06.07.12 Дастан САРЫГУЛОВ, коомдук ишмер:
"Табиятка жарыялаган согушта адам сөзсүз жеңилет"

- Дастан мырза, учурда түндүктө кургакчылык болсо түштүктө нөшөрлөгөн жаан жаап сел жүрүп атат. Кыргыз эзелтен табият менен киндиктеш эл. Жогорудагы болуп аткан окуяларды кандай түшүндүрөр элеңиз?
- Бул окуялардын эки себеби бар. Биринчиси, Күндүн өзүндө тынбай болуп жаткан таба бороондору себеп. (геомагнитные бури).
Экинчиси, 28 миң жылда бир жолу Күн системасы биздин галактиканын магнит экваторун быйыл кезип өтөт. Ушуга байланычтуу далай күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп жатат, дагы бир жыл бою боло берет.
- Өткөн кышта жалпы Кыргызстан боюнча 25 миң баш мал жуттан кырылып калды. Ошондой эле жазда жылкылар кулун салып, төл болбоду. Өткөн кыштын оор болушу, жут эмнеден улам келип чыкты деп ойлойсуз?
- Былтыр ноябрь айында мен кыштын суугу катуу, кары калың, бирок кыш кыска болуп, эрте чыгат деп айткам. Декабрь айында "Улутман" телеберүүсүндө ушуну кайталагам. Жаз эбегейсиз эрте, 20-апрелде келет деп кошумчалагам. Ошондой болду. Күчүн салганы сууктун катуу болгонунан болду. Суусамырда 42-45 градуска чейин суук болуп, эки жумага созулду, мектептер убактылуу жабылды.
Кар калың түшкөндүктөн мал колду карап, тоют жетпей калды. Ушуга байланыштуу малдан чыгаша болду.
- Мурда качан мындай кыш, жут болуп өттү эле?
- Европада, Россияда кыш оор болду. Каспий деңизи жээгинен төрт километр тоңду. Азов деңизин толук муз басты. Казакстанда, Европада кар (айрым жерлерде) 3-4 метр болуп түштү. Европада 500дөн ашык адам суукка тоңуп кайтыш болду. Бизде мындай суук 1968-жылы болгон деп айтып жүрүшөт.
- Мурда кыргыз мындай апааттан кантип аман калып келген?
- Кыргыз дайыма кыш, жаз, жай кандай болорун алдын ала билген. Дүйнөдө бүгүн бир дагы өнүккөн өлкө (Германия, АКШ, Россия, Жапан, Кытай ж.б.) алдын ала кыш, жаз, жай, күз кандай болорун айта албайт. Муну кыргыз гана айта алат.
2011-жылы жаз өз маалында, 3-майда келген. Ал эми 2010-жылы 15 күн кечигип келген. Ал эми 2009-жылы эрте - 25 апрелде жаз келген. Мунун баарын мен алдын ала күз айларында айтып тургам.
Ал эми 2012-жылы жаз 20-апрелде өтө эрте келет, күн ысып, жер кургап кетет дегем.
Менин дарегиме эки адам каргап смс жибериптир, жаз февралда келет деп айттыңыз эле, чөбүмдү сатып ийип малым кырылып калды деп. Тактоо иретинде айтып коеюн: мас абалда угуп алышса, же бөлөк маалымат менен чаташтырып алышса өз убалы өзүндө.
Астрономиялык жаз дайыма жердин огу 66 градус болгондо, 21-мартта келет. Февралда эч качан жаз келбейт. Ал эми аба ырайында жаз астрономиялык жаздан дайыма кийин келет.
2012-жылы жаз мен айткандан да эрте, бир жума мурун келди: 3-апрелде күн ысып, Ак-Талаада сел жүрдү. 2011-жылы 4-апрелде Бишкекте түнкүсүн 10 градус суук болгон. 2012-жылы 12-апрелде биринчи күн күркүрөдү (2011-жылы 2-майда күркүрөгөн), 2012-жылы 16-апрелде күн 28 градус ысыды. Сары-Могол айылында (Алайда) быйыл кар 25-апрелде эле калбай калды. Былтыр 10-майда кар жаткан. Ал эми Таласта быйыл кош 10 күн эрте чыкты.
- Алдыдагы кыш кандай болот? Тоют тартыш болушу мүмкүнбү?
- Тоюттун тартыштыгы аба ырайына байланыштуу болбойт. Ал ар бир адамдын өз аракетине жараша болот. Кыш кандай болорун азыр айтуу эрте. Аны билдирген жылдыздар күз башталганда байкалат.
- Табияттын татаалдыгынан ушул жылы жазгы талаа жумуштары өз убагында болбой кечигип калды. Түшүм кандай болот?
- Түшүм адамдын аракетине, эмгегине жараша болот. Бирок жаз эрте келип, күн тез ысып, жер кургап кеткенде айдоо иштери жүрүп калды. Андыктан түшүм былтыркыдан ашык болбойт, болсо кем болот.
- Кыргызстандын алдында дагы кандай табигый кырсыктар бар?
- Быйыл табият негизинен бир аз оор болот, былтыркыга салыштырганда.
- Жогоруда айтып кеткендей кыргыз табият менен киндиктеш. Азыркыдай табигый кырсыктардын көп болуп атканынын негизги себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Адамзат бир кылым мурун эле табиятка ачык эле согуш жарыялаган. Баарын багындырабыз, баш ийдиребиз ж.б. деп. Бул Жараткандын өзүнө согуш жарыялоо.
Албетте, бул согушта адамзат жеңилет. 2011-жылы март айында 5 эле секунд уланган жер титирөө Жапонду чөгөлөтүп салды.
- Учурда дүйнө жүзү 21-декабрда Мая календарынын бүтүшү менен ар кандай катаклизмдер болушун айтып келет. Кыямат чын эле болобу?
- Сол колуңузга чоң магнитти алып, оң алаканыңызга кичине магнит салып, өйдөдөн ылдый жүргүзсөңүз, чоң магниттин экваторунан өткөндө кичи магнит үч-төрт жолу аласалып кетет.
Ал эми 28 миң жыл мурун бул окуя кандай болгонун эч ким айтып бере албайт.
Бүгүн илим да муну айта албайт. Ар кандай божомолдор бар. Адам үчүн баары жагымсыз. Ичи арам, тапандар Сарыгулов элди коркутканын токтотпойбу деп айтаарын билип, мен эч нерсе кошумча айтпай эле коеюн.




Багбанчылыктан баар тапкан баткендиктер

Быйыл Баткенде чөп да жакшы, дан да жакшы экен. Анан да баткендиктердин турмушуна береке тутка болуп турган өрүктүн да түшүмүнүн мол болуп бергенин айт. Бак айткан багбандар ушу тапта жалаң өрүк пулдап сатуу менен алек. Өрүктү алды Бишкекке, арты алыскы Россия, Казакстанга бүдүр койбой ташып жаткан ишкер журт да арбын. Айталык, бал татыган айтылуу ак кандек өрүктүн наркы Баткенде 45 сом болсо, Россияга жеткенде 450-500 рублдан кем өтпөйт дешет. Бирок ак өрүктүн бир өзгөчөлүгү, муну узак убакытка чейин кармаганга болбойт. Кыскасы, бул жааттагы кептин калганын баткендик белдүү багбандардын бири, Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну Сабыржан АСАНОВдун оозунан угалы.


- Мен өрүк багын өстүрүү менен 1980-жылдардан бери алектенип келем. Бул жагынан жетишерлик тажрыйба да топтоп калдым. Менимче, кургуйга кулаган турмуштан баткендиктерди бир сактаса ушул өрүк сактап калат. Мал чарбачылыгы деле бар дечи, бирок анын түйшүгү артыкча. Багбанчылыкка ык койгон элдин саны жылдан жылга артып барат. Айрыкча кудай мол түшүмүн берген быйылкы жыл көптөрдүн көзүн ачып койду окшойт. Буга чейин өрүккө маани бербегендер эми ар бир өрүгүнүн түбүн тытмалап, суу коюп дегендей, айтор, багына көңүл бура баштады.
- Өрүктү кантип өстүрөсүз?
- Негизи өрүктү өстүрүү көп деле кыйынчылык жаратпайт. Көчөттүн сортун тандайсың, апкелесиң да саясың. Көктөгөнчө жакшылап караш керек. Биринчи күндөн тарта 3-4 чакадан кем эмес суу куюп туруу керек. Өрүк бир жылда бой тартып көктөп, кийинки жылдан жемиш бере баштайт. Болгону ушу. Бирок кыштын ызгаар суугунан сактоо зарыл. Атайын целлофан менен ороп жылуулап койсоң болду. Негизи өрүк көп жылдык дарак, анан да чыдамкай келет. Тилекке каршы, көп гектар өрүкзар бизде отунга кыйылып кетти. Жергиликтүү аткаминерлерге деле мунун кереги жок шекилди.
- Сиз өрүктүн канча түрүн өстүрөсүз?
- Өрүктүн түрү аябай көп. Учурда биздеги эң жакшы түрү болуп кандек, ак кандек, Исфайрам өрүгү жана ак өрүк эсептелет. Менде өрүктүн ушул түрлөрүнүн баары бар. Быйыл дагы 70 түп өрүк отургуздум, келерки жылы 500 түп өрүк көчөтүн отургузам деген оюм бар. Мунун баары акча таба турган оокат. Менин саясат-маясат менен ишим деле жок. Биздики дыйканчылык. Иш жок дегендерге таңгалам. Мына иш деген, мындан артык иш барбы?
- Азыр канча түп өрүгүңүз бар?
- Жалпысынан бү-гүнкү күндө 100 түп өрүгүм бар. Анын 10 түбүнөн эле жылына 300-400 килограммдан ашуун өрүк алабыз. 100 түптөн канча түшүм экенин эсептей бериңиз. Жакшы сортун ордунан 90 сомдон 120 сомго чейин сатабыз.
- Жылына канча жолу дарылайсыз?
- Жылына бир жолу эле дарылачумун, бирок быйыл аба ырайынын начар болгонуна байланыштуу эки жолу дарылаганга туура келди. Дарылоо убактысы март-апрель айларында болот. Азыркы бизге келип жаткан Түркиянын, дагы башка мамлекеттердин өрүктөрү ушул дарылоонун негизинде даярдалып, алардын даамы биздикине караганда анчалык таттуу эмес. Ак өрүктөн ооз тийип көрүңүз эле, оозуңузда бал татыйт тимеле. Дегеле биздин Баткен облусунун өрүгүн мүмкүнчүлүк болсо дүйнөлүк аренага алып чыкканыбызда жакшы болмок.
- Сабыр мырза, ушинтип эле жылда өрүк сатып коюп жата бербей андан түшкөн акчага кайра иштетүүчү цехпи, иши кылса бирдеме куруп алсаңыз болбойт беле?
- Ушул туурасында мен да көп толгоном. Мунун баарын уюштура турган баягыдай колхоз-совхоздор жок. Ар ким алынын жетишинче тырмалаңдап аракет кылып жатат. Минтели-тигинтели деген адам жок. Көбүнчө чакан бак кылып иштеткен адам көп. Цех болсо эл да иш менен камсыз болмок. Бирок муну курууга мисалы, менде тажрыйба жок. Экинчиден, кыргыздын турмушун өзүң жакшы билесиң, турушу чыгаша. Акчаң бирине жетсе, бирине жетпейт. Анүстүнө азыр акчанын да баркы кетип калды. Эми буюрса, аман болсок цех да болоор. Азырынча ушунусуна да шүгүрчүлүк.
- Мынча гектарлаган чоң чарбаны башкарууга кантип жетишип жатасыз?
- Негизинен үй-бүлөмдүн эле күчү менен жетишебиз. Үч уулум, эки келиним, аялым жардамдашат.
- Кандай ойлойсуз, мисалы жанагы балдай болгон ак өрүктү Чүйгө апкелип өстүрсө болобу?
- Болот го, бирок көзүм жетпейт. Өрүк ысык климатты сүйгөн өсүмдүк. Чүйдүн жери биздикинен салкыныраак келет эмеспи. Ошондуктан ал жакта өрүк өссө өсөт чыгаар, бирок даамы биздикиндей болбойт. Көлдө деле абрикос деп коюшат экен, даамдуу өрүк бар, бирок ширеси Баткендикине караандабайт. Анткени жер нымдуураак. Эгер Көлдө биздикиндей ысык болсо, анда өрүгү мыкты болмок деп ойлойм.
Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ