Дагы бир Чыңгыз чемпион!
Ташкентте өткөн Азия биринчилигинде Чыңгыз Чалабаев аттуу мекендешибиз бардык кармашын жеңип, континенттин чемпиону аталды. 90 кг салмак категориясында өнөр көрсөткөн Чыкебизден башка 68 кг категорияда Жаркынбай уулу Элдияр да алтын тагынды. Калган мекендештерибизден төмөнкүлөр кур кайткан жок:
II орундар:
57 кг - Касымбаев Элеман
65 кг - Асылбек уулу Жамалбек
III орун:
57 кг - Түлөбердиев Бакболот
100 кг - Мусабаев Максат
48 кг - Токтобаев Максат
48 кг - Талантбек уулу Аманкелди
74 кг - Мамбетжан уулу Урмат
100 кг - Исмаев Руслан
90 кг - Рахатбеков Бекболот
62 кг - Осмоналиев Санжар
56 кг - Абдыкадырова Элиза
44 кг - Жумалы кызы Анара
72 кг - Калыбек кызы Динара
60 кг - Сайимова Гульхаз
68 кг - Берди кызы Кундуз
72 кг - Абдиласан кызы Элзат
Жаман эмес, жакшы эмес
Кыргызстандын кум үстүндөгү волейбол боюнча курама командасы Кытайда өткөн Азия чемпионатына катышып келди. Жаңыдан бул спортко кызыгып жаткан биздикилерде албетте жеңиш жок. Болгон беттештерди уттурду дечи. Спорттун тили менен эң башкысы катышуу болду. Бирок көл жээгинде жаштарды даярдаса күчтүү команда болоруна көзү жеткен чет өлкөлүктөр ачык айтышты. Бизден эркектерден Дайыр Думанаев менен Талгат Чалмашбеков катышса, айымдар командасынын намысын Ольга Ханина менен Анастасия Щелокова коргошту. Жигиттерибиз Палестинага 0:2 (13-21; 12-21) эсебинде утулушса, Малайзия биздикилерди 0:2 (8-21; 8-21) сандары менен уктатты. Жаш спорттон үмүт чоң, токтобой аракеттениш керек.

Оштогу айлык
Ушул жылы сөзсүз чемпион болгула деп Оштун мэриясы Топ лига аталган жогорку лигада ойногон өзүнүн "Алай" командасына 8,5 миллион сом бөлүп берди. Мурда оюнчулар 12 миң айлык алып келишсе, эми 32 миң сом айлык алган футболчулар мыкты ойной башташат окшойт. Ошентсе да азырынча бир утулуш, бир утуу жана бир тең чыгуу менен келатышат.

Сейиткулов сүйгөн спорт
Эртең-бүрсүгүнү эки күн Беловодск айылында "Урожай" спорт комплексинде Садык Сейиткуловдун элесине арналган волейбол боюнча сонун турнир өтөт. 8 жылдан бери өтүп келе жаткан бул спорт майрамына былтыр 16 команда катышса, быйыл жогорку лиганын баардык оюнчулары, республиканын күчтүү командалары катышаарын билдиришкен. Күйөрмандар үчүн эшик ачык, дасторкон кенен экени айтылды.

Кымызы күчпү кыргыздын?
Өткөндө бизден чыккан дүйнөгө таанымал футбол калысыбыз менен эксклюзивдүү маек кылган элек. Анда Бакебиз норматив тапшырууга даярданып жүргөнүн, жакында тапшыраарын айткан эле. Алайдын кымызы менен Оштун шашлыгы күч-кубат берген окшойт. Ташкентке барып норматив тапшыруу учурунда ФИФАдан келген өкүлдүн оозун ачырыптыр. Буюрса, 19-июнь күнү Лондонго учуп, ал жакта Олимпиада оюндарын карап бермекчи.

Азаматсың, братан!
Төрт жолку Азия чемпиону болгон сыймыгыбыз Евгений Ваккер Гран-при сериясындагы Италиянын веложарышында Феррара шаарындагы 40 километрлик аралыкта биринчи келди. Бул аралыкты 52 мүнөт 12 секундда өткөн мекендешибиз италиялык Паолини Луиджини 22 секунд артта калтырган.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ