Айтыла турган сөз эле…
Бексултан ЖАКИЕВ, Кыргыз эл жазуучусу:

"Эстеликти жулунгандар гана коюп атат"



- Бексултан агай, жакында Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгына байланыштуу конференция болуп, анда сизди элди түндүк-түштүккө бөлдү деп айрым басылмалар күнөөлөп чыкты. Бул чынбы? Ал жерде кандай кеп-сөз болду эле?
- Өкмөт Т. Сыдыкбековдун 100 жылдыгына карата комиссия түзгөн. Анын алгачкы иш пландарында ар кандай иштер көрсөтүлүптүр. Ал жерде Т.Сыдыкбековдун эстелиги Каракол шаарына коюлсун деп жазылган экен. Мен ошону көрүп комиссиянын биринчи жыйынында көзү өтүп кеткен кишилерди да трайбализмге байланыштыра бересиңерби дедим. Учурунда Жусуп Абдрахмановдун да эстелигин көлдүк болгон үчүн Караколго койдурушкан. Ошондо мен бул туура эмес, Жусуп Абдрахманов деген жалпы кыргыз эли, Кыргызстан үчүн чоң эмгек кылган. Ал болбогондо 30-жылдары эгинди бүт өкмөткө тапшырып берип кыргызстандыктар бүт кырылып калмак. Ж.Абдрахмановду Советтер Союзундагылар да жакшы билген. Ал Маяковский, Мейерхольд менен дос болгон. Көлдүк экен деп эле Көлгө эстелигин кое бериш туура эмес деп Аскар Акаевге айтсам, болбой эле Караколго коюп коюшкан.
Азыр да Түгөлбай Сыдыкбековго ушундай мамиле болуп атканы туура эмес. Анын эстелиги Бишкекке коюлушу керек. 2003-жылы март айында ошогездеги президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге, Бишкек мэри Медет Керимкуловго Т. Сыдыкбековдун көзү өтүп кеткенден кийин аты эч жерде аталбай, эстелиги тургузулбай атат деп аттуу-баштуу инсандардын атынан кат жолдогонбуз. Кийин Ысык-Көл фондусуна мэриядан Т.Сыдыкбековдун эстелиги Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишине тургузулмай болду деген жооп келген. Ошондон бери тынчып, эч нерсе кылынбай калган эле. Анан жүз жылдыгы келатканына байланыштуу бул маселени кайра көтөрүп чыктым. Т. Сыдыкбеков менин агам, таякем же атам эмес, ал кыргыз элине, кыргыз элинин адабиятына, маданиятына, руханий дүйнөсүнө, ар-намысына зор эмгек өтөгөн атактуу инсан. Анын эстелигинин өзүнө эч кереги жок. Ал тирүүлөрдүн, улуу-кичүүнүн намысын козгоп туруш үчүн керек. Комиссиянын биринчи жыйналышында мен ушуларды айттым. Ошондо эстелик качан, кай жерге коюлат, марафон өткөзүш керек деген сөздөр болду. Анан мен Бишкек мэри Иса Өмүркуловго чалып, ушуну тактап берсеңер, жок дегенде таш коюла турсун дедим. Мэр менин айтканымды туура көрдү. Ага чейин Кыргызстандагы белгилүү академиктер, жазуучулар, баатырлар, коомдук ишмерлер кол койгон Т.Сыдыкбековдун эстелигин койдуруу, атын көчөгө берүү маселесин чечип берүүнү сураган катты президентке, спикерге, премьер-министрге, мэрге жөнөткөн элек.
Бул кишинин туулган күнү 14-май экен. Ошол күнү өзү музей болсун деп Сталиндик сыйлык акчасына курдурган үйүнө мемориалдык такта илинди. Ошондо бирөө таш коелу деген сунушуңузду иш планга киргизбей коюптур деп калды. Каяктан киргизбей коюшуптур, ким экен десем Маданият министрлигинен деп айтышты. Анан такта илинип атканда мага сөз берилди. Мен "Фрунзе шаарынын мурдагы генералдык планы боюнча темир жол вокзалынан азыркы Жибек жолуна чейин маданият, адабияттын атактууларынын эстеликтери тургузулары белгиленген эле. Бул кийин бузулуп кетти. Бульварда жалгыз Жоомарт Бөкөнбаевдин эстелиги гана мыйзамдуу коюлган. Калгандары мыйзамсыз турат. Болгондо да алар жалаң эле бир өрөөндөн, түштүктөн болуп калган. Муну мен бөлүп-жаруу үчүн айткан жокмун. Байкамаксан болгондо болбойт. Ким жулунса ошол коюп атат. Насирдин Исановдун эстелигин Аскар Акаев түштүктөгү бийлигин узартам, түштүк элине жагынам деп койдурткан. Буларга эстелик коюлсун, бирок момундай жол менен эмес. Темиркул Үмөталиевдин эстелигин Кубанычбек Жумалиев премьер болуп турганда туугандык, жердештик кылып койдурткан. А Жумабек Ибраимовдун эстелигинин ордуна 1995-жылы Исхак Раззаковдун эстелиги коюлат деп менин боюмдай таш коюлган. Кийин Жумабек Ибраимовдун эстелиги коюлуп калыптыр. А чынында Раззаков ким, Ибраимов ким? Ошондо мага бирөөнүн мүрзөсүнө башка бирөөнүн эстелигин койгондой таасир калтырган. Коомдук ишмерлерге ушундай да болобу кокуй десем, эми айла канча деп кол куушурушкан" дегем.
Ушундайларды айтып койсом түштүк-түндүк деп бөлдү деп атышат. Мен бөлүп- жарганга жаратылышыман каршымын. Бирок бөлүп-жарылып атса, билмексен болуп атса, жулунуп атса кантип айтпайсың? Айтыш керек. Дегеле эстеликтерди коюу маданияты бизде жулунгандардыкы эле болуп атат. Жулунбаган үчүн Түгөлбай Сыдыкбековдун көзү өткөнүнө 15 жыл болгонуна карабай эстелиги тургай, көчөгө да аты коюла элек. Атын Бишкектеги эч ким билбеген, үзүлгөн Линейный деген көчөгө коюшуптур деп уктук. Андай болсо ал жарабайт. Эстеликтерди коюуда да өтө атактуу, ар-намысыбызды көтөрө турган, дем берип, курчута турган инсандарды гана эске алышыбыз керек. Мына, Чыңгыз Айтматовдун, Манастын эстелиги коюлду. Булар боюнча да ар кандай кеп-сөздөр чыкты. Менимче, ар бир инсан эстеликке татыктуу болсо, сиңирген эмгегине жараша эстелиги болуш керек. Эстеликтерди өтө жайнатып кое берүүнүн да кажети жок. Кыскасы, эстеликтер биздин сыймыгыбыз болуп, сырттан келгендер бул элде ушундай атактуу адамдар болгон турбайбы деп суктангыдай болушу керек. Мен айтпаган сөздөрдү бузуп айтышыптыр. Айта беришсин. Азыр кырк уруу болуп жашасак мыкты болобуз дегендер да бар, элди бөлүп-жармак түгүл, андай пикирлерди мен туура көрбөйм. Кыргыз бир эл катары бирдикте түндүк-түштүгү, батыш-чыгыш жок бөлүнбөй гана жашаганда өнүп өсөбүз.
Мелис СОВЕТ уулу





Эр экен, эй!
3 млрд. доллар карызыбызды кечип, дагы 3 млрд. бере турушса оңолуп алат элек...

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Чикаго шаарында өтүп аткан НАТО саммитинде жасаган баяндамасында Кыргызстан НАТО келишиминин алкагында Ооганстанга жүк алып өтүүдө жардам берип келатканын айтып, Дүйнөлүк банктан Кыргызстандын 3 млрд. долларга жакын сырткы карызын кечүүнү суранды.
Мындан сырткары кыргыз өкмөтү менен НАТО Кыргызстандын аймагынан жүк ташып өтүү боюнча келишимге жетишти. Бирок буга чейин эле кыргыз жана тажик айдоочулары НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан жана Тажикстан аймактары аркылуу ташып келатышкан. Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга багытталган бул келишимден сырткары, Бишкек Вашингтон менен эркин соода жүргүзүү, визалык жеңилдиктерге жетишүүнү да көздөп жатат.
Министр Руслан Казакбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен жолугушуп, Кыргызстан менен АКШнын ортосунда эркин соода жүргүзүү боюнча сүйлөшүүнү баштоону сунуштаган. Маалыматка караганда, кыргыз тарап алдыдагы кыргыз-америка сүйлөшүүлөрүндө мына ушул келишимге жетишүүгө артыкчылык берүүгө умтулат. Серепчилер демек, Кыргызстан менен АКШнын транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөрүндө кыргыз тарап коё турган шарттардын бири - АКШ базарынын Кыргызстанга эркин ачылышы болот окшойт дешет. Андан сырткары Кыргызстан Кошмо Штаттарга барган кыргыз жарандарынын туристтик, студенттик жана ишкерлик визалары 5 жылдык болушуна жетишүүгө умтулууда.




Кылтыңдама

47 объекттин араң эле алтоо сатылды, калганы Бабановго калабы?



Акыркы мезгилде "Кыргызтелеком" ААКсынан телеберүү жана радиоберүү радиорелелик магистралдардын республикалык өндүрүштүк бирикмесин (РПО РМТР) бөлүп, жеке менчикке айландырууну көздөгөн күчтөр пайда болгону белгилүү. Буга чейин "Жаңы Агым" гезити Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору Марат Аманкулов баштаган аталган фонддун эмгек жамааты, "Кыргызтелекомдун" сатылышына каршы чыгып атканын жазган.
Аз өтпөй, 23-майда өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругу менен "Кыргызтелекомдун" сатылышына каршы чыккан мүлк башчысы Марат Аманкуловду ээлеген кызматынан бошотулганы маалым болду. Ал ортодо Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орунбасары Назира Үсөналиева парламентте Бабановдун алдына туруп алып депутаттарга апрель окуяларынан кийин улутташтырылган 47 объекттин алтоо гана сатылганын, калганы кашайып өтпөй атканын айтып берди. Буга чейин Жогорку Кеңеш улутташтырылган объекттердин 23үн сатууга уруксат берген эле. Парламенттин жыйынында премьер-министр Өмүрбек Бабанов билдиргендей, улутташтырылган объекттердин жарымынан көбү боюнча соттук териштирүү жүрүп атат.
Албетте Мегаком сыяктуу акчалууларды дайыма кызыктырып келген чылкылдаган майлуу ишканаларга кардар чыкпай жатканы, "Кыргызтелекомдун" сатылышына каршы чыккан Марат Аманкуловдун кызматтан кетирилгени кайра эле бул улутташтырылган ишканаларды соодалоодо "максимдешүүнүн" жаңы варианты турган жокпу деген шек жаралбай койбойт. Данияр Үсенов да кезинде "Түндүкэлектрого" кардар чыкпай атат деп кайпактап атып, Максимге караштуу компанияга болгону 3 млн. долларга карматып ийди эле.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Ачык кат



Жакында шаардагы бала бакчалардын айрым жетекчилери менен жолугуп калдым. Айтып отурушса арманы аттын башындай экен. Ошон үчүн түз эле Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго ачы кат жазууну чечтим.
Урматтуу Иса мырза, сиз элдин каалоосу менен бийликке келген, Президенттин саясатын колдогон, шаардын көйгөйүн жакшы билген адамсыз. Сизге түздөн-түз баш ийген мекемелердин жакшы-жаманын менден дурус билсеңиз керек. Өткөндө мэр болуп менден жакшы эч ким иштей албайт дегениңизди да угуп калгам. Бирок мындан да жакшы иштөөгө болор эле. Туура, шаардын көйгөйү өтө көп. Шаар ичи аз келгенсип жаңы конуштар дагы далай мэрдин башын оорутаарына көз жетип турат. Ошентсе да ушу азыркы абалда деле буга чейинки схемаларды сындырып, жалаң сол чөнтөккө аккан каражатты шаар бюджетине бура алсаңыз Бишкек тез эле гүлдөп кетерине көз жетип турат. Кептин баары мэр катары сиздин саясый, адамдык эркиңиз буга жетеби, ошондо.
Бишкекте сексенге жакын бала бакча, андан ашык мектептер бар. Жылыга алардын биртобуна капиталдык ремонт, болбоду дегенде эле чатырын кайра жабуу же жылытуу системасын алмаштыруу иштери жүрөрүн угуп, көрүп жүрөбүз. Бул иштерди мэрияга караштуу мекемелер аткарары да белгилүү. Айталы, бир мектептин чатырын кайра жабуу үчүн мурунку жылы эле анын сметасы түзүлүп, тийиштүү мекемелер менен макулдашылып, кийинки жылдын шаар бюджетине киргизилет. Кийинки жылы бюджеттен каражат бөлүнүп, чатыр кайра жабылат. Бирок кантип? Акча жештин жолу ушунда. Смета түзгөндөр чатыр жабуу 300 миң сом турса, аны 1 млн. сомго түзүшөт. Демек 700 миң сом буга түздөн-түз тиешеси барлардын арасында бөлүштүрүлөт. Алар муниципалдык мекемелердин жетекчилери, башкы инженерлер, ремонт жасоочу подрядчиктер. Балким мен кайсы бир звенодон жаңылгандырмын, бирок жалпы схема ушундай эле. Же мен калп айтып жатамбы, Иса мырза? Мен жогоруда болжолдуу мисал келтирдим.
Эми шаардын кайсы бир бала бакчасында болгон чыныгы ишти айтайын. Бала бакчанын жылуулук системасын алмаштыруу керек экен. Жетекчиси жүгүрүп жүрүп муну шаардык бюджетке киргиздирет. Муниципалдык курулуш боюнча башкармалык бул ишти 1 млн. 200 миң сомго баалап, смета түзөт. Ошол эле учурда муну көргөн жеке менчик ишкана бул ишти 400 миң сомго гана баалайт. Демек, муниципалдык мекеме деле 400 миң сомдук ишти жасайт, алар болгону айырма 800 миң сомду жеке чөнтөгүнө салышат. Же мен туура эмес айтып жатамбы, Иса мырза? Эң эле жаманы, эки-үч жылдан кийин булар кайра ремонт талап кылат. Аны оңдоо үчүн бюджеттен кайра каражат керек. Бул чарбачыл жетекчинин иши эмес эле акча гана жей турган булак болуп атпайбы.

(Уландысы 5-бетте)