29.06.12 Өнөрман
Кумга жан киргизген сүрөтчүлөр

Сэнд-аниматор бизге жаңыдан кирип келе жаткан түшүнүк. Кум менен сүрөт тартуу искусствонун дагы бир багыты катары бизге Батыштан келген. Экранда айнектин бетине кум менен сүрөт тартуу - талантты, жөндөмдү, колдун ийкемдүүлүгүн талап кылат. Көп деле каражат кетпейт, майда кум, астынан жарык бере турган айнек. Бул жерде сүрөтчү жана анын колу чоң роль ойнойт. Азыркы тапта жөнөкөй кумдан шедевр жараткан сыйкырчылар бизде саналуу гана. Алардын бири - сүрөтчү-аниматор Марина КАРПОВА.

"Кылдаттыкты талап кылган оор жумуш"
- Марина, мындай өнөрдү кимден өздөштүргөнсүз?
- Дизайн студияда иштеп жүрүп кум менен сүрөт тартууга кызыгып калдым. Мындан эки жыл мурун жөн эле эригип отуруп жасаган эмгегим кийин хоббиге айланды. Мага эч ким мындай кылып тарт деп үйрөткөн жок, өзүм ар кандай эксперименттерди кылып, көптөгөн каталарды кетирип ушул ийгиликке жетиштим. Болду, ушул жагы жетет деп токтоп калуу оюмда жок, азыр дагы кум менен сүрөт тартуунун түркүн кызыктарын өздөштүрүүдөмүн.
- Майда жумуш окшойт?
- Өтө кылдаттыкты талап кылган оор жумуш. Он мүнөттүк шоу үчүн жарым айга жакын даярдануу керек. Биринчи сюжетти ойлоп таап, анан сүрөт тартууну, биринчи кадамдан экинчисине кантип өтүү керек, ушуга чейин кылдат даярданабыз. Андан кийин сюжетке жараша музыкасын ойлоп табасың.
- Сүрөт тартуу учурунда кандай ойлор менен алпурушасыз?
- Кулагыма наушникти тагып алып музыканы гана угам. Колум өзү эле эптүү кыймылдап музыканын ыргагында кум менен сүрөт тарта берет. Анан албетте көрүүчүлөрдүн тынымсыз кол чабуусу мага ырахат тартуулайт.
- Кээ бир сүрөтчүлөр бул өнөрүн бизнес катары пайдаланышат экен. Жеке сиз үчүн кум менен сүрөт тартуу жашооңузда кандай роль ойнойт?
- Мен үчүн кум менен сүрөт тартуу - хобби. Артынан акча таап, сабак берейин деген деле оюм жок. Эл аралык сынактарга катышып өнөрүмдү элге тартууласам деген улуу тилегим бар. Ал ишке ашабы-жокпу, аны убакыт көрсөтөөр. Мен эртеден кечке сүрөт тартуу менен эле күн кечирбейм да. Кошумча өзүмдүн киреше ала турган иштерим бар. Кечинде чарчап келгенде бир-эки саат мээни эс алдырып сүрөт тартып туруу ашыкча болбойт.
- Азыр айрым ата-энелер балдарын ушул кесипке ыктап жатышыптыр. Атайын сабак бере турган студиялар барбы?
- Бизде андай студиялар бар деп айта албайм. Бул искусствонун түрүнө кызыккандар көп, чындап аракет кылып андан ары алып кеткени саналуу гана. Балким институттарда бара-бара сүрөт тартууну үйрөтө турган бөлүмдөр ачылаар. Бир сырын ачып коеюн, айнекке сүрөттү кум менен эле эмес, кофе, манка, иши кылып майда чууруй турган нерсенин баары менен тартса болот. Сүрөт менен шоу көрсөтүү үчүн үстү айнек атайын столдор болот. Видеокамера, штатив, проектор, үн чыгара турган жабдыктар менен камсыз болуш керек. Мындай нерсени ар бир эле ата-эне камсыз кыла албайт. Сүрөт тартып машыккан бала жок дегенде бир күндө үч-төрт саат өз алдынча иштегени жакшы. Ошондо гана анын эмгегинен жыйынтык чыгат.
Сураштырсак, азыр сүрөтчү-аниматорлорго болгон суроо-талап элиталык кечелерде чоң экен. Мисалы, бир бай кызынын туулган күнүн өткөрүп же уулун үйлөнтүп жатса аниматорлорду жалдайт. Алар жаштарга арнап бир сүрөт тартып, 8-9 мүнөттүк шоу көрсөтөт. Баасы он беш миңден жогору. Эгер кардар мен каалаган, заказ кылган сүрөттү тартып бересиң десе үстүнө акча кошуп төлөйт. Мындан сырткары, азыр кум менен анимация клиптерде кеңири колдонулуп жүрөт.
2011-жылы өткөн "Евровидение" сынагында Украинадан катышкан Микки Ньютон ушундай анимацияны колдонгон. "Город 312" тобунун бир клибинде да ушул ыкма бар. Кум менен анимация ыкмасы чыгармачылыкты өркүндөтүп, өзгөчө стиль киргизүүгө салымы чоң. Ата-энелер балдарын ушул искусствого кызыктырганынын да жөнү бар. Кум менен сүрөт тартуу өзүнчө эле терапия. Адамдын ичиндеги стрессти басып, депрессиядан чыгарып эс алдырат.
Канада-америкалык мультипликатор Кэролин Лиф ушул багытка биринчилерден болуп салымын кошкон. Азыр анимациянын бул түрү Израилде, Россияда, Украинада, Кытайда жакшы өнүккөн. Атургай индиялык сүрөтчү Ронни Чиббер көзүн таңып алып музыканын ыргагында ээн-эркин сүрөт тарта берет.





Модакөйлөр көчөсүнөн
Обу жок жасалган пирсинг көп оорунун башаты
Пирсингди учурда медициналык мекемелерде, сулуулук салондорунда адистер атайын аспаптардын жардамы менен жасайт. Кардар пирсинг койдура турган жерди так көрсөткөн соң ал жерге дары сайылып белгилүү бир мүнөткө дене жансыздандырылат. Пирсинг темир, алтын, күмүш ж.б түркүн металлдан жасалат. Аны жасоо ыкмасы саналуу гана секундду талап кылат. Баарынан маанилүүсү ага болгон даярдык. Кандай металлдан пирсинг тагынууну аныктап алган соң ал спиртке чыланып тазаланат. Ар бир кардарга пирсинг бир жолу колдонууга мүмкүн болгон аспаптын жардамы менен гана жасалыш керек. Жасалгандан кийин дененин айыгып кетүү мөөнөтү 6-8 жума.
Пирсингге туура кам көрүү
Адатта пирсинг жасаткан жайда атайын ошол жерди сүртүп-тазалай турган медициналык аарчыгыч берет. Ошо менен маал-маалы менен сүртүп, атайын өзүнүн майы (мазь) менен майлап туруу керек. Пирсинг жасалган дене (каштын, ээктин тегереги, эмчектин үрпү) таза болуп медициналык спирт менен тазаланып турушу зарыл. Кокус уктаганда пирсинг жасалган жерди басып жатып алса, анда айыгуу мөөнөтүн узарткан болосуз. Ошол жер тартылып, көгөрүп, териси чытырап канашы мүмкүн. Андайда пирсингди адистин жардамы менен алып салып, толук айыкканда кайра салдыруу керек. Баарынан да тилге жасалган пирсинг кооптуу. Анткени тамекинин түтүнү, тамактын калдыктары жасалган жерди ырбатып, микробдорду байытууга шарт түзөт. Даам сезүүнү начарлатып, шилекейдин нормадан көп чыгышына себепкер болот. Эгер жасаткан жер убагында айыкпай инфекция кирип кетсе, анда адамдын дене табы көтөрүлүп, алсыздыкты сезе баштайт.
Борбордогу жеке медициналык жайлардын биринде он сегиз жылдан бери иштеген Жайнагүл Бообекованын айтуусунда, ал азыркы жаштардан чындап чочулайт. Чочулаганынын да жөнү бар. Акыркы эки жылдан бери дененин кооптуу жерлерине пирсинг жасатууну каалаган жаштар көбөйдү. Киндик, мурунга, ээкке, каштын үстүнө жасоо модадан чыгып бараткансыйт. Азыр эмчектин үрпүнө, тилдин учуна, атургай жыныстык органдарга жасаткандар көбөйдү дейт. Кардарлардын жаш курагы 16-20 жаштын тегереги. Бул органдарга пирсинг жасатуунун зыянынан башка пайдасы жок. Аларды санап өтсөк:
? Болочокто өзүн бактылуу эне болом деген селкилер үчүн эзели эмчегине пирсинг жасатуу сунушталбайт. Жасатуу учурунда эмчек безине аспап же ийненин учу тийсе жаракат алат да, эмчек шишип ар кандай ооруларды козгоп, акыры эмчек рагына алып келет.
? Жыныс мүчөсүн тештирем деген эр жүрөктөрдүн эсине: пирсинг жасатуу учурунда кан көп кетип, акыры өкүнүчтүү аякташы мүмкүн. Жакшы жасалган күндө деле заара чыгарууда кыйынчылык жаратып, эркектерди импотенттикке жеткирет.
? Мурунга жасалган пирсинг жакшы бүтпөй ырбап кетсе, нерв системага, мээге түздөн-түз таасирин тийгизет. Венерикалык ооруларды өркүндөтүүгө, туберкулез, СПИД сыяктуу коркунучтуу оорулардын башаты пирсинг болуп эсептелинет.
"Жеке биз пирсинг жасабайбыз. Тескерисинче, ар кайсы жерден барып жасатып түркүн инфекцияларды жуктуруп келгендерди дарылайбыз. Кээ бирөөнүн пирсинг жасаган жери карттанып, асты ириңдеп кеткен болот. Айрымдарыныкынан кан токтобой айланы кетирет. Азыр жаштыгы менен көбү пирсинг жасатууну өнөр көрүп жатышат, кийин ден соолугун өз колу менен талкалаганын түшүнүшөт, бирок кеч болуп калат" дейт адис.
Пирсер биринчи кезекте анатомияны жадыбалдай билгенге милдеттүү. Тилекке каршы бизде мыкты пирсерлер жокко эсе. Көбү досторунан, журналдан кантип пирсинг жасатууну үйрөнүп алгандар. Кокус кардарда кыйынчылык жаралып ден соолугуна кооптонуу жаралса алар эч кандай жардам көрсөтө албайт.
Бетти даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА