06.07.12 Аргынбек МАЛАБАЕВ, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси:
"Жигит да ушундай былжыраган нерсени айтабы?"

Гезитибиздин өткөн санында Аламүдүн районунун Арчалы айылынын тургуну Жолдошбек Сыргаковдун маеги жарыяланган эле. Макалада президент Алмазбек Атамбаевдин Ж.Сыргаковду жумушка орноштуруу тууралуу катын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаев тоготпогону, аталган мекемедеги тескери көрүнүштөр баяндалат. Ал эми буга байланыштуу А.Малабаев өзүнүн аргументин ортого салды.


- Бул эки жылдан бери келаткан окуя. "Жолдошбек Сыргаковду ишке орноштурууга көмөктөшүңүз" дегендей кат президенттин администрациясынан келген. Ошол каттын негизинде 2010-жылдын ноябрында Сыргаковду куралданган кароолчулукка алганбыз. Бу жигит узатуучунун (проводниктин) окуусун бүткөн экен, "мен узатуучу болом" деп чыкты. Узатуучулукка орун болбогондуктан, эч кимди жумушка алган эмесмин. Бул тууралуу президенттин администрациясына кабарлагам. Негизи узатуучулукка салыштырмалуу кароолчулуктун айлыгы көбүрөөк, айына ашып кетсе 10 жолу жумушка чыгат, 14 миң сомдун тегерегинде айлык алат.
Жолдошбектин жумуш маалында балдар менен арак ичип, мушташканын тастыктаган документ бар. Ал окуя болгондо транспорттук милицияны чакырып, медициналык текшерүүдөн өткөргөнбүз. Жаш бала экен, документи булганбасын, өз каалоосу менен жумуштан кетип калсын деп айткам. Арак ичип алганын өзү дагы моюнга алып, түшүнүк кат жазып берген.
- "Билген жагыңа бар, мен Атамбаевге сен тууралуу айткам. Мен ага президенттик шайлоо убагында жардам катары 350 миң доллар бергем" деп Ж.Сыргаковго айтканыңызды да танасызбы?
- Бул акылга сыйбаган нерсе, сырдашып сүйлөшө тургандай ал менин теңтушум эмес да. Мындай сөз болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес.
- Жолдошбек Сыргаковдун билдиришинче, темир жолго караштуу стадиондун курулушун бүтүрүмүш этип 1 млн. 200 миң долларды сол чөнтөккө солоптурсуз. Чынбы?
- Жумуштан кетирип койгонум үчүн ич күйдүлүк кылып айтып аткан чыгар. Бирок мен жетекчиликке келгенде темир жолго караштуу муз аянтчасынын 60%ы бүткөрүлгөн экен. Быйыл март айында ачылыш аземи болду, муз аянтчасынын курулушуна жалпысынан 300 млн. сомдун тегерегинде каражат сарпталды. Эсептөө палатасынын 2010-2011-жылга карата актылары бар. Аталган орган эч кандай мыйзам бузуу фактысын тапкан жок. Бул жагынан көңүлүм тынч.
Дагы бир кызык жагдай, Сыргаковго: "Депутаттардан маалымат алып келсең жумушка алам" деген имишмин. Жигит дагы ушинтип былжыраган нерсени айтабы? Кызматыма байланыштуу депутаттар менен сүйлөшүп турам, мага эч кимдин жардамынын кереги жок.
"Азыр темир жолдун узатуучулар штаты 1006 кишиден турат. Бүгүнкү күндө 1200 узатуучу зарыл болуп, 194 кызматкер жетишпей турса дагы ашыкча болуп кетти шылтоосу менен кызматкерлерди кыскартып атат" дептир. Кимди кызматка алып, кимди кызматка коюшту жалгыз өзүм чечпейм. Бизде кадрлар бөлүмү, экономикалык бөлүм деген бар. Алар менен биргеликте бардыгын эсептеп чыгып, анан чечим кабыл алабыз. Туура, бири-бирин кайталаган, зыяндан башка пайдасы жок бөлүмдөрдү кыскартканбыз. Бирок адамдарды жумушсуз калтырбай, бөлөк бөлүмгө которгонбуз. Учурда бизде бир дагы бош орун жок.
- Ж.Сыргаков качан келбесин жумушта болбой, "отпускеде" жүргөнүңүз түшүнүксүз…
- Былтыр 6-7 күн гана эс алдым. Азыр дагы эмгек өргүүсүндөмүн. Ошого карабастан, Өмүрбек Бабанов жетектеген делегация Астанада өткөн өкмөттөр аралык жыйынга катышып келдик. Казакстандык кесиптешим менен жаңы келишимге кол койдук. Ага ылайык, жыл соңуна чейин наркы 23,5 млн. долларлык беш тепловоз келиш керек. Аны он жылдын аралыгында төлөп беришибиз абзел. Эми минтип сиз менен да маектешип отурам.
- Дайыма "Кыргыз темир жолунун" тегерегинде чуу чыгып, анын башчысынын дарегине сындар арбын айтылат. Мунун себеби эмнеде?
- Апрель окуясынан бери ишкананы жетектеп атам. Алгачкы күндөн тартып көп кишини жумуштан кетирдим. Себеби, жогоруда токтолгондой, бири-бирин кайталаган, пайдасыз бөлүмдөр бар. Мисалы, иш башкармалыктын токтотуучу жайларынан айына 250 миң сом түшсө, мен келгени аны 1 млн. 250 миң сомго жеткирдим. Акыркы эки жылдагы статистикага таянсак, ишкананын кирешеси 1,5 млрд. сомго өстү. Ушундай ийгиликтер айрым адамдарга жакпай, мен тууралуу жөнсүз ушактарды таркатып атса керек.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





"Жакында Кыргызстан
энергетика королуна айланат"

Учурда кыргыз өкмөтү энергетика боюнча өз алдынча болууга катуу умтулуп жатат. Иш башталып калган чоң долбоорлордун бири - Датка-Кемин электр түйүнү. Мына ушу түйүн ишке кирсе мекендештерибизге кандайча жарыгы тиери тууралуу "Ошэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору Тилек ЖОЛДУБАЙ уулу кабарчыбызга айтып берген.


- Тилек мырза, серепчилер соңку кезде Кыргызстан, айрыкча түштүк жергеси анык энергетикалык кризиске кептелди деп байма-бай коңгуроо кагып жатышат. Сиз адис катары ушуга кошулаар белеңиз?
- Таптакыр кошулбайм. Кичине кудайды карабайлыбы, ыя. Быйыл былтыркыдай элибиз жарыктын жана кыштын азабын анчалык тарткан жок. Биздин ишкана түрдүү кыйынчылыктарга карабастан Баткен жана Ош облустарын, ошондой эле өлкөнүн түштүк башкалаасын электр энергиясы менен туруктуу жана толук камсыз кылганга жарады. Кризистин али чекесин дагы көрө элекпиз.
- Ошентсе да азыркыдай энергетикалык туңгуюктан жана башаламандыктан кутулуунун аргасы бардыр?
- Албетте, Датка-Кемин электр түйүнү 2014-жылы пайдаланууга тапшырылат. Эгерде ушул максатыбыз толук кандуу жүзөгө ашып калса, көз тийбесин, Кыргызстан Борбор Азияда накта энергетика королуна айланат.
Биринчиден, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Датка аталган чоң ток бөлүштүргүч бекет орнотулуп, ал Баткенге жана Ошко түз тартылат. Ошентип коңшу Өзбекстанга мындан ары зарыкпайбыз дагы, жалдырабайбыз дагы. Экинчиден, Кеминге дагы чоң ток бөлүштүргүч бекет орнотулуп, энергия Токтогул ГЭСинен түз ташылат. Мурда электр энергиясы өзүбүздө өндүрүлгөнү менен токту жалаң коңшу өлкөлөр бөлүштүрчү да.
Буюрса Кыргызстан энергетикалык көз карандылыктан кутулчу күн алыс эмес. Эми тескерисинче, Өзбекстан же Тажикстан зарыкканда бизден жарык сурап турушарына бөркүмдөй ишенем. Биз аларга эми токту каалагандай экспорттойбуз.
- 2010-жылкы Ош коогалаңы учурунда катуу бүлгүнгө учурабадыңыздарбы. Деги кем-карчыңыздарды толуктаганга кыргыз өкмөтү каралаштыбы?
- Чындыгында ошогезде ишканалардын арасынан биздин мекеме абдан жабыркады. Жок дегенде 30 миллион сомдун тегерегинде зыян тарттык. Бирок пешенеге жазганы ушул экен деп кол куушуруп отуруп алган жокпуз. Ички мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, бүлүнгөн аймактарды кызматкерлерибиздин өмүрүнө коркунуч туулуп тургандыгына карабастан кыска аралыкта калыбына келтирдик. Кыйраган жайларга ушул тапта 194 трансформатор орнотулду.
- Сөзүңүзгө аралжы, мекеме-ишканалардан, ошондой эле карапайым калктын өзүнөн карыз өндүрүү ушул тапта чоң азапка айланбадыбы. Сиздер бул өңүттө кандай иштеп жатасыздар?
- Мынакей, "Ошжылуулуккамсыздоо" акционердик коому былтыр "Ошэлектрого" 75 миллион сом карыз эле. Мунун бир тыйынын дагы эмдигиче төлөй элек. А быйылкы карызы жөнүндө айтпай эле коелу. Бишкекке утуру даттанып атып тилибиз тешилип бүттү. Же каржы министрлиги "Ошжылуулуккамсыздоо" ишканасына сокур тыйын которбойт. Же буларга башкы кеңсеси - "Кыргызжилкоммунсоюз" таптакыр каралашпайт.
Айлабыз таптакыр куруганда укук коргоо жана сот органдарына кайрылууну туура таптык. Ушундан кийин гана кээ бир бересечилердин абийири ойгонуп, кичине кыймылдап, карыздарын чекесинен төлөп жатышат.
Маселен, Баткен жана Ош облустарында 1653 кардарыбызды (114 млн. 147407 сом) тийиштүү органдарга тапшырдык эле, анын 478и 8 млн. 762753 сомдон дароо кутулушту. Учурда 1184 кардарыбыздын (106 млн. 316376 сом) иши сотто каралып жаткан чагы. Булар деле ушундай тартипте карызынан толук кутулат го деген үмүттө турабыз.
- Тилек мырза, Кыргызстандагы 2005- жана 2010-жылдардагы ыңкылапка электр энергиясына баанын жүйөсүз көтөрүлүшү орчундуу себептердин бири болгондугу жашырын эмес. Дегеле азыркы кадамыңыздар, мындайча айтканда, кардарларды укук коргоо органдарына жана сотторго үргүлжүм тапшыруу аркылуу тынч жаткан калкты кайрадан козгоп, айласыздан дагы бир ыңкылапка түртүп жаткан жоксуздарбы?
- Ачык айтып коюуга тийишмин. Азыр Кыргызстанда электр энергиясы текейден арзан. Бир кВт/сааты 70 тыйын. Мындай бекер оокатты эки дүйнөдө тең таппайсыз. Мен эмес экономисттер баса белгилешкендей, биздеги бардык чыгымдарды кошкондо азыр электр энергиясынын бир кВт/сааты 1 сом 8 тыйын болушу кажет эле. Бирок өкмөт дагы деле айкөлдүк кылып муну кардарларга 70 тыйындан ашыра элек.
Менимче, биз электр энергиясын акыркы жылдарда ашкере саясатташтырып ийдик. Муну биз күнүмдүк тиричиликтин бир булагы сыңары эсептебей жатабыз жана ошого дагыле көнө элекпиз. Менин жеке пикиримде, электр энергиясынын бир киловатт саатын 1 сомго көтөрүп, ошол эле учурда Ош шаарындагы бардык үйлөрдү ТЭЦке (жылуулук электр борборуна) туташтыруу абзел. Ошондо гана биздин түйшүгүбүз жеңилдеп, үйлөрүндө отуруп алып ашыкча электр энергиясынан колдонгондор таптакыр тыйылат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы