mainkaptal

Гезит, макала, архив, 2007,2018

Владимир Путин Кыргызстандагы Путин чокуга келет



Президент А.Атамбаев жума башында Москва шаарында жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин бейформал жыйынына катышты. Ага Кыргызстандан башка Россия, Беларус, Казакстан, Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери барышкан.
"Старшый брат" Владимир Путин жыйында жамааттык коопсуздук келишими уюмунун макамы жыл сайын өсүп атканын, ал өзү жоопкер аймакта коллективдүү коопсуздукту камсыздоонун эффективдүү аспабы болуп каларын айтты.
Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен жекече жолугуп, анын Россиянын президентинин кызматына киришүүсү менен куттуктады. Жолугушуу учурунда президенттер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун маанисин белгилешти. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди расмий визит менен Кыргызстанга келүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды.
Президент А.Атамбаев менен Россиянын өкмөт башчысы Д. Медведевдин жолугушуусунда акыркы кезде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүп бара жаткандыгы белгиленди.







Warning: include(0518.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0518_1.htm on line 35

Warning: include(0518.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0518_1.htm on line 35

Warning: include(): Failed opening '0518.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/12/0518_1.htm on line 35





??.??