presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


ЗНАКОМСТВА

Билим уясы ушу болсо…
Чоң муштумдар менен паракорлордун академиясы
КР ИИМнин алдында тартип сакчыларын даярдап чыгарган Э.Алиев атындагы академия окуу жылы аяктап, курсанттар дипломдуу болгондо сөзсүз ызы-чуунун үстүнөн чыгууну адатка айландырып алышты окшойт. Өткөн жылдары да диплом "жууган" милициялар мас абалында чырлашып, коомчулуктун көңүл борборунда болсо, быйыл 19-июнда "Монте-Карло" кафесиндеги кызыл погончондордун чуусу кызуу талкууга алынып, азыркыга чейин иликтенип атат.


Академияда беш жыл окуп, мыйзамды жатка билген курсанттардын коомчулукка көрсөткөн "тарбиясы" ушу болсо, карапайым калк кайда барат? "Ушундай ызы-чуу болуп кетпесин деп атайын профилактикалык иш-чара уюштуруп диплом "жуумай" тынч өтүүсүн алдын-ала талап кылганбыз. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү ата-энеси, туугандары же үй-бүлөсү менен бара тургандыгын билдиришкен" дейт окуу жайдын директору А.Базарбаев ММК булактарына берген маалыматында. Бирок курсанттар окутуучулардын сөзүн уруп да коюшпады. Мурдагы бүтүрүүчүлөрдүн жолун жолдоп, "атың чыкпаса жер өрттө" дегендей ызы-чуу борборунда болушту.
Академия бул ызы-чуудан арыла электе дагы бир жагымсыз фактынын бети ачылды. 1991-жылы бул жогорку окуу жайы ачылгандан тарта окутуучулук кызматты аркалап, далай кызыл погончонго сабак берген милициянын полковниги А.Б. курсанттан пара ала коюп колго түштү.
Академиянын курсанттарынын айтымында, окутуучу эжейинин үстүнөн арыз жазууга аргасыз болушкан. Лекция учурунда анын кыйкырып урушуп, кемсинтип, адамдын керт башына асылганына айла жок чыдап келишкен экен. Бир нече жолу академиянын жетекчилигине арызданып, бирок андан таасирдүү жыйынтык чыгара алышкан эмес. Экзамен үчүн 1000 сом сурап, акчасы жок болуп калган студенттин кызматтык күбөлүгүн "күрөөгө" алып койгон полковник аялдын кылыгы жанга батканда студент аргасыздан өз укугун коргоо максатында мамлекеттик коопсуздук кызматына кайрылыптыр. Коопсуздук кызматы окутуучунун 1000 сом алган жеринен кармап, иши иликтөөгө алынды.
Пара алган окутуучу тууралуу анын кесиптештеринен, жетекчилеринен төмөнкүлөрдү уктук.
Алмабек БАЙТИКОВ, КР ИИМдин алдындагы Эргеш Алиев атындагы академиянын начальнигинин орунбасары, милициянын подполковниги:
"Акча сураганын уккан эмесмин"
- Чындыгында буга чейин мындай окуя деле болгон эмес. Академиянын ичинде паракорлукту жок кылууга профилактикалык иштерди жүргүзчүбүз. Өзүбүздө атайын комиссия түзүлүп, ар бир жетекчи ушул сыяктуу иштерди алып барып турчу. Бизде инновациялык технология киргизип, экзамен-зачет ачык өтүп, компьютердик техника аркылуу көзөмөлдөш үчүн видеокамералар орнотулган. Бул иш кантип болуп кетти, билбейм. Курсанттар арыз менен коопсуздук кызматына кайрылган экен. Ыкчам топ келип иш-чара өткөрүп, кармашты.
- Ал окутуучуга кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
- Ушунча жылдан бери иштеп келаткандан кийин анын профессионалдык деңгээли жогору болуш керек деп ойлойм.
- Анда эмне үчүн курсанттар анын үстүнөн арыз жазышты?
- Кээде курсанттарга окутуучулар ороюраак мамиле жасап коюшу ыктымал. Эми адамдардын мүнөзү ар кандай да, кээси студенттерди өзүнө тартса, кээси орой мамиле жасап коюшу ыктымал. Чынын айтканда, анын акча сураганы тууралуу уккан эмесмин.
Абдразак ТУРДУБАЕВ, академиядагы социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги:
"Өз укугун коргогон курсантка ыраазы болдум"
- Албетте бул биздин окуу жайга абдан катуу тийди. Ушул убакка чейин бул окутуучу курсанттарды ошончолук деңгээлге жеткирген болуш керек деп ойлойм. Себеби курсанттар атайын эле ага өчөшүп жасашкан жок. Өзүнүн укугун коргоп, мыйзамга таянып иш алпарган курсантка ыраазы болуп атам. Ал жазган арызынан кийин канчалык кыйынчылык болоорун билип, сезип туруп баары бир акыйкаттык үчүн күрөшкөн курсант демек, ал мыйзамды мыкты билген адис болот деп ишенем. Себеби көпчүлүк ЖОЖдордо паракор окутуучусун карматкан фактыларды кездештире элекпиз. Мындай кырдаалда окуу жайдын жетекчилери эле эмес курсанттар, абитуриенттер да кошо киришсе коррупцияны токтото алабыз деген ойдомун.
- Силерде ишеним телефону иштейт экен, буга чейин ал эжейдин үстүнөн курсанттардын атынан арыздануу түштү беле?
- Буга чейин Сайра деген кызыбыз анын үстүнөн арыз жазган эле. Окутуучу айым шаардык болгондуктан жалаң орусча сүйлөп, айылдан келген балдарды кемсинткени тууралуу жазылган. Бул боюнча окутуучуга эскертүү бергенбиз, себеби анын эки баласы бар, жолдошу каза болуп калган. Ал оңолсун деген ниетте тарбиялык иштерди жүргүзгөнбүз. Жакында дагы бир группа анын үстүнөн арыз жазган. Ошондон улам атайын кызматтык териштирүү жүрүп, анын негизинде башка ишке которуу боюнча чечим кабыл алалы деп атканда ушул иш болуп калды. Эми бул иш бир эле күндө болгон жок, акырындык менен жыйылып отуруп жарылды окшойт. Ушундай жол менен академия өзүн-өзү тазалоого шарт түзүлдү болуш керек. Эгер бул иш тиешелүү органдар тарабынан аягына чейин адилеттүү чечилсе, анда курсанттардын да ишеними акталат. Негизи арыз жазган жигит абдан активдүү, тамашоуга катышкан мыкты курсанттардын бири болчу. Бул окуя академиянын башка кызматкерлерине да сабак болушу керек.
Р.S. Окутуучунун үстүнөн арыз жазган 4-курстун курсанты академиядан чыксамбы деген оюн билдирди. Курсантка тымызын кысым көрсөтүлүп атканы тууралуу маалымат атайын булактардан белгилүү болду.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
а ­е¦Є.НҐй«