Ыр чачыла



Айылдык акын, жазуучу жана эмгек ардагери Аскараалы АБДЫЛДАЕВ жаш муундарга өрнөк болчу үлгүлүү өмүр жолду басып өттү. Аскараалы аксакал Тогуз-Торо районунун чарбаларынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон алтын өрөөндүн ардактуу атуулдарынын бири. Аксакал кесиби боюнча зоотехник болсо да ушу кезге чейин чыгармачылык менен, асыресе ыр, аңгеме жазуу менен алектенип келет. Буга чейин бир нече чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Төмөндө жашы токсонго таяп калса да калемин колунан түшүрбөгөн айылдык калемгердин чыгармаларынан сунуштайбыз.

Поэзия кылаасы

Көп билем деп көөдөнүмдү көтөрүп,
Көп нерсени коюптурмун өткөрүп.
Тар чөйрөдө тарбиядан алыстап,
Так билбепмин кең дүйнөнү түшүнүп.

Чыксам дагы жаш жагынан кыйлага,
Чыга албапмын бийиктиктин кыйрына.
Кең дүйнөнү кенен билбегенимден,
Кемчилдеймин кереметтүү ырга да.

Кемигенсип жазганымдын муразы,
Келем болбой жазганыма ыраазы.
Көңүлүмдө көз жетпестей сезилет,
Көлкүп жаткан поэзия кылаасы.

Бакыт каалайт жүрөгүм

Асман кирсиз, бир булут жок ачылып,
Алтын күн да тоо артында катылып.
Таңкы күндө таза аба жутканга,
Таңдан туруп бакка жөнөйм шашылып.

Жүрсөм бакта кабак-кашым ачылып,
Жүрөк толкуйт таруу болуп чачылып.
Алып учат албуут кыял асманга,
Азоо аттай тизгин бербес ашыгып.

Күмүш нурун бак ичине жиберип,
Күн көрүнөт күндө чыкчу түбөлүк.
Айланага алтын нурлар чачырап,
Алат курчап кучагына имерип.

Толкуп-ташып мен кубанып жүрөмүн,
Табуучудай поэзия түнөгүн.
Бак ичинен каламбы деп жолугуп,
Балкып ташып бакыт каалайт жүрөгүм.

Азапта өткөн эле бала кезим

Нан жатса жолдо чаңда тебеленип,
Кете албайм андан өтүп тегеренип.
Оюмда чымчык болуп учуп келип.
Алсам дейм күкүмдөрүн бирден терип.

Эсимде нанды күсөп оогон эсим,
Эч кетпей эсте турат ошол сезим.
Согуш, ачарчылык алымды алып,
Азапта өткөн эле бала кезим.

Азабына чыдап келем

Кубандым, капаландым бүркөп кабак,
Тумчуктум деңизине уруп чабак.
Тааный билдим такшалып өздү, жатты,
Турмуштун мектебинен алып сабак.

Келатам аралашып алыс кетпей,
Кейиймин кемчилине алым жетпей.
Кайыша чыдоо менен келе жатам,
Катаалына турмуштун туруп беткей.

Иритип ичтегини тазалабай,
Илдетти апкелгенди жазалабай.
Иштиктүү эмгек жасап бере албаган
Ишчиден көөнүм калып бүттү аябай.
Сезилет алсыраган сезимдерим,
Сезүүмдө алдан тайган кезимдемин.
Антсе да азабына чыдап келем
Ата журттун көргөн соң эзилгенин.

Калабы дейм шагым сынып

Алыс болсок кишенейбиз издешип,
Айыл болсок тебишебиз тиштешип.
Адам туруп адамча жашабайбыз,
Агай-ини болушуп сиз-биз дешип.

Ажал бар, өмүр кыска алат тушап,
Алгыча жүрсөк кана таза жашап.
Айбанчылык кылганды көрсөм дагы
Айта албай келе жатам сөзгө какап.

Анда мен жалтакмынбы ушунчалык,
Айтпаган кылбагын деп айбанчылык.
Айта албаган себебим андайларга
Айбандан калабы дейм шагым сынып.

Оо адам, ойлоп көрчү!

Өлкөбүздүн тайып турса өбөлгөсү
Өрчүбөй ынтымактын көрөңгөсү.
Өлкөнү өргө тартып кетиш үчүн
Өз болуп керек кыргыз бөлүнбөшү.

Бөлүнсө бир ууч кыргыз эки жакка,
Бөксөрүп ынтымакка келет жапа.
Кылымда араң келген ырыскыны
Кармабасак кайгыраар кыргыз ата.

Өз болуп бир жакадан баш чыгарып
Өлкөбүздү өстүрөлү сүрөөнгө алып.
Ал жасайт, бул жасасын деген болуп
Алыстап турбайлычы четте калып.

Оо адам, ойлоп көрчү ушуларды,
Ыкташып жашоо үчүн айла барбы?
Акылсыздык аңдабай күн өткөрүү,
А мейли деп жүрө берүү тойсо карды.

Калгансыйбыз кылымдын XVII курамында

Ааламга жаралгандар келет, кетет,
Адам да жашоо жолун басып бүтөт.
Алардын ар кыл түрлүү шумдугуна
Айкөлдүктөн жер гана араң түтөт.

Аба, суу да адамга кылбайт кастык,
Аларга да адамдар кылат пастык.
Абаны, сууну булгап ар тараптуу
Атүгүл жерди унуттук экпей аштык.

Бүлүнтүп тоо, токойду өрттөп, тоноп,
Байлыгын керегинче алып солоп.
Бак тигип баш-аягын карабастан
Басуудабыз жанына койбой жолоп.

Табылбай чалгы, орок чапканга чөп,
Тааныш издеп сураган дыйкандар көп.
Илимдин ийгилиги болот дешип
Ишендирип айткандары келбеди төп.

Илим өскөн техниканын заманында
Иш жасалбай мезгилдин талабында.
Калгансыйт айрым иштер баамымда
Кылымдын XVII курамында.

Калыстыктан качып калдык

Алып сатып, ууру кылып түн катып,
Абийир кетти акча үчүн бүт сатып.
Жан бүткөндүн баарын салып кайгыга,
Жаткансыйбыз жамандыкты ырбатып.

Ыйманды жеп, ырыскыны түгөтүп,
Ыркты бузган жалган жалаа сөзгө өтүп,
Көр дүнүйө көйгөйүнөн чыгалбай,
Көбүбүздү бараткандай жүдөтүп.

Ажыратып ак-караны бөлбөстөн,
Айрымдардын жакшы жагын көрбөстөн.
Калыстыктан качып калдык карасам.
Кара ишти калган болуп көрмөксөн.

Ким өтүптүр өмүр бою жаңылбай?

Көөнүм чөгүп көңүлүмө түшүп кар,
Кең дүнүйө кээде болуп кетет тар.
Эстей берем унута албай өзүңдү
Эч болбосо бир көрсөм деп болуп зар.

Узун ойдун уч-кыйрына жете албай,
Улутунам эч алыстап кете албай.
Бажырайып тосуп алчу күндөрүң,
Баштан чыкпай туруп алды байма-бай.

Карс-тарс эткен чагылгандын огундай,
Калды ал күндөр издесек да табылбай.
Кетсе менден кечирип кой, жаркыным,
Ким өтүптүр өмүр бою жаңылбай?

Ала-Арчадан көргөн жаз

Жапжаш бойдон боюн түзөп жетилген,
Жазды көрдүм Ала-Арчага бекинген.
Ала-Арчада арча өстүрүп жүргөнү
Алигүнчө кетпей турат эсимден.

Түптүз өскөн арчаларга асылып,
Турат ойноп жалбыракка жашынып.
Көркөмүнө Ала-Арчанын мас болуп,
Көпкө жүрдүм баа бере албай басынып.

Көп жаз көргөм өмүрүмдүн ичинде,
Көрбөгөмүн мындай жазды түшүмдө.
Бүт дүйнөнүн сулуулугун чогултуп
Берген экен алып келип ушерге.

Кайың, арча, карагайга теңелип,
Калган жыгач өспөй калган иргелип,
Жаратканым жасап туруп бейишин
Жалпы журтка берген окшойт бир келип.

Ала-Арчанын дары суусу кашкайып,
Агып жатат кубат берип ажайып.
Көөнү чөгүп ооруп келген адамдар
Кетет экен татып койсо сакайып.

Ала-Арчада бүт мүнөзүм өзгөрүп,
Айтып бүткүс асыл жагын көз көрүп.
Анан кайттык күн кылкылдап калганда,
Ал жердеги кудачадан сый көрүп.

Мен тоолорго сыйынам

Тоодон алыс сапар тартсам кыйылам,
Тоолорду мен ыйык тутуп сыйынам.
Менин меке-мединамда тоолорум,
Мурас болуп калган эне ыйынан.

Аталардын каны акканда жошулуп,
Апалардын жашы тамган кошулуп.
Аман калган чүрпөлөрүн жетелеп,
Ала-Тоого келген ыйлап отуруп.

Тарых күбө таасын айтып өткөндү,
Тартып азап тоодо өткөргөн көп күндү.
Аман сактап тоо ичинде чүрпөсүн
Ал энелер өтүп кетти сүйкүмдүү.

Мен мекени - мединаны эңсебейм,
"Кепин кийип, ысык кумун тепсебейм".
Жараткандан жардам бер деп сурарым,
Тоолорума берекени берсе дейм.

Кайда бара жатабыз?

Оо замандаш, кайда бара жатабыз?
Күндөн күнгө арбып барат жапабыз.
Көзү турса сиз-биз болгон болсок да
Көзү жокто жөөлөп көрүн казабыз.

Бир турабыз мекен курган арабада,
Салынды го салмагыбыз таразага.
Замандаш тайбайлыкчы калыстыктан
Сымаптай кылтылдаган заманада.

Ошол күнгө болсун ушу ыр эстелик

Ойго түшөм өткөнүмө кайрылып,
Ойноп күлгөн балалыктан айрылып.
Ошол мезгил, ошол күндү эстесем,
Ооруп калам оңбой ишим кайгырып.

Эске түшөт суу жээгине басканым,
Мен кубалап, сен жеткирбей качканың.
Сен экөөбүз шап алышып билектен,
Суу жээгинде топташ ойноп атканым.

Сездиңби же сезбедиңби билбедим,
Сен деп өттү сезимталдуу күндөрүм.
Жаткан менен кирпик какпай атыргам,
Жайкы түндүн кереметтүү таңдарын.

Ошол күндү ойлой берип күнү-түн,
Оюма алып анын ар бир мүнөтүн.
Ийгиликсиз калган күнгө өкүнөм,
Ишке ашпай сенден күткөн үмүтүм.

Мезгил өттү өмүр калды эскирип,
Бир өткөргөн күндү жүрөм эскерип.
Ушул ырды ошол күнгө арнаймын,
Болсун үчүн ошол күнгө эстелик.