06.07.12 Түштүк түмөн санаада
Куралданган Курманбек Бакиев
кыргыз бийлигин кайрадан басып алабы?
"Комсомольская правда" гезити ушул жылдын 4-июлундагы санында "Ата мекенди сактап калуу" аталган комитеттин төрагасы Абдымажит МАДМАРОВ дегендин айткандарын басты. Байкоочулардын баамында, бул кабар турукташып бараткан кырдаалды нугунан тайдырып, карапайым калкты тегиз санаага салып турган чагы.

- Ооганстандын бир катар аймактарында, тактап айтканда, Талукан, Файзабад жана Бахорак шаарларында боевиктер тобу, ок-дары кампалары менен даяр турат. Ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Чоң-Алай райондорунун ар биринде 200-250 куралчан кишиден куралган эки чоң лагерь жайгашкан. Ишенчиликтүү маалыматтарга караганда, буларды Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов жана экс-президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү каржылайт. Алар ушул жылдын 18-июль күнү адегенде Ош шаарын жана Ноокат районун басып алышат да, ошого эле удаа өлкөнүн түндүк тарабында массалык башаламандыкты уюштурушат. Ал эми 25-июлда эски президент Курманбек Бакиев Ош шаарына кадимкидей кайтат да, бүтүндөй Кыргызстанды басып алгандыгын ай-ааламга жар салат, - деп коңгуроо какты "Ата мекенди сактап калуу" комитетинин төрагасы Абдымажит Мадмаров.
- Азырынча шаар тынч эле. Бирок Абдымажит Мадмаровдун айткандары кыпкызыл жалган. Терең сүрүштүрсөк, бири дагы тастыкталган жок. Зериккен эмелер карапайым калкты жөн эле дүрбөтүп жатышат, - деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Сүйүнбек Өмүрзаков.
- Ушул тапта мэр Мелисбек Мырзакматов тумоолоп үйүндө дарыланып жаткан чагы. Жакын арада жумушка чыгаары күтүлүүдө. Ошентсе да айтып коюуга тийишмин, "боевиктерди мэр Мелисбек Мырзакматов жана качкан президент Курманбек Бакиевдин тууган-уруктары каржылап жатышыптыр" дешкени кызылдай жалган. Муну элге чындык сыңары байма-бай таратып жүргөндөр токтоосуз түрдө жоопкерчиликке тартылууга тийиш, - деп баса белгиледи Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алымжан Байгазаков.
- Биринчиден, Абдымажит Мадмаров аттуу жаран бизге дегеле кайрылган эмес, - деди аты-жөнүн атоодон тайсалдаган мамлекеттик коопсуздук комитетинин Оштогу башкармалыгынын кызматкерлеринин бири. - Экинчиден, Абдымажит Мадмаровдун Бишкектеги маалымат жыйынында айткандарынын бири дагы жеринде текшергенибизде тастыкталган жок. Маселен, "боевиктер заманбап гранатомет жана башка курал-жарактар менен жабдылгандыгы" кызылдай жалган. Ал эми 18-июлда адегенде Ош шаарын, ошого удаа Ноокат районун, ошондой эле Сох жана Шахимардан анклавдарын басып алышат дегендери таптакыр чындыкка коошпойт.
Анткени менен эл арасында кооптонуу дале күч бойдон калууда. Мисалы, оштук өзбек тектүү укук коргоочу Равшан Гапиров мындай тоз-тополоңду бийлик өзү уюштуруп жаткандай деген пикирди карманууда.
- Бул өзү кезектеги чагымчылык. Ушинтип айрыкча өзбектерге катуу кысымчылык көрсөтүп жатышат. Мунун артында дале шору жок бийлик өзү турат. Анткени азыркы борбордук жана жергиликтүү бийлик бутактарында жалаң Курманбек Бакиевдин кадрлары кылы кыйшайбастан иштеп жатышат. Ошолор карапайым калкты дүрбөтүп, бири-бирине кайраштырып козутуп жатышат. Себеби буларда позиция, Мекен, бейпилчилик жана өлкө бүтүндүгү жөнүндө таптакыр түшүнүк жок. "Пулуң болсо кулуңмун" деген кулчулук психологиянын жетегинде гана жашап жүрүшөт. Ошондуктан булардын башкы максаты - эптеп эле кайрадан Бакиевдин баягы талап-тоногуч бийлигин орнотуп, ал аркылуу өлкөнү каалагандай бүлүндүрүү, кызарган жерлерин каратып туруп менчиктештирип, чекесинен сатып, анан тез арада
баюу, - деп тызылдады укук коргоочу Равшан Гапиров.
Ал эми жергиликтүү коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мындайда укук коргоо органдарынын кенебестигине жана кайдыгерлигине дагеле кападар экендигин жашырган жок.
- Бакиевдердин арам тилине кирип, элге бөөдө бүлүк салып, жөн жеринен карапайым калкты дүрбөткөндүгү үчүн Абдымажит Мадмаров өңдөнгөндөр мыйзам чегинде токтоосуз түрдө жазага тартылышы кажет. Антишпесе булар мындан ары да тынч жаткан калкты кадимкидей дүрбөтүп, атүгүл кыргыз-өзбекти 2010-жылдагыдай кайра чабыштыргандан дале кайра тартышчудай эмес, - деп баса белгиледи Төлөгөн Келдибаев.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары




Бир
бүркүм…
Жогорку Кеңештин делегациясы ЕККУ парламенттик ассамблеясынын кезектеги сессиясына катышат.
***
ИИМ академиясында кирүү экзамендерине карата коомдук кабыл алуу комиссиясы түзүлдү.
***
Ысык-Көл облустук жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлери Көлдө мамлекеттик машинаны пайдаланып эс алып жүргөн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун айдоочусун кармашты. "Айдоочуну мамлекеттик номер менен мэриянын гаражынын жетекчилери чыгарып жиберишиптир, мен аларга карата чара көрөм" дейт мэр.
***
Украинада Кыргызстандын жараны "Mercedes" үлгүсүндөгү унааны айдап качкан жана аны менен өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн.
***
30-июнда Токтогул суу сактагычынын көлүндө эс алып жүрүп дайынсыз жоголду делген 29 жаштагы Орусия жараны Виталий Якубцев табылды. Тирүү экен.
***
Москванын борборунда милиционерлер Кыргызстандын жаранын бомба менен кармашты. Ал 31 жаштагы Анарбаев болуп чыккан.
***
Ноокат районунда 50 орундуу бала бакча ишке берилди. Бала бакча имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө "Саэм" фонду аркылуу долбоор жазылып, ошонун негизинде каражат бөлүнүп, имараттын чатыры, полу жаңыланды.
***
Кыргызстанда жарым жылда мамлекеттик чек арадан 6 млн. адам өткөн.
***
Көлдүктөр тамеки сатып алууга жылына 7,6 млн. сом чыгымдашат.
***
Сот Ө.Текебаевдин "Ачык саясат" гезитине карата доо арызын канааттандырды. Эми гезит "Ата мекен" партиясынан чыгып кеткен депутат Өмүрбек Абдрахмановдун гезитке курган маегиндеги айрым фактыларды төгүндөгөн маалыматты басууга тийиш.
***
Кадамжайда таш көчкү коркунучунун айынан 45 үй-бүлө көчүрүлдү.
***
Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек коктусунан чычкан түрдүү жана суур жаныбарларынан чума микробу табылды.
***
Экс-аким, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Осмоналиев Маммүлктү башкаруу фондунун директору болуп дайындалды.
***
Бишкекте азиздер үчүн светофорлор орнотула баштады.
***
Кыргыз-казак эки өтмө бекети августта ачылат.
***
Оштук медресе мудариси 9 жашар балага бачабаздык кылды деп шектелүүдө.
***
Жарым жылда кыргыз чек арачылары 78 кг. маңзат кармады.
***
Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Датка-Кемин электр линиясынан соң Кемин-Алматы, Кемин-Торугарт линиялары курулаарын билдирди.
***
Кыргызстанда шарп илдетинин чыгышына байланыштуу Бажы союзуна мүчө өлкөлөргө эт жана эт азыктарын экспорттоого тыюу салынды.
***
Жогорку сотко судья болуу конкурсуна катышуучулардын үчөө өз арыздарын артка кайтарып алып, атаандаштардын саны 89га кыскарды.
***
Кечээ "Манас" аэропортунда 4,3 кг. контрабандалык алтын менен медицина тармагында иштеген кызматкер кармалды.
***
Быйыл кумшекер тартыштыгы болбостугун, бирок сырттан да сатып алууга туура келерин Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
***
Ысык-Көлгө 19 жаштагы жигит чөгүп кетти.
***
Мурдагы милиционерлер ИИМде болуп жаткан акыркы иштерге байланыштуу министр З.Рысалиевдин отставкасын талап кылып чыгышты.
***
Эсеп палатасы Жалал-Абад газ чарбасындагы 4,6 млн.сом сол чөнтөккө солонгонун таап чыгышты.
***
Башкы прокуратура Биринчи май райсотуна Бишкек ТЭЦине көмүр алуунун жасалма жолу тууралуу кылмыш ишин жөнөттү.
***
Премьер Ө.Бабанов 2010-жылдын 25-мартында ошогездеги премьер Д.Үсөнов кол койгон өкмөттүн токтомун жокко чыгарган токтомго кол койду. Үсөнов кол койгон токтомдо "Кумтөр голд компани" жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө айтылган. Учурдагы өкмөт бул токтом өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына каршы келгенин, элдин нааразылыгы да ушундан чыкканын белгилейт.
***
Президент А.Атамбаев Казакстан президенти Н.Назарбаев менен жолугушту.
***
Алай районундагы жол кырсыктан тажикстандык жарандар мерт кетишти.
"Жаңы Агым" - пресс