Жылдызкан Жолдошева:
"Сабиров сотко берсин!"
"Ар-намысчы" депутат Айнуру Алтыбаева өзбек диаспорасынын лидерлеринин бири Алишер Сабиров июнь коогалаңынын башкы идеологу болгонуна карабастан жоопкерчиликке тартылбай эркиндикте жүргөнүнө нааразычылыгын билдирген эле. Ал эми Сабиров мындай кине коюуга негиз жоктугун, эл өкүлдөрү ушак таратканын токтотпосо сотко кайрыларын маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде айтты. Сөзүн андан ары улаган "ала допучан" Бакиевдер менен жылуу мамиледе болгонун төмөндөгүчө кошумчалаптыр: "Мен бардыгы менен жакшы мамиледе болгом, алардын арасында Жаныш Бакиев дагы бар. Эмне үчүн мен мурда бийликте жүргөн адамдар менен болгон достугум үчүн коркушум керек".
Бирок "ата журтчу" депутат Жылдызкан Жолдошева Сабиров сотко кайрылса сонун болмоктугун, сотто окуя тыкыр териштирилип, күнөөлүүлөр жазасын алууга мыкты шарт түзүлмөктүгүн кабарлады. Кесиптешинин кебин коштогон Айнуру Тойчиевна да соттон коркпостугун шардана кылды. "Мен дагы Карамат Абдуллаева , Иномжан Абдрасулов жана башкалар жөн эле аткаруучу болгон деп эсептейм. Алишер Сабиров бир нече чакырылыштын депутаты, ал өзбек коомчулугунун автономиясы тууралуу илимий эмгек даярдап жаткан" дейт Айнуру айым. Чын эле бул "серый кардиналга" ким, качан көңүл бурат?




Күндө майрам,


күндө той, же Бабановчо чартаңбай


Эски бийлик тушунда мамлекеттик резиденциянын рестораны шаңга бөлөнүп турар эле. Агезде ханзаада Максим Бакиев , экс-президенттин иниси Жаныш Бакиев күнү кур койбой тойчук уюштуруп, таң аткыча майрамдашчу. Эми алардын ордун башбакан Өмүрбек Бабанов жана анын орунбасары ээлептир. Өлкөнү каалагандай калчап аткан адам чартаңбай теппегенде ким чартаңбай тепмек эле дечи. Бирок, салтанатка кеткен чыгымдын 10%ын эле төлөбөстөн толук төлөшсө жакшы болмок. Же Кыргызстандан да ашкан байлыгыңыз туруп ресторанга төккөнгө акчаңыз артпай атабы, Бабанов мырза?

Максим Бакиевдин жакындары жыйын өткөрүп…


Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын өкүлү Токон Мамытов интернет-сайттардын бирине курган маегинде сенсациялуу жаңылыгын жар салды. Анын айтымында, жадыраган жаз мезгилинде мурдагы ханзаада Максим Бакиевдин жакын санаалаштары, достору, аналитикалык тобу чогулуп ири жыйын өткөрүшкөн экен. Жыйында бийликке каршы массалык акцияларды уюштуруудан майнап чыкпастыгын, топтоп болуп бөлүнүп алып экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү көтөрүү зарылдыгы талкууланыптыр. Мындай ишке колкабыш кылган адамдарга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүү убада кылынганын Мамытов кошумчалайт. Ошондой эле улуттар аралык жаңжалдын башкы күнөөкөрү эсептелген, учурда Швецияда баш калкалап жүргөн Кадыржан Батыровдун Би-Би-Си үналгысына берген "маеги" атайын уюштурулушу ыктымалдыгын баса белгилейт. Айрым аналитиктер Батыров аталган үналгыга маек курбаганын билдиришүүдө. Биз дагы муну тактайлы деп Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы Кубат Чекировго коңгуроо каксак, "алты ай мурда Швециядан интервью бергендей болду эле. Жакынкы күндөрү Батыровдон интервью ала элекпиз. Ал эми эркин басылмалардын биринин бизге шилтеме кылып баскан "маегин" окуй элекмин" деген жообун узатты.

Султан палван дагы бир сыйлыкты сулатты


Кытайдын эл аралык макамдагы "Улуу жибек жолу" алтын медалы жыл сайын адабиятка, маданиятка зор салым кошкон инсандарга берилип келет. Быйыл аталган сыйлыкка эл жазуучусу Султан Раев татыктуу болду. Сыйлык ыйгаруу салтанаты Пекиндеги өкмөт үйүндө өтүптүр. Ушу тапта Султан палван кубанычы койнуна батпай алтын медалын жууп аткан кези. Бир кездеги калемдешибизди куттуктап, чыгармачылыгына ийгилик кааламакчыбыз.

Жээнбеков министрлерге "согуш" ачабы?


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жусупжан Жээнбеков менен бакыйган министрдин ортосунан жик кеткенин эшиттик. Бизге жеткен маалыматка караганда министр адатынча Жээнбековдон "доля" сурап жанын койбой атыптыр. Жусупжан мырза жедеп тажаганда "салыкчы" министрдин ысымын коомчулукка жарыялоого белсенгени атат дешет. Аягына чейин турганга духу жетеби же жарым жолдон кайтабы?

Бейбаштыктын "пайдасы"


"Замандаш" партиясынын атынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган Нурадил Жолдошев мэр Мелисбек Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясы менен коалицияга киргени маалым. Натыйжада "замандашчылар" партиялашынын акылдашпастан өз алдынча чечим чыгарганын билдиришкен болчу. Бийликтин сөзүн укпай койгону үчүнбү, айтор, Жолдошевге ар тараптан кысым көрсөтүлүүдө. Тийиштүү органдар анын бизнесин тыкыр иликтөөгө алганы туурасында маалымат бизге жетти.

Студенттерди ойлогон депутат бар экен


ЖоКенин кечээги отурумунда "республикачы" Урмат Аманбаева маршруттук каттамдардагы жол киренин көтөрүлгөнүнө байланыштуу студенттерге жеңилдиктер каралышы зарылдыгын билдирди. "Чынында эле бул өтө көйгөйлүү маселелердин бири. Ар бир студент күнүнө жок эле дегенде төрт жолу 10 сомдон маршруткага түшсө 40 сом болот, ал эми айына 24 күн сабакка барса 960 сом чыгым кылышат. Бүгүнкү күндө мамлекет бир студентке айына болгону 275 сом стипендия берип жатат. Бул сумма бир айлык жол киресинин үчтөн бир бөлүгүнө да жетпей жатат" дейт эл өкүлү. Урмат айымдын бул демилгесине өкмөт эмне дээр экен?

Теңир-Тоо мындайдын далайын көргөн


Келаткан жума башында премьер-министр Өмүрбек Бабанов Нарынга жумшчу сапары менен барат. Ошондуктанбы, теңир-тоолуктар өкмөт башчысынын келишине катуу күтүнүп жаткан кездери. Күтүнгөнүн ушундан билиңиз, Бабановдун Нарынга келгенде сүйлөй турган сөзүнөн бери даярдап жатышат. Себеби нарындыктар эмне менен дем алып, кандай жашаарын, элдин көйгөйү эмне экенин өкмөт башчы билбейт имиш. Кызык, билгенде эле ал эмнени жасап же чечип кыйратып жүрдү эле. Баягы эле дежур "шоулардын" бири да.

Чыйырды же Чачыкей эмеспи?


Бишкектеги "Айчүрөк" ЦУМунун теке маңдайындагы бир гектарча жер эчен жылдан аң-чөнөк болуп турбады беле. Шаардыктар, "сүйүнө" бергиле, буюрса дагы бир соода борборуна марыйт экенбиз. Көрсө, азыр ЖоКеде отурган капчыктуу депутаттардын бири, жалаң соода борборлорун курууга кынык алган бир эргул так ошо бир гектарча жерге дагы бир соода борборун курат экен. Анан аны өзүнүн энесинин аты менен атайт дешет. Бер жагында "Айчүрөк", ары жагында "Күнчүрөк", жо-жок, иши кылса "ч" тамгадан башталат дешет. Эмнеси болсо да курулуп бүтсүнчү, анан депутаттын өзүн да, энесинин аты да ким экенин ошондо билебиз.

Кылкылдаган кымыз сезон


Кыргыздын кымызы, бээнин сүтү дары экенин азыр айылдыктар эле эмес "киргиздер" да жакшы билип калышты. Ушу тапта үркөр чыккыча ичип калалы деп Чүйдүн жайлоолоруна, Суусамырга, Нарын, Ат-Башыга кеткендер да көп. Өзгөчө мамлекеттик чиновниктер үй-бүлөлөрүн жайлоого жиберип коюп, өздөрү дем алыш күндөрү барып сүтүн да, кымызын да бастырып жатышканы кеп болууда. Ич күйдүлүк жок дечи, бирок мындай мүмкүнчүлүк элдин баарында болсо канакей.
"Жаңы Агым" - пресс