Демиккен депутаттар
Айтканга оңой, аткара алаар бекенсиңер…
Февралдын башында "Кумтөр Оперейтинг Компани" (КОК) жабык акционердик коомунун (ЖАК) ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Комиссиянын төрагасы "ата журтчу" Садыр Жапаров парламенттин шаршембидеги жыйынында корутундусун жарыялап, алтын кени иштей баштаган күндөн тартып эле коррупцияга белчесинен малынганын, мыйзамсыз келишимдерге кол коюлганын, Кыргызстан экологиялык зыянга учураганын билдирди.


Садыр Нургожоевичтин кабарлашынча, канадалык ишкерлер активдерди атайын төмөндөтүп көрсөтүп, 208 тонна алтын запасы бар дешиптир. Ал эми депутаттын айтуусунда, алтындын запасы 953 тоннага барабар экен. "Коррупциялык жол менен канадалыктар Кыргызстандын 15% активин атайылап төмөндөтүп, алтындын запасын 208 тонна деп билдиришкен. Бирок иш жүзүндө ал жакта 953 тонна алтын бар болгон. Ошондой эле сатып алууларды жүргүзүүдө тамак-аш продуктуларын эбегейсиз көп өлчөмдө жазышып, келип аткан акча бирөөнүн чөнтөгүнө түшүп турган. Канадалыктар өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип атышат. Экологиялык, техногендик кырсык болуп калса комиссия зыяндын жалпы суммасын айта албайт. Анын көлөмү 10-20 млрд. доллардай болушу мүмкүн" дейт ал.
Садыр мырзанын сунушун тыңдасак, Кумтөргө байланышкан келишимдерди бузууга укугубуз бар экен. Анткени бул келишимдер эл аралык келишимге жатпайт, кыргыз өкмөтү менен Канаданын жеке менчик компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн эмес. "Эл аралык келишим болушу үчүн өлкө менен өлкө, өкмөт менен өкмөт же министрлик келишим түзүшү керек. Кумтөр алтын кенин өзүбүз деле иштетсек болот. Себеби негизги ишти бүт кыргыз жарандары аткарып атат, канадалыктар болгону өндүрүлгөн алтынды эсептеп алып отурат. Бул кылган кылмыштары үчүн канадалык ишкерлердин баарын камаш керек" дейт эл өкүлү.
Курама өкмөт Жапаровдун мындай сунушун колдобочудай. Башбакан Өмүрбек Бабанов шашылыш чечим кабыл алуунун кажети жоктугун, муну "жети өлчөп бир кесүү" зарылдыгын айтты. "Кумтөр боюнча иште жылыштар бар экенин баса белгилешим керек. "Центерра голддогу" директорлор кеңешиндеги өкүлүбүздүн саны үчкө өстү, Кыргызстан тараптан вице-президентибиз бар. 2011-жылга чейин компания дивиденд иретинде 4 млн. доллар төлөп келсе, 2011-жылы бул сумма 1 млрд. 350 млн. сомго жетти. Мындан сырткары, КОК мектептердин ремонтуна демөөрчүлүк иретинде 10 млн. доллар бөлсө, 2012-жылы карапайым калктын социалдык абалын жакшыртуу жаатында 21 млн. доллар чегерди" деген өкмөт башчысы кебин ырастады.
Жыйын жүрүшүндө пайдадан түшүүчү салык тууралуу маселе козголду. Буга байланыштуу атайын мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлгөнүн, эл өкүлдөрү колдосо келишимди кайрадан карап чыгууга жол ачылмактыгын мындайча кошумчалады: "Каникулга чыкканга чейин мыйзам долбоорун карайсыңар деп ойлойм. Ошондо гана келишимди кайрадан карап чыгып, Кумтөрдү жаңы төлөмдөрдү төлөтүүгө мажбурлайбыз. Рекультивация фонду тууралуу айтсам, 10 млн. долларды РСК банкынын эсебине которуу тапшырмасын бердим. Уу калдыктарын сактоочу жайлар, экологиялык маселелердин тегерегинде иш жүргүзүлүүдө. Биз бардык материалдарды иликтеп, анан талкууга алып чыгышыбыз талапка ылайык. Бардыгы мыйзам чегинде жүргүзүлгөнү эп".
Бул күнү парламент Кумтөргө чекит койгонго жетишкен жок. Жыйын парламенттин бүгүнкү кезексиз отурумунда уланат. Анүстүнө комиссия төрагасы Садыр Жапаров иликтөө ишин сентябрга чейин улантуу сунушун кесиптештерине жолдоду.

Кимиси калп айтты?
Садыр Нургожоевичтин Кумтөрдүн жетекчилери компьютерлерин бузуп качып атышат. Сатып алуулар боюнча вице-президент Стефанс качты деген кабарын КОКтун ММК менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин: "Пленардык жыйында депутат Садыр Жапаровдун "учурда ал жактагылар компьютерлерин бузушуп качып жатышат. Сатып алуулар боюнча вице-президент качты. Ал адам миллиондогон долларды алган" деп айтканы чындыкка коошпойт. Компаниянын башкаруучуларынын бири Роберт Вандер контрагы бүтүп кеткен, ал эми анын ордуна келген Майкл Фишер эч жакка качпай эле Бишкекте жүрөт" деп четке какты.
"Таркаганга чейин барсак дагы Кумтөргө чекит коюшубуз керек. Президенттин дагы бул боюнча ою бар, Кыргызстандын кызыкчылыгын колдогон чечимди колдойм деп айтып жүргөн" дейт "ата мекенчи" Эркин Алымбеков.
Эколог Динара Кутманованын айтымында, Кумтөрдөгү экологиялык нормалардын бузулушунан улам Кыргызстан 4 млрд. долларлык чыгымга учурайт.




Эл биримдигинин өзөгү курултай
Өз жолубузду табалы

Мектепте окуп жүргөн кезимде айтыла жүрчү "коммунизмге барабыз" деген тилек-ураандар аликүнчө эсибизден кете элек. Адам баласынын табияты ушундай, ар дайым жакшылыктан үмүт этип бардар, бакубат жашоо болсо, адилет-теңчил коом курулса деген сыяктуу таттуу кыялдар кимдин болбосун жандүйнөсүндө жашайт го деп ойлойм.
Мен да ошол кылымда элестеткен коомду кантип, кайсы жол менен курууну ойлонуп жүргөн мезгилде Элдик курултай кыймылынын өкүлдөрүнө жолуктум. Алардын арасынан сыртынан сыйлап жүргөн Н.Абдрахманов, К.Исаев, Б.Жумабаев, Т.Казаков, М.Айбалаев, М.Мамытов, К.Осмонбетов сыяктуу аксакалдар, К.Кошалиев, Б.Турал, А.Кошоев, К.Кадыров, З.Көчөрбаев сыяктуу мекенчил инсандар менен аралашып иштеп, программалары менен таанышып, ушул жолдун түпкүлүгү туура экендигине ынандым. Салыштырмалуу, эгемендикке кан төгүүсүз, жеңил жетишип, өзүнчө мамлекеттүүлүккө ээ болгонубуз кудайдын бизге берген чоң белеги болду окшойт. Ошол жеңил келген эгемендиктин баасын билбей жатабыз.
Эмдигиче биз кандай коомдук саясый түзүлүштөгү мамлекетти курабыз, кандай идеологиялык багытты тандайбыз, дале чече албай бир Батыштын, бир Чыгыш мамлекеттерин туурап өз жолубузду таба албай келе жатабыз.
Мен көп жылдар Россияда иштеп келдим. Ал жакка баргандардын баары эле жыргап жаткан жок. Жапжаш, таптаза кыздарыбыз азаптуу тагдырга кабылып, паспортторун алдырып күң, кул болуп жүргөнүнө күбө болгондо намысыңа келип, жер үстүндө тирүү басып жүргөнүңө нааразы болот экенсиң. Жапжаш жигиттер кор болуп бирөөнүн колунан өлүп жатканын көрүп жаның ачыйт экен. Эгер Кыргызстанда жумуш болсо ата-бабасы көрбөгөн алыс жерлерге жаштар мынчалык тентип кетпейт эле деген ойго батасың.
Кыргызстанды талкалоого кызыкдар ички-сырткы күчтөр 20 жыл ичинде элибиздин менталитетин биртоп эле бузду. Батыштан түз көчүрүлгөн адам укугу, жеке менчик, гендердик саясат, сөз эркиндиги, дин эркиндиги, көп партиялуулук дегендер элибиздин табиятына төп келбегендиктен кыргыз кыртышына тамыр жайып өнүп кеткен жок. Андыктан чоочун жолго атайлап алакчылап адаштырууну каалаган күчтөрдүн артынан ээрчий бербей ата-бабалардын жолун улантсак туура болот деп ойлойм.
Ошондуктан Элдик курултай кыймылы жүргүзүп жаткан иштерди колдойм. Курултай аксакалдар институттарын Башмыйзамга өз ыйгарым укуктары менен киргизип, "Кыргыз Чоролору" жөнүндө мыйзам кабыл алып, өнүгүүнүн кыргыз жолуна түшүүбүз керек. Жапан, кытай, немец сыяктуу элдер өз жолу менен эле өнүгүп жатпайбы.