KYRGYZSPORT
Билеги жоон кыздар олжолуу кайтышты
Кыргызстандын кол күрөшчүлөрү Ташкентте өткөн кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионатында 4 алтын медалга ээ болушту. Ольга Ярославцева "Мастера" (40 жаштан жогоркулар) жана "Синьоры" (19-40 жаш арасындагылар) категориясында алтын медаль тагынып, контингенттин эки жолку чемпиону атыкты. Мындан тышкары Азиянын чемпиондору болуп Айнура Асанбекова "Мастера" категориясында 60 кг салмакка чейинкилер арасында жана "Синьоры" категориясында 80 жашка чейинкилер арасында Бекбосун кызы Асель алтын медалга татыктуу болушту. Ошондой эле Ольга Ярославцева ("Синьоры" 70 кг салмакка чейинкилер арасында) коло, Назира Тентимишева 80 кг салмакка чейинкилер арасында "Синьоры" категориясында күмүш медалга арзышты.

Депутаттар жок дегенде ушинтип арыкташсын
26-май күнү Ысык-Көлдө өтө турган биринчи эл аралык жарыш марафонунда жапон парламентинин депутаты Наото Сакагути да чуркайт. Бул тууралуу 23-майда марафондун уюштуруучулары коомчулукка жар салышты. Сакагути 10 миң метрлик дистанцияга Асия Сасыкбаева жана Эркингүл Иманкожоева өңдүү кыргыз өнөктөштөрү менен жарышка түшөт. Ал эми узундугу 42 км 195 метрге барабар болгон марафонго Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Син Маруо катышат. Белгилүү болгондой, аталган иш-чарага бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров да катышат. Бирок мушкер кайсы дистанцияга чуркаарын билбей башы маң болуп турган учуру. Аталган марафондун байге кору 1,5 млн. сомду түзөт. Марафондун жеңүүчүлөрү 150 миң сомдон сыйлык алышмакчы. Азыркыга чейин миңден ашуун спортчу тамандарына көпөлөк сүйкөп, чуркоого кызуу даярдык көрүп жатышат. Марафонго баш-аягы 13 өлкөнүн спортчулары катышаары күтүлүүдө. Кыргызстандын аткаминерлери да жапондордун жолун жолдоп жарышка түшүшсө сергек басып-турушу үчүн өздөрүнө эле жакшы болмок.

Алтындай болгон "балыктар"
Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасы 18-20-май күндөрү Темиртауда өткөн мелдештен 2 алтын медалды эңип келишти. Дарья Таланова 200 метр аралыкка брасс ыкмасы боюнча сүзүүдө биринчи болсо, баттерфляй ыкмасында сүзүүдө Виталий Худюков финишке биринчи келди. Буга кошумча Д.Таланова менен В.Худюков 100 метрге сүзүүдө жана 200 метрге комплекстүү сүзүүдө бирден күмүш медаль тагынышты. Эске сала кетсек өткөн жумаларда кыргызстандык Василий Данилов Грецияда өткөн сүзүү боюнча гран-приде коло медалды багынткан.

"Абдыш-Ата" алдыда
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын алкагында өткөн ардагерлер арасындагы 7-турдун кезектеги оюндары 19-майда болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында, азыркы чемпион Канттын "Абдыш-Атасы" 7 мелдешти катары менен жеңип чыкты. Белгилей кетчү нерсе, "Абдыш-Ата" өз дарбазасына 4 гол өткөрүшсө, каршылаштардыкына 30 гол киргизген.

Ташчайнар алюминий чайнады
22-май күнү "Кыргызстан - күч бирдикте" аттуу долбоордун алкагында үч кыргызстандык баатырлар Нурлан Алишеров (Ташчайнар), Садыркул уулу Аскар (Чоро) жана Нурсултан Мырзараимов (Арстан) эл алдында өз күчтөрүн даңазалап жеке рекорддорун жаңыртышты. Эл ичинде Ташчайнар катары таанылып калган Алишер мырза бул жолу өзүнүн шакирттери менен чыкты. Ала-Тоо аянтында Ташчайнар чиркешкен 6 жеңил унааны денеси менен эмес, териси менен сүйрөп элди таңгалдырды. 4 кат алюминийди тиши менен айрып, кайра ага мыкты башы менен кагып киргизди. Анын шакирттери да Ташчайнардан кем калбай тиши жана башы менен тактайга мык кагып жатышты. Алар Гиннес рекорддор китебине кирүү башкы максаты экенин бир ооздон билдиришти.
Даярдаган Уланбек ЭГИЗБАЕВ