29.06.12 Кезектеги шоу эмеспи?
Алтын депутаттарды алып тынбасын...
"Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) ЖАКсынын ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо парламенттин 22-июндагы кезексиз жыйынында улантылды. Жыйын жүрүшүндө өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимге кол койгондордун ысымы аталды.


Комиссия төрагасы Садыр Жапаров алтын кенинин тегерегиндеги финансылык көзбоемочулук 1992-жылы эле башталганын шардана кылды. Анын айтымында, буга туңгуч ажо Аскар Акаев күнөөлүү экен. Академик Акайычтын бийлиги 2003-жылы Кыргызстанды экинчи ирет сызга отургузууга жетишиптир. Себеби ошол жылы Кыргызстан Кумтөрдүн 67% акциясына ээлик кылып, толук башкармак болчу. Орто жолдон "Центерра Голд Инк" компаниясы түзүлүп, биздин үлүш 30%га түшүп калганы отчетто баса белгиленет. Сөзүн андан ары улаган Садыр мырза пайдасыз келишимге кол койгон фигуралардын ысымдарын мындайча ырастады: "1992-жылы Турсунбек Чыңгышев, Эсенгул Өмүралиев, Дастан Сарыгулов, Санжар Айтматов болгон. Ал эми 2003-жылы 70% канадалыктарга, 30% Кыргызстанга берилип, баары тескери жасалганда Николай Танаев жана Камчыбек Кудайбергенов кол койгон. 2009-жылы Игорь Чудинов кол койгон, ал кенди 50 жылга берген. Макулдашууларга кол койгондордун арасында Айтмурзаев, Сатыбеков, Темирбаев, Абдылдаева, Асанкожоева, Учкун Ташбаев, Исаков, Галютин, Иминов, Бердалиев, Жумалиев бар".

Экология куну
300 млн. доллар же актанган Фишер
Садыр Нургожоевич Кумтөрдүн айынан экологиябыз бузулуп атканын эчен жолу айтты. Ал эми жума күнкү отурумда алтын кени жайгашкан аймактагы экологияга келтирилген чыгымдын "куну" 300 млн. долларды чапчыганын жарыялады. Бирок бул сан кайдан чыкканын кеңири түшүндүрүп берген жок.
Жыйында кенде эмгектенген адамдардын айлык акысы да кызуу талкуу жаратты. Эл өкүлдөрү жергиликтүү тургундар канадалыктарга салыштырмалуу 3-4 эсе аз маяна аларын, компания жетекчилиги неге ага көңүл бурбаганына кызыгышты. Анда КОКтун президенти Майкл Фишер жооп катары чет өлкөлүк кызматкерлердин санын кыскартып, алардын ордуна жергиликтүү тургундарды тартуу жагы каралып атканын айтты. Ошондой эле кетирилген кемчиликтерди оңдоого бардык күчүн жумшарын кыстарып өттү. Эң таңгалычтуусу, комиссия төрагасы Жапаров Майкл Фишердин таза иштегенге аракет кылып атканын, бирок "Центерра" тарабынан ага кысым жасалып атканын жашырган жок.

Улутташтырылат, улутташтырылбайт...
Талкуу учурунда Кумтөрдү мамлекеттин карамагына өткөрүү демилгесин көтөргөндөр да чыкты. Маселен, "ата журтчу" Камчыбек Ташиев алтын кенинин жылдык кирешеси 4,8 млрд. долларды түзгөнүн, мындан Кыргызстанга 130 млн. доллар гана түшкөнүн жар салды. "Кумтөрдүн бир жылда тапкан кирешеси 4,8 млрд. доллар болуптур, ал эми Кыргызстанга 130 млн. доллар гана акча түштү. Кыргызстандын алтын запасы 2,8 миң тоннаны түзөт экен. Ал эми "Кыргызалтын" жылына 18,5-20 тоннага чейин алтын өндүрөт. Мына өкмөттүн кылган иши, кыргыз чиновниктеринин кыянаттыгы. Ошондуктан тез аранын ичинде саясый чечим кабыл алып, Кумтөрдү мамлекеттин менчигине алыш керек" дейт ал.
Камчыкенин кезектеги ураан-чакырыгына кесиптештери каршы чыгышты. "Ата журт" фракциясынын өкүлү Марат Султанов бардыгы мыйзам чегинде чечилиши зарылдыгын, экологиялык, санитардык ченемдер менен эмгек ченемдери сакталган жаңы келишимди кабыл алуу керектигин баса белгиледи. Муну башбакан Өмүрбек Бабанов дагы колдоп, Кумтөрдү улутташтырчу болсок инвесторлор эл аралык сотко кайрыларын, натыйжада миллиарддаган каражатка утулуп калышыбыз ыктымалдыгын төмөндөгүчө кошумчалады: "Жөн эле бир токтом менен алып койсок ал сөзсүз эл аралык сотко алып келет. Ал соттун баасы биздин мамлекет үчүн эки миллиард доллар эмес, беш миллиард долларга жетет. Басып алыш, тартып алыш эң оной. Бирок анын аркасы эмне болот? Биз ошону да жакшы ойлонушубуз керек".




Парламент жыйынынан
Комиссия чечеби же президент чекит коебу?
Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын токтом долбоору парламенттин шаршембидеги отурумунда кызуу талкууланды. Кызыл чеке талаш-тартыштан соң депутаттар добуш берүүгө өтүштү. Жыйынтыгында комиссия төрагасы Садыр Жапаровдун эмес, үч комитеттин биргелешкен токтом долбоору көпчүлүктөн колдоо тапты. Комитеттер сунуштаган долбоордо 10-июлга чейин мамлекеттик комиссия түзүп, октябрь айына чейин ишти кайрадан изилдеп конкреттүү чечим чыгаруу талабы коюлган.


Садыр Нургожоевичтин демилгеси ЖоКе тарабынан жактырылса, анда алтын кени толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөрүлмөк. Мындай сунушту негизинен "Ата журт" фракциясынын өкүлдөрү колдошту. Бул маселеде чечкиндүү кадамга барбаганы үчүн өкмөттү күнөөлөгөн Камчыбек Ташиев министрлер кабинети тез арада отставкага кетиши керектигин билдирди.
"Ата журттун" дагы бир тыңчыкмасы Мыктыбек Абдылдаев Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия түзүү өлкө башчысынын аброюна көлөкө түшүрүп коюшу ыктымалдыгын айтты. "Мамлекеттик комиссия түзүлө турган болсо, аны президент түзүш керек. Анда жоопкерчиликтин баары президентке коюлат, ал буга чекит коюш керек болуп калат. Эгер президент тарабынан Кумтөр боюнча туура эмес маселе жаралып калса, президенттин айланасында көйгөйлөр болот. Анда Атамбаев имиджин кайрадан түшүрүп алган болот" дейт Абдылдаев. Ал эми "ата мекенчи" депутат Карганбек Самаков улутташтырабыз, басып алабыз деп баш оорутуп отурганча 300 млн. долларга Кумтөрдүн 18% акциясын сатып алуунун аркасында кырдаалдан оңой чыгып кетүү сунушун көтөрдү. Ага ылайык Кыргызстан 51% акцияга ээ болуп, компанияны толук көзөмөлдөгөнгө жол ачылат экен.

Октябрга
чейин
күтөбүз
Кылчайнашкан кармаш түштөн кийин башталды. Эл өкүлдөрү С.Жапаровдун токтом долбоорун колдойбузбу же үч комитеттин биргелешкен чечиминби деген суроонун тегерегинде кыйла баш оорутушту. Күтүлгөндөй эле Садыр мырза комитеттер тарабынан сунушталган долбоордун келечеги жоктугун төмөндөгүчө жар салды: "Бул токтом болбойт. Себеби 15-февралда депутат Эркингүл Иманкожоева Кумтөр боюнча маалымат бергенде беш пункттан турган токтом кабыл алганбыз. Ошол токтомго жазылган нерселерди бүгүн да кайталап берип жатасыздар. Барып карагыла, экологиялык катастрофага алып келатат, ушуну келтиргиле делген. Бирок бирөө да басып барган эмес. Бул токтом менен да бирөө басып барбайт".
Жапаровдун пикирине КСДП фракциясынын мүчөсү Исмаил Исаков да кошулду. А киши буга чейин эчен ирет мамлекеттик комиссия куралганын, тилекке каршы, алардын бирөө да оңгулуктуу натыйжа чыгара албаганын шардана кылды. "2000-жылдары да парламентте каралып, ушундай токтом кабыл алынган. Алар бүгүнкү абалга алып келди. Бул маселени чечүүнүн жолу бирөө эле. Ал - комиссиянын долбоорун кабыл алуу. Мен комитеттердин мүчөлөрүн, төрагаларын сыйлайм. Бирок алардын токтом долбоору бүгүнкү талапка туура келбейт. Биз комиссиянын вариантын колдойлу, чекит коелу. Өзүбүздүн алтынды өзүбүздүн элге иштетели" деп Исмаил Исакович сөзүн бышыктады.
Деген менен жогорудагыдай ойго каршы чыккандар четтен табылды. Маселен, экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов С.Жапаровдун токтомун жактабашынын себебин мындайча түшүндүрдү: "Үч күндүн ичинде тартып алынсын, үч күндүн ичинде жокко чыгарылсын дегенге каршымын. "Кумтөралтын" түзүлсүн деп атат. Эми биз мыйзам менен барышыбыз керек. "Акционердик коом жөнүндөгү" мыйзам ага жооп береби, бербейби? Мен ошого жооп алышым керек".
Талаш-тартыштардан кийин кезек добуш берүүгө жетти. Садыр Жапаров жетектеген парламенттик комиссиянын токтом долбоору болгону 35 добуш чогултту. Ал эми үч комитеттин биргелешкен токтом долбоору 67 депутаттын ишенимине татыды. Анын негизинде түзүлгөн мамлекеттик комиссия КОКтогу экологиялык, социалдык жана экономикалык зыяндын өлчөмүн аныкташы абзел. Ошону менен чуулгандуу алтын чуусуна октябрга чейин убактылуу чекит коюлду. Мамлекеттик комиссия ишти акыйкат териштирип, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон чечим токуйбу же Садыр мырза айтмакчы, жөн гана элдин көзүн будамайлоонун амалын кылабы? Октябрь эртең эле келет эмеспи, андыктан курама өкмөттүн чыныгы позициясына төрт айдан кийин күбө болобуз.
Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ