Талаадан тердик тезекти, Жапаровго бердик кезекти


Кумтөрдө кезектеги депутаттык комиссия иштеп жатат. 4000 метр бийиктикке түтөктөн тайманбай комиссиянын бардык түрлөрү барышат. Туристтик сапардай баргандан тажашпайт. Жолу, жатаканасы, тамак-ашы, кендин объектилерине экскурсиялар, кыскасы "олл инклюзив" (All Inklusive). Бирок Садыр Жапаров баштаган бул комиссия башкалардай эместигин жар салды. Эл өкүлдөрү көз карандысыз эксперттердин жоон тобунан чогулуптур. Ар бири өз ишинин накта адиси. 15-февралда түзүлгөн экологиялык маселелер боюнча комиссия 28-майга чейин иштемекчи. Үч күн кошо жүрүп алардын ишинен учкай репортаж берүүнү туура көрдүк.


Май айы болсо да кар жаап жатты. Ушундай оор шартта казылган алтын чындап эле баалуу. Алтындын чуусу көп болот дегендей, кенде да мезгил-мезгили менен иштин бир калыпта жүрүшү ушундай ири делегациялардын келиши менен чуру чуу болуп турат. Бул комиссия Кумтөрдү 2003-жылы коомдук ишмер катары изилдеп келе жаткан Садыр Жапаровдун демилгеси менен түзүлүптүр. "Экологиялык нормалар бузулуп жатканын билгенибизге 3-4 жыл болду. Бизге чейинкилерден эч жыйынтык чыккан жок. Менин комиссиям тыянак чыгара албаса башкалардын колунан келбесин башка депутаттар айтып, жетекчи кылып шайлашты. Атайы көз карандысыз эксперттерден 8 подгруппа түзгөнбүз. Аларды тандоодо талаш-тартыш болуп, сынак аркылуу болсун деген талаптар болду. Бирок андай болгондо 20 жылдан бери Кумтөр менен иштеп аткан эле экологдор келишип "баары жакшы" деп кетишет экен. Эч кимге сатылбаган, тайманбас, көз карандысыз адистерди өз чөнтөгүмөн 107 миң доллар чыгарып чакырдык. "Кыргызалтын" төлөсүн деген ЖК токтому чыгып, бир тыйын да бөлүнгөнү жок. Патриот бизнесмендерди, демөөрчүлөрдү издеп атабыз. Башкы максатыбыз экологияны калыбына келтирүүгө чыгымдын ордун толтуртуш. Жолдун жээгиндеги бакты кыйса деле 40 миң сом айып салып атышпайбы, канадалыктардын кылгандары миллиарддаган суммаларга барат деп ойлойм. Аны биздин адистер иликтеп бүтүп эсептешет" дейт эл өкүлү.
Бейкүнөө презумпциясы дегенди унутканбы, айтор Кумтөр менен иштешкендердин бардыгы эле аларга сатылган деп айтканы таңгалдырды. Бирок экологияга кам көрүп аткандары албетте өзүбүзгө эле керек, андыктан мындай текшерүү ашыкча деп ойлобойбуз. Адистик топтордо абдан тажрыйбалуу экологдор, юристтер, каржы боюнча эксперттер, Илимдер академиясынын өкүлдөрү, Нарындын тургундары, жарандык коом өкүлдөрү кирген. Анара Алымкулова жетектеген зоология, биология, топурак жана суу боюнча топ бизге чейин барып, тиешелүү үлгүлөрдү алыптыр. Кендин аймагында жашаган чычкандар, суурлар, каргалар капканга салынып изилдөөгө кетти. Адистер менен катар юристи да өзүнчө арактын бөтөлкөсүнө үлгү алганы жетишти. Чындап эле катуу иштеп атканы көрүнөт.
Биз барган учурда бир катар кемчиликтер айтылды. Комиссия жетекчиси "калдыктарды сактоочу дамба (хвостохранилище) туура эмес курулган, андагы зыяндуу заттар жерге сарыгып атат. Рекультивацияга (кайра калыбына келтирүү) деген атайы акчалар Лондондогу банкта эмес биздин Улуттук банкта сакталуусу тийиш" деген ойлорун айтса, дагы бири комиссия мүчөсү жерди казган сайын ар бир 70 футта температура 1 градуска жогорулап, мөңгүлөрдүн эрүүсү тездеп жатат дейт. Кендеги кызматкерлердин 20 күндүк иш таштоосу, жол тосуулары карьердеги оор абалга себепкер болгонун укканда "неге андай учурларга кошумча иш планы каралган эмес" деген күнөө коюлду. Кошумча план боюнча кампада башка жумушчулар сакталып турушу керекпи, бир аз түшүнүксүз болду. Алтын алуучу фабрикага экскурсия учурунда негедир адистер инженердин айткандарын унчукпай угуп турушту, сыягы оор технологиялык процесстерден жакшы кабардар эмес окшойт, болгону С.Жапаров канча көлөмдөгү күчөтүлгөн көмүр колдонуларын сурап тим болду. Канча киши адистик топко тандалып алынганы, алардын бардыгы жеке тааныштык менен келдиби же жокпу - журналисттерге эч ким так айтып бере алган жок. Ири топтон экология, химия жана биология боюнча адистиги жок биртоп адам тоодо эч кандай атайы иш жасабай, жөн эле беркилерди көзөмөлдөөгө экскурсияга баргандай сезим калтырды. Дегеним, маселен экономисттер, кылмыш иликтөө тобунун кызматкери, юристтер кендин өзүндө эмне менен алек болгонун 3 күндө так биле албадык. Комиссиянын корутундусу чыкканда билербиз деп тим болдук.
Иш топтун дагы бир өкүлү "Элдин ырыскысы элге" аттуу Кумтөргө каршы бир нече жолу жол тоскон жана ал иши менен сыймыктанган уюштуруучу Самат Алиев Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын элинин талабы боюнча текшерүү башталганын билдирди. Буга чейинки Райхан Төлөгөновдун комиссиясына да катышып, бирок анда эксперттер акы төлөнбөгөн үчүн иштебей койгонун, ал комиссия ишин бүтүрбөгөнүн, ал эми Эркингүл Иманкожоева уюштурган комиссия жартылай эле иштегенин айтып берди. Бул жолку комиссия чала иштеп, кийинки текшерүүлөрдө кемчиликтери табылса жооп беребиз деп айтуудан негедир баш тартты. Бирок азыркы текшерүүдө мамлекеттик органдардын кетирген каталары үчүн аларды жоопко тартуу аракети болорун баса белгиледи.
Нарын райондук кеңештин депутаты Кылжыров Эсен экологияга зыян келтиргени үчүн Нарын шаарына Кумтөр лаборатория куруп берүүсүн жана акчалай компенсация талабы менен келиптир. Кышкысын дарыя тоңбой, балык азайып жатканына күнөө коет. "Бийлик инвесторлор менен сүйлөшүп алтынды башка жол менен алуусун чечсин, болбосо азыр акчанын артынан түшпөй, ишти токтотуп келечек муунга калтырып кетсек" деген ойдо.
Көз карандысыз экология боюнча эксперт Динара Кутманова С.Жапаровдун жеке чакыруусу менен келгенин айтты. Ишин чындап билген мыкты адис ушундай эле текшерүүлөр Кыргызстандын башка кен иштеткен ишканаларында да болсо, демилге болсо сөзсүз кошулам деген ойдо экен. Учурда аткарылган иштери боюнча төмөнкүлөрдү бөлүштү:
- Тийиштүү документтерди сурап алуу көп убакытты алып жатат. Кумтөрдө да, айлана-чөйрөнү сактоо, көзөмөлдөө жана текшерүү боюнча мамлекеттик органдарда да ишиме керектүү кагаздарды алуу чоң маселе жаратты. Кендин аймагында болсо таштандыларды сактоо жана кенден чыгаруу жөнгө коюлган эмес экен. Эч жерде аймактардын эмне жер экени, свалкабы, полигонбу бир да көрсөткүч жок. Бардык калдыктар аралаш жатат. Биздин айтканыбыздан кийин эртеси иш жыла баштаганын көрдүк. Бирок ал боюнча уруксат берүүчү документтерди бизге көргөзүшө элек. Мамлекеттик текшерүүчү органдарга көптөгөн суроолорум пайда болду. Эмне үчүн 17 жылдан бери ушундай нерселерге көңүл бурулган эмес? Тийиштүү нормативдер, талаптар иштелип чыкканы жок? Инвестор мамлекет берген уруксат кагаздарынын негизинде иштеп жатат, бирок ал формалдуу бойдон калууда. Азыркы иш аяктагандан кийин бир катар мыйзамдарга, нормативдерге өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө демилге көтөрүүнү көздөйм. Анткени Кумтөрдөн башка да көптөгөн ишканаларды тартипке келтирбесек экологиябызга залал тийип жатат. Ар бир адамдын экологиялык маалыматка укугу бар, биздин эл ал укугун ишке ашырышы керек. Маалымат ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш. Бирок ишканалар мындай маалыматтарын ачышпайт. Мен корутундумду комиссия менен иштеп бүткөндө интернет булактарына ачык коем.
Аталган кемчиликтер боюнча Кумтөрдүн адистерине суроо узатып төмөнкүдөй маалымат алдык.
Кумтөрдүн экология боюнча менеджери Эрик Кожомкулов хвостохранилищенин түбүндөгү атайы пленка куюлуп чыккан калдыктар жерди оюп кетпеши үчүн салынып, долбоор боюнча ошондой каралганын билдирди. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттигинин гидрогеология боюнча адиси Сергей Ерохин С.Жапаровдун дамбадан зыяндуу заттардын сарыгып чыгуусун жокко чыгарды. Анын айтымында, дамбанын этегиндеги майда табигый көлмөлөрдөн дайыма суунун курамы текшерилип турат, кендин аймагынан сыртка чыккан бардык сууларда зыяндуу заттардын көлөмү мамлекет койгон нормалардын чегинде. Ушул айтканы боюнча нарындыктардын суунун сапаты боюнча кабатырлануусу негизсиз болуп чыкты. Дарыянын кышкысын тоңбой калышына да ишкана себепкер эмес экен. Көрсө, Кумтөр дарыясына дамбадан тазаланган суу күн жылуу мезгилде, июндан октябрга чейин эле куят экен. Кышкысын болсо эч кандай суу дарыяларга чыкпайт. Нарын өкүлдөрү элди тынччылыкка чакырса болот экен.
Рекультивацияга каралган каражат боюнча Кумтөрдүн өкүлдөрү чынында баштапкы эсептөөлөрдөн азыркы баалар жогорулаганын жана акчаны көбөйтүү орундуу экенин жооп кылышты.
70 фут сайын жердин температурасы жогорулап, мөңгүлөрдүн эриши тездеп жатат деген сөз боюнча түбөлүк муз аймагында, деңиз деңгээлинен 4000 метр бийик турган жерде ал эсеп туура келбегенин илимий булактардан карап билдик. Комиссияны катуу кабатыр кылган, "адам эмес айбанаттар ыйлай турган" (С.Жапаровдун сөзү) дагы бир учур -Давыдов мөңгүсүнүн этек жагында бир бөлүк көңдөй порода (курамында алтыны жок) менен көмүлүшү. Ал иш мамлекет карап берген долбоор боюнча жүргүзүлүп, 2009-жылдан бери андай кылбай калышыптыр. С.Ерохиндин түшүндүрмөсү боюнча мөңгүгө 1 метрден калың жер төккөндө ал кайра эрибей сакталуусуна жардам берет экен. Мөңгүнүн астындагы алтынга жетиш үчүн муз аралашкан жерди кесип, өйдө коюуда көлөмү, андан чыккан суу да өзгөрбөйт экен. Дегеле мөңгүлөрдүн тартылып жатканы көп суроо пайда кылганынан Петров көлүн кошуп өзүнчө макала даярдап берүүнү туура көрүп, келерки санда кеңири бермекчибиз.
Ал эми Д.Кутманованын таштандыларды сактоо боюнча коюлган маселеси туура болуптур. Учурда атайы подряддык мекеме тандалып, иш жүрүп жатат. Кен иштеткен башкаруучулар да буга катуу көңүл бөлүшмөй болуптур. Ал эми сурап жаткан документтердин кеч берилишин ишкана өкүлдөрү 17 жылдан берки документтердин арасынан керектүү кагазды табуу көп убакыт аларын айтышты. Мүмкүн болушунча табылары менен жөнөтүп жатышыптыр.
Депутаттардын бири Барскоон капчыгайында бир эле төрт жалбырактуу тюльпан калыптыр деген сөз таратып жатат. 2 саат ичинде, жолдун жээгиндеги бир эле аймакты текшергенден улам капчыгайдын баарысында өспөй калыптыр деген сөз кандай максатта болду экен? Бир күнкү кичине жерди карап адистер да бүтүндөй аймак боюнча тыянак чыгарбасын депутаттын эсине салсак. Чала угуп элди дүрбөтүүнүн кереги жок. Анын үстүнө комиссия ишин аяктай элек, алдыда дагы көптөгөн ири изилдөөлөр жасалат экен.
Көтөрүлгөн маселелер арасында кендин ишинен чыккан чаңдын кызматкерлердин ден соолугуна тийген таасири бар. Бирок бул боюнча санэпидемиялык кызмат менен профессионалдык оорулар боюнча адистер алдын ала расмий маалымат берүүдөн баш тартышты. Бирок өз ара сүйлөшө келгенде бул жактагы иш шарттары, айлыктары, сыйлыктары дегендей ич күйдүргөндөй эле жолго коюлганын, дарыгерлердин турмушуна салыштырып болбосун, башка ишканаларда мындай тартип жоктугун кобурашты. Түшүнөбүз, кемчилик тапканы чакырылып кайра мактап берүү туура эмес го.
Албетте, толук маалымат, иштегендердин аты-жөнү комиссиянын жыйынтыктары боюнча маалым болот. Бул иш үстүндө көрүнгөн бир сүртүм. Бирок чала угуп таратылган сөздөрдү так айырмалап билүү, эч бир тарапка тартпай калыс пикир түзүү зарыл экенин баса белгилейбиз. Инвестор иштесе да жеринде жашап өзүбүз калабыз. Кумтөрдөн түшкөн каражат чынында өлкө капчыгына орчундуу салым кошуп жатса да экологияны көздүн карегиндей сактоо эң биринчиден кыргызстандыктардын, эл ишенип бийликке койгон чиновниктердин милдети. Бирок инвесторлорду ашыкча коркута берсек өз күчүбүз менен алтынды каза албайбыз. Ишеничтүү айтып жатканым, Макмалдын жүз миллион чыгаша менен иштегенинен улам. Садыр Жапаров башында Акаев менен Танаев, кийин Бакиев менен Үсөновдор өлкө кызыкчылыгын толук көздөбөгөн келишим түзүп кетишкен дейт. Балким бул иш-чаранын аркасында Кыргызстан кирешенин азыркыдан көбүрөөк бөлүгүн алуусу чечилет. Бирок азыркы киреше кандай пайдаланып жатканын эл так билбейт да. 17 жылдан берки казынага түшкөн акчанын жалпы көлөмүн, ал кайда жумшалганын айтышса ашыкча болбос. Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна Кумтөрдөн жылына 10 млн. доллардай акча ошол эле Жапаровдун айтканындай тойлорго, машине оңдогонго, тетик алганга деп сарпталып кетип атканын неге эч ким комиссия түзүп көзөмөлдөбөйт? Мурдакы текшерүүчүлөрдү жеке кызыкчылык үчүн иштеген деп баа берген азыркы текшерүүчүлөр андай жолго барбайт, кен өндүрүү тармагын ушунун шары менен толук тартипке сала алат деп ишенгибиз келет. Өз чөнтөгүмөн акча чыгардым деп айткан депутаттын сөзүнө каршы "бизге эч ким акча убада кылган эмес, патриоттук сезим менен гана акысыз иштеп берип атабыз" деген эксперттердин сөздөрү бир аз кабатыр кылат. Неси болсо да иштин жыйынтыгын күтүшүбүз керек.

Нуржан АЛЫМКАНОВА, сүрөттөр М.КИМСАНОВДУКУ