13.07.12 Байлык оошот, ырыс жугушат
Миллиардга жол ачкан жамгырлуу кеч
же 13 млн. долларды катып отурган өтүкчү
Эки аяктуу, адаммын деп басып жүргөн пенденин бардыгы байыгысы келет. Кээде капысынан келген дөөлөткө мас болуп бир заматта жашоосун 180 градуска өзгөртсө, кээси ошол дөөлөттү кармай албай өмүрү аянычтуу аяктаган фактылар да жок эмес.
Дүйнөдөгү дөөлөттүүлөрдүн көпчүлүгү байлыктарын карандай мээнети менен табышкан. Бирок биз бүгүн кызыктуу идея себеп болуп же кокусунан колуна дөөлөт конгондор жөнүндө сөз кылабыз.


Жарнактан байыган Деко
Учурда Франциядагы эң бай адамдардын катарын толуктаган Жан-Клод Деко деген күркүл бар. Аны билгендер бул олигархтын мураскери го деген ойдо калат. Бирок андай эмес экенин жакында Деко өзү айтып берди.
Учурунда ал эшектей иштеп, тапкан акчасы күнүмдүк нанына гана жеткенин жашырбайт.
Мындан 35 жыл илгери жаш кезинде Жан-Клод Деко Париждин көчөлөрүнө жарнак чаптап нан таап жечү экен. Анын күнүмдүк таап жеген нанына бир күнү карантүн түшүп, бийлик анын жасаган ишин мыйзамсыз деп табат. Көчөгө жарнак чаптагандан бөлөк колунан иш келбесин билген Жан-Клод Деко бул ишти андан ары улантып, ошол эле учурда шаардын көркүн өңүнө чыгарчу идея ойлоп табат.
Бир күнү кечинде аялдамадагы элдин нөшөрлөгөн жаанга шөмтүрөп суу болуп унаа күтүп турганын көрөт. Эмне үчүн атайын үстү жабык аялдама куруп, ошол жерге жарнактарды чаптаганга болбосун дейт өзүнчө. Бул оюн шаардын мэрине билдирүү максатында кат жазат. Ошол нөшөрлүү түн Деконун жашоосун түп- тамырынан бери өзгөрткөн. Анын жазган сунушун мэр кабыл алып, Деконун иши алдыга жылат. 1999-жылы анын жарнактан түшкөн кирешеси 1,4 миллиардды түзгөн.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү 12 000ден ашуун шаарда Деконун компаниясы иштеп чыккан жарнактар турат.
Деко учурунда көчөдөгү унаа токтоочу аялдамага, гезит саткан киоск, жол белгилери, жарык берчү столба, отургучтар, даараткана, атүгүл таштанды салчу чакага чейин жарнактарды кантип жабыштырса болоорун иштеп чыккан.
"Мен жарнактарды жабыштыра баштаганда жергиликтүү бийликтин көзүнө көрүнүү үчүн абдан кооз, элди өзүнө тарта тургандай ыкма ойлоп тапкам. Буга чейин эч ким карабаган жарнактын түсү, сапаты өзгөргөндөн баштап ишим да жакшы жүрө баштады" дейт. Азыр эки уулу менен бирге миллиарддардын үстүнө акча кошуудан тажабайт. Деко жамгырлуу күндү эстеген сайын Кудайга миң мертебе ыраазы экенин жашырбайт. Колуна келген дөөлөттү Деко ушинтип улантып, укумдан тукумга жетчү байлык түптөгөн.
Акчаны сүйүш керек, антпесе…
Акчаны сүйүш керек деген принцип бар Батышта. Эгер акчаны сүйбөсөң ал сенден алыстайт экен. Ошого байланыштуу ар бир элдин акча чакырчу ырым-жырымдары бар.
Андыктан төмөнкү ырым-жырымга көңүл бурсаңыз балким сиздин да капчыгыңыз бөксөрбөс.
?Маяна алган күнү бир тыйынын да коротпой үйгө түнөтүүгө алып келсе акчанын берекеси болот дейт орус туугандар.
?Соодада отургандар биринчи кардарга сатылган товардагы акчаны алып аны өөп, кайра түкүрүп капчыкка салыш керек экен. Бул акча башка акчаларды да өзүнө чакырат дешет Лондондо тамак-аш сатып отурган аялдар ырымдап.
?Орустарда байлык ээрчитип келчү монетка беш рубль экен, ал эми америкалыктарда биринчи эмгек акысындагы бир доллар. Немистер болсо чөнтөгүнө же капчыгына мырыйып ийилген монетканы салып жүрүү ырымын колдонушат.
?Кытайлыктарды кызыктырчу кызыл акча болуп үч юань эсептелет. Алар үч юандын ортосун тешип кызыл лента менен байлап, улам-улам эркелетип көздүн карегиндей сактайт экен, капырай.
?Жер ортолук деңиздин жээгинде жашаган кыздар буту-колуна чыккан түктү байлык деп эсептешет экен. Себеби айтылуу Сав ханышасынын буттары түктүү болгондуктан, аны абдан бай аял деп эсептешчү тура.
?Орустарда 1887-жылы чыккан акчаларда падышанын Брут деген кассиринин кол тамгалары коюлганы баалуу деп эсептелинет. Эгер ошол кездеги уламыштарга ишенсек, ал белгисиз себептерге байланыштуу өзүн-өзү асып өлтүргөн экен. Ал эми ошол Брут асынган жипти кармаган киши сөзсүз байыйт имиш. Албетте анын асынган жибине учурунда эч ким кызыккан эмес. Бирок ал кол койгон банкнотторду алгандар тез эле күркүлгө айланган. Арадан 150 жылга чукул убакыт өтсө да Бруттун кол тамгасы бар акчалар азыркы күнгө чейин кээ бир күркүлдүн үйүндө жапжаңы, аялуу боюнча сакталуу дейт.
Ал эми кыргыздар болсо акча чакырчу жөрөлгөлөрдө ар ким ар кандай өз билгенинче жасап келишет.
"Байлыкты байлык кууйт…"
"Байлыкты байлык, карызды карыз кууйт" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Адамдын башына дөөлөт келип бардар болсо, артынан оңбогондой олжо түшүп бир заматта байыган адамдар да жок эмес.
Илгери союз убагында 1980-жылдары Ноокат районундагы айылдардын биринде Шамил деген дудук киши дүкөндө кароолчу болуп иштейт. Аялы да өзүнө окшош, кулагы жакшы укпайт. Агезде дүкөнгө келген лотереяны элге кыйнап саттырчу. Дүкөндө өтпөй калган он чакты лотереяны Шамилдин айлыгына кошуп берип салышат. Албайм деп нааразы болгон Шамилдин үнү чыкпаса, анын жаңсап түшүндүргөнүнө эч кимиси көңүл бурбайт. Бир күнү ошол лотерея билеттери ойнотулуп Шамил акыркы үлгүдөгү "Волга" утуп алат. Үй-турмушу начар, эскилиги жеткен кепе тамда баш калкалаган Шамилге "Волга" менен дөөлөт келет. Кепедей үйдүн жанында жапжаңы "Волганын" токтоп турганын көргөндөрдүн көздөрү кызарып, лотереядан уткан бактысына суктанышат. Шамил да акылдуулук кылат. Агезде унаа сатып алыш үчүн капчыктуулар кезекке турушчу. Шамил унаасын кымбат баага сатып үйүн оңдоп, жашоосун анча-мынча түзөгөндөн кийин бир тай сатып алат. Ал тайды таптап чоңойтот. Ал тай кийин астына ат салдырбаган күлүк болуп чыга келет. Шамилдин кийинки байлыгы ошол тайдан түшөт. Ар кандай мелдештерге катышып, күлүк алдыга чыгып акчалай сыйлык, мал утат. Ошентип баягы дүкөндө кароолчу болуп отурган Шамилге дөөлөт келип, айылдагы эң бай күркүлгө айланат. Балдары да өз алдынча бизнес жасап, айтор учурда Шамилдин тукуму бардар катары таанымал экен.
Тагдыр талкалаган дөөлөт
Ал эми Фрунзе шаарында жашаган Сабид деген казак жигит да учурунда Шамил сыяктуу "Волга" утуп алат. Университеттин акыркы курсунда окуган студент үчүн бул күтүлбөгөн чоң олжо эле. Ал деле Шамил сыяктуу унаасын сатып, кайра үй сатып алууну ойлойт. Бирок унаасын сатаары менен күндө майрамдап, ойноп-күлүп жүрүп акчасын кантип аягына чыгарганын, өзү кантип аракка берилип кеткенин аңдабай калат. Энеси менен жашаган төрт бөлмөлүү үйүн да аракка сатып, акыры көчө селсаягына айланган. Сабиддин бул жашоосун аны жакындан билгендер азыркыга чейин айтып келишет. Адамга келчү дөөлөттү жакшы пайдаланып калгандар да болот, же Сабид сыяктуу өмүрүн жер менен жексен кылгандар да бар.
Батышта лотереядан байыгандар көбөйдү
Негизи дүйнө жүзүндө жалаң лотереядан байыган адамдардын саны арбын экен. Ашыкча күч жумшап, кантип акча табам деп баш оорутпай эле бир заматта байлыкка ээ болуп калган адамдарга кайрылсак.
2010-жылы Улуу Британияда Рождество майрамына карата лотерея билети ойнотулуп, 51 жаштагы суу өткөргүч болуп иштеген Пол Голди аттуу адам 7,2 миллион фунт стерлинг утуп алып, аны 2011-жылдын башында колуна алган. Утуп алганына биртопко чейин ишене албаганын айтып, кубанычында чек жок. Сатып алган лотерея билеттери 13 санынан башталган экен.
Ал эми Франциядагы карапайым айдоочу 2010-жылы 10 млн.евро утуп алган. Лотереяны утуп алгандан кийин айдоочу иштеген жеринен кеткен эмес. Тескерисинче, өзү иштеген компания банкрот болуп атканын көрүп толугу менен сатып алган да, мурунку директорун ордунда калтырып, өзү ага айдоочу боюнча эле кызмат кылган.
44 жаштагы америкалык Кэт Скраггс жумуш таппай, ижарада жашаган үйүнө акчасы жетпей кыйналып жашап аткан күнү капысынан дүкөнгө барып эки лотерея билет сатып алат. Бирок бир билетти сатуучу капысынан башка компанияныкын берип салат. Ал кымбатыраак болгондуктан Кэт бир аз ичи ачышып, бирок мейли деп чөнтөгүнө салат. Кечинде үйүнө келип телевизордон ошол кымбатыраак баага сатып алган лотерея билети 25 млн. доллар утканын укканда кубанганынан таң атканча кыйкырып, ырдап чыкканын жашырбайт.
АКШнын дагы бир тургуну 32 млн. доллар утаары менен акчаны тең бөлүп, аялы экөө ажырашып кеткенин айтат.
13 млн. доллар уткан Москвада өтүкчү болуп иштеген Саша акчасын аялына көргөзбөй банкка катып койгон да, өзү ишин токтотпой иштеп келет. Эгер аялым билип калса аны тез эле жоготууга ашыгат дейт бактылуу Саша. Жашы жетимиштен ашып, өтүкчү болуп отурган Сашанын ушунча байлыгы бар экенин өзү жана лотерея ойноткон компаниядагылардан бөлөк эч ким билбейт.
Иркутск шаарынын жаш тургуну, 19 жаштагы Олеся бир млн. доллар утуп алып, колуна алган сумманы чиркөөгө сыйынганы келгендерге таратып берген. Ал бул жакшылык алып келбейт, башкаларга жардамы тийиш керек деген түшүнүктө экен.

Даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА