Депутат билгенин кылабы?


Жума башында көзгө көрүнүп турса да учугу табылбаган маркум депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча 63-сот процесси болуп өттү. Буга чейинки сот процесстеринде да өзүнүн албууттугун көрсөткөн ксдпчы депутат Ыргал Кадыралиева бу жолку сотто өзүнүн да, айыпталуучулардын да адвокаттарын, судьяны оозго алгыс сөздөр менен жапырып алды. Депутаттык мандатына таянган депутат айым эч кимди көзгө илбей, сотко катышкандарды кекетип-мокотуп атып сот ишин 25-июнга жылдыртты. Депутат айымдын минтип өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип атканын КСДП партиясынын лөктөрү көрсө да көрмөксөн. Баса, буга чейинки бир сот ишинде ал айыпталуучуну туфлиси менен башка коюп жиберип, партия лөктөрү аны партиядан чыгарабыз деп опурулушкан. Андан бери далай убакыт өттү, бирок Ыргал айым каалаганын жасап келатат. Болуптур, ксдпчылар партиялашын коргойт экен, а башка фракциянын депутаттары неге ооз ачышпайт? Же бул депутат башкалардын баарын коркок-билиш кылып алганбы?


Эски "союздаштар"


Кубатбек Байболовдун башпрокурор кезиндеги ишмердүүлүгү укук коргоо органдары тарабынан тыкыр иликтөөгө алынганына байланыштуу өлкө аймагынан сыртка чыгуусуна тыюу салынып, аргасыздан үйүндө отурганы айтылууда. Бирок колун жайып отуруп калбай жакын санаалаштары менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ушу тапта "Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев ал үчүн "адвокат" боло турганы жөнүндө кеп бар. Анүстүнө күзүндө шаардык кеңешке шайлоо болоруна көз жетип турат, демек, капчыктуулар качан болбосун керек. Саясат деле соодадагыдай сен мага, мен сага принциби менен жүрүп калбадыбы.

Майрамкан доорду эскерүү


Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Майрамкан Абылкасымова 75 жылдык мааракесин кечээ улуттук филармонияда белгиледи. Жакшы тилек-каалоолор, Майрамкан ападан дагы жакшы чыгарма күткөндөр арбын болду. Ооба, М.Абылкасымованын өмүрү, чыгармачылык жолу, жазган чыгармалары да кайталангыс.
Анын чөйрөсү да кайталангыс адамдардан турганын, Майрамкандын доору, достору деген өзүнчө мезгил өткөнүн айтып калышат. Айткан аския, анекдоттору да элдикинен башкача. Биз да өнөрү өргө таяган акынга (жакшы чыгарма эми жаралабы-жокпу билбейбиз) эл арасында аман-эсен жүрүшүн каалайбыз.

Сентябрь деле эмеле келет


"Көз жаргандан" бери эле курама өкмөттү мөөнөтүнөн мурда отставкага айдоо талабы коюлганы коюлган. Парламенттин кечээги отурумунда "Ата журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев туристтик сезонду жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын айтып келатып эле өкмөт акени сентябрда кетирүүгө убада берди. Камчыкенин тарткан "төлгө ташы" төп келеби деп биз бу жакта шыпшынып турганыбыз.

Өнөрдү да, өмүрдү да баалаган Атамбаев


Нурзат Орозалиева деген комузда кол ойноткон өнөрпоз, мыкты дастанчы кызыбыз бар. Биртоптон бери Нурзат аты жаман дарт менен сыркоолоп жүрөт. Дарттан сакаюу үчүн оголе көп каражат зарыл. Көкүрөгүндө өнөрүнөн башка эч нерсе жок адамда анча каражат кайдан? Нурзат экс-президент Роза Отунбаева, эмки президент Алмазбек Атамбаев баш болгон биртоп адамдарга жардам сурап кайрылган экен. Ошолордун ичинен Алмазбек Атамбаев Нурзаттын катын окуп, өзүн чакырып, чөнтөгүнөн үч миң доллар жардам бериптир. Өнөрдү да өмүрдү да баалаган президентке Нурзат чоң ыраазычылыгын билдирет.
Өнөрпоз кыз колунда бар байлар өнөрдү баалашса жардамын дагы деле аяшпас деп күтөт.

Мырзакматов ооруканага жатты-жатпады?..


Мындан туура эки күн мурун өкмөт 2012-жылдагы экономикалык өсүш боюнча жыйын кылып, ага облус губернаторлору, Ош, Бишкек шаарынын мэрлери чакырылган. Отчет берерге кезеги келгенде суранып сыртка чыгып кеткен Ош мэри Мелисбек Мырзакматов дайынсыз жоголуп, бир аздан соң премьер-министр Өмүрбек Бабанов анын саламаттыгына байланыштуу ооруканага жатып калганын билдирген. Эртеси эле башбакандын айтканын мэрдин жардамчысы Айбек Киленбаев жалганга чыгарып, "Азаттыкка" шефи эч кандай ооруканага жатпаганын жар салды. Кимиси "беш өрдөгүн" учурду: Бабановбу же Киленбаевби? Же Текебаев жазган Ош шаары жөнүндөгү мыйзамга болгон мамилесин Мелис Мырзакматов ушинтип билдирип жатабы?

Шааркеңештин өмүрү үч айлыкпы?


Бишкек шаардык кеңеши кечээ жаңы төрагасын шайлап, жандары буюрса үч айга чейин жай алды. 44 депутаттын 33ү Аманбай Кайыповго добуш берсе, ал эми анын атаандашы Нурлан Асанбековду үч кесиптеши колдоду. Аманбай мырза айтылуу Салымбековдор династиясынын өкүлү болорун эскерте кетели. Ушу тапта шааркеңеш депутаттары да күздөгү шайлоого кызуу даярданып жатышат. Партияда жогу үлкөн партиялардын алдыңкы тизмесине кирүүгө умтулуп, капчыктарын калыңдатып дегендей.

Колу бошосо эле китеп жазгандар көп


Кыргызстандын Түркиядагы экс-элчиси Мамбетжунус Абылов көрүнбөй кеткен. Көрсө, ал түрк дүйнөсү жөнүндө "Түрк дүйнөсү": кыргыздар тууралуу тарыхый повесть" китебин жазып бүтүптүр. Автордун билдиришинче, анын мындай китеп жазуусуна чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга болгон кызыгуусу түрткү бериптир. Чыгарма жаратыш үчүн ал маалыматтарды ондогон жылдар бою чогултканын кошумчалайт. Чыгарма менен таанышып чыккандар окурмандар китеп боюнча карама-каршы пикирлер жаралышы мүмкүн экенин айтышат. Анткени автор биринчиден, тарыхчы эмес, экинчиден, китепте автордун кыргыздардын жаралышы, маданияты, каада-салты боюнча жеке көз караштагы чечмелөөсү киргизилген.

Митинг-реквиемди оппозиция каржылаганбы?


Июнь коогалаңынын эки жылдыгына карата уюштурулган митинг-реквиемдин көшөгө артындагы колдоочулары туурасында түрдүү версиялар жайнап чыкты. Оппозициянын көч башында жүргөндөрдүн бири вице-спикер Талант Мамытов аркылуу акциянын уюштуруучуларына ири каражат берип жиберди дешет. Бийлик оппонентинин демөөрчүлүгүнүн артында кандай максат жатканы 21-июндан кийин белгилүү болот го.

Салахудиновдун духу жетеби?


Улуттар аралык жаңжалдын башкы күнөөкөрү саналып издөө салынган Жалаллидин Салахудинов учурда Дубай менен Ташкентте бизнесин гүлдөтүп жаткан чагы. Эки жылдан бери чыдап жүрүп чарчаганбы, жакын арада элге видео кайрылуу жасап, июнь окуясындагы эл билбеген көрүнүштөрдүн бетин ачууга белсениптир. Кайрылууда 2010-жылы "Манас" аэропортунан кантип кармалганын, күч органдарынын кимисине "салык" төлөгөнүн жана азыркы бийликте отургандардын бири кантип "подстава" кылганын ачык айтышы ыктымал. Салахудинов ушу кезге чейин далай жолу кайрылуу жасайм деп чамынды эле, бул ирет аягына чейин турганга духу жетер бекен?

Спикердин күйөө баласы ким?


ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков кийинки айда кызы Бегимайды турмушка узатат. Спикердин болочоктогу күйөө баласы күркүл экен деп ойлобогула, ал карапайым эле кыргыздын жигити. Ата-энеси да жөнөкөй адамдар. Мүмкүнчүлүгүбүз жетсе тойдун жүрүшүнөн маалымат алып, күйөө баланын таржымалын толук ачып бергенге аракет кылабыз.

Жай келди…


Жарым айдан кийин ЖоКе жайкы каникулга тарайт, министрлер, саясатчылар отпускеге чыгышат. Айрым саясатчылар эс алуу үчүн эмитеден эле чет өлкөдөн жай даярдап коюшту. Маселен, "республикачы" депутат Алтынбек Сулайманов менен Шаршенбек Абдыкеримов Анкара шаарындагы курорттордун бирине учса, дагы бир "республикачы" Исхак Пирматов Бали аралына сапар алмакчы. Жалал-Абад губернатору Азизбек Турсунбаев эмгек өргүүсүн Дубайда өткөрөрүн жакшы билебиз. Калган саясатчылар кайда, кантип эс аларын билгиңиз келсе гезитибиздин кийинки санын күтүңүз.

"Жаңы Агым" - пресс