Тамакты катырган, саатына баш ийген, Алайдын кымызын ичкен Бахадыр Кочкаров



Кыргыз футболунун деңгээлин канчалык көтөргөнгө аракет кылсак да ФИФАнын рейтингинде күн сайын артка кетебиз. Ошентсе да дүйнөдөгү белгилүү футбол калыстарынын катарын толуктагандардын арасында мекендешибиз Бахадыр Кочкаровдун болгону албетте сыймыктанчу көрүнүш. Командабыз дүйнө биринчилигине барбаса да, Месси, Аугэро, Марадона, Швайнштайгер сыяктуу футбол жылдыздарынын аттары жазылгандан кийин түз эфирде теледен Bahadyr Kochkarov - Kyrgyzstan деп чыкса ошол жерде өзүң жүргөндөй бир жылуу сезимге бөлөнөсүң. Дүйнө тааныган адам болсо да өзүн жөнөкөй алып жүрүп, ММКлардан сүрдөп турган Баха братты Оштун чайханаларынын биринде шашлык жеп отурган жеринен кармап алдык.

- Бахадыр мырза, сиздин олимпиада оюндарына барууга даярданып жатканыңыз тууралуу кабарыбыз бар. Эмнеге Польша менен Украинадагы Европа биринчилигин эмес, олимпиада оюндарын тандап алдыңыз?
- Чынын айтканда биздин кайсы турнирди карашыбызды ФИФА чечет. Лондондо өтчү олимпиада оюндарына деле биз азыр толугу менен бекитиле элекпиз. Азыр бир нече талапкер физикалык жактан даярданып, комиссиядан өтүүгө камданып жүрүшөт. Бирок Европа оюндарында чоңдордон, эки тараптан ишенбөөчүлүк пайда болуп калса, башка континенттин калыстары катары биздин бригаданы чакырышы мүмкүн. Мисалы, 2010-жылы Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде биздин бригаданы ойдо жок жерден Германия-Аргентина оюнун карап берүүгө чакырышкан. Көрсө, Германия канцлери Ангела Меркель мурун дайындалган калыстар тобуна ишенбестигин билдирип, Азия континентинин калыстары карап берүүсүн ФИФАдан өтүнгөн. Бул жолу да ушундай кырдаал болуп калса биринчи кезекте бизди же япониялык калыстарды чакырып калышы мүмкүн.
- Кароодон өтөбүз деп айттыңыз, ал кароо каякта, кандай шартта болот?
- Биз эки ирет норматив тапшырабыз. Биринчисинде ар бир калыс өз үйүндө тапшырат. Атайын ФИФАнын өкүлү учуп келип Кыргызстанда же Өзбекстанда бизди сындан өткөрөт. Олимпиадага 10 күн калганда Швейцариядан медициналык кароодон өтөбүз. Анан бизди эч кимге жолуктурбай кайтарып багышат.
- Мисалы, кандай көнүгүүлөрдү көрсөтөсүңөр?
- Бизде 12 мүнөттүк чуркоо, 4 километрлик чуркоо, 40 метрден 6 жолу чуркоочу ар кандай комбинациялар бар. Мен бир күндө 2 жолу машыгуу өткөрүп, ал көнүгүүлөргө даярданып турам. Мынабул колумдагы саатты ФИФА берген. Бул атайын компьютерлешкен саат. Менин жүрөгүмдүн согушун, канча көлөмдө суу ичиш керектигин, канча энергия коротконумду, канча убакыт же канча аралыкта күч коротуп турганымды каттап Швейцариядагы штабга жиберип турат (К.Т.: колундагы саатында "Baha Kochkarov: 19:47" жана башка медициналык аппараттын экранындагыдай жазуулар чагылдырылып, өзүнчө эле заманбап компьютерге окшоп турат экен). Ал жактагы инспектор көрсөткүчтөрдү карайт да, бүгүн машыкканымды же машыкпаганымды билип турат. Ким көнүгүүлөрдү аткарбай койсо аларды талапкерлердин тизмесинен чыгарып салышат.
- Бул кызматыңар үчүн айлык аласыңарбы?
- Кайдагы, биз коомдук башталгычта иштеген адамдарданбыз. Эң мыкты калыстарга алтын медаль тагышат. Спортчулар сыяктуу эле биз да ошол медалды алыш үчүн аракет кылабыз. Космонавттардан кийин эле футбол калыстарын ушундай катуу сыноодон өткөрүшөт. Спортчулардын бардыгы эле биздин режимге чыдай беришпейт.
- Кайсы беттеш сиздин эң маанилүү оюнуңуз болду эле?
- Германия - Аргентина.
- Ката кетирбей калыстык кылдым деп ойлойсузбу?
- Биз өзүбүзгө баа бере албайбыз. Ар бир оюндан кийин 4 саат оюнду талкуу болот. Силерге оюндун жүрүшүн көрсөтүшсө, калыстар үчүн да өзүнчө бир нече камера бар. Ал бүт оюндун жүрүшүндөгү калыстардын аракетин тартат.
- Оюнда ката кетирип койдум деген күмөн санаган учурларыңыз болобу?
- Футбол калыстарында күмөн ой пайда болсо эле оюнду токтот деген бир принциби бар. Футбол ушунусу менен кызык. Оюнчу эки метр жерден бош дарбазага киргизе албай калды. Бул анын ката кетиргени. Оюнчу ката кетирип жатса, эмнеге калыстар адашпаш керек? ФИФА башчысы Джозеф Блаттер да ушул маселе боюнча пикирин билдирген. Эгерде биз баарын компьютерлештирип, кайталоолор менен футболду катасы жок ойной турган кылсак, анда пресса эчтеке жазбай, эл талкуулай турган нерсесин жоготуп, футболдун кызыгы кетип калат. Ошол катачылыктар менен футбол кызык экенин түшүнүшүбүз керек деп айткан. Кирген голду эсептебей койгон, туура эмес чечим менен талаадан кууп чыккан, кызык моментти токтотуп салганы менен да футбол элдин эсинде калат. Футболдон саясат жасаштын, ага илимий техникаларды аралаштырыштын кереги жок. Футбол бул жөн гана ырахат тартуулоочу оюн. Футбол курак тандабайт. Бул жалпынын оюну.
- Өзүңүз футбол ойнойсузбу?
- Өзүм армияда, Ошто, жаш кезде жакшы ойночумун. Азыр бизге келишимге ылайык футбол ойногонго уруксат берилбейт. Жараат алып калуу коркунучу бар.
- Өзүңүз жөнүндө кыскача билсек болобу?
- Мен 13-майда 1970-жылы Ошто төрөлгөм. Апам мугалим, атам таксист. Үй - бүлөдө 4 уулдун үчүнчүсүмүн. Токтогул атындагы мектепти бүтүргөм. Андан кийин Подольскиде, Москвада билим алгам. Ачык айтсам мен окуган эмесмин. Мен бир гана футбол ойночумун, ал үчүн мага мугалимдер каалаган баасын коюп коюшчу. Андан кийин өз эрким менен аскерге кеттим. Ал жакта да мени футбол бакты десем болот. Аскерден келип 20 жыл Ошто футбол машыктыруучусу болуп эмгектендим. 1992-жылы 22 жашымдан баштап Жогорку лиганын калысы болуп калдым. 25 жашымда Улуттук категориядагы калыс деген наамды алдым. 27 жашымда ФИФАнын калысы деген расмий статусту алдым.
- Ирматовдун командасына кантип жолугуп калдыңыз?
- Аны биз Ирматов экөөбүз чечпейбиз. Аны ФИФА чечет. 2007-жылы Азия Кубогуна чакырып калышты. Борбор Азиядагы эң мыкты калыстар катары бизди Канадада өткөн 17 жаштагы балдар арасындагы дүйнө биринчилигин караганга жиберишти. Ошондон бери бирге болуп калдык. Негизи калыстарды тандаганда 1000 талапкерди алып, алардын арасынан иргелип отуруп 4 жылда 90 гана адам калат. Ар бир турнир кимдин кыйын экенин аныктап турат.
Малайзиялык Абдул Насри деген жакшы адам бар эле. Ал 2-3 ирет дүйнө биринчилигин тейлеп калган калыс. ФИФА аны саясый себептерден улам калыстыктан четтеткенде, ФИФАда мусулман калыстар да болуш керек деп бизди ал киши балдарындай тарбиялап, моралдык, психологиялык, физикалык жактан даярдап, ушул деңгээлге жеткирип кетти.
- Оюн учурунда калыстар өз ара эмне жөнүндө, кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?
- Биз кулакка тагып жүргөн аппараттарды "коммуникейшн" деп коюшат. Ал талаадагы 3 калысты жана талаанын сыртындагы резервдеги калысты байланыштырып турат. Биз оюн жүрүшүндө күмөн учурларда бири-бирибизге айтып турабыз. Аут кетти же сары кагаз бер, тиги жөн эле барып итирейте тепти деген сыяктуу бирибиз көрбөгөн нерсени бирибизге айтып турабыз. Үчөөбүз өз ара орусча сүйлөшөбүз. Ал эми биздин бригадада кээде япониялык калыс резервде болуп калса, ал таарынбасын деп англисче сүйлөйбүз.
- Силерге пара берип бизге тартып койгула деген учурлар болобу?
- Азыркы заманда бул суроону бериштин кереги жок го деп ойлойм. Бизде оюн алдындагы медициналык кароодо наркотикалык, алкоголдук жана башка текшерүүлөрдүн катарында калп кармоочу детектордон өтөбүз. Ал жерде пара алган-албаганың дароо эле билинип калат. Бизди сатып алмак тургай жаныбызга эч ким жолой албайт. Самолеттон түшкөнүбүздө куралчан кайтаруу бизди көзөмөлгө алып, мейманканада да эч кимди жолотпой, түптүз оюнга алып барып, кайра самолетко салып коюшат. Кыскача айтканда, коррупция чоң футболдогу калыстар арасында жокко эсе.
- Күйөрмандар калыстарды сөккөндө кандай абалда болосуздар?
- Сөгүнмөктөн чачын жулбайбы. Күйөрмандарга футбол ошонусу менен кызык да. Келип тынч отуруп көрүп кетсе анда футболдун эмнеси кызык. Бизге тынч отурушкан күйөрмандар туш келип калса кызыктай болобуз. Эки тарап беттешкен учурда сөзсүз бирөөсүнө жагып, экинчисине жакпайт. Экөөнө тең жаккан моментти спортто кезиктириш кыйын. Андыктан актар сөкпөсө, көктөр сөгөт. Бул көнүмүш нерсе.
- Чет өлкөдө жүрүп көпкө келбей калсаңыз үйдөгүлөр кандай кабыл алышат.
- Көнүп калышты. Тескерисинче, үйдө көбүрөөк туруп калсам, жакын арада мелдеш жокпу, бир жакка барып келсең болот эле деп калышат.
- Балдарыңыз сиздин жолуңузду жолдойм дейби?
- 12 жаштагы уулум футболист. Бирок анын калыс болушун каалабайт элем. Оор жумуш. Испаниянын окумуштуулары футбол калысынын 90 мүнөттүк жумушун премьер-министрдин бир күндүк иши менен барабар деп тыянак чыгарышты. Сырттан оңой көрүнгөнү менен кыйынчылыгы көп кесип. Кээде талаш учур болуп калса жаш балдардын лигасы болсо да ошол жерди туура эмес кылып койдум деп түнү бир убакка чейин уктай албай ойлоно берем.
- Кантип эс аласыз?
- ФИФА бизге атайын дарыларды берет. Ошолорду ичип алып эс алып жатам. Мончого, бассейнге түшөм. Атайын Алайдын кымызын алдырып ичем. Ичимдик ичкенге бизге болбойт. Саатыбыз тигил жакка "айтып" коет. Үйдө ашканада тамак жасап ырахат алам. Камыр тамактан башкасынын баарын жакшы жасайм. Палоо, казан кебаб, шашлыкты өтө жакшы жасайм.
- Көчөдөн сизди тааныгандар болобу?
- Мен негизи эле элге көрүнө бергенди жаман көрөм. Маалымат каражаттары сиз жөнүндө сюжет тарталы дедик эле деп чалышат, качам. Силерге кантип кармалып калганымды билбей калдым. Ошентсе да тааныган учурларда баарыбир кубануу сезими болбой койбойт экен. Кечээ Сосновкадан катуу ылдамдыкта баратсам МАИ тосту. Токтоп инспектордун алдына барсам, "оо, Бахадыр байке, кандайсыз? Мындай катуу айдабаңыз да, сиз бизге ушул бойдон керексиз. Жайыраак эле айдаңыз" деп жылуу-жумшак эскертүү берип документтеримди да карабай узатып койду. Көчөдө көргөндөр сүрөткө түшүп алалы дейт, түшүп коем.
- Жакында болчу Евро биринчилигинде ким чемпион болот деп ойлойсуз?
- Испания же Германия жеңет деп ойлойм.
- Букмекердик контораларда футболдук беттештерге акча коесузбу?
- Биринчиден, бизге бул нерсе болбойт. Экинчиден, мен карта да ойной албайм.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ