20.07.12 …жар бойлоп калган күйүттөн сакта
Алишерге ажал алып келген Таласка сурак барбы?

Жалгыз уулунан айрылып кан жуткан Нажимидин МАМАТОВ акыйкат издеп "Жаңы Агымга" кайрылган. Анын айтымында, уулу Алишер МАМАТОВдун өлүмүнө себепкер болгон күнөөкөрдүн ИИМде тааныштары күч болуп, кылмыш иликтөө иштери бурмаланган.

- Үстүбүздөгү жылдын 20-майында таңкы саат 4-5тердин ортосунда Сокулук тараптан келаткан "Хонда СР-В" үлгүсүндөгү унааны мас абалында катуу айдаган Талас Дайырбеков Военно-Антоновка айылындагы унаа базардын жанында жол боюнда токтоп турган жыйырма чакты машинени катуу сүзгөн. Алардын ичинен беш машине талкаланып, биринчи сүзгөн унаанын ичинде 26 жаштагы уулум Алишер Маматов уктап аткан экен.
Мага таңкы саат бештерде Алишердин жанындагы Эрлан деген жигит телефондон уулумдун кырсыкка кабылганын кабарлады. Анын айтымында, Алишер менен Эрлан бир унаада отурушкан экен. Эрлан өзүнүн машинесине Алишерди калтырып, өзү анын машинесине алмашып отуруптур. Себеби Эрландын машинесинде телевизор болгондуктан уулум таң атканча футбол көрүп, жаңы эле көзү илинип кетиптир. Алишер унаасын сатам деп 19-майда автобазарга барса орун жок көчөгө токтотуп коюптур.
Эрландын айтуусу боюнча Бишкек шаарындагы №1 ооруканага барсак уулумду жаңы эле алып келишиптир. Алишер кыймылсыз, эс-учун жоготуп жаткан экен. Дарыгерлер Алишерди реанимация бөлүмүнө киргизип, колдон келгенин жасайбыз деп бизди сыртка чыгарып койду. Мен Алишердин келинчегин, анан жээнимди да ээрчитип алгам. Сыртта турсак жаныбызга бир жигит келип, "байке, баарына мен күнөөлүүмүн, мен жооп берем" деп кечирим сурап жүргөн. Анын оозунан буркураган арактын жытынан, шишиген бети-башын көрүп, ушунча да арак ичесиңби, мас болгондуктан ушундай кырсыкка кабылдың деп урушуп аттым. Аңгыча врач чыгып, "уулуңарды сактай албай калдык…" деген суук кабарды угузганда эмне болгонумду билбей, ызы-чуу түшүп калдык. Келиним эстен танып чурулдап атсак жаныбызда турган уулумдун шериги Эрлан менин кол телефонумду жанагы күнөөлүү бала алып качып баратат деп кыйкырып калды. Биз анын артынан кууп жете албай калдык. Көрсө, окуя болгондо "тез жардам" чакырса биздин районго карабайсыңар деп бирөө да келбей койгондуктан, Эрлан айласы кетип ошол жерден башка машинеге Алишерди салып алып күнөөкөр Талас экөө ооруканага келишиптир. Жолдон Талас Эрландын телефону менен ар кимге чалып кырсыкка кабылганын айтып жардам сураган экен. Алишердин каза болгонун уккандан кийин Эрландын уюлдук телефонундагы номерлер аркылуу кимге чалганын билип калбасын деген кыязда уурдай качса керек. Кийин алган маалыматтарга таянсак, Талас Нарынга качып кетиптир.
Биз ошентип ызы-чуу болуп атканда Сокулук РИИБинин тергөөчүлөрү, МАИ кызматкерлери келишти. Ошондо гана күнөөкөр жигиттин аты-жөнү Талас Дайырбеков, КР ИИМ алдындагы Э.Алиев атындагы академиянын 2-курсунун курсанты экенин, анын талкаланып көчөдө калган унаасынын ичинен студенттик билетинен билинди. Унаанын ичинде жарым бөтөлкө арак, эки стакан, суусундуктар табылган. Таластын жанында бир кыз, эки жигит да болгон экен.
Уулумдун сөөгүн айылга алпарып, аны акыркы сапарга узатып, жыйырма күндөн кийин Бишкекке келип Сокулук РИИБине иштин кандай тергелип атканын сураганы барсам, Эрлан деген тергөөчү тергеп атыптыр. Күнөөкөр кармалдыбы десем, аны кармабаганын, ал убактылуу үй камагында экенин, окуя болгон күндүн эртеси сотмедэкспертизага берсе анализи соо чыкканын кабарлады. Мунун өзү эле мыйзамды бузгандык болот. Себеби, мен наркологиялык диспансерге барып сурасам, мындай кырдаалда эки-төрт сааттын ичинде анализ алынышы керек экен. Андан ашып кетсе эч нерсе көргөзбөйт, керексиз болуп калат дешти. Анализде да дарыгердин колу коюлуп, мөөрү басылыш керек экен. Анысы да жок. Сокулук РИИБине эмне үчүн бул иш жайлап атканын сурасак, жогору жактан кысым көрсөтүлүп атканын айтып, андан көрө бул ишти прокуратурага өткөрүү үчүн арыз жазгыла деген. Акыры Сокулук райондук прокуратурага да кайрылдык. Себеби күнөөкөр жигит КР ИИМ алдындагы академиянын студенти болгондуктан мыйзам боюнча бул ишти РИИБ эмес прокуратура караш керек экен. Прокуратурадан Болот деген тергөөчү биздин көзүбүзчө РИИБге телефон чалып урушуп, тез арада алып келгиле деп айткан эле. Бул ишти өзүбүз көзөмөлгө алып, жыйынтыгын силерге айтабыз, керектүү нерселерди сурайбыз деп калган. Бир жумадан кийин прокуратура эмес РИИБдин тергөөчүсү Эрлан карап, тергөө амалдарын жүргүзүп бүттүк, эми сотко узатабыз дейт. Эмне үчүн прокуратура караган жок десек, алар бул ишти кайра РИИБге жибериптир, ошол боюнча сотко өтүп кеткен экен. Кылмыш ишинин корутундусу менен таанышсак, күбөлөр суралган эмес, көп көрсөткүчтөр күнөөкөрдүн кызыкчылыгына карата жазылган. Уурдай качкан уюлдук телефонду болсо байкабай чөнтөгүнө салып кеткен, качкан эмес деген сыяктуу актануулар бар экен. Тергөө баракчасында унаанын ичиндеги Таластын эки шериги, ичилбей калган арак туурасында да сөз жок.
Сөөктү узатып атканда Таластын аяш аталары болобуз деп ИИМде иштеген үч-төрт киши келип кетишти. Алар эмнеге келишти, коркуталы дегениби, айтор, түшүнбөдүк. Кийин шаарга келгенде Таластын таэжеси, атасынын бир тууганы келип кечирим сурап, Таластын атасы убагында ИИМ кызматкери болуп көз жумгандыгын айтышты. Ошондуктан анын бул чөйрөдө тааныштары чоң болгондуктан, тергөө амалдарынын бурулушу, өзгөртүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кан жутуп жалгыз уулубуздан айрылып үйүбүзгө карантүн түшүп, акыйкат издеп, ага жете алабызбы деп чырылдап жүргөнүбүздү көрүшүп, Талас талкалап кеткен беш унаанын ээлери да биздин үнүбүздү эч ким тоготпойт го деген күмөн ойдо калышты.
Уулум жакында эле үйлөнгөн. Мектепти алтын медаль менен аяктап, агрардык университеттин МАИ системасы боюнча кызыл диплом менен бүтүрүп, юридикалык академиянын акыркы курсунда окуп аткан. Спорт менен машыгып, беш маал намазга жыгылып, Кадамжай райондук сотунда иштеп аткан эле. Жалгыз уулунан ажыраган энеси күйүттөн баспай калды. Жакында бул боюнча сот процесси башталат. Фемида өкүлдөрү бул ишти мыйзам чегинде карайбы же дагы бурмалайбы, көрө жатарбыз.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





Ич өткөктү (диарея) итиме да каалабайм
Адамдын ден соолугу анын тамактанганына көз каранды. Күч-кубат берген да тамак, алды кетирип буттан жыккан да тамак. Өзгөчө күндүн ысыгында эмне жеп-ичип жатканыңа кылдат көңүл бурбасаң диарея оорусу күчөп турган кез. Бул оорунун кантип алдын алып же ага каршы чара колдонуу керек экенин билип коюу ашыкча болбос.

Диареянын келип чыгуусуна түркүн себептер бар. Ичтин тынымсыз өтүүсү, шалдыраган алсыздык, жүрөк айлануу, дене табынын көтөрүлүшү диареянын алгачкы белгилери. Ичегиге суук тийгенде, тынымсыз стресстен мээ чыңалып жүргөндө, жоон ичегиге ар кандай инфекциялар жукканда диарея оорусу пайда болот. Чоңдорго караганда кичинекей балдар бул ооруну оор өткөрүшөт. Дүйнө жүзү боюнча ич өткөктөн жыл сайын бир жарым миллион бала жапа чегет. Анын төрттөн бир бөлүгү оорунун кесепетинен каза болот. Айрым адамдардын оорусу өрчүшүп отуруп өнөкөт ооруга айланышы мүмкүн. Ичегиде бифидобактерия жана лактобактерия таякчалары бар. Булардын негизги милдети - ичегини таза бойдон сактап туруу. Адам туура эмес тамактанганда, ичине жел өтүп суук тийгизгенде, тазалыкты сактабаганда бул таякчалар инфекция менен күрөшүүдө алсыз болуп калат. Норма болуп эсептелинген диарея балдардыкы эки күнгө, чоңдордуку беш күнгө созулат. Ушул убакыттын аралыгында оору басаңдабаса дарыгерге кайрылуу зарыл.
Диареяны алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди эске түйүп алууну сунуштайбыз.
Эң жөнөкөй эреже - тазалык
Бала көчөдөн ойноп келгенде колун сөзүз самындап жууш керек. Диареянын эң жакын "курбусу" - чаң. Жуулбаган жер-жемиш, мөөнөтү өтүп кеткен айран, йогурт аталган ооруну курчутат.
Тамак жасап жатканда чийки этти кармагандан кийин да колду таза сууга чайкаш керек. Чийки этти муздаткычка салганда башка азыктарга тийгизбей оолак койгон жакшы.
Сырты көөп турган консерва, газдалган суусундук, сыр, быштак, көчөдө сатылган тез татымдар - булар диареяга тез жетелей турган азыктар. Газдалган суусундук ичтин көөп, жогоруда айткан пайдалуу бактериялардын жууп кетишине алып келет.
Кайнатылган сууну муздатып ичкен дурус. Тамактануучу жайларга кирсеңиз бөтөлкөдөгү таза сууну гана сураңыз.
Тамак жасоодо муздаткычтан азыктарды эрте алып чыгуунун зарылдыгы жок. Бөлмө температурасында турган азык даамын бат бузуп, түрдүү бактерияны өзүнө сиңирип алат. Ошол эле тооктун, малдын эти. Бул азык дээринен микробдорду алып жүргөнгө жөндөмдүү. Андыктан тамактын этин ашыгы менен кайнатып бышырган оң.
Учурда коон-дарбыздын доору жүрүп турган кез. Өзгөчө коон алууда этият болуңуз. Салмагы таразада оор басыш үчүн ага щприц менен суу куюп койгон учурлар болот. Ал суу куюлгандан кийин сырткы, ички түсүндө эч кандай өзгөрүү болбойт. Бирок жегенден кийин бир саатка жетпей ичти алышы мүмкүн.
Ич өткөктө бала менен карыны сынабагыла
Ичиңиздин ооруганы бир калыпта десеңиз, дарыгерге көрүнүүнүн зарылдыгы жок болсо үй шартында ооруну басаңдатуунун бир нече жолу бар. Кайнатылып бөлмө температурасына ылайыкталган суу же суюк шорпо жасап ичсе болот. Алкоголдук ичимдик, кофе, жемиш ширеси же сүт азыктарын убактылуу токтото туруңуз. Курсагыңыздын ачканын сезсеңиз, бирок табит жок болсо зордоп тамактануунун кереги жок. Бул ашказандын бузулушуна алып келет. Ашказандын жарасы диареянын пайда болушуна бирден бир себеп. Банан, күрүч, кургатылган ак нан, пюре, бууга бышырылган тамак ооруну басаңдатууга жардам берет.
Кичинекей баланын ичи өтсө энеси эмизгенин токтотпош керек. Жасалма сүт менен азыктанып жүргөн болсо анда убактылуу сүттү сууга алмаштыра турганы оң. Баланы, кары кишини создуктурбай убагында дарыгерге алып баруу керек. Оорунун эмнеден келип чыкканын так аныктап, ошого карата дары жазып берет. Эгер диарея убагында дарыгердин көзөмөлүнө алынбаса өрчүп отуруп өнөкөт дартка айланышы мүмкүн. Өнөкөткө айланган учурда адам эки айлап ичи өтүп, диета менен жашаганга туура келет. Бул оору эки күндүн ичинде адамдын салмагын түшүрүп арыктатып жиберет. Убакыттын өтүшү менен токтойт деп тоготпой жүрө берүү алсырап, иммунитеттин түшүшүнө жана иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА