13.07.12 Мен мекенимди коргойм,
а мени ким коргойт?!

Өткөн жылдын статистикасы боюнча бир жылдын ичинде он үч жоокер өз өмүрүн кыйган. Анын бирөөнүн гана өмүрүн сактап калып, калгандары мекенимди коргойм деген максатынын өтөөсүнө чыга алышкан жок. Кызыгы, бирөөнүн да бети ачылып, он үч адамдын өлүмүнө себепкерлер мыйзам чегинде тиешелүү жоопко тартылган жок. Көбү шарттуу мөөнөткө кесилип, кызматынан алып салуу же болбосо кызмат ордун төмөндөтүү менен чектелишти. Бул аскердик кызматтагы күч үстөмдүгүнө бөгөт кое албай, кайра анын бүчүр байлап өсүшүнө шарт түзүп берип жатат.
Ушул күнгө чейин ачыкка чыгып арты ызы-чуу менен бүтүп жаткан бир нече факты бар. Бири аскер институтунун биринчи курсунун курсанты Болотбек уулу Таалай. Анын сөөгүн дааратканадан таап алышып ата-энесине өткөрүп беришкен. Дагы бир арты ылайлуу окуя Оштун №20-26 аскер бөлүгүндө болгон суицид. 18 жаштагы Абдылас Абубакир кызматын өтөөгө 3-майда жөнөгөн. 24-июнь күнү ата-энесине баласынын каза болуп калганын угузушкан. Азыр эки жоокердин ата-энеси чындыкты чыркырап издеп жүргөн кездери. Бирок алардын үнүн угуп, балдарын ушуга ким жеткиргени такталып ачыкка чыга элек.


Учурдагы аскер кызматындагы кысым тууралуу жоокерлердин бири Касым ИБРАЕВ (аты өзгөртүлдү) айтып берди. Жүрөгүнүн өлгөнүн ушундан билиңиз, аскердик кызматтын чектен ашык кылыктарын сурап-билүү оңойго турган жок. Сүрөткө тартпагыла, атымды өзгөрткүлө деп кайра-кайра суранып жатып аз да болсо мындай маалыматты айтып берди.
- Азыр аскердик кызмат өтөп жатканыма эки жарым ай болду. Бул жакта жашоо чын эле оор. Каражаныңа тың болбосоң ар кимге кор болуп, шылдың менен өтөт кызмат мөөнөтүң.
- Сенин башыңа кандай сыноолор түшүп жатат?
- Мен жаңы келгенде бир жумага чейин эч ким сүйлөгөн жок. Андан кийин "деддердин" атын үч күндө жаттап, алар тууралуу баарын билип турушуң керек деген тапшырма берилген. Ротанын ичиндеги бардык жумуштарды жаш солдаттар аткарат. Кокус жаза тайып жаңылсаң ар кандай жазалар күтүп турат.
- Кандай жаза?
- Ал "деддердин" каалоосуна жараша болот. Бирөө маанайы жакшы болсо ырдатып же бийлетип эрмектейт. Дагы бирөө чаап-тээп ийет. Кээ бир тартипке катуу "деддер" кур менен күтүлбөстөн чаап жиберсе көзүңөн от чагылыша түшөт. Бир жолу биз менен чогуу келген жоокердин сокур ичеги болгонуна карабай ичке тепкен. Кыйноого чыдабагандар көп, денесинен оор жаракат алып психологиялык жактан кыйынчылык тарткандар көп эле. Медициналык текшерүүдөн өтөөр мезгил болот. Ал убакты "деддер" так билишет. Ошол маалда денеге из калбагыдай сабап же башка иш менен эрмектешет.
- Жоокерлерге бирдик салдырып, ачка сындырган учурлар сенде болду беле?
- Мен жаңы келгенде бир номерди айтып 100 сомго бирдик саласың дешти. Апама чалсам, ал кимге, эмнеге салышың керек деп такып сурап жатып тиги "деддин" телефонунан жыйырмадай бирдик короп кетиптир. Ошондо сабашып, биринчи жолу денеме оор жаракат алгам. Андан кийин апама айтып үч-төрт жолу 50-70 бирдик салдырттым. Кээ бир балдар бошонуп (увольнение) чыкканда уюлдук телефон алып келип бергендерин көрүп калам. Мени азыр анчалык чоң акчага эч ким сындыра элек.
Жип ала чуркаганга жеткиргендер
- Суицид - адамдын психологиялык жактан кысымга алынышы, - дейт психолог Арина САМОЙЛЕНКО. Адистин аныктамасында, адамдын өз өмүрүнө кол салышына анын жакындары же айланасында болуп жаткан окуялар түздөн-түз себепкер. Жоокерлердин жашоосунда аларды кысымга алган "деддер" көбүнчө себепкер болушат. Моралдык жактан кысымга алынып, алдыда андан ары кете турган жол жок экенине өзүн-өзү ишендирген адам гана суицидге барат. Адамдын психологиясы көп учурда туруктуу эмес. Басынтууну, шылдыңды дээрлик көбү көтөрө албайт. Бул баткакка белчесинен малынса да өзүн өлүмдөн саналуу адам гана сактап кала алат.
Мисалы, жоокерлердин аң-сезиминин айланасында сөз кыла турган болсок, жоокер кандай кордук көрбөсүн ага жакын адамынын колдоосу маанилүү. Ал жактан ар ким өз жанын сактап калуунун амалын көрүп жатканда бири-бирине күйүү, жан тартуу деген сезим дээрлик жок. Ошондой учурда ал өзүн жападан жалгыз жардын кырында тургандай сезет. Өлүмдөн башка жол жок. Дагы бир жагдай, жоокер ыза кылган адамынан өч алуу максатында суицидге барышы мүмкүн. Андай учурда тил кат таштап кетиши ыктымал. Андыктан жоокер өлгөндөн кийин өзүн-өзү өлтүрдү деп көбү билмексен боло ийин куушуруп чыга берет. А чынында аны ошол абалга ким жеткиргенин, жипти мойнуна салышына ким себепкер болгонун териштирген жан жок. Аскердик милдет эч убакта азапка айланбашы керек. Эгер аскер кызматында жоокердин баарына бирдей мамиле жасалса, анда суициддин санын азайтууга болот. Учурда аскердик жайларда психологиялык пункттар ачылып жакшы иш алып барып жатышат.
2012-жылдын апрель айында интернет булактарга аскер кызматынын курсанттарын сабап жаткан видеоролик желдей тараган. Окуя 2009-жылы болуп, ал жерде үчүнчү курстун студенттери биринчи курстагыларды сабап жаткан жери даана көрсөтүлгөн. 16-апрелде видео-материалга юридикалык баа берилиш үчүн Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасына жөнөтүлгөн. Видеороликтеги негизги чоң муштумдардын аты-жөнү такталып, тергөө иштери башталган. Андан бери Коргоо министрлиги кошумча маалымат берип турабыз дегени менен дайын жок. Биз министрлик менен байланышып окуя кандай аяктаганынан кабар алдык.
Нурлан КУТМАНОВ, Коргоо министрлигинин тарбиялык-башкаруу бөлүмүнүн ага-офицери, полковник:
- Үчүнчү күнү соттун акыркы отуруму болду. Бирок азыр эч кандай чечим чыгарыла элек. Иликтөө иштери да токтотулган жок. Үч офицер тең аскердик гарнизондо камакта отурушат. Биз соттун чечимине кийлигише албайбыз. Ар кимиси өзүнө тиешелүү жазасын алат.
Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Бир собол
- Аскер кызматына балаңызды жибергенден коркпойсузбу?
Шарипат УУЛТАЕВА,
53 жашта, сатуучу:
- Менин эки эркек балам бар. Улуусу 2007-жылы аскердик кызматын өтөп келди. Кичүүсү быйыл мектепти бүттү. Аны аскер кызматын өтөбөй эле окууга тапшыр деп жатам. Кайсы заманда бар эле аскерден жоокердин өлгөнү? Илгери ок кайнап жаткан Ооганстанга баргандар өлбөй баатыр болуп келишчү, ал эми азыр ушул тынч Кыргызстанда жүрүп өлүп келет деген эмнеси? Мага баламдын өмүрү керек. Өзү дагы жоош, көп ачылбаган, түнт мүнөз. Аскерге барса кыйналып калабы деп корком.
Бектен ДОБУШЕВ,
48 жашта, юрист:
- Бизде "дедовщина" деген түшүнүк күчтүү өнүгүп жатпайбы. Командирлердин, офицерлердин күрөшүүгө күчү жетпейт, жетээрине деле ишенбейм. Тескерисинче, өздөрү ушул нерсеге жол ачып жатышат. Өздөрү жоокерлер менен алышып отургусу келбей сержанттарга тапшырып коет. Алар анан өз билгенин жасап каалагандай эрмектеп жатышат. Менин агамдын баласы армиядан келгенден кийин ден соолугу кескин начарлады. Азыр балдарым кичинекей, кийин өздөрүнүн каалоосуна жараша болот. Барам десе жиберем, барбайм десе кыйнабайм.
Бекбол ҮСТЕМИРОВ,
17 жашта, бүтүрүүчү:
- Мен аскер кызматын өтөгөндөн чочулабайм деле. Болгону жаңы барганда кыйынчылык күтүп тураарын билип жатам. Бир чети үйдөгүлөр барсаң барып кел, ата-эненин, туугандын баркын билип келесиң деп жатышат. Менин оюмча, ар бир адам өзүнө тың болуш керек. Бирок андай тыңдарды "деддер" эки эсе "сындырат" деп уккам. Ошентсе да бардык кыйынчылыкка даярмын. Мекенимди коргойм, а бирок менин коопсуздугумду ким коргойт?!

Атымды жатка бил, көлөкөңдү көрсөтпө!
Касымдын айтуусунда, аскерлердин арасында түрдүү жаргондор бар. Азыр ал статусу боюнча "зеленый". Айтканын кылып, айдаган жагына басып туруш керек.
"Деддер" бир сөз айтканда "зеленыйлар" ошол жаргондун маанисине жараша кыймылдап турушат:
Көлөкө - маңдайында келе жаткан сержанттын алдынан буйтап өтүү, көзүнө көрүнбөө.
Түнкү жортуул - түн уйкусунан калтырып жоокерди кыйноо үчүн кандай тапшырма болсо да табат. Көбүнчө пол жуу же кийимдин жакасын тигүү.
Бассейн - 7-8 чака сууну полго төгүп, тряпка менен сыгып алып сууну белгиленген убакытта кайра чакаларга толтуруу. Эгер мөөнөтүнө жетишпей калса үстүнө дагы ошончо суу төгүп тазалатат. Бул жазаны аткарган балдардын көбү кийин простатит оорусуна чалдыгары далилденген.
Фанера - жоокер көкүрөгүн чыгарып түп-түз болуп турат. "Дед" болгон күчү менен жоокерди көкүрөккө муштайт. Жоокердин негизги милдети - солк этпей туруп берүү. Айрым учурларда туруштук бере албагандарды кайра-кайра тургузуп суй жыгылгыча көкүрөккө койгулашат.
Жомок - уктар алдында жоокер жомок айтып, ырдап, кыскасы "дедди" эриктирбейт.
Браслет- курду кыйшык тагынган жоокерлерге жаза. Курдун башындагы темир менен бир нече жолу жонго, жамбашка, тизеге чапкан учурлар.