06.07.12 Министр Равшан Сабиров пара сураткан…бы?
"Бийлик аке коррупцияга каршы аеосуз күрөшө албай атат. Майдабарат "чабактарды" кармап, ал эми миллиондорду кулкунуна куйган "киттерге" тийишкен жок. Президенттин жемсөөлүктү ооздуктоо демилгеси кагаз бетинде гана калат окшойт" деп сындап келгенбиз. Бирок эл өкүлү Нариман Түлеевдин кылтакка илиниши жана Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун коррупцияга шектелип суракка чакырылышы өчүп бараткан үмүт отун жандандырды. УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалымдашынча, министрдин жардамчысы министрдин атынан ири өлчөмдө пара алыптыр. "Тергөө амалдарынын убагында министрдин жардамчысы өз жетекчисинин буйругу менен чет элдик компаниядан эки жолу акча алгандыгын билдирди. 30-июнда ал беш миң АКШ долларын алып министрге берген, ал эми 4-июлда 10 миң доллар алып аткан жеринен аны колго түшүрүштү. Учурда тергөө, иликтөө амалдары жүргүзүлүүдө. Министрдин жардамчысы УКМК СИЗОсуна камалды" деп баяндалат атайын кызматтын билдирүүсүндө. Эгер жардамчысы шефинин акча алганын далилдесе, анда Р.Сабиров да темир торго тыгылышы ыктымал.
Министрлерге жасалган "жортуул" Сабиров менен эле чектелип калбайт. Жакынкы мезгилде министрлердин дагы бирине алкым азабына байланыштуу кылмыш иши ачыларын ишенимдүү булактан кабарлашты.


ЖоКени күздө кубалап кетиришеби?
Өгүнү кайсы бир жерден "түбөлүк революционер" Азимбек Бекназаров менен "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев жолугуп калыптыр. Сөз арасында Өмүке биз Ак үйдүн 7-кабатынан түшпөй отурабыз, Азике, эл аралап жүрөсүң, элдин маанайы кандай таризинде сурабайбы. Анда Бекназаров башкасын билбейм, бирок карапайым калк күзүндө "Ата мекен" баштаган парламентти кубалап түшөбүз деп атат дегендей эски санаалашынын оозун жап кылды дейт.

Башбакан бир гезитти "басып" алды
Интернет-сайт-тарда медиа-эксперт Илим Карыпбеков "Де-факто" гезитин сатып алганы жарыяланган эле. Андан кийин Карыпбеков үн катып, "Де-фактонун" менеджерлигине дайындалганын кабарлады. Бирок, ишенимдүү булагыбыздын берген маалыматына караганда, Илим мырза аркылуу аталган басылманы башбакан Өмүрбек Бабанов сатып алыптыр. Күздөгү саясый күрөш катуу болорун сезген премьер маалыматтык тылын бекемдегиси келсе керек.

Адал той
Спикер Асылбек Жээнбеков өткөн жумада тун кызы Бегимайды турмушка узатты. Башкалардай болуп ачылып-чачылбастан куда-кудагыйларын үйүндө тосту. Күйөө баласы Азизбек ак халатчандардын үй-бүлөсүндө тарбияланган Аксынын кулуну болорун кошумчалай кетели. Ал эми кыз алган тарап 2-июлда борбор калаадагы ресторандардын биринде адал той өткөрдү. Адал той дегенибиз, спирт ичимдиктери ичилген жок. Анын ордуна меймандар бал кымыздын даамын татышты. Үйлөнүү үлпөтүнүн башталышында: "Кызым, сен бизди кандай сыйласаң кайната-кайненеңди ошондой сыйла. Бир туугандарыңды кандай сыйласаң жолдошуңду ошондой сыйла. Кайнене-кайнатаңа келин эмес кыз бол. Сага татыктуу тарбия бердик, эми бизди уятка калтырбайсың деп ишенем. Күйөө баланы пайгамбар да сыйлаптыр дейт. Азизбек, сен бизге күйөө бала эмес уул бол" деп ЖоКе төрагасы аталык каалоо-тилегин билдирди. Не демекпиз, баш кошкон эки жаш бактылуу болсун!

Келме кезек эки депутатта…
"Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт кыргыз. Анын сыңарындай, кезинде эртеңкисин ойлобой эле миллиондогон "жашылбайларды" сугунган эрендердин былыгы кырк эмес төрт жылга жетпей ашкереленген чагы. Дегенибиз, Нариман Түлеевдин артынан "жемейди кустурмай" "республикачы" Исхак Пирматов , "ата журтчу" Нурлан Сулаймановго жеткени каңкууланууда. Биздин тарткан төлгө ташыбыз төп келсе ушул айдын аяк ченинде ысымы аталган депутаттардын колуна кишен салынышы толук мүмкүн.

Министр неге мисирейет?
ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев көптөн бери министрлик ичин тазалап тартип орнотуп атам деп опулдап келаткан. Эми минтип ИИМдин негизги бутагы болгон Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги Тилекбай Алибаев менен анын орунбасары Базарбек Абдраимов баңгизат пулдоого тиешеси бар деп шектелип, камалып отурат. Ага удаа эле басылмалар министрдин орунбасары Курсан Асановдун карачечекей тууганы Абдукадыр Асанов жетектеген Оштогу №35 СИЗОнун кызматкерлеринен 36 килограмм героин табылганын жарыялады. Демейде ооз ача электе жооп кылчу министр талкан сугунуп алгансып унчукпайт. Же шексиз шекинет, шектүү бекинет болуп атабы? Не дедиңиз, Зарылбек мырза?

Асел Эшимканованы ким коркутуп жатат?
Белгилүү журналист, саясатчы, маркум Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимкановага 4-июль күнү белгисиз бирөөлөр коркуткан смс жөнөтүшкөн. Смс "проблемаларды каалап турсаң керек, сен жакында аларды аласың" деген мааниде болгон. Асел бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылды.
Жакында Асел Эшимканова жолдошунун атындагы фонддун бетачаарын коомчулукта өткөрүп, интернет-сайтын да иштете баштаган. Биз жогорудагы коркутуу боюнча Аселдин өзүнө байланышканыбызда мындай деди: "Сайтка Айболот Айдосов деген окурман Нариман Түлеевдин кармалышы жөнүндө жазган экен. Мен да бул боюнча өз пикиримди билдирип, азыркы бийликтин эскилерден эч айырмасы жок экендиги жөнүндө жазгам. Ошондон бир күн өткөндөн кийин эле коркутуу келди. Мен бул коркутууну жогоруда жазган пикириме байланыштырып жатам".
Не дейбиз, душманы көп дегендей Мелис тирүү болбогондон кийин анын жесирине асылгандар эркек деле эмес го.

Эң башкысы элге пайдасы тийсе
Августтун баш ченинде өлкөбүздө эки чоң бирок окшош иш-чара өткөнү турат. Бири "Замандаш" ассоциациясы уюштуруп жаткан мекендештердин кезектеги конгресси болсо, экинчиси экс-президент Роза Отунбаева өткөргөнү жаткан "Мекендештер" форуму. Болгону Роза Отунбаеванын фонду бул ишти алгачкы жолу деп айтканы гана кызык болуп турат.
Биз билгенден мындай жыйын "Замандашты" түптөгөн маркум Мухтар Өмүракуновдун көзү тирүүсүндө эле он жолу өткөн. Кыргызстанда эле эмес Россиянын бир нече шаарларында өткөнүн да четте жүргөн замандаштар жакшы билишет. Алардын деле көздөгөнү - Кыргызстанга жардам берүү, инвестиция тартуу. Учурда "Замандаш" ассоциациясын да, "Замандаш-Современник" партиясын да алга сүрөп келаткан Эмил Өмүракунов он биринчи жолу өтө турган конгресске кызуу даярдык көрүп жатат.
"Жаңы Агым" - пресс