кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї

Л€У…Р’Жђ

Экинчи революцияны Медет Садыркулов жасамакчы болгонбу?

Кечээ М.Садыркуловдун, С.Слепченконун жана К.Сулай-мановдун өлүмү боюнча сот иши уланып, анда төмөнкүдөй фактылар белгилүү болду.
Сотто көрсөтмө берген Дүйшөн Рысалиев деген күбөнүн айтымында, Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанды кургуйга түртүп баратканын, ошон үчүн бийликти алмаштыруу керектигин М.Садыркулов айтканын билдирди. "Садыркулов Ак үйдү эч ким басып албасын, болгону чиновниктер жана губернаторлор бийлик менен иштебей коюшмагын" айткан дейт Рысалиев. "Ревлюцияны каржылоо Казакстан менен Россия тараптан болмогун, бул үчүн биртоп таасирдүү адамдар келээри болжонуп жаткан. 12-мартта Медет Садыркулов акыркы жолу Казакстанга барып келмек. Ал келгенден кийин активдүү иштер башталып, өзгөчө Бакиевдин үй-бүлөсү жасап жаткан иштер боюнча видеороликтер көрсөтүлүп, элди революцияга даярдоо башталып, 2009-жылдын май айында революция болмок".
Андан кийинки күбө М.Садыркуловдун жардамчысы Екатерина Жангасаринин айтымында, М.Садыркулов менен К.Бакиевдин мамилеси дурус эле болгон, бирок Жаныш менен жакшы эмес эле. "Мен Садыркуловду тамак аркылуу ууландырып коебу деп коркчумун" дейт күбө айым. Анык кызыктар дагы алдыда көрүнөт.





КИТЕПКАНА



а ­е¦Є.НҐй«