presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жакында Ысык-Көл облусунун
Жети-Өгүз районундагы Барскоон жана Тамга айылындагы көлдүн жээгин Эшмамбет Кендирбаев атындагы мектептин окуучулары тазалап, ишембилик өткөрүштү. Негизи көлдүн бул тарабында пансионаттар көп болбосо да, жайкысын туристтердин, эс алуучулардын саны көп. Бул акцияны "Тынчтык" коомунун волонтеру Жоана Аусен уюштуруп "Кумтөр Оперейтинг Компани" жана "Чабандын изи менен" туристтик компаниялардын колдоосу менен өткөрүлдү. Көлдүн жээгин тазалоо менен бирге токойлорго көчөт тигүү акциясы да өттү.

Көлдө тазалык жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү



Тамга айылы менен Барскоондун ортосундагы көлдүн жээгин тазалашкан мектеп окуучуларына күн мурунтан семинар өтүлүп, экологияны кантип сактоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Көлдүн жээгиндеги таштандыларды тазалоо акциясынын катышуучусу "Чабандын изи менен" туристтик компаниянын менеджери Гүлмира Тынаева айым төмөндөгүлөрдү айтып берди:
- Негизи мындай акцияны жыл сайын өткөрүп, көлдүн жээгин тазалайбыз. Жерибиз, көлүбүз таза болуш үчүн элдин, эс алуучулардын маданиятын өстүрүшүбүз керек. Тилекке каршы, экологияны сактап, көлүбүздү барктоо элибиздин аң-сезимине анча кире элек. Мындай нерсени бала бакчадан баштап тарбиялаш керек. Бул акцияга катышкан балдар деле ата-энелерине, улууларга жерибизди таза кармап, таштанды ыргытпашыбыз керек десе чоңдор да уялып, угуп калышат. Андан тышкары биз экология системасын окутууну өзгөртүшүбүз керек. Мектепте экология деген сабак бар. Бирок бул сабакта абанын, топурактын, жердин курамы мындайдан турат деген сыяктуу дүйнө таанымын гана окутушат. Ал деле керек дечи, бирок экологияны бузбай сакташ үчүн эмне кылышыбыз керек деген сыяктуу негизде окутушубуз керек. Биз семинар өткөргөндө окуучуларга өзүбүздүн жерибиздеги таштандыларды тартып алып слайд-шоу көргөзсөк, балдардын баары күлүп, бул желим целлофан жеп аткан менин уюм, таштандыда жаткан менин итим, биздин айыл аябай кир турбайбы деп жаман болушту. Бул көрсөтүү абдан таасирдүү болду. Ошондой сүрөттөрдү тартып коомдук жайларга чаптасак, балким элдин көз карашы өзгөрөт беле деген ойдобуз. Айыл өкмөт менен чогуу иштешсек жакшы болмок. Бирок айыл өкмөттөн кызыгуу азыраак болуп, биздин экологияны коргоп, тазалыкты сактайлы деген демилгебизди эмнегедир колдобой атышат.
Барскоон айылына эки жыл мурун АКШдан келген волонтер Жоана Аусен да четте турбай акциянын активдүү катышуучуларынын бири болду. Ал эки жылда кыргызчаны үйрөнүп, айыл жериндеги карапайым кыргыздар менен жашап, иштеп, алар менен тажрыйба алмашып жүрүптүр. Ал акция тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:
- Кыргызстан абдан кооз жер экен. Өзгөчө арчалуу бийик Барскоон тоолору, жаратылышы, туптунук болгон көлү жакты. Бирок Кыргызстанда таштанды көйгөйү абдан чоң. Бүгүн окуучулардын таштандыларды тазалаганы бул көйгөйдүн алдын алуу деп ойлойм. Америкада таштандыларды тазалоо үчүн атайын ураан жазып алып, ошонун алдында иштейбиз. Кыргызстандагы окуучулар да ушул сыяктуу ураандын алдында иштеш керек. "Кумтөр Оперейтинг Компани" да каражат жагынан жардам бергени жакшы болду. Кечээ күнү Кумтөрдөн семинарга атайын эколог келип балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мен май айынын башында үйгө кетем. Кыргызстандын эли меймандос экен, жагымдуу таасир калтырды. Балким кийинчерээк быякка волонтер эмес, эс алуучу катары келип калышым мүмкүн. Ошол учурда кыргыз элинин тазалыкты сактоо боюнча ою өзгөрүп, көлдүн жээгин таза кармашат деп үмүттөнөм.
Мектептеги жаштар тазалыкты самашат
Окуучулар көлдүн жээгиндеги чогулган таштандыларды бөлүп, желим бөтөлкөлөрдү өзүнчө, кагаздарды, чүпүрөктөрдү, сынган айнектерди өз-өзүнчө чогултушту. Чогулган желим бөтөлкөлөрдү ошол райондо бир дүкөн кабыл алат экен, аларды өткөрүп, калган таштандыларды өрттөйбүз деп пландашты. Жыл сайын ушул жээктеги бардык таштандылар чогултулуп, тазаланат. Колуна баштык көтөргөн окуучулар таштанды терип жүрүп колун айнекке тилдирип алса, кокустан жылан чагып алса, ушул сыяктуу кырсыктардан кантип сактаныш керектигин үйрөтүп, коопсуздукту сактоону да окутушкан экен. "Бул өзүбүздүн жер, өзүбүздүн көл. Биздин жерибизди бөлөк, таза мамлекетке эч качан алмаша албайбыз. Ошондуктан өз жерибизди сактап, тазалап, экологиясын коргошубуз керек. Биздин жерибизди, көгүлтүр көлүбүздү эч ким талаша албайт. Үйгө барганда ата-энеңерге, бөбөктөрүңөргө, кошунаңарга, жерди, көлдү булгабагыла деп айтып, тазалык тууралуу маалыматты таратышыбыз керек" дешет акциянын катышуучулары.
Колуна кара баштык көтөрүп, жердеги таштандыларды дыкаттык менен тазалап жүргөн 8-класстын окуучулары төмөндө-гүлөрдү айтышты:
- Албетте, жаратылышты сактап, экологияны бузбашыбыз керек. Шыпырган жер таза эмес, булгабаган жер таза дегендей, өзүбүз тазалыкты сактап, булгагандарга айып салып же уяткарсак мынчалык таштанды чогулмак эмес. Чындыгында бул жердеги таштандыны өзүбүз эле калтырабыз,таштайбыз, кайра артыбыздан жыйнабайбыз. Жайкысын быякка эс алгандардын баары булгап кетишет. Эс алганы келгендерге таштандыны таштабагыла деп айтууга укуктуубуз. Бирок дайыма эле алардын артынан жүрүп айта албайбыз. Негизи аларга таштандыны ыргытпагыла, калтырбагыла деп ураан жазып койсок жакшы болмок,- дешет кейип.
Отузга чукул чогулган чоң баштыктардагы таштандыларды кайда алып кетесиңер деген суроого акциянын уюштуруучулары төмөндөгүдөй жооп беришти:
- Бул жерде пластик бөтөлкөлөр абдан көп. Аларды ушул айылда кабыл алат деп укканбыз, ошол жерге беребиз. Ал эми кагаз сыяктуу башка майда таштандыларды өрттөш керек. Башка жол жок. Негизи биздин Кыргызстан боюнча таштандыларды жоготуу маселеси курч алып атат. Биз таштанды маселесин азыртадан ойлобосок, Индия мамлекети сыяктуу таштандыга чулганган кир өлкөнүн кейпин кийебиз. Чындыгында биз азыр ошондой жолго бараткандайбыз. Таштанды тууралуу эч ким ойлонбогондой. Мурун эле бул жер булганып жаткан, мен деле булгай берсем болот деген түшүнүк менен жашашат. Мындай ойдон арылып, муну мен тазалашым керек деп ар бир жаран ойлонушу шарт. Ошондо гана жакшы жыйынтык болот. Негизи бул көлдүн жээги жылына бир эле жолу тазаланат. Азыр таштанды ташуучу унаа жана көлдүн жээгине атайын таштанды салчу контейнерлерди коюну пландап атабыз. Биякта таштанды боюнча көйгөй көп. Кээ бир жерлерде таштанды салчу контейнерлер жок. Ал толсо аны ташып алып кетчү унаа жок. Ошол таштандыларды кайда алпарып төгүү керек деген да көйгөйлөр бар. Аларды уюштурсак муну ким каржылайт деген суроо жатат. Ушунун баары ойлонулуп, колго алыныш керек. Быякта пансионат жок, бирок жайкысын эс алуучулар көп келишет. Келген эс алуучулар кир пляжды көрсө, аны таштап улам тазасын тандап, өздөрү ошол жерди булгап кете беришет тилекке каршы. Ошол кир пляжды тазалап, жыйнап коелу деген элдин аң-сезиминде ойгонбой атат.


Жаңыланган токой, көчүрүлгөн көчөт
Барскоон айылы токойлуу, кооз тоолорго бай. Ал жердеги тоолордо көз жоосун алган арчалар, карагайлар өсүп турат. Жети-Өгүз токой чарбасынын Барскоон токоюна да 110 түп көчөт отургузулду. Токойдун бир тал чырпыгын чыгарбай, көздүн карегиндей сактаган токойчу Алымбек КОНОБАЕВ төмөндөгүлөрдү айтты:
- Жергиликтүү элдин колдоосу менен жайыт жерлерди ээн калтырбай сактап калуу максатында көчөт отургузуп атабыз. Антпесе токойго эс алганы келген эл унаасы менен жайыт жерлерди бузуп атышат. Биз көчөттөрдү кыдырата отургузсак, машине жээгине токтоп, эл эс ала тургандай шарт түзүлөт. Антпесе машине өтө берип жол салынып калды. Быйыл биринчи кадам болуп атат, кийинки жылдары да көбөйтсөкпү деген ой бар. Бул токойдо Шаркырак деген капчыгай бар. Ал жерде дагы бир кичирээк шаркыратмадагы тоодон аккан суу чөйчөктөй жерге куюлат. Ошол чөйчөктү Эр Табылдынын чынысы деп коюшат. Бул жердеги жаратылыштын сулуулугуна суктанып, көрүү үчүн жайкысын эс алуучулар абдан көп келишет. Атайын боз үй тигип, кымыз бышып, бээнин сүтүн, сүт азыктарын даярдоо кызматтары иштейт. Бул жерде биринчи космонавт Юрий Гагариндин эстелигин тургузганбыз. Себеби космоско учуп Ысык-Көлдү көргөн киши биздин көлдөн кадимкидей нур чачырап турганын байкашат экен. Космос мейкиндигине чыгып келген космонавт сөзсүз Кыргызстанга Ысык-Көлдү көрүү үчүн келет деп айтышат. Юрий Гагарин да атайын Ысык-Көлдү көрүш үчүн келиптир.
Акыркы мезгилде тилекке жараша Кыргызстандын эли жаратылышты коргоону түшүнө башташты. Эгер бул жактан мыйзамсыз көчөттөр уурдалып же кыйылса айып төлөшөт. Ошондуктан атайын жаңы жылга балаты жана эл короосуна өстүрүш үчүн көчөттөр тигилип, питомниктерде даярдалат. Бул жерге тигилген көчөттөрдү лесхоздон жардам иретинде айылдын тургундары менен биргеликте колго алдык. "Кумтөр Оперейтинг Компани" болсо бардык техникалык чыгымдарды каржылаган.
Ысык-Көлдүн жээги тазаланып, токойго жаңы көчөттөр тигилип, элдин маанайы көтөрүлгөнү алардын жүздөрүнөн байкалып турат. Эгер квартал сайын тазалоо иштери жүргүзүлүп турса, жерибиз көрктөнүп, бейиштин төрүнө айланарына көзүбүз жетет.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА












??.??