mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Мыйзам эмес бекен!



Сонун болмок. Таң калбаңыз. Кечээ парламентте коррупционерлерди 15-20 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо демилгеси көтөрүлдү. Мындай тартипти Кылмыш кодексине киргизүү сунушун "Ата мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, мамлекеттик казынага миллиарддаган зыян келтиргендер оор кылмыш жасаган адам катары катуу жазаланышы керек. "Ушундай алкымы чоң кызматкерлерди 15-20 жылга соттош керек. Болбосо алар 5 миң сом төлөп коюп эле мунасага илинип чыгып кетип атышат" дейт асмандан эмеле түшкөнсүгөн Өмүрбек мырза. Депутат Тынчтык Шайназаров болсо эгер мамлекеттик ишкананын жетекчиси акча жеп, бирок ал кайра жегенин кусуп берсе темир тор артына кетирүүгө болбойт дейт. Атаганат, ушул мыйзам кабыл алынып калса гана. Анда депутаттардын бир далайы камалып, бир далайы кусуп берип тешилген бюджетибиз жамалып эле жатып калмак. Анда эл өкүлдөрү өзүнөн өзү эле азайып, мамлекетке да чоң пайда болмок. Баракелде, Өмүрбек мырза, муну жүзөгө ашырсаңыз Кыргыз эл Баатыры болот элеңиз.






22-июнь,
2012-жыл

Барактар






??.??