13.07.12 Коррупциянын "кара тизмеси"
"Ата журтчу" депутат Нариман Түлеев, Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жемсөөлүккө шектелип кылтакка илиниши карапайым калктан колдоо тапты. Буга удаа бийлик коррупция менен күрөштү улантабы же бул жөн гана пиар жүрүшпү? Эгер улантса кайсы лөктөр темир торго түшөр экен деп коомчулук бийликтин мындан аркы кадамын күтүп жатат. Биз да ушул суроонун жандырмагын чечкенге аракет кылып көрдүк.
Нариман Ташполотовичтин Бишкек мэриясын жетектеген мезгилинде троллейбустарды сатып алууда мамказынага 1 млн. 400 миң доллар зыян келтиргенин Башпрокуратура расмий билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, эл өкүлүнүн "Кыргыз темир жолу", "Темир" мамлекеттик ишканаларын башкарган учуру да иликтөөгө алыныптыр. Эгер финансылык мыйзам бузуу фактылары табылса мунун кесепети "республикачы" депутат Алтынбек Сулаймановго да тийиши ыктымал. Себеби, Сулайманов 2000-жылдары "Темирдин" Ош, Баткен дубандары боюнча өкүлчүлүгүн жетектеп турганы белгилүү.
Акматбек Келдибековдун ЖК төрагалыгын аркалаган кези да тийиштүү органдардын кызыгуусун жаратканын эшиттик. Башкасына токтолбогондо дагы, парламентке караштуу "Алтын көл" пансионаты былтыр банкротко учурап, өлкө капчыгын 7 млн. сом өлчөмүндө зыянга учуратканын Эсептөө палатасы эчак эсептеп чыккан дейт. Дегеле Жогорку Кеңештин финансылык, чарбалык иштерине байланыштуу маселеде "Республика" фракциясынын бараандуу мүчөсү, вице-спикер Бакыт Төрөбаев тергөө органдарынын алдында жооп берип калышы мүмкүн дешет. Ал эми "республикачы" Исхак Пирматовго карата ачылган кылмыш иши жакын арада кайрадан жандандырыларын кошумчалай кетсек. Мындан сырткары, Транспорт министри Калыкбек Султанов, социал-демократчы депутат Турсунтай Салимов, "ата журтчу" Нурлан Сулайманов, президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев өңдөнгөн үлкөндөрдүн башына кара булут айланып калган имиш.
Не болсо да бийлик баштаган ишин аягына чыгып, Кыргызстанды саан уйдай саап, миллиондогон, миллиардаган байлык чогулткан адамдарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышын көзөмөлгө алышы абзел. А эгер бирин-экин депутат, министрди камап, аз убакыт өткөрүп кое берип "шоу" уюштурса, анда бийлик аке өзүнүн тамырына өзү балта чаап алат эмеспи.


Атамбаев эс албайт
Жай саратанында чиновниктердин көпчүлүгү эмгек өргүүсүнө чыгышат. Капчыгы калыңдары чет өлкөдө сайрандаса, айрымдары Ысык-Көлдө кумга оонап, жайлоодо кымыз ичишет. Ал эми өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кайда эс алат десеңиз, президент отпускеге чыкпай иштемекчи болуптур. Ажонун бул саамалыгы колдоого аларлык, жоон топ аткаминерлер анын жолун улаар бекен?..

Исаков трайбалист болгонбу?
Улуттук гвардиянын мурдагы ачендиги, генерал Абдыгул Чотбаев "Азаттык" үналгысына курган маегинде кызык нерсени айтты. Ал коргоо министрлигинде коррупция тууралуу баяндап келатып, бул системадагы трайбализм Исмаил Исаковдун тушунда башталганын жашырган жок. "Исмаил Исаков келгенде баарын аймактарга бөлүп таштады. Мурун андайды билчү эмеспиз. Мисалы Улуттук гвардияны алалы. Мен офицерлердин кимиси каяктан экенин мени кызматтан алгандан кийин билдим" дейт Чотбаев.

Темир жолдун тереңдеги "кызыктары"
Гезитибиздин өткөн сандарында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкеринин жана ишкана жетекчиси Аргынбек Малабаевдин маектерин жарыялаган элек. Анда бири шефинин мыйзамсыз иштерин айтса, экинчиси болушунча актанып алган эле. Аргынбек Малабаев мырзанын актануусу гезитке жарыяланар замат ал жактан бизге кызыктуу материалдар келе баштады. Көрсө, бул жерде миң эмес миллиондор кумга сиңген суудай жок болуп атыптыр. Азыр жазып салсак Аргынбек мырза дагы чычалап чыгар. Андыктан буларды кийинки саныбызда тирүү фактылар менен берүүнү эп көрдүк.

Келдибеков менен
Сатыбалдиев "акыйлашты"
Өгүнү эркин басылмалардын биринде оппозиция лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков айтышып, акырында мушташып кете жаздаганы жазылган эле. Акматбек Келдибекович макаланын "заказчиги" катары экс-башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевди күнөөлөптүр. Элмурза оңой менен күнөөсүн мойнуна ала бербеген эргул да, кайра сени жамандатып жазгыдай убактым жок, ушинтип эле чукуша берелиби таризинде тигини беттен алыптыр.

364 грамм гашиш кантип 36 кг героинге айланды?
Жакында ММКда ИИМ орунбасары Курсан Асановдун иниси, Ош шаарындагы №5 СИЗОнун начальниги Абдукадыр Асанов 36 кг героин менен кармалып, кийин үй камагына чыгарылды деген маалымат тараган. Бул окуя боюнча ИИМдин басма сөз кызматы тактама киргизди. 2012-жылдын 4-майында текшерүү жүргүзгөн учурда Ош шаарындагы №5 СИЗОнун чарбачылыгына тиешелүү короодогу кароосуз бөлмөдөн 364 грамм гашиш табылганы чын. Бирок бул факты азыркы бийликтин түштүктөгү тирөөчү деп эсептелген К.Асановго каршы пиарга, 364 грамм гашиш 36 кг героинге айланып кеткени кызык. Аталган факты боюнча ушул кылмыш ишине кандайдыр бир тиешеси бар деген шек менен СИЗОнун эки кызматкеринин үстүнөн кылмыш иши ачылган. Учурда алар үй камагында.
Ал эми СИЗОнун начальниги А.Асанов ошол кезде жамбаш сөөгүнүн томугун алмаштырып ооруканада операция болуп жаткан экен. Учурда ал эч кандай үй камагына алынбай эле дарылануусун улантууда. "Эгер кимдир бирөө бул фактыга кызыга турган болсо биз материалдар менен жеринде таанышууга көмөктөшүүгө даярбыз" дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

Ферузадан
сурагыла
Ушу жума ичи сотторду тандоо кеңеши Жогорку сотко сот болчуларды экзаменден өткөрүп жатат. Биринчи турдан ушу кезге чейин Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткарып келген Феруза Жамашева да өттү. Алдыда экинчи, үчүнчү баскычтар бар. Аларды тандап жаткан сотторду тандоо кеңеши Феруза айымдын айрым иштерине көңүл буруп койсо жакшы болоор эле. Биртоп мурда Ф.Жамашева Жогорку соттун басма сөз катчысы болуп иштеп келаткан Бакыт Рысалиевди ишинен мыйзамсыз бошоткон. Бул боюнча сот процесси жүрүп жатат. Ошондой эле өлкөдөгү биртоп ММК жетекчилери бул боюнча атайын кайрылуу да жасашкан. Тилекке каршы, Феруза айым буга көңүл бурбады. Бакыт Рысалиев иштен айдалгандан кийин азыр Жогорку сотто, дегеле башка бардык соттордо кандай иштер жүрүп жатканы боюнча ММКлар караңгы бойдон калууда. Айрыкча 7-апрель окуясы боюнча сот иши азыр кандай абалда? Же Феруза айым соттор боюнча эч ким эч нерсе билбесин деп атайын жасадыбы? Сотторду тандоо кеңеши мунун жообун алып берет деп ойлойбуз.

Куунап түшкөн кудалар
КСДПчы депутат Мамытбай Салымбеков "ата журтчу" депутат Курманбек Осмонов менен куда болгон. Биртоп мурда Курманбек мырза куда-сөөгүн, кыз-күйөөсүн Кара-Кулжанын жайлоосуна чакырып сыйлады эле, Мамытбай мырза да кудаларын, уул-келинин Ат-Башынын Босого жайлоосуна чакырып, эт менен кымыз эстен кеткис кылып коноктоду. Кудалар жалаң эле казы-карта, кымыздын үстүндө боло бербей, Таш-Рабат, Кошой-Коргон сыяктуу тарыхый жайларды да көрүп чер жазышты. Анан Курманбек куда аккордеон тартып ырдап, жүрөгү жашарып келди. Тоого чыгып кубалашпай куунак түшкөн кудалардын ынтымагы дагы бекем болсун демекчибиз.

Искендер иштеп
атат
Улуттук университеттин ачылып иштеп келатканына быйыл туура 80 жыл болду. Адегенде педтехникум, институт, анан барып университет болгон бул аксакал окуу жайы жүз миңдеген кадрларды даярдап чыгарып, нечен жакшылыктарга, кызыктуу тагдырларга күбө болуп келатат.
Окуу жайдагы быйылкы өзгөчөлүк - абитуриенттердин баштагыдан көп тапшырганы жана алардын деңгээлинин бийиктиги. Ал эми университет ректору Искендер Исамидинов октябрда өтө турган 80 жылдыкка даярданып, бир чети абитуриенттерди кабыл алууну жакшы бүтүрүп алалы деп катуу аракет кылууда. Ректордун акыркы жасаганы, "Дасмиянын" кожоюну Турусбек Мамашев менен биргелешип ашкана-буфеттердин бардыгын улуттук колоритте жасатып жана иштетип, студенттерди күнү-түнү арзан тамак-аш менен камсыз кылууну баштаганы болууда. Т.Мамашев бул ишке 6 млн. сом салаары белгилүү болду. Улут келечегине кайдыгер эмес азаматтардын мунусуна баракелде.

"Жаңы Агым" - пресс