Токон ЭШПАЕВ, КР эл артисти:
"Маданият
аялдан башталат"
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Токон Эшпаев жана анын жубайы Ош шаарындагы Саид Бекмуратов атындагы №1 музыкалык мектептин директору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Минаш Эшпаева экинчи борборубузда жашагандыктан алар жөнүндө гезиттер көп жаза беришпейт. Ошко барган сапарыбызды текке кетирбей агайдын үйүндө конок болуп, үй-бүлө, сүйүү, ынтымак темасында кош жылдыз менен маек курдук.


- Токон агай, жеңебизди кайдан кезиктирип, кантип таанышканыңыз жөнүндө айтып берсе-ңиз?
- Мен Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетинин 1-курсунда окуп жүргөндө эле Ош шаарынын Маданият үйүнүн атайын ийримине катышып алгам. Ал жерде бир эле музыкалык багыттагы эмес башка окуу жайлардан да таланттуу жаштар бар болчу. Ийримге кадимки "Карагат" деген ырдын автору Аскар Ураимов экөөбүз барчубуз. Ал кружокто Минаш Камбаралиева, Зумрат Чотурова деген сулуу кыздар менен жакшы элек. Мен аларды "сиз" десем, алар мени "сен" дешчү. Мен тартынып Минашты жакшы көрөрүмдү көпкө айтпай жүрдүм. Бир күнү досубуздун туулган күнүндө майрамдап отурганбыз. Менин башым айланып кетип сыртка чыгып отуруп калсам сага эмне болду деп кыздар артымдан чыгып, башымды кармалап ал-акыбалымды сурап калышты. Ошол учурда көңүл жибип кетип, Минаш, сиз бир мүнөткө кала турасызбы деп туруп жүрөктөгү сөзүмдү айтып салдым. Минаш чочулап, койсоңчу, мас болуп калган окшойсуң деп койду. Эртеси кайрадан жолугуп, кечээ бир сөз айттым эле десем, мастыкта боло берет деп койду. Мен болсо туура эле айткам, сизди сүйөм дедим. Мына ошол тилегим жети өлчөп бир кескендеги чечим болсо керек, учурда бактылуу үй-бүлө болуп, неберелерди эркелеткен куракка келип отурабыз.
- Минаш эже, сизге Токон агайдын эмнеси жакты?
- Токон чагылган чартылдагандай бат эле таанылып кетти. Эмне өнөр аткарса да жеткире алган күчтүү талант эле. Биз барып жүргөн ийримде ырдап, бийлеп, роль аткарып, бардык нерсеге шыктуу болуш керек болчу. Токон кыйын талант катары эле эмес жакшы адам катары мага жагып жүрчү. Туугандарым илгертен эле кыз бала өзүнөн улуу адамга турмушка чыгат дегенинен өзүм курактагыларды жигит катары карачу эмесмин. Токон бир нече ирет сүйүүсүн билдирип, колумду сураганда курбу кыздарым менен сырдашып, кеңеш сурадым. Алар Токондой жигитке турмушка чыкпай сен кимге чыгам деп ойлоп турасың. Сенин колуңду сураганына бактылуу болушуң керек дешкен. Ошентип сүйлөшүп жүрүп 1970-жылы сентябрь айында баш кошконбуз.
- Ата-энеңиз каршы болбоду беле?
- Мен Базар-Коргондун Акман айылынан болом. Менин туугандарым үчүн Ош алыстай сезилчү. Угушканда "кой, анын ата-энеси карыган, өзү жалгыз бала экен. Жанында болушуңар керек. Андан көрө өзүбүздүн эле айылдык баланчанын баласына тийип алсаңчы. Түкүнчөнүн баласы окууну бүтүп келди, ошо менен сүйлөшүп көрсөңчү" деп жүрүшчү. Токон экөөбүз бири-бирибизге убада да берип алгандыктан сөзүбүзгө турдук.
- Кыргыз келин менен күйөө баланы жакшы сындан өткөрүшөт эмеспи. Сиздер кандай келин, күйөө бала болдуңуздар?
- Мен кайненем менен келин катары эмес кызы катары 27 жыл жашадым. Базарда кайсы көйнөк жаңы чыкса ошону биринчи кайненеме алып берип, тамагын жасап, ысык чай берип дегендей, бат эле жакындашып кеттим. Анүстүнө маданият тармагында иштегендер жагымдуу сүйлөп, ар адам менен тил табышып кетет эмеспи. Кайненем менен аябай жакшы мамиледе элем. Илгери декретный отпуск деген жок эле. Төрөгөндөн 56 күндөн кийин жумушка чыкчубуз. Кабагым-кашым дебей төрт баламды багып берди. Анткени кайнатам тез эле каза болуп калгандыктан кайненемди Ошко алып келип алганбыз. Кийин өз колум менен узаттым. Түшүмө да кирип, бизди колдоп турат. Ушул убакка чейин ошол адамга келин болгонума ыраазымын.
Токон Эшпаев:
- "Күйөө бала карыса жээн болот" деген сөз бар эмеспи. Мен аябай эрке күйөө бала болдум. Кайнатам тез эле өтүп кетти. Ошол кыска убакыттын ичинде мени өмүр бою сыйлагандай деңгээлде эркелетти. Айылдын аксакалы болсо да мен барган сайын кой союп кошуна-колоңун чакырып, сыйлап тураар эле. Кайнатам "таланттуу адамдар көп болот. Алардын баары эле акылдуу боло беришпейт. Кыргызстандын акылынын баары эле сенин чөнтөгүңдө, балам" деп калчу. Эркек катары туура эмес иштерди жасап койсом да туура түшүнүп, акыл-насаатын айтып турчу.
- Токон агай, сиздин чыгармачылык ийгилигиңизге жеңебиздин салымы тийсе керек?
- Мен сыйлык алганда Чолпонбек Базарбаев да бар эле. Ал: "мен СССРдин эл артисти наамын алганда аялыма бул сыйлыктын "Р" тамгасы эле меники калган үч "С" сенин эмгегиң деп айткам" дечү. Ошол сыңары чыгармачыл адамды колдоп турушпаса, ал өсүп-өнүгө албайт. Экөөбүз тең өнөр адамдары болгонубуздан ырчылыкты Токонго эле берейинчи деп мени колдоп келди. Менин ийгилигиме Минаш эжеңердин салымы чоң. Менин жообум дагы Чолпонбек Базарбаевдин жообундай. Негизи маданияты өнүкпөгөн жерде өнүгүү болбойт. Ал эми маданият аялдан башталат. Андыктан, биз аялзатын сыйлаганды, урматтаганды үйрөнүшүбүз керек, адатка айландырышыбыз зарыл. Энелер күнү майрамы мага аябай жакты. Кеч болсо да ошол майрам менен бардык апаларды куттуктап коеюн.
- Үстүбүздөгү жылды президентибиз үй-бүлө, ынтымак жылы деп жарыялабадыбы. Ушуга байланыштуу эмне аракеттерди көрдүңүздөр?
- Биз негизи бул жыл белгилене элек кезде эле биздин көзүбүз өткөндөн кийин бала-чака, небере-чеберелерибиз бирин-бири сыйлап, колдоп, ынак болуп жүрүшсүн деп туулган күндөрүбүздү чогуу өткөрүп, тез-тезден чогулуп турабыз. Кичинекей бөбөк болсо да туулган күнүнө баруу биз үчүн ыйык милдет. Ушундай иштердин артынан балдарда "бул менин бөлөм", "бул жеңем" деген түшүнүк сакталып, тууганчылык унутулбайт. Болбосо катташпаган жат болот дегендей, карым-катнаш үзүлүп, ортодогу байланыш жоголот. Президенттин бул демилгеси аябай туура болгон. Мен мектепте иштегендиктен сыртта иштеп жүргөн ата-энелери жөнүндө сөз болгондо көзүнө жаш алып ийген балдарды көрүп жүрөгүм ооруйт. Бул албетте турмуштун оордугунан деңизчи, бирок ушул нерсени да эске салып, аракет көрсөк кичине болсо да үй-бүлө ынтымагы түптөлмөк. Мамлекеттин тынчтыгы үй-бүлөнүн ынтымагынан кураларын билебиз да.
- "Аккан арыктан суу агат" демекчи, ата-энеңиз да өнөрлүү кишилер болушса керек эле…
Токон Эшпаев:
- Менин атам карапайым эле колхозчу болгон. Апам колхозчуларга тамак жасап берчү. Тандырлап нан жаап, чоң-чоң идиштерге тамак ташычу. Атамдын хоббиси айлап ууга чыгуу болчу. Бирок сүйлөгөндү жактыргандыктан, дасторкон жок болсо аркы өйүздөн сүйлөп отуруп кишинин жанына чейин келип калчу. Мен ырчы болуп чыкканымда, жаш кезинде аппендициттен көз жумган атаңдын инисин тарттың деп айтышкан. Ал акындык жагынан күчтүү, тамашакөй дагы экен. Күлдүрүп отуруп кабанаак итти өзүнүн ээсин каптырып салган учурларын айтып калышат. Мен ошол атамдин инисин тартсам керек. Биздин айылда Сапар деген аксакал бар эле. Айылда үйдүн алды тосулбай эшиктин алды көрүнүп турат да. Ал аксакал ары өтсө да, бери өтсө да "Токтомат аба, бир кыйкырып коюң" деп мени сиз деп тамашалай берет эле. Менин азан чакырылып коюлган атым Токтомат. Элдер Токон деп жүрүп Токон болуп калган. Жаш кездеги үнүм табиятынан жакшы болгондуктанбы, ошол аксакалга менин узакка кыйкырып турганым жакчу экен. Мен кыйкырып калганда элдер Сапар аба өтүп бараткан турбайбы деп түшүнүшчү.
- Кыргыздар кичине таанылып, тыңып калса эле Бишкекке келип отурукташат. Сиздер эмнеге Ошто жашап калдыңыздар?
Минаш эже:
- Токондукундай үн кыргызда жок. Бишкекке келип жашагыла деп маданият министрлигинен, филармониядан аябай көп чакыруулар болгон. Кемпир-чалды жалгыз калтырбайбыз деп эле ал жакка барбай жүрүп Ошко көнүп калдык.
- Кандай кайнене-кайната, чоң ата-чоң эне болуп жатасыздар?
- Токон экөөбүз үч келин алып, эки кыз бердик. Ошол беш баланын ортосунда азыр 13 неберебиз бар. Эң чоң неберебиз быйыл 10-классты бүтүп жатат. Ошондо улуу келинибиз келгенине 17 жыл болду. Колубузда он бир жыл турушкандан кийин өз алдынча жашай башташты. Мен кайненем менен кандай мамиледе болсом, келиндерим да мага ошондой мамиледе. "Эмнени эксең, ошону аласың" дегендей эле мен кайненемди кандай сыйлап келсем, мени келиндерим да өз апасындай көрүп мамиле кылышат. Кудайга шүгүр, сиз-биз болуп ынтымактуу жашап келебиз. Ал эми күйөө балдарымдын чоңу өз балабыздай эле болуп калган. Тилекке каршы, кичүү күйөө балабыз Медерди (Ред.: белгилүү ди-джей, продюсер, акын, "Кыргызстан обондору" радиосунун менеджери Медер Осмоналиев) өлүм эрте алып кетти. Ошентсе да куда-кудагыйлар менен дагы да катташып, ортодогу балабызды тарбиялап келебиз.
- Баланын чоңойгонун ата-эне байкабай калып, анан ырахатты небереден алат деп калышат.
- Мен жана айткандай, төрөттөн кийин 56 күндөн кийин жумушка чыгып балдарым менен көп деле боло алган эмесмин. Азыр неберелерибиздин ар биринин өзүнүн орду бар. 2-3 күндө эле балдарыңды алып келчи деп балдарыбызга чалып турабыз. Бишкектеги балабыз Актилек каникулда балдарын бизге таштап кетет. Болбосо сагынганда Токон экөөбүз ээрчишип алып Бишкекке барабыз. Небере деген чын эле ширин болооруна ынанып турган чагыбыз. Балдарыбыздан да артык көрөбүз.
- Үй-бүлөдө ким көбүрөөк кечирим сурайт?
Токон Эшпаев:
- Кечиримди албетте ким көбүрөөк күнөө кетирсе ошол сурайт да. Ал менмин. Кечирбесе ар кандай жумуштарды кылып, айланчыктап, спутник боло баштайм, кошомат кылып.
Минаш эже:
- Илгерки чоңдор Токонду түнү деле машина жиберип алдырып алышчу. Чет өлкөлөргө көп убакытка кетип калат эле. Ошондой учурларда таарынам. Себеби балдар атасын жумалап көрбөй куса болушчу. Анан баарыбир аял киши кечиримдүү да, айланчыктай баштаганда кечиресиң. Азыр эми андай таарынычтар жок.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ