында мыйзамсыз түрдө "Даймонд-Холидей" финансы компаниясы түзүлгөн экен. Аталган финансы компаниясынын жетекчилери 1 миң 150 жарандын ишенимине кирип, ар биринен 365 доллардан топтоп, 10 күндүн ичинде бир миң доллар утуп аласыңар деген алдоо жолу менен (жалпы 65 млн. 529 миң сом) жыйнап алып дыр койгон. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси менен каралган алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, ал кылмыш ишинин андан аркы тагдыры белгисиз бойдон калган. Мүмкүн "Даймонд-Холидей" менен "Diamond Rewards" экөө эки башка компаниядыр, бирок бекер акчага туйтунуу жагынан жасаган иштери опокшош экен. Андыктан элди алдап жоктон акча жасаган компания укук коргоо органдарын да сатып алып суудан кургак чыгып кетет деп шектенет карапайым калк.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Кудай өмүрдү ушинтип жайрагыла деп берди беле?
10-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында жашаган 26 жаштагы Темир Назаркулов өзүнүн аялын өлтүргөндүгү аны билгендердин үрөйүн учурду. 24 жаштагы аялы Анара Абдиева экөө биртоп убакыт мурда бактылуу өмүр сүрөбүз деген жакшы максатта үй-бүлө курушкан. Экөөнүн үй-бүлөлүк бакытынан бир кыз төрөлүп, бирок ал кичинекей кезинде эле чарчап калат. Темир менен Анаранын үй-бүлөлүк пикир келишпестиги күч алып, бир жыл мурун ажырашалы деп чечишет. Экөө расмий ажырашпаганы менен чогуу жашабай калышкан.

Ал ортодо Темир акча табуу максатында Түркияга кетет. Ошол боюнча ал жакта иштеп жүрүп, жакында өз мекенине кайтып келген. Түркиядан келген Темир Анара менен чогуу жашабаса да эмнегедир аны кызганып, экөөнүн ортосунда дагы чыр чыгат. Темирден катуу көңүлү калган Анара аны менен жашагысы келбегенин билдирип сотко арыз жазган. Бирок Темир ажырашууга макулдугун бербей создуктуруп жүргөн.
10-июль күнү Темир Анаранын иштеген жерине келип, мен сени менен ажырашууга макулмун, жүрү, сотко барып биротоло ары же бери бололу дейт. Жалгыз баргандан чочулаган Анара чогуу иштеген курбусун ээрчитип Темирдин машинесине отурушат. Эки көзү кызарган Темирдин жүрүм-туруму өзгөрүлүп, унааны абдан катуу ылдамдыкта сотко эмес таптакыр башка тарапка айдап жөнөйт. Анын катуу айдаганынан чочулаган Анаранын курбусу орто жолдон түшүп калат. Ызырынган Темир сени биротоло жок кылам деп сөгүнүп шаардын четине айдап жөнөгөндө айласы кеткен Анара уюлдук телефонунан сиңдиси Берметке өмүрү коркунучта экенин, кайсы тарапка баратканынан бери смс жазып жиберет. Эжесинин жазган смсин алаар замат Бермет такси кармап издеп жөнөйт.
Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылынан анча алыс эмес жерде Темирдин машинесин көргөндө Бермет дароо жанына барат. Жол таштак болгондуктан айдатып барган такси бери жакка токтоп калган эле. Унаанын жанына келип эшигин ачса, салондо Анараны бычак менен саям деп Темир жулмалап жаткан экен. Анын бычагынын мизинен коргонгон Анара колу менен тосуп, шылынган этинен кан шорголоп агып, айтор ызы-чуу болуп атышыптыр. Бермет эшикти ачканда Темир артка шарт бурулгандан пайдаланып Анара берки эшиктен сыртка качып жөнөгөн. Бирок кызуу кандуулукка алдырган Темир аялынын артынан кууп жөнөйт. Алардын артынан Бермет да чуркайт. Бир маалда сууга жеткенде Анара менен Темир экөө тең жыгылышат. Жанатан аялын кызганып, мен Түркияда жүргөндө кимдер менен болдуң деп күнөөлөп аткан Темир Анараны жүрөк тушка болгон күчү менен сайып калат. Бермет аларга жетпей калат. Аялын жантаслим кылгандан кийин Темир машинесин белгисиз тарапка айдап жөнөйт.
Шок болгон Бермет бери жакта турган таксистти чакырып, Анаранын сөөгүн машинеге салат да Воронцовка айылындагы милиция бөлүмүнө алпарышат. Тартип сакчылары дароо Темирди издөөгө алып, бири-бирине кабар беришет. Сокулук районунун МАИ кызматкерлери батыш тарапты көздөй катуу келаткан шектүү машинени көрүп токтотушса, алардын буйругуна баш ийбей зуулдап өтүп кетет. Аны артынан кууп, бир нече жолу эскертүү беришет. Бирок машинени катуу айдап келаткан неме аларды уга турган түрү жок эле. Аңгыча бир бурулушка келгенде унаанын рулун башкара албай бийик жерден машине учуп кетет. Бирок ичиндеги айдоочу секирип чыкканга үлгүргөн. Жерге түшкөн унаа жарылып, айдоочуну изкубарлар кармаганда ал жаңы эле аялын өлтүргөн Темир Назаркулов болуп чыгат. Ал ичимдик ичип алган экен. Колуна кишен салынган эр сөрөй аялын кызганганын, унаанын ичинен Анаранын башка адамга турмушка чыгам деген сөзүнө кыжыры келип адегенде аны башы менен сүзгөнүн, мурду канап кеткен аялына ого бетер кыжыры келип биротоло өлтүрөм дегенин айтып, күнөөсүн мойнуна алды. Бул кылмыш ишин Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү М.Сыдыков иликтөөгө алган. "Учурда Темир Назаркуловдун иши эксперттерден өтүп атат. Алардын жыйынтыгы чыгып, иликтөө иштери аяктаганда сотко беребиз. Сот күнөөкөргө мыйзам чегинде жазасын берет" дейт тергөөчү Мирбек Сыдыков.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА