Сырчачыла
Салима БАЛТАЕВА:

"Кичинемдеги көкбеттигим өжөрлүккө айланды"


Салима Балтаеваны көбү "Дил кайрык", "Жоогазын", "Туулган жерди сагынуу" чыгармалары аркылуу жакшы таанышат. Учурда филармониянын алдындагы К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөгө да, ырдаганга да жетишип жатканын мактаныч катары айтса болот. Өжөрлүгүм менен жашоомду каалаган нукка бурдум деген Салима Балтаева бүгүн бизде конокто.



- Сизди көбү "Дил кайрык" ыры аркылуу таанышат эмеспи. Айбек Карымов менен дуэт ырдап чыкканга чейин эмне иш кылчу элеңиз?
- Анда мен улуттук консерваториянын студенти болчумун. Окууну бүтүп жатканда атам Ош мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнө тапшыр деген. Менин ырчы болом деген оюм бар эле. Муну укканда ата-энем албетте каршы чыкты. Өзгөчө атам сен опера ырчы болуп улуп ырдаганыңды ким укмак эле деген. Бала кезимен бери айтканымды бербеген көкбеттик мүнөзүм бар. Бир коркутсам үч күндөп тамак ичпей койчумун. Ошол адатымды карматып көгөрүп жатып алдым. Эжем эптеп ортого түшүп, барганда эле өтүп кетерин кудай билет деп жатып жөнөтүштү. Айткандай эле искусство институтуна өтпөй калдым. Опера жана балет театрынын алдында түзүлгөн студия бар экен, ошого өтүп сүйүнүп айылга бардым. Барсам атам окубайсың деп он жетинчи октябрга чейин жибербей койгон. Келсем эчак окуудан чыгарылыптырмын, агайымдын артынан чуркап жүрүп документтерди калыбына келтиргем. Ошентип Кайыргүл Сартбаеванын колунда билим алдым. Окууну бүткөндө эч жерде жумуш жок мектепте музыка сабагынан берген мугалим болуп иштеп жүрдүм. Табиятынан балага жакынмын. Иштеп баштаганда "Улуу Жибек жолу" деген топ түзүлүп, чет мамлекетке гастролго чакырышты. Алты жарым айда он тогуз мамлекетти кыдырдык. Кыргызстанга келсек Айбек менин дайынымды угуп издеп жүргөн экен. Экөөбүз дуэт ырдап чогуу иштешип калдык. Элге тааныла баштагандан кийин атам бекер бут тосуптурмун деп калды. Болбосо жыл сайын каникулга барганда жибербей, наалып жатып араң кетирчү да.
- Канча жашыңызда турмушка чыктыңыз?
- Жыйырма тогузга чыкканда турмуш курдум. Ага чейин карьера, чыгармачылык деп жүрө бериптирмин. Карьеранын түбүнө жетчүдөй болуп сөз айткан, сезимин билдирген жигиттерге түк көңүл бурчу эмесмин. Ата-энем качан турмуш курасың деп кулагымдын кужурун алып бүтүшкөн. Эч нерсе дебей унчукпай кутулам. Бир жолу курбу кызым бир бала менен таанышпайсыңбы, жактырып калыптыр деди. Убакыттын тардыгын шылтоо кылып качып жүрө бердим. Таанышып чайын ичип койсоң эч нерсе болбойт дегенинен макул болгом. Эң кымбат кафеге кирип болгон тамакты заказ кылып, эптеп Маматты уят кылыш керек болду. Бирок сыр бербей ошол эркелигимди көтөрүп унчуккан эмес. Болушунча сынадык, сыныбызга сынган жок. Кийин жолуга баштадык. Атургай ата-энем менен таанышканга да үлгүрдү. Бир көрүп сүйүп калбасам да анын чечкиндүү кадамдарынан улам менин болочоктогу жолдошум ушу турбайбы деп койгом. Азыр шүгүр, ынтымактуу жашап, үч кыз тарбиялап жатабыз.
- Тойдо ырдагандан сырткары киреше тапчу ишиңиз барбы?
- Башка ырчылар сыяктуу эле мен да бир күндө эки-үч жерге тойго барып ырдап келем. Ырчылык менен тапкан акчаны кайра эле костюмдарга жумшайм. Кээде үй-бүлөдөгү бюджетке кол салууга туура келет. Мамат колунан келишинче жардамын берет. Костюм тиктирүүгө көп акча кетет. Андайда тапканыңдын баарын ошол жакка жумшап саласың.
- Тойдон кеч келгенде күйөөңүздүн кабагына кар жаап калабы?
- Убактысы болсо мени менен барат. Башында кабагын түйүп, кеч келген күндөрү кызганып калчу. Азыр антпейт. Мен деле түнкү бир-экилерге чейин жүрүп албайм. Барган жеримен эки ыр ырдап кете берем.
- Турмушка чыккандан кийин көкбеттик мүнөзүңүз калдыбы анан?
- (Күлүп) Кичинекей кезимде эжелерим урушуп же уруп койсо көгөрүп ошол турган жеримде катып калчумун. Мени алдап же эркелетип көгүмдү таратса деп күтчүмүн. Азыр ал көкбеттигим өжөрлүккө айланды окшойт. Мен негизи адамга жөнү жок тийишип, кажынган жан эмесмин. Бирок мага бирөө бут тосуп же жамандык кылса жообун эки эсе кайтарып бергенден кайра тартпайм. Жаш курагыңа жараша мүнөзүң да өзгөрөт экен. Бойдок кезде курч, активдүүсүң. Бара-бара токтолуп, курчтукка алдырбай жети өлчөп бир кесип калат экенсиң.
- Ар бир эле эркек артыман туяк калсын деп уул күтөт эмеспи. Сиздин жолдошуңуз да ошондой эркектердин катарында болсо керек?
- Үчүнчү кызым боюмда бар кезде кыз болорун билгенде бир секундга да өкүнгөн эмесмин. Тескерисинче, кыз экенин укканда сүйүнгөм. Анткени эки кызды чоңойтуп көнүп калгам. Жолдошум болсо башында эркек болот деп күтөт. Кыз экенин билгенде "эркек бала жакшы, кыз андан сонун" деп сөзүн оңдоп кетет. Эркек бала болсо деп трагедия деле кылбайт. Эркектер таарынбасын, бирок булар тукум калтырганга эле болбосо, көп нерсени терең түшүнө беришпейт. Кыз киши жароокер, сезимтал болот экен. Ичиңде болуп жаткан бороонду сезип, кабак-кашыңды карап турушат. Бала жакшы-жаман нерсенин баарын энеден алат экен. Боор толгоп, сени аяп турганын көрүп кыз деген кызыл алтын деген туура окшойт деп коем. Аялзаты табиятынан түйшүкчүл келет окшобойбу, кыздарым кошо кармашып жардам бергенге жарап калды.
- Илгеркилер экинчи кыздан кийин Бурул, Кайыргүл деген аттарды коюп ырымдашчу экен. Сизде андай ой болгон жокпу?
- Кичүү кызым төрөлгөндө досторум атын кандай коесуң деп кызыгып сурашты. Бирок мен андай ырымга маани бербейм. Биз үйдө алты кыз, төрт уулбуз. Менден улуулары бүт кыз. Апам мени төрөгөндө чоң энем дароо эле уулбу же кызбы деп сураптыр. Апам кыз десе бетимди ачып көрүп, "өлүгүңдү көрөйүн, сен уул төрөгөндү билчү белең" деп карабай койгон экен. Менден кийин эркек балдар төрөлдү. Ошондон улам атам майкөтөн деп мени өзгөчө жакшы көрөт. Мен да атама ынак болуп өсүп, эркек мүнөз болуп калдым. Үй оокаттарын тийип-качып эжелериме оодарып жүрүп дээрлик кылган жокмун. Ага караганда суу ташып, атамдын жанында жүргөн жыргалдай сезилчү мага.
- Азыр үй оокаттарынан кантип жатасыз?
- Башка түшсө айла жок үйрөнөт экенсиң. Жолдошум негизи тамакты ылгабайт. Жакшы көргөн тамагы - плов. Бир жумада үч-төрт жолу жасайм. Өзүм эттүү тамактарды жакшы көрөм. Ашканада репертуарымды кеңейтип күнүгө бир нерселерди үйрөнүп эксперимент кылып жасай берем. Окшошсо окшошту, окшошпосо жок. Бала кезимен бери үстөлдүн үстүн жайнатып чай ичкенди жакшы көрөм. Азыр да кечинде жумуштан барарым менен ашканага кирем, дем алыш күндөрү жолдошум, кыздарым үчүн майрам уюштурам.
- Жолдошуңуз жардам кылып, жеңилиңизди жерден ала калабы?
- Жолдошум баласаак болгону менен бала бакканга, жардам бергенге шыгы жок. Кичинекей баланы кармагандан коркот. Кээде көтөрүп алаксытып турганы менен, сүт бышыра калып же жалаягын үтүктөп бере калбайт. Ашканага кийлигишмей адаты башынан эле жок. Ал эмес үйдө мен жок болсом даяр тамакты иче бербей ачка отура берет. Чыдабай баратса кафелерге барып курсагын тойгузуп алат.
- Өзүңүздү бактылуумун деп айта аласызбы?
- Айта алам. Бир жылдары кесибимди алып кетем, карьерамды көтөрөм деп туура эмес ой жүгүртчү экенмин. Азыр өкүнүп кетем. Аялзаты үчүн эң чоң бакыт - эне болуу. Аял болбосо үйдүн куту жок да. Жумуштан келгенде кыздарым чуркап чыгып жандуу сүйлөп, күлкүлөрү чыгып калганда эне экениме дагы бир жолу ыраазы болом. Үй көркүнө чыгып башкача боло түшөт. Бир бүлөгө ушундай кут алып кирип жатканымдын өзү бакыт да. Мага Кудай бакытты теңдеп бериптир. Үй-бүлөдөн да, жумуштан да куру калтырган жок. Концерттик залда төрт мүнөттүк ыр аткарып, көзүңдү ачсаң сени залда толтура эл карап кол чаап турат. Бул сөз менен айтып бере алгыс ырахат. Ушул үч мүнөттүк ырахат сени чыгармачыл чөйрөгө жетелеп турат.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА