стабилдүүлүк орномоюнча…


Түштүккө инвесторлор жолобойт


Ош шаарында түштүк аймактык экинчи инвестициялык форум өз ишин аяктады. Бул иш-чара чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багышталды.


- Моюнга алуубуз кажет. Өлкөбүз өтө кыйчалыш учурду башынан кечирип жаткан чагы. Бирок мындай тагдыр сыноочу мезгилде колду куушуруп, жамбаштап жатып алууга эч кимибиздин кымындай акыбыз жок. Жападан жалгыз инвестор болсо да тилин таап аймагыбызга эптеп кийирсек, бутубузга тез эле туруп оңолууга карай даңгыр жол ачыларынан үмүтүм абдан чоң, - деп агынан жарылды инвестициялык форумдун демилгечиси, Ош облус губернатору Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ. - Албетте биздин демилгебиз бир же эки айда эле жүзөгө ашуусу абдан кыйын. Ошентсе да үч-төрт жылда экономикабыз турукттуу нукка түшүп калат го деген терең ишеничтемин.
Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат ТУРДУ: - Биз дээринен эле бир боолорубузду - Кыргызстандын түштүк жергесинин бизнес элитасын туруктуу колдогонго даярбыз. Бул аркылуу достугубуз ого бетер бекемделип, соода-экономикалык байланыштарыбыз калыңдап, бир жаңсыл нукка түшүп, илимий-техникалык алакабыз бара-бара күчөй тургандыгынан эч кандай шегим жок. Ошентсе да Кыргызстанда, анын ичинде айрыкча Ош жергесинде саясый стабилдүүлүк туруктуу өкүм сүрүп турушу баарыбызга бирдей зарыл. Ансыз инвесторлор аймакка жолошу дегеле кыйын.
Мындай пикирди Орусиядан келген ишкерлер бирикмесинин төрагасы Владимир ХАРИТОНОВ дагы бекем кубаттады.
- Албетте бизде да, Кыргызстанда да мүмкүнчүлүктөр абдан кеңири. Бирок биз муну кең-кесири пайдаланбай жатабыз. Маселен, өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүү жагынан абдан эле аксап жатасыңар. А бизде Кыргызстандагыдай табигый азык-түлүктөр кеңири эмес, абдан сейрек. Андыктан ушул тармакты нукка салышса, биз Орусия, Кыргызстандан нукура, таптаза жана кубаттуу продукцияларды такай сатып алып тургандан кайра тартпайт элек, - дейт Орусиянын ишкерлер бирикмесинин төрагасы Владимир ХАРИТОНОВ.
Өз кезегинде Ош шаарынын, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилери дагы мындай бетме-бет сүйлөшүүлөр далай маселелердин жеринде чечилип, алаканын артышына өбөлгө жаратарын баса белгилешти.
Эске сала кетчү жагдай, былтыркы түштүк инвестициялык биринчи форумдан соң Ош облусунда тышкы соода жүгүртүү байкаларлык жакшырган. 2011-жылы ал 170,3 млн. долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2010-жылга салыштырганда тышкы соода жүгүртүү 48,2 пайызга өстү дегенди туюндурат. Ага улай сырт жактарга товар ташуу 58,7 пайызга көбөйгөн.
Анткени менен сөз арасында Баткен облусунда эркин экономикалык аймак түзүү демилгеси дагы байма-бай көтөрүлдү. Бирок бул саамалык көпчүлүктүн колдоосун тапкан жок.
- Жашырып не, Баткен тогуз жолдун тоомунда жайланышкан. Ошол себептүү дагыле кооптуу аймак бойдон калууда. Анткени бул чөлкөмдө ички-тышкы чыр-чатактар али тыйыла элек. Мындан тышкары дегеле түштүк жергесинде 2010-жылкы коогалаңдан кийин бирөөнүн мал-мүлкүн каратып туруп басып жана тартып алуу аракети али да токточудай түрү жок, - деп коңгуроо какты көз карандысыз экономикалык серепчи Эркин Абдыразаков. - Эгер азыркы тейибизден жазбасак, Кыргызстанга дегеле инвестор жолобойт. Анан мен түштүк инвестициялык экинчи форумга катышкандардын ичинен тыңгылыктуу, дүйнөлүк бренди, башкача айтканда, өзүнө гана таандык жүзү бар мекеме-ишканаларды дегеле көргөн жокмун. Себеби, алар өмүрүн тобокелчиликке салып, өтө опурталдуу аймактарга эзели жолошпойт.
Айтмакчы, бул аралыкта Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбековдун демилгеси аркасында түштүк аймактык инвестициялык форумдун ишин турукташтырып, такай иштешин камсыз кылуу максатында атайын дирекция уюшулду. Анын кеңсеси каерде жайланышып, ким каржылайт, бул дагы өзүнчө кеп кылчу маселе.
Баса, былтыр Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Украина, Белоруссия, Кытай, Иран жана Ооганстан мамлекеттеринин өкүлдөрү Оштогу түштүк аймактык инвестициялык туңгуч форумга активдүү катышып, атүгүл көпчүлүгү өздөрүндө Ош облустук бийлигинин соода өкүлчүлүктөрүн ачканга да үлгүрүшкөн. Алар эки тараптуу 11 келишимге кол коюшуп, өз ара алакадан улам 23,7 млн. доллар өлчөмүндө соода жүргүзүлүп, андан Ош облусуна эле абдан олуттуу киреше түшмөк.




Маалымат коопсуздугу болбосо мамлекеттүүлүктү жоготуу кеп эмес


5-июнда оштук бир катар журналисттер тобу Кыргызстандын түштүк башкалаасында "ММКлар жана маалымат коопсуздугу" аттуу темада медиа-форум өткөрүштү. Анын ишине жергиликтүү бийлик башчылары, укук коргоо органдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери да катышты.


Медиа-форум маалында айрым интернет сайттардын дерегине ачуу сындар айтылды. Айрыкча www.gapirov.ucoz.com, www.yangidunye.com, www.haracat.com эмдигиче улуттар арасына от жагып, алардын араздашуусуна чоң ыңгай жаратып жаткандыгы баса белгиленди.
- Укук коргоо органдарынын анализдөөсүнө таянсак, түштүк жергесинде туруктуу иштеген 300 чакты интернет сайттын 160ы гана мамлекеттик каттоодон өтүптүр. Анын ичинде алты гана интернет-сайт республикабыздагы коомдук-саясый акыбалды реалдуу чагылдырат экен. Ал эми он беш сайт экстремисттик жана сепаратисттик мүнөзүнөн дале тайый элек. Мунун арасынан учурда тогузуна гана таптакыр тыюу салынып, пайдаланганга жараксыз этилди. Булардын ээлери учурда Орусияда жашап жатышкан Кыргызстандын эле жарандары экен, - деди ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов. - Айрым маалыматтар атайын бурмаланып, кээде жалган кабарлар байма-бай таратылып турган. Маселен, эки жүздөй адамдын мечитте тирүү өрттөлгөнү, милиция атайын операция убагында 20 жаранды кыйнап өлтүргөнү тынч жаткан калктын кыжырын ого бетер кайнатып, улуттардын араздашуусуна өбөлгө жараткан.
"Журналисттер" коомдук бирикмесинин түштүктөгү өкүлү Бакыт Ибраимов 2010-жылкы коогалаңдагы ММКлардын аракети туурасында кеңири баяндама жасады. Ал өз сөзүндө ошол жаңжалга калыс баа берүүнүн ордуна чет өлкөлүк бир катар журналисттер окуяга ачык эле саясый боек сүртүп, муну өзбектерге каршы геноцид сыңары апыртып баалап жиберишкендигин эми моюндады.
- Биз бүгүн дал ошол катачылыкты кайталаганга кымындай акыбыз жок. Анткени интернетте жана социалдык түйүндөрдө кудум ошондой чагымчыл мүнөздөгү кабарлар кайрадан жайылтыла баштады, - деп коңгуроо какты Бакыт Ибраимов. - Ошон үчүн ушул өңүттө укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик ММКлар менен тыгыз кызматташууга тийиш. Мындай ушак-айыңдарга убагында бөгөт коюу максатында журналисттерге сураган маалыматтарын оперативдүү берип турууга тийишпиз. Антпесек кийин чындап эле бармак тиштеп калабыз.
- 2010-жылкы кайгылуу окуянын анализи тастыктабадыбы. ММКлар кагылышты болтурбоодо оң гана роль ойнобостон, тескерисинче, айрымдары кырдаалды ого бетер курчутуп турушту. Мында алар маалымат согушун калкка каалагандай таңуулашты, - деп кепке аралашты Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов. - Азыр деле айрымдары маалымат диверсиясын уюштурушуп, чагымчыл видео-аудио материалдарды байма-бай таратып жатышат. Атүгүл Кыргызстандын дүйнөлүк беделине көлөкө түшүргөн материалдарды кең-кесири жарыялоодон кайра тартыша элек. Ошон үчүн медиа-форумду дал бүгүн өткөрүүгө мажбур болуп жатабыз. Турумубузду бүгүн такташтырып албасак кийин бармак тиштегенибиз бекер.
Медиа-форумдун соңунда анын катышуучулары жумурай журтка кайрылуу кабылдашты.
"Массалык маалымат каражаттары ушул тапта Кыргызстан элдерин бириктирүүдө кудуреттүү күч сыңары роль ойноого тийиш. Баса, дал бүгүн ар кандай ички жана тышкы коркунучтарга тилибизге, динибизге карабастан чогуу-чаран каршы турбасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алуубуз кеп эмес. Андыктан эл аралык акыбал ырастагандай, массалык мааалымат каражаттары кимдир бирөөлөрдүн арам ойлорун жана идеяларын жүзөгө ашырганга, мамлекетти жана анын ичинде улуттарды бөлүп-жарганга, эл аралык байланыштарды биротоло бүлгүнгө учуратканга курал болууга тийиш эмес" делинет кайрылууда.
Медиа-форумдун катышуучулары ошондой эле чукул арада ушундай мүнөздөгү республикалык медиа-форумду өткөрүүгө чакырып, анда Кыргызстандын маалымат коопсуздугунун долбоорун бетме-бет талкуулап, акырында Жогорку Кеңеште атайын мыйзам кабыл алууну сунуш этип тарашты.

Бетти даярдаган
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары, сүрөттөр автордуку