Альтернативдүү муфтият
түзүлдү дейби?
Мындан туура бир жума мурун демилгелүү топ муфтий Чубак ажы Жалиловдун кызматтан кетүүсүн талап кылышкан эле. Кечээ ошол топтун атынан Дин иштери боюнча комиссиясына муфтияттын алдына боз үй тигип, альтернативдүү муфтият түзүшкөнү тууралуу кат түштү.
Катта Чубак ажы Жалилов акыркы эки жылда өз милдетин аткарбагандыктан нааразычылык күчөгөнү, ошондуктан мусулман коомчулугу альтернативдүү муфтият түзүүгө аргасыз экени көрсөтүлгөн. Атургай альтернативдүү убактылуу муфтий кылып Руслан ажы Жумагуловду да шайлашканы, өз кезегинде муну тынчтык жолу менен чечүүгө комиссия болгон аракетин көрөрү да айтылган. Иштин чоо-жайын билүү үчүн Кыргызстан мусулмандар башкармалыгына, анын маалымат катчысы Максат Мамбеталиевге, Чубак ажы Жалиловдун өзүнө байланышууга аракет кылдык. Тилекке каршы, бирөө менен да байланышуу мүмкүн болбоду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан да жооп ала албадык. Ажылыкка жолго чыгууга аз калганда акча талашкандардын шантажы күчөдү көрүнөт. Буга кийинки сандарыбызда кенен токтолобуз.