кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0720_1.htm on line 80

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0720_1.htm on line 80

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0720_1.htm on line 80
п»ї
Өзбекстан кыргыз чек арачыларын неге "бандиттер" деди?

17- июлда Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан бир кыргыз чек арачы курман болуп, дагы бир адам оор жарадар болгон.
Кыргызстандын УКМК алдындагы Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленов адатынча ушундай болуп кетти, өзбек кесиптештерге телефон чалып абалды жөнгө салдык деп сылап-сыйпап атса, Өзбекстандын КГБсы кыргыз чек арачыларын "бандиттик менен кол салышты" деп сылап-сыйпабай эле расмий айыптап чыкты. Көрсө, өзбектерден да бир чек арачы өлүп, дагы бири жарадар болгон экен. Ушуга байланыштуу өзбек чек ара кызматы кыргыз чек ара кызматынын командачыларына "чечкиндүү протест" көрсөткөнүн да айтышты.
Алар антип атса биздин УКМКнын башкармалык башчысы Нурлан Курманов "бул боюнча бир тараптуу айыптоого болбойт" деп шылкыйып турат. Анда деги эки адамдын өлүмүнө, жарадар болгондорго ким айыптуу? Минтип сен да, мен да айыптуу эмеспиз деп кашаңдыкты көрсөтө берсек чек араларда адам өлүмү дагы көбөйөт го.


Кудайды тоготпогон бийлик талаш
же Чубак ажыны ким "сындырды"?
18-июлда өкмөттүн алдындагы Дин боюнча мамкомиссиянын жетекчиси Абдилатиф Жумабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп шайланган Рахматулла Эгембердиевдин колун кысып куттуктап, чапан жаап, Чубак ажы менен бирдикте эми ынтымакта бололу, алдыда орозо, ажылык сапар башталганы турат, аны жакшы аяктайлы, бири-бирибизди кечиришели деп бата кылышты.


Кечээ четтик өтүп, жыт чыгарып куран окулду. Бүгүн таңда ооз бекиди. Ажылык сапар октябрь айында башталат. Кыргызстанга жылдагыдай эле 4,5 миң орун берилген. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын билдиришинче, Ош облусунда ажылык зыяратка барчуларды каттап, тизмелерин аныктоо жыйынтыкталды. Облус үчүн бөлүнгөн 816 орун толуп, дагы 1927 адам кошумча тизмеге киргизилди. Бирок Жалал-Абад облусунда миңдей, ал эми Баткенде 400дөй адамга орун жетпей кошумча тизмеде турат. Ал эми Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына бөлүнгөн орундар толо элек.





Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0720_1.htm on line 133

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0720_1.htm on line 133

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0720_1.htm on line 133


а ­е¦Є.НҐй«