"Жаштыктан апамды кызгансам керек"


Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрында иштеп келаткан артисттердин ичинен Азиз МУРАДИЛАЕВдин орду чоң. Акыркы кезде тартылган тасмалардын көркүн ачып, рекламалык роликтерге тартылып, айтор ар кыл талант. "Аккан арыктан суу агат" дегендей, ата-энесинин жолун жолдогон Азиз менен кеп курдук.

- Өзүмдү башка кесипте иштеп атканымды таптакыр элестете албайм. Ата-энем өмүр бою театрда иштегендиктен алар деле менден артистти күтүшсө керек. Бирок мен азыр өзүмдүн эки уулумдун артист болушун каалабайм. Бардык эле ата-эне баласын жакшы кызматта иштеп, жанын багып кетишин каалайт эмеспи. Уулдарым кандай кесипти тандабасын, эң негизгиси иштин өтөсүнө чыккан жакшы адис болуп, ошол ишинен канааттануу алганы үчүн акча алса деп ойлойм. Улуу балам он бешке чыкты, кичүүсү беште. Азыр ал деле улам бир кесиптин башын айтып калат.
- Сенин кинолоруңду көрүп мен да артист болом деген жокпу?
- Башында ошентип артист болом деп жүрчү. Акыркы кезде башка кесиптерди айта баштады. Мисалы, менин жумушумдун эмнеси жагат? Башкалардай болуп кабинетте кечке отурбайм. Гастролдорго барып, эл менен жолугасың, биринчи күнүм экинчи күнгө таптакыр окшобойт. Атүгүл спектаклге даярдыкта да айырмаланып турат.
- Тасмаларга тартылып атасың, жандүйнөгө жакын роль жарата алдыңбы?
- Мен роль тандабайм. Тилекке каршы, кинонун бир азабы, ал чыккандан кийин өзүңдүн аткарганыңды көрүп нааразы болгон учурлар көп. Өзүмдү дайыма сын көз менен карайм. Мисалы, спектаклди өзүңдү сыртыңан көрө албайсың, элестетип гана көрөсүң. Анда бүгүн кетирген катаны эртеси оңдогонго болот. Кээде куран окуткан жерден келип күлүп ойноого туура келет. Кээде оюнга кирерде жаман кабар угуп калышың мүмкүн. Айла жок образга кирип, ошол кайгыны унутуп ойнойсуң. Кээ бир убакта аксап бутуң ооруп, же башың зыңылдап, тишиң сыздап, этиң ысып шайың ооп турса да сахнага чыгып, эки кадам аттагандан кийин ал оорунун кайда кеткенин билбей каласың. Оюн бүткөндөн кийин гана шалдыраганыңды байкайсың. Адамда өзүн-өзү алдоо, алаксытуу деген болот экен.
- Чыгармачылыкта биринчи сынчың ким?
- Албетте апам менен келинчегим. Алар менин жараткан образдарымды көрүп, бул эмгек менен келген дешип мени аяшат. Негизи сын деген так, түз болуш керек дешет. Бирок мага сынды азыраак, жумшагыраак айтса ал эки эсе экен деп сезем. Ошону эсептегенде сын чоң экени байкалат. Кээде жөн эле мактай берет. Өтө мактап салганда жакшылап ичимден анализдесем ал да фальшивка болуп чыгат. Кээде таптакыр жамандап салат. Бул да туура эмес. Негизи сынды көтөрө билиш керек. Ак көз, кара көз дегендер болот. Бирок ар бир сындан өзүңө пайдалуу нерсе тапса болот.
- Кайнене менен келин батышып жашоо оор деп коюшат. Кээде апаң менен келинчегиң таарынышкан учурлар болобу?
- Үйдө апам менен келинчегимдин урушканын деле көрө элекмин. Анча-мынча таарынычтар болуп калат. Бирок андай учурда көрсөм да көрмөксөн болом. Акырын келинчегимди тыйып, сен жашсың, апамдан кичүүсүң антпей жүр деп айтам. Мен баарын угуп турдум, укмаксан болуп койдум дейм.
- Жалгыз уул болгонуңа өкүнбөйсүңбү?
- Мурда жаллгыз болуп калганыма өкүнүп, дагы бир туугандарым болсо деп ойлочумун. Бир туугандарың болгон жакшы да. Азыр эки балам бар, дагы балалуу болгум келет.
- Өзүңдү мүнөздөп берчи?
- Жаман жагымды айтсам… же балким бул менин жакшы жагымдыр… бирөө менен урушуп кетсем өзүм барып кечирим сурайм. Анча-мынча кайгы же түшүнбөстүктөр болсо тез эле сиңирип, унутуп салууга аракеттенем. Бирөө менен урушуп кетип оор жүк көтөрүүдөн көрө андан кечирим суроо мага жеңилирээк. Бир жагынан балким мен кайраттуу эмесминби деп ойлойм. Анча-мынча нерселерди кечирип жүрө берем. Компромисске көп барам.
- Чыгармачыл чөйрөдө көралбастык, бут тосуу дегендер арбын, алардын курмандыгына чалдыккан жок белең?
- Бир жолу чыгармачылыгымда көңүлүмдү ооруткан, чоң жагымсыз окуя болгон. Негизи көп нерсеге көз жумуп, жаман нерсени көрүп, уксам да ишенгим келбейт. Бирок жүрөк түпкүрүндө ошол жагымсыз кырдаал кала берет экен. Аны унутканга аракеттенем. Көралбастык, эки жүздүүлүк болбой койсо кана? Адам баласында ушундай жагымсыз кырдаалдар бардык жерде болот экен. Жашоо өзү театр деген чын.
- "Дем" театрында да иштейсиң, бул силердин негизги киреше булагыңар болсо керек?
- "Дем" театр студиясы деп түзүлгөнүнө 7-8 жыл болуп калды. Биздин негизги жумуш кыргыз драма театры, бирок, "Дем" театрындагы оюн-зоок программаны көргөндөр бизди куудул катары көрүшөт экен. Биздин артисттердин бардыгы эки-үч дипломдуу балдар. Куудул сыяктуу көңүл ачып тойлордо гана жүрүшөт деп ойлошсо - бул жаңылыштык. "Демдин" чыныгы таланттарын көргүсү келгендер кыргыз драма театрына келишсин. Бул "Демдин" оюндарынан да ырахат алып, программага олуттуу даярданабыз. Бирок анын коммерциялык пландары бар. Ар бир иштин артында чоң эмгек бар, программаны даярдаганда эч кандай уяла турган нерсе болбош керек. Кайсы улут болбосун баарына түшүнүктүү театралдаштырылган жагын да эске алабыз. Жакында кудай буюрса "Дем" театрынан жаңы спектакль даярдасакпы деп атабыз. Азыркы заманга ылайык көйгөйлөрдү көтөргөн, сөзү жок, керектүү эмоцияны билдире турган спектакль болсо дейбиз. Бул спектаклди бардык улут котормосу жок эле түшүнсө болот. Дүйнөдө күлкү, ый, кубаныч, жек көрүү, сүйүү эч кандай тилге которулбайт. Ал сөзү жок эле түшүнүктүү.
- Улам жаш өйдөлөгөн сайын сүйүү болбойт дегенге ишенесиңби?
- Сүйүү бардык жашта болот деп ойлойм. Баягы 18-19 жаштардагыдай болуп өлөм-житем деген сүйүү эмес, башкача сезимдер болушу мүмкүн. Сүйгөн адамың менен бир тууганыңдай жакын болуп, сүйүүнүн башкача формасы пайда болот.
- Атаң көз жумгандан кийин апаңды турмушка чык деп айтып өз парзыңан кутулдуңбу?
- Башында биртоп жыл апама турмушка чык деп айта алган жокмун. Балким кызганычтыр. Апаңды турмушка чык деп айтышың керек деп көп кишилер айтканда, акыры апама айттым. Бирок мен чын дилимен эмес оозумдун жели катары эле айтканымды апам сезди. Чындыгында апамдын жанында атамдан бөлөк адамды элестете албайм.
- Эгер апаңдын колун бирөө сурап, мындан аркы жашоону чогуу өткөрөлү десе каршы болбойт белең?
- Аны апам өзү чечсин. Ошол кезде балким жаштыктан улам апамды кызгангандырмын. Кийинчерээк ойлоп көрсөм, ал да аял катары бактылуу болушу керек деп калдым. Ага жакшы сырдаш, көңүлүңдөгүдөй адам болсо жакшы да. Акыркы үч-төрт жылдан бери ошону ойлоп калдым. Кичинемде ата-энемдин экөөнө тең жакын болчумун. Атам эркекче сүйлөшүп, колу тийген күндөр да болгон. Анын сүрү бар эле. Бирок мен балдарыма кол тийгизген жокмун. Өзгөчө кичүү балама чаң жугузбайм, улуу балам менден сестенет, келинчегим азыр атаң сени менен эркекче сүйлөшүп коет десе эле унчукпай калат. Эркекче сүйлөшөт деген эмне экенин да түшүнбөйт. Ага мен эртеден кечке жумуштамын, мага жардам бергиң келсе сабакты жакшы окуп, тынч жүргөнүң мага берген чоң жардамың деп айткам. Азырынча сабакты мыкты окуп, жүрүм-туруму да жакшы.
- Ашканада кандайсың, келинчегиң менен апаң үйдө жокто өзүң чый-пый бышырганга жарайсыңбы?
- Ой, сурайсыңар да… ( күлдү) Ашканада эң мыкты тамакты мен жасайм. Чынын айтканда, кичине кезимден эле ашканага жакынмын. Кээде бир тамакты ойлоп таап деле коем. Кайсы тамакка кандай нерсе дал келерин билем.Обу жок даам чыгарчу кошулмаларды кошо бербейм. Күрүчтү жакшы басасың деп айтышат. Лагмандын камырын гана чойгонду билбейм, калгандарынын баарын сонун жасай алам. Театрда чоң банкет болсо тамакты мага жасатышат. Мен тамакты аз жасап коембу же ушунчалык таттуу жасалгандыктанбы, айтор тез эле түгөнүп калат.
Анара СЫДЫГАЛИЕВА,
КР эмгек сиңирген артисти, Азиздин апасы:
- Азиз бештен өткөнгө чейин Оштун Кара-Кулжа районундагы таенесинин үйүндө болду. Апам пенсияга чыгып, үч кызы үч жакка турмушка кетип жалгыз калган. Азиздин кирин жууп, багып кыйналып атасыз, алып кетейин десем, анын бышылдап уктап атканы чоң дем, күч-кубат деп берчү эмес. Тили жаңы чыгып калганда Азиз дүйнөдө эң биринчи таенем жакшы, андан кийин апам, андан кийин атам жакшы деп айтчу. Аны окууга жакындап калганда алдык. Ошол кезде баланы багууга деле дарманыбыз жетчү эмес. Көрүнгөн орус кемпирлердин үйүндө батирде жүрдүк. Агезде орустар кичинекей баланын үнү чыгышын каалабайм дешчү. Батирлеп жүрүп Азиз эки-үч мектеп которду. Атасы Азизди абдан катуу кармачу. Негизи эркек балага атанын тарбиясы керек. Атасы жаш кетти, азыр жашап турса жакшы болмок. Агезде Азизди эркекче тарбиялап кээде уруп койчу. Мен болушуп, жалгыз бала болсо эмне минтип урасың десем, ал бир ойчулдун "балаңды кудайыңдай сактасаң, төбөңдү каңдайт" дегенин айтчу. Кийин ыраматылык жолдошума таң калдым, биринчи небересин көрүп калды, аны абдан жакшы көрүп, жалынып-жалбарганын көрүп, бул Азизди урган ошол кишиби же башкабы дечүмүн. Азизге болушканда мага анын колу тийген учурлар да болгон. Ошол кезде театрга балдарды алып келбегиле деп кээде Азизди түнкү саат үчкө чейин жалгыз калтырып кеткен учурлар болгон. Азыр неберелеримди жалгыз калтыруудан корком.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА