06.07.12 Илимден интернет озгон заманда
Бир жылда эки жолу "салам" берчүлөрдүн окуусу жоюлду
Учурда ЖОЖдорго, атайын билим берүүчү окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Былтыркыга караганда быйыл абитуриенттердин саны азайганын айтышууда адистер. Мунун себеби эмнеде? Абитуриенттерди кабыл алуу кандай өтөт? Дагы бир жаңылык, сырттан окуу бөлүмү жоюлуп, анын ордуна башкача ыкма ишке киришиптир. Бул кандай ыкма? Жогорку билим алам деген абитуриенттердин кызыгуусун арттырган суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдуманап ЖОЛДОШЕВ жооп берди.


- Жакында ЖОЖго тапшыруу үчүн окуучулар арасында республикалык тестирлөө аяктады. Былтыркы жылга караганда Кыргызстандагы билим деңгээлинде өзгөрүүлөр байкалдыбы?
- Былтыркыга караганда быйыл тестирлөөгө катышкан окуучулардын саны көбүрөөк болду. Быйыл 56 миңге чукул бүтүрүүчү тестирлөөгө катышты. Тапшыргандардын саны көп болгондуктан кээ бир көрсөткүчтөр жогору. Жыйырма миңге жакын окуучу 100дөн жогору балл алгандар. Анткени ЖОЖго тапшырууга укук бере турган балл 115тен жогору болушу шарт. Келишимдик негизде тапшыра турган балл 105, ал эми кошумча сабактардан берилген балл 60 болушу шарт. Демек, 115 баллдан жогору, кошумча сабагы 60 балл болгон окуучу ЖОЖго бюджеттик негизде талонун таштоого укуктуу. Быйыл эң жогорку балл 245 деп көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, мындай баллды эч ким ала алган жок.
- ЖОЖдордун канчасында бюджеттик орундар бар?
- Бизде 53 ЖОЖ болсо, алардын отуз бири мамлекеттик болуп эсептелинет. Жыйырма бири мамлекеттик эмес. Мамлекеттик ЖОЖдордун үчөө толук өзүн-өзү каржылоо системасына өткөн. Андан башка дагы экөөнө өзүн-өзү каржылоого сунуш берип атабыз. Ошондуктан алар бюджеттик негизде орун бербейт. Андан башка дипломатиялык академияга бюджеттик орундар берилбейт. Калган мамлекеттик ЖОЖдорго Кыргызстанга керектүү адистерди даярдоо үчүн бюджеттик орундарды бөлөбүз.
- 2010-жылы 7-апрелде, июнь окуясында курман болгондордун балдары мамлекеттин каржылоосу менен бюджеттик негизде билим алат деген токтом чыккан эле. Бул маселе кандай болот?
- Учурда 5705 бюджеттик орун каралган. Анын ичинен 50 орун эң жогорку балл алгандарга берилет. 75 орун этникалык кыргыздарга каралган, 60-70 орун ден соолугу начар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана апрель, Ош окуясында жабыр тарткандардын балдарына квота катары бөлүнгөн. Алар атайын гранттык комиссиянын негизинде бөлүнөт. Ал эми жетим-жесирлерге, жеңилдик алуучу категория ЖОЖдорго бөлүнүп берилет да, ич ара сынак жарыялап, ошонун негизинде ишке ашат.
- Быйыл ЖОЖдордо сырттан окуу бөлүмүн жоюу маселеси каралууда, бул кандай чечилди?
- Учурда Кыргызстан боюнча 230 миң студент бар. Сырттан окуу бөлүмүндө 115 миң студент билим алууда. Ал эми кечки окуу жайда 1900 бала окуйт. Быйыл министрликтин коллегиясынын чечими менен сырттан окуу бөлүмүнө жана кечки билим алуу үчүн эч бир окуу жайга лицензия берилген жок. Мурунку сырттан окуп жаткандар лицензия аяктаганга чейин окуусун бүтүрүшөт да, быйыл кабыл алуу токтойт. Ал эми сырттан окуунун ордуна дистанциялык технологияларды пайдалануу менен окутууга лицензия алган гана окуу жайлар кабыл алышат.
- Учурда дистанциялык технологиялык пайдалануу менен окутууга канча ЖОЖ лицензия алды? Бул ыкманын эмне өзгөчөлүгү бар?
- Азырынча мамлекеттик инспекцияда бул туурасында иштер жүрүп, кайсы ЖОЖдорго лицензия берилиш керектигин аныктап атышат. Сырттан окуган студент жылына эки жолу бир ай гана келип, ошол боюнча тапшырма алып окуп атпайбы. Ал эми дистанциялык технологияны пайдалануу менен окууда жума сайын интернет аркылуу окуу жайдан тапшырма алып, күнүгө окуп атканы эсепке түшүп, белгилүү убакта экзамен-зачетторун тапшырат.
- Интернет эмне экенин билбеген алыскы айылда жашагандар дистанциялык технология менен кантип окуйт?
- Азыр айыл жеринде деле чөнтөк телефону аркылуу интернетке чыгып атышат. Таптакыр интернет барбаган айылдар саналуу гана. Ушундай ыкма менен билимин жогорулатса болот. ЖОЖдор өздөрүнүн студенттерине убагында методикалык окууну, электрондук же кагаз түрүндөгү материалдар менен тактап берип, ошол боюнча иштеш керек. Албетте жаңы башталганда түшүнбөстүктөр, ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Бирок биз заманбап технологияга өтүшүбүз керек. Сырттан окууга жылына эки жолу келип коюу бул окуубу? Жаңы билим күндө өзгөрүп атса, ошого жараша китеп чыкпай атса сырттан окуп аткан студент ал китеп чыкканча күтүп турабы? Сырттан окугандардын көбү коррупцияга батты деп атышат. Коррупцияга ким күнөөлүү? Анын теги кайдан келип чыгып атат? Окутуучу ошол 25 студентке сабак өтсө, ошол баланын ата-энеси бар. Сабакка келбей жүргөн бала экзамен тапшыра албай калса ата-энеси ортого тааныш салып, окутуучуга акча берип баа алып атат. Ошондо мугалимди 25 студент ата-энеси менен бирге басмырлап, албайм десе да ой-боюна койбой атпайбы. Ошон үчүн мугалим менен студент көзмө-көз беттешип окубайт, интернет, техникалык жабдуулар аркылуу байланышып окуйт. Ушундай системага өтсөк коррупция жок болобу деген максат. Бул технология бүт дүйнө жүзүндө колдонулуп келатат. Мисалы, коңшу Өзбекстанда бул технология он жыл илгери эле кирген, ал жакта сырттан окуу эчак жоюлган. Бардыгы күндүзгү бөлүмдө окуйт. Башка мамлекеттерде бул ыкма жакшы өнүгүүдө.
- Эми биздин ЖОЖдордо дистанттык технологиялык окууга кайсы айдан баштап документтер кабыл алына баштайт?
- Ага жакында тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алына баштайт. Азыр бардык окуу жайларды карап, анын профилдик кайсы тарапта окутаарын, гуманитардык техникалык базаларын иликтеп, анан лицензия берилет. ЖОЖдордо бул ыкмага шарт түзүлбөсө лицензия берилбейт.
- Иштеп, үй-бүлөсүн баккан карапайым жарандарга окуганга шарт түзүлбөй калат экен да, бул алардын конституциялык укугун бузуу болбойбу?
- Эмне үчүн? Ал үйүндө отуруп компьютер менен иштесе болот. Уюлдук телефон менен интернетке кирип тапшырмасын аткарып турса эмне үчүн болбосун? Окуйм деген адам сөзсүз жолун табат. Эптеп жүрүп окуп бүтүп алам дегендерге шылтоо табылат. Жыл сайын дистанттык окуу жай кеңириленип, өзгөрүп турат. Окуй турган адам өзү аракет кылып үйрөнүүсү керек. Эгер ал өзү каалабаса, моюнга байлаган иттей болуп окуса, андан жакшы адис чыгарына күмөнүм бар.
- Бул процесске өтүүдө эң негизги кыйынчылык кайсы?
- Электрондук китептер жана байланыш интернет материалдары анча-мынча жерлерде суроо туулушу мүмкүн. Антпесе бардык жерде ыңгайланышкан, бардык жерде китептерди электрондук вариантта жасап жүрүшөт.




- ЖОЖдордо сырттан окуу бөлүмүн жоюп дистанттык технологияларды пайдалануу менен билим берүү жолго коюлууда. Буга Кыргызстандын материалдык базасы, интернет жетиштүүбү?

Туратбек
ДҮЙШӨНАЛИЕВ,
И.Раззаков атындагы
КМТУ ректору,
профессор:
- Негизи бул маселе сөзсүз бир кезде көтөрүлмөк. Бүгүнкү күндө кээ бир ЖОЖдордо сырттан окуган студенттердин саны күндүзгүдөн да эки эсе көбөйүп кетиптир. Көп учурда алар таптакыр сабакка келбей эле окуусун бүтүрүп, курстан курска көчүп атканы тууралуу фактылар бар. Бул да болсо коррупцияга бөгөт коюу. Ошонун баарын эске алып чет элдик тажрыйбаларды да колдонгонубуз туура. Учурда сырттан окуунун ордуна дистанттык технологияны жолго коюу боюнча он пункттан турган талап койду. Бүгүнкү күндө биздин окуу жайда он пункттун сегизи аткарылды. Биз буга чейин деле бул ыкманы колдонуп келгенбиз, эми толугу менен өтөбүз.

Замира
ТУРДАЛИЕВА,
пенсионер,
Жумгал району,
Кызарт айылы:
- Мен деле учурунда Маяковский атындагы кыз-келиндер институтун сырттан окуп бүтүрүп, өмүр бою мугалимдик кесипти аркалап, анан пенсияга чыккам. Азыр кичүү уулумду сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртайын деп турганда жоюлуп кеткени бизге ыңгайсыздык жаратууда. Уулум айылда мектепте иштейт, эми билимин жогорулаталы десем интернет аркылуу окуш керек экен. Биздин айылда интернет жок, анүчүн райондун борборуна барып турушу керек, жума сайын. Ага каражат, убакыт да керек. Мындай ыкманы баштаарда адегенде элге бардык шартты түзүп туруп анан ишке ашырса болмок.

Ташболот САТКЫНАЛИЕВ, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин 1-проректору:
- Бул бир эле күндө чечилип, сунушталган маселе эмес. Буга чейин эле сөз болуп, жаңы ыкмага өтө баштаганбыз. Эгер министрликтен, жогору жактан ушундай чечим келсе, биз баш ийүүгө милдеттүүбүз. Мисалы, биздин университет дистанттык технологиялык ыкмага өткөнүбүзгө көп болгон. Кыргызстандын алыскы аймагында жашагандар интернет аркылуу окуу жайдын логини менен өзүнүн паролу аркылуу электрондук китепканалардан даярданып атат. Бул ыкманын эч кандай ыңгайсыздыгы жок, азыр бардык жерде интернет жетиштүү. Биз буга макулбуз.

Муктар ЧОГУЛДУРОВ, Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун кызматкери:
- Жакында Кытайдын Гуанчжоу шаарында жайгашкан Түштүк университетине барып, ал жерде 180 миң студент окуганын угуп абдан таң калдык. Алар ушул дистанттык билим берүү ыкмасы менен дүйнөнүн бардык жагынан окушат экен. Албетте аларда инновациялык методду жакшы колдонушаарына күбө болдук. Андан тышкары, материалдык базасы да мыкты. Биз да дүйнөлүк тажрыйбаны пайдаланып, аракет кылышыбыз керек. Билим берүү жана илим министрлиги койгон он талапты аткарып, жакында ушул ыкмада окууну каалагандардын документин кабыл ала баштайбыз. Буга чейин деле дистанттык технологиялык байланыш аркылуу окуган студенттерибиз бар болчу.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА