Жайлоодо жамбаштап кымыз ичкен,
чет өлкөдө кумга оонаган депутаттар
Эшикте мээ кайнаткан ысык. Баягыдай пикет-митингдердин аягы тыйылып, саясатчылар "акыйнегин" убактылуу токтотушту. Анын ордуна жайкы эс алууну кантип өткөрөбүз деген маселенин тегерегинде баш оорутуп атышкан чагы. Биз дагы элге төбөсү көрүнгөн инсандар аптаптуу жайды кайда, кантип өткөрөрүнө кызыгып көрдүк.


ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков былтыр каникулда он күн Кара-Кулжадагы Ажыке жайлоосунда эс алганын билебиз. Быйыл да июлдун орто ченинде "сотогоюн" өчүрүп коюп, жайлоодо он күнчө кымыз ичип жатсамбы деп пландоодо. Чет өлкөдөгү наркы асманды чапчыган апартаменттерге баруу ниети жок.
Башбакан Өмүрбек Бабанов отпуске тууралуу ойлоно элек экен. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров шефи бул маселени козгой электигин төмөндөгүчө билдирди: "Азырынча отпуске маселеси талкуулана элек. Эс алса да сыртка чыкпай, Ысык-Көлдүн жээгинде эле болот го".
Президент Алмазбек Атамбаев да эмгек өргүүсүнө качан чыгарын чече элек. Ак үйдөгү жеке булагыбыздын кабарлашынча, Алмазбек Шаршенович август айынын аягында кереметтүү Көлдө бир жума "толкумакчы".
Депутаттык жашоонун жыргалы ушунда
Жай мезгилинде ЖоКеге караштуу "Алтын көл" пансионатында эс алуучулар батпай калат. Мында эл өкүлдөрүнөн тартып парламенттин катардагы кызматкерлеринен бери эс алышат. Анүчүн атайын жолдомо сатып алышың керек, шартына жараша баалары да ар кыл. Депутаттардын басымдуу бөлүгү "Алтын көлдө" чартаңбай тебишет экен. Ошол эле учурда кереметтүү Көлдү "чанып", каникулду чет өлкөдө өткөрүүнү каалагандары четтен табылат. Маселен, "республикачы" Алтынбек Сулайманов менен Шаршенбек Абдыкеримов Анкара шаарындагы курорттордун бирине учканга даяр турушат. Жол кире, жолдомого сарпталчу чыгымдарды эбак төлөп коюшуптур. Алтынбек Турдубаевич саякатын андан ары Германияда улантмакчы. Ага кеткен чыгым кеминде 20 миң доллардын башын жутарын эсептедик.
Февралдын башында "республикачы" Исхак Пирматов Бали аралында күнгө кактанып жүргөн эле. Башпрокуратура тарабынан кылмыш иши ачылганына байланыштуу мекенине кайтып келүүгө аргасыз болгон. Ошондогу өксүгүн толтуруш үчүн июлда кайрадан Балиге сапар алары күтүлүүдө. Бу жигит май ичи парламент жыйындарына катышпастан Астанада бөгүп жатканын билбегендерге кулак кагыш кылалы.
Эс алууну билбеген улукман акелер
Бизде эчен жылдан бери эмгек өргүүсүнө чыкпаган эки инсан бар. Кызыгы, экөө тең медик. Бири Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков, экинчиси айтылуу кардиохирург - улукман Эркинбек Маматов. Сабырбек Артисбековичтен отпуске тууралуу сураганыбызда: "Менде кайдагы эс алуу? Эмгек өргүүсүн албаганыма он жылдан ашты. Күнүгө 300гө чукул телефондук чалуулар болот, кээде онго жакын операция жасайм, оорулууларды кабыл алышым керек. Эс алганы кетип калсам мага ишеним арткан бейтаптардын абалы кантет?" деген жообун узатты. Ал эми Эркинбек мырза 1995-жылдан бери суткасына 3-4 саат уктаганы болбосо, жаны тынбай иштеп келет. "Эсептесем тыным албай иштегениме 17 жыл толуптур. 17 жылдан бери уйкум кана элек. Чет өлкөгө командировкалап барганда эле кичине уктап алганым болбосо, эс алуу дегенди дээрлик унуттум. Мүмкүнчүлүк болсо уйкумду кандырат элем…" дейт ал.
Экстер эс алгандан башка эмне кылышмак эле
Жыл сайын ушул мезгилде Кочкор районундагы Сөөк жайлоосунан Таластын мурдагы губернатору Бейшен Болотбековду кездештиресиң. Ал жылына Сөөк жайлоосунда мээ сергитип, ден соолугун чыңдаганды салтка айландырган. Экс-депутат, банкир Муратбек Мукашев Бостеридеги өзүнүн "Тулпар" пансионатында күнгө кактанып аткан мезгили. Андан соң Чүйдүн Арпа-Тектир жайлоосуна сапар алса, акырында Талас дубанында малын баккан Митя аттуу чабанынын үйүнө конокко барып, ууга чыгып, мергенчиликтин сазайын колуна карматат.
Генерал Өмүрбек Суваналиев Чолпон-Ата шаарында милиция бөлүмүнүн ачендигин аркалаган кезинде чакан үй сатып койгон экен, эми ошонусунун пайдасын көрүп атыр. Жыл сайын эч кимге көз каранды болбой, азык-түлүктөн мол камдап, Чолпон-Атага зуу коет. "Каттанинин" "киндиктеш" досу, экс-депутат Бегалы Наргозуев Үзөңгү-Куушка аттанууга камданганынан маалыматыбыз бар.
Андагы тышкы иштер министри, мындагы "Акыйкат" партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов ушу тапта Ала-Арча жайлоосунда кымыздан шимирип жаткан кербези. Аликенин сапары муну менен эле бүтпөйт, кийинки айда Ысык-Көлдөгү досунун үйүнө мейманчылап келмекчи.
Экстердин арасынан эс алуу дегенди унуткандары да жок эмес. Маселен, мурдагы социал-демократчы депутат Рахатбек Ирсалиев бизнестин кызыгына кирип кеткендиктен, отпускеге чыгуу ниети жоктугун мындайча билдирди: "Бизнес долбоорлорум арбын. Иш чачтан көп. Азыр бутту диванга асып коюп жатчу мезгил эмес. Ар мүнөттү текке кетирбей эмгектениш керек".
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:kerimbayev@mail.ru,
тел.:29-88-45





Ат жалында
алтооз сөз
Жайкы эс алууну кайда өткөрүп, канча каражат коротосуз?
Кубатбек БАЙБОЛОВ,
мурдагы Башпрокурор:
- Өткөн жылдагы президенттик шайлоодо капчыгым жукара түштү. Ошон үчүн үй-бүлөм менен Ысык-Көлдө эле эс алам го. Канча акча сарпталары ошондо билинет да.
Куштарбек АЙТМАТОВ, ТИМДин алдындагы миграция департаментинин директору:
- Августтун башында эмгек өргүүсүнө чыгам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып туугандарымдын үйүнө мейманчылап барам. Айылда чакан чарбам бар, жылкыларымды көзөмөлдөп келсем дейм. Мындан сырткары, бийик чокуларды багынтсамбы деп турам. Тууган-туушкандарга белек-бечкек алганым эле болбосо, андай деле көп акча коробойт.
Шайырбек АБДРАХМАНОВ,
ЭлТРдин гендеректири:
- Май айында эле отпускемди өткөрүп койгом. Көптөн бери катташпай калган туугандарыма бардым. Жамандык-жакшылыкка катташпай калган элем, учурдан пайдаланып милдетимден кутулдум. Ошону менен бир ай кантип өткөнүн байкабай калдым.
Анаш СЕЙТКАЗИЕВ,
экс-депутат:
- Августта байбичем Россиядан келет. Неберелеримди алып Ысык-Көлгө барабыз. Жата турган жерибиз бекер, негизинен акчаны тамак-ашка коротобуз. Андан соң Соң-Көлдөгү туугандарыбыздыкына мейманчылайбыз. Болжол менен 20 миң сом коройт го.
Курманбек ОСМОНОВ,
ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
- Жайкы каникулдун жарымында Ош облусундагы шайлоочуларым менен жолугушам. Калган убактымда үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө, жайлоого барабыз. Отпускнойго канча берсе, ошонун баарын сарптайм.
Назарали АРИПОВ,
ЖК депутаты, "Республика" фракциясы:
- Иш кычап турса эс алганды ким коюптур. Отпускеде шайлоочуларым менен жолугушуу өткөрөм.