Жакшы сөз айтчы мага…
Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстанга үлгү болгон кыргыз жайыттары

Базар экономикасынын этегин жапса желкеси көрүнгөн өкмөттүн көзүн карабай өз арбайыңды өзүң сок, өз алдыңча оокат кылганга көн деген саясатын баары эле туура түшүнгүсү келбейт. Ушул саясат дал ушул жайыт комитеттерине бап жарашат. Кыргызстанда төрт жыл мурда кабыл алынган "Жайыттар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык бүгүнкү күнү айыл округ башчыларына теңтайлаш ар бир айылда жайыт комитет башчылары түзүлүп, жергиликтүү эл менен бирге жайытка байланышкан маселенин бардыгын өздөрү чечип калды. Бул аралыкта элдин өз эмгеги менен жүздөгөн көпүрө салынып, айылдагы эл малын жеткире албай калган алыскы жайыттарга алып баруучу миңдеген чакырым жолдор оңдолуп калыбына келди. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча мал-келге 361 көпүрө салынып, 1840 километрди түзгөн алыскы жайыттарга жеткирүүчү жолдор оңдолуптур. Жакында эле Түркмөнстан мамлекети биздин жайыт боюнча адистерди өзүнө чакырып, эл аралык эксперттердин көзүнчө Кыргызстанда жүрүп жаткан жайыт реформасын өздөрүнө үлгү кылып алууну бир добуштан колдогону интернетте айтылууда. Бул кандайча болуп кетти деп жайыт департаментинин директору Абдималик ЭГЕМБЕРДИЕВди сөзгө тарттык.
- Абдималик Абдыкаарович, түркмөн-дөр тээ алыстагы Кыргызстандын жайыт башкаруу эрежесин үлгү кылып колдонобуз деп жатышыптыр. Ушул маселе боюнча айтып берсеңиз?
- Түркмөнстандагы кесиптештердин тажрыйба алмашалы дегени чын. Жакында Түркмөнстанда "Табигый жайыттарды туруктуу башкарууну жакшыртуу" деген темада атайын илимий-практикалык конференция болуп өттү. Айыл чарбасынын бир нече илимпоздору, дүйнөлүк эксперттер жана башкалар чакырылыптыр. Биздин тажрыйбаны колдонолу деген себеби ал жакта азыр жайыттарды башкаруу иши жаңы деңгээлге көтөрүлүп атат. Биздегидей жайыт мыйзамы жок. Жайыт мыйзамын киргизип, ушул тармакты жолго салып оңдоп алсак дейт. Биздеги жүргүзүлүп аткан иштер боюнча тааныштыгы бар экен. Консультант катары чакырышты. Барып биздеги иш кандай башталды, кандай жетишкендиктер болду, көйгөйлүү проблемалар эмнелер, кандай маселелерди кантип чечип жатабыз деген темада айтып бердим.
- Түркмөнстанда буга чейин өздөрүнүн жайыт башкаруу боюнча кандайдыр бир иш планы бар бекен же негизинен биздин моделди колдонсок туура болот деп жатышабы?
- Албетте Түркмөнстанды биз менен салыштырып болбойт, биздики тоолуу өлкө. Аларда чөлдүү эмеспи. Бирок биз 20 жыл мурда советтик түзүлүштө жашап келгендиктен чарбага болгон мамиледе, биргелешип иш жүргүзүүгө келгенде көп окшоштуктарыбыз бар. Анан алар биздин мыйзам менен өз алдынча таанышып көрүшүптүр. Бизге да туура келген көп жакшы жактары бар экен деп абдан баалап жатышат. Анан элинин, жеринин өзгөчөлүктөрүнө, Конституциясындагы жоболорго туура келгидей кылып жайыт мыйзамын иштеп чыгабыз деп жатышат. Азырынча мыйзам долбоору жок экен. Бирок даярдык көрүшүүдө. Биздеги иштерге аябай кызыгышты.
- Алардан башка коңшуларыбыз Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда жайыт мыйзамы кандай иштеп жатат? Алардын өзгөчөлүгү эмнеде?
- Дегеле жайыт мыйзамын Кыргызстан бардыгынан биринчи болуп кабыл алганбыз. Биз ошон үчүн сыймыктансак болот. Эң туура багытта бара жатабыз деп ишенимдүү, бекем айта алабыз. Муну биз эле эмес дүйнөлүк финансы институттары, ПРООН, Дүйнөлүк банк, ЕС бардыгы туура жол менен бара жаткан кадам катары жогору баалап жатышат. Бул тармакты каражат жагынан да колдоого алышууда. Бул боюнча мисалы, Казакстан бизден кеңеш сурап көп жолу чакырды.Тажикстанга барып бир далай жолу кеңеш бердик. Бардыгы ушул Кыргызстанда иштеп жаткан жайыт мыйзамын негизги документ катары колдонуп, өздөрүнө үлгү катары калган оош-кыйыштарын оңдоп алып жатышат. Мен билгенден Тажикстан парламенти азыр жайыт мыйзамын карай баштады. Казакстан болсо караганы жатат. Өзбекстан да жайыттар боюнча мыйзамга кызыгып, жакында бизге жоон топ адистерин жөнөткөнү жатат.
- Мисалы, Өзбекстанда жайыт мыйзамдары жок болсо кандай иштеп жатышат азыр? Же жайыттарын арендага береби?
- Каражат көп түшпөйт экен аларда. Мисалы, Казакстанда жайыттар 3 түрдүү менчикте экен. Мамлекеттик менчик, жергиликтүү менчик, анан узак мөөнөткө берген ижара деген түрү бар экен.Тажикстанда дагы ушу сыяктуу. Өзбекстанда болсо мурдагы колхоз, совхоздорду башкачараак формада түзүшкөн, ошолордун менчигинде экен. Узак мөөнөткө ижарага алган менчиктин түрү да бар аларда. Азыр бул мамлекеттердин бардыгында жайыттарды мамлекет анчалык колдоого албай жатат. Эгер биз дагы силердей кылып эптеп бир оң жолго салып алсак, эл деле колдоп кетет эле дейт.
- Демек, бул мамлекеттердин бардыгы Кыргызстандагы жайыт реформасы туура жолдо бара жатат деген пикирде экен да?
- Ооба, биз кайсы жыйынга, кеңешмеге барбайлы бардыгы биздин жайыт тармагында жүргүзүп жаткан реформабыз менен абдан жакшы тааныш. Муну өз көзүбүз менен көрүп, күбө болуп таңгалдык. Жайыт мыйзамы абдан туура, өз убагында жазылган, жергиликтүү өзгөчөлүккө жараша оңдоп алганыбыз гана болбосо силерди үлгү кармайбыз деп жатышат.




Мал сакчы
Жаныбек СУРАНОВ, Ветеринария департаментинин директору:
"Мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүш керек"


- Жаныбек Суранович, мал, жайлоого кетерде кайсы ылаңдарга каршы эмделиш керек эле?
- Ветеринария департаменти жылдын башында алдына план коюп алып анан жумуш аткарат. План боюнча быйыл шарп оорусу боюнча вакцина жылдын биринчи жарымында жетишсиз болуп бир аз маселе чыкты. Ал эми сибирь жарасы, кутурма, чечекке каршы жарым жылдык пландардын баары аткарылды. Шарптын вакцинасы кечирээк келип калганына байланыштуу азыр бардык аймактарга таркатылып берилген. Бүгүнкү күндө шарпка каршы жеке менчик ветеринарлардын жардамы менен жайлоого барып эмделүүдө. Айрым жерлерде эмдөө бүтүп калды. Кыскача айтканда, жарым жылдыктын негизги планы ушул жумуштар менен аякталууда.
- Быйыл Ат-Башы районунда жылкылар ылаңдап кулун салышкан экен. Карапайым эл бул ылаң эмне деген оору экенин билбей атканын айтышты. Сиздерде ал боюнча маалымат барбы?
- Биз бул боюнча учурда эл аралык ветеринардык адистер менен да иштешип атабыз. Чындыгында бул ылаң биздин быйылкы негизги маселебиз болуп калды. Буга чейин мындай окуя болгон эмес. Эл аралык ФАО уюму келип ушул боюнча анализдерди алып кетишкен, азырынча жыйынтыгы чыга элек. Биздин лабораториялардан жаңы типтеги ооруларды аныктаганга мүмкүнчүлүк жок болуп атат. Ошондуктан эл аралык адистердин жардамы менен аракет кылып атабыз. Мындан сырткары биздин адистер чыгарып берген жыйынтык боюнча да бул ылаңды алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
- Адистердин изилдөөсү боюнча бул эмне деген ылаң экен? Ал кантип пайда болот?
- Бул ылаңды биздин лабораторияда "случная болезнь" деп коет. Негизи ал дарт жылкылардын баласалып койгонуна байланыштуу. Азыр ушул дартка каршы чараларды колдонуп атабыз. Анын эмнеден улам келип чыкканы, кантип пайда болору тууралуу так маалымат жок. Андыктан эл аралык адистер тарабынан дагы да такталышын күтүп атабыз.
- Бизге жергиликтүү тургундар Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Маданият, Ак-Бата, Кыргыз-Коргон айылдарындагы кыргыз-өзбек чек арасынан Кыргызстандын жайыттарына өтүп кеткен малдан шарп, кара өпкө ж.б. оорулар жугуп атат деп билдиришти. Буга чейин деле Ош, Жалал-Абад облустарында мал ылаңын көбүнчө Тажикстан менен Өзбекстандын малы жуктурары айтылып келген. Буга бөгөт кое турган бир механизм барбы?
- Бул өтө чоң көйгөй. Февралдан баштап биздин ветеринардык кызмат экиге бөлүнгөн. Бизден көзөмөл жагы алынып салынып, биз жалаң эмдөө жагына эле жооп берип калганбыз. Эми 2-июнда өкмөт башчынын токтому менен экиге бөлүнгөн департамент кайра биригип, мурун биз Айыл чарба министрлигинин алдында болсок азыр кайра инспекциянын алдына келдик. Экиге бөлүнүп калгандан улам чек арада боло турган бизге тиешелүү маселелер солгундап калган эле. Бул маселе ар дайым көтөрүлүп келет. Бизде биринчиден, чек аралар такталган эмес. Экинчиден, кээ бир аймактарда бир көчөнүн аркы башы Өзбекстан болсо берки башы Кыргызстан болуп турат. Анан албетте, мал чек араны билбейт, бири-биринин аймагына өтөт. Өзбекстан жабык өлкө болгондуктан аларда кандай мал ылаңы жүрүп атканын биз билбейбиз. Алар ылаңдарды жашырат. Маалыматтарды биз тазабыз деп берет, бирок тилекке каршы алардын малынан биздин малга ылаң жуккан учур көп эле болуп атат. Мындай жерлерди көзөмөлдөш азыр чындыгында өтө эле кыйын.
- Кыскасы, жогорудагы маселе чек ара аймактары такталмайынча чечилбейт экен. Гезит аркылуу элге эмне тууралуу айта кетер элеңиз? Кандай эскертүүңүз бар?
- Айыл жериндегилердин көпчүлүгү колундагы малын сөзсүз эмдетиш керек экенин түшүнүп эле калды. Бирок ошентсе да коомчулукка, өкмөткө мыйзамдын негизинде биринчи мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүш керек деген сунушумду айтып келатам. Себеби дегенде эң биринчи мал ээлери өздөрү колундагы малынын амандыгына кызыкдар болуш керек. Ал үчүн мал ээлери биздин ар бир райондо түзүлгөн ветеринардык структураларга, жеке менчик ветеринарларга кайрылып эмдөө алып турса. Тилекке каршы бизге мал ээлери качан гана малы ооруп калганда кайрылышат. Мал оорубаш үчүн алдын алыш керек. Убагында эмдөө алса ал мал оорубайт. Ошол эле учурда биз план боюнча эмдөө жүргүзүп атканда көпчүлүк мал ээлери малдарын жашырып, жыйырма кою болсо он эле коюм бар деп ошончо эле коюн эмдетип калат. Бул албетте өзү үчүн зыян.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ