presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кечиккен балмуздак, коюндашкан жалгыздык, сызылган тизме жана жандүйнө кыяматы


Кыямат
Балдарым:
- Быйыл 2012-жылы 21-декабрда акыр кыямат болот экен, эми эмне болобуз? - дейт...
- Эл эмне болсо ошол болобуз, эл менен кошо көргөн апаат да той, - дедим...
Мага бул сөздү таенем айткан.
Балмуздак жана балалык
Аялдама четинде турган автоунаадан чыккан эр ортонунан өткөн такси айдаган бир киши күркөгө атайын басып келип тандап балмуздак сатып алды да, машинесине келип отуруп жаш баладай рахаттанып жей баштады. Анын балмуздакты ушунчалык берилүү менен жеп атканы чынында эле сырттан караган адамдын күлкүсүн келтирет. Эби, сыны кеткен эрини жаш баланыкындай чормоюп, ансайын итиркейди келтирип жарашпай, калайдан, сары темирден аралаш салынган жасалма тиштери балмуздак жегенге такыр коошпой турду. Албетте, балмуздакты бардык курактагы адамдар жесе болот. Бирок менимче бул курактагы кишилер балдарынын же неберелеринин жанында эч качан минтип балмуздак жемек эмес. Алар жедирбейт дагы. Мисалы, менин балдарым менин деле балмуздак, кээде шоколад жегим келерин элестете алышпайт. Бечара киши жалгыз отурганда бир жолу балмуздак жеп, өзүнүн тээ алыста калган балалыгын эстегиси келди го. Же бала кезде балмуздак жебей калгандыр...
Таңкы периштени күтүү
Бала кезде таенем таңкы саат 5-6да эле "балам, тур, төшөнчүңдү жыйып, бети-колуңду жууп, эшик-эликке чыгып уйкуңду ач, азыр периштелер ырыскы чачат, андан куру калба" деп өзү менен бирге мени да кошо тургузуп алчу. Акылыма кире электе чындап эле периштелер келсе бир чоң жакшылык болчудай күтүп, анан эч ким келбегендиктен "кана периштелериңдин келгени" деп далай жолу чыр салгам. Бирок бара-бара таңкы саат 5-6да туруу адатка айланып, мектепке чейин айылдын бүтпөгөн түйшүгүнө кол кабыш кылып (кышкысын мал жайлап, жайкысын чөп чаап, картошка, жүгөрү түптөп) жүрсөм, (чын эле таенем айткандай, эртең менен эрте туруп жумуш кылсаң бирөө кылып бергендей болуп калат), университетте окуп жүргөндө сабак башталганга чейин курсакты кенен тойгузуп, (албетте жей турган бирдеме болсо) сабакка даярданып, ал эми азыр жумушка жөнөгөнгө чейин жөжөлөрүмө жем берип, жаңы тиккен көчөттөрүмдү бир сыйра карап чыкмай адатым бар. Айрыкча мени көрсө энесин көргөндөй сүйүнүп, айланчыктап, кичинекей калак буттарын кыйналып шилтегенсиген майпаңдаган каздын балдарын кызыгып карагандан жадабайм. Баса, өзүм атайын байкабайын десем да көңүлүмдө таңкы периштелерге болгон баягы күтүү жашап жүргөнсүйт...
* * *
Карап турам телмирип, көз чаптырып




алыска,
Качан түшкөм, оо мезгил, сени менен



жарышка?
Чытырман жыл артымда, а астымда



мунарык,
Чыркыраган күндөрүм каяктадыр калууда.


Батып оор санаага, чыгам жалгыз көчөгө,
Бакыт кайда, бир кезде мен издеген көшөрө.
Кайда калды адашып, карагат көз ошол кыз,
Каректерин жандырып айрылбайбыз дечү




эле...
Кагазымды барактайм, алаксыйм деп иш



менен,
Бирок оюм талаалайт, санаа басып бүтпөгөн.
Карегимди жаш чайып, карайм алыс



жактарды,
Кайда бакыт, кайда азыр мен бир кезде



издеген?
Эски тааныш жалгыздык
Кайрадан баягы коюндашкан, моюндашкан эски таанышым - жалгыздыкты көздөй жөнөдүм. Дайым эле башыма иш түшкөндө ушинтип жалгыз калам. Бул жолку сокку оор болду. Түшүм жаман эле. Бир сазга батып калып эле чыга албай кыйналып, жанталашып, кара терге түшүп аткам. Аңгыча эле телефон чыр деди. Түн ортосу окшойт. Иним экен. Коркуп кетип тирүүсүңбү десем, "ооба" деди, эч кимди өлтүргөн жоксуңбу десем, "жок" деди, анда калганы эч нерсе эмес, айта бер деп коюп телефонго кулак төшөдүм… Аттиң ай, жөлөгүм, бөбөгүм сегиз айыңда сен, төрт жашымда мен жетим калып, эчендеген азаптарды жеңип жанталашып жүрүп киши болуп эми эле курсагыбыз кенен тое баштады эле го, жаным керекпи алчы, бирок менде каяктагы... деп келатып кайра токтодум. А мейли, болору болуптур... азыр урушканга болбойт... эркектер үчүн чечилбей турган маселе жок, коркпо, бүтөт дедим. Ошондон бери уйкусуз түндөр башталды. Жандүйнөм кайрадан кыяматка туш болду. Кайрадан жалгыздык. Туруштук берер бекем...
Сен деле бышкан алмасың, мен деле бышкан алмамын…
Пендечиликте кызык нерселер көп. Бир маселе боюнча талашып-тартышып же урушуп атканда ар бирибиз өзүбүздүн ошол маселебиз менен эле мамлекеттик, андан арыласак бүт дүйнөлүк проблемалар чечилип кетчүдөй чын дилибизден берилип кетебиз. Сөздөн сөз чыгып, бири-бирибизди кемсинтип, ызалантабыз. Ошентип атып эмне маселеден улам пикир келишпестик пайда болгонун деле унутуп калабыз. Бирок ыр-чырыбыз тереңдеп, бутактанып кете берет. Өзү адамдын психологиясы ушундай турбайбы. Кашайып, мындай акылсыз, максатсыз талаш-тартыштар мамлекеттик массштабда да кайталанып келет. Мисалы, оппозиция менен бийлик - канткенде мамлекет өнүгүп, эл жакшы турмушта жашайт деген гана бир эле маселенин тегерегинде кырды бычак болуш керек эле. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Бизде оппозициясы да, позициясы да мен көргөн жыйырма жыл аралыгында негизги маселеден четтеп, болгон айла-амалы менен бири-бирин көрдөн алып жерге, жерден алып көргө чабуу менен эле алектенип келатат.
Төшөккө карап бут сунбайлыбы
Дүйнөлүк масштабдан карай турган болсок биздин мамлекет аябай чакан, анан өтө эле алсыз. Элибиз аз. Анын ичинен кыргыз тилдүүлөр болгону 2 млн. адамга араң чамалайт деп жүрүшөт. Эми ушундай бир ууч элдин арасынан чыга калып эле кыргыз эл артисти, жазуучусу, акыны деген наамга жулунуп, эстрада жылдызымын деп ойкуп-кайкып, болбосо эл депутатымын, же мен деген министрмин деп манчыркап жүргөндөргө күйөм. Башкасын мындай кой, биздин № 1- адам болгон президентибиз килейген, кубаттуу өлкөлөргө салыштырмалуу жөн эле бир айыл башчысы. Бай, биттин ичегисине кан куйган ишкер деген Бабановуңар деле дүйнөлүк чектен алып караганда бир бечара. Ал эми чыгармачылык боюнча жалгыз бычакка сап Чыңгыз Айтматов агабыз өтүп кетти, азыр "мен гениймин" деп жер баспай жүргөн кыргыздын чыгармачыл интеллигенциясын жыйып барып Европаны, Американы мындай кой, жакын турган Россияга алпарып койсоң 99 пайызы эч ким болбой калат. Аларды 2 млн.го жетип- жетпеген кыргыз эле билет.
Ошол эле учурда саясатта же чыгармачылыкта эл үчүн иштейм деп өз арабасын тартып келаткан бечаралардын кемчилигин айткыла, бирок тоскоолдук кылбай эле койгула. Ал байкуш килейген бакубат өлкөнүн, миллиарддаган элдин президенти же ырчы-чоорчусу болоюн деп атат дейсиңби. Алар бактысыз, шордуу мамлекеттин шоркелдейлери.
Качан 5 миллиард кыргыз болобуз, ыя?
Мен Көлгө, Ошко, Нарынга, Аксыга, Таласка баратканда жол боюндагы бош жаткан жерлерди, адамдын колуна муктаж болгон боз чалган талааларды карап баратып, элим көбөйсө, ушу жерлер өздөштүрүлсө, кыргыз жерге батпай аскалардын бооруна чейин үй салган мезгил келсе деп кыялданам. (Азыр кээ бир айыл өкмөттөрдө кокуй, тургундарга бергенге жер тилкеси калбай баратат дешет, ылайым эле ошондой болсун, бирок жер кенен, пейилди тарытпагыла). Мисалы, Каркырабыздын казактар "жеп" кеткенден калганына дагы 2 млн. кыргыз отурукташса болчудай экен. Андан сырткары Суусамырдын көз кайкыган айдыңына шаар салганга неге болбосун? Буюрса 30-40 млн. калкы бар, күчтүү өлкө боло турган да күн бардыр. Акын Кыялбек Урмамбетов айткандай,
"Кыргызстандын аянты кичинекей болгону менен жери кең. Тактап айтканда, бырыш-тырышын (тоолорун, кокту-колотун) үтүктөп жайып ийсек бүтүндөй Европаны каптап калышы мүмкүн". Батабыз баарыбыз, батпай калсак дүйнө кенен, ансыз деле аалам кезип кетпедикпи.
Бир көзү күлүп, бир көзү ыйлап турган Ташиев
Айтылуу ырчы Сыймык Бейшекеев 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин эки элди ынтымакка чакырып Ош, Жалал-Абад шаарларында эл менен жолугуп, концерт коюп жүрүп келгенден кийин, достор менен отуруп "мен эч кимге жан тартпайм, бирок Ошто жүргөндө Камчыбек Ташиевдин чыныгы мекенчил экенине ишендим. Сахнада мен мекенчилдик духтагы ырларды ырдап жатсам Камчыкенин бир көзү жанып, шерденип, эл, жери үчүн жанын бергенге даяр болуп турса, бир көзү ыйлап турду" деп айтты эле. Кийинчерээк мен да кокусунан бир кечеде мекенчилдик тууралуу "Падыша эл" деген ырымды окуп сахнадан түшүп келатсам Ташиев ордунан туруп келип колумду кысты. Албетте бул жеке мен үчүн жагымдуу окуя. Бирок кеп мында деле эмес. Айтайын дегеним, эзелтен элин, жерин чындап сүйгөн, ага күйгөн баатырдын бир көзү күлүп турса, бир көзү ыйлап турат деген сөз бар.
"Бул менин сага берген карызым..."
Бирде ооганстандык, бирде кытайлык, бирде памирлик кыргыздардын көйгөйү менен алектенип, аларга реалдуу жардам берип келаткан "Аалам кыргыздары" журналынын башкы редактору, ишкер Акылбек Атабаевдин жасап келаткан иштерин баарыбыз эле угуп, билип жүрөбүз. Жакында Акылбек мырза менен мен фейсбукта маектешип атсам ал мага 1990-жылы С.Петербургда окуп жүргөндө азык-түлүк алуу талон менен болуп калган кезде нан жок, кичинекей бала менен үй-бүлөсү кыйналып турганда көчөдөн тааныбаган киши жолугуп, анын студент экенин байкап, чөнтөгүнөн ошол кездеги короо шыпыргычтын бир айлык акчасынын жарымын сунганын, Акылбек байке ал акчаны "бул сумма мага көп, алалбайм" деп кыйылып турганда тиги киши "бул менин сага берген карызым, аны өзүң бутуңа тургандан кийин муктаж адамдарга жардам берсең ошондо менден кутулган болосуң" дегенин айтып берди. Албетте андан бери далай суу агып, Кудай колдоп, ошол жолуккан киши айткандай, Акылбек байке маңдай тери менен бутуна туруп, учурда көзү чачыраган көптөгөн чыныгы муктаждарга жардам берип келатканын билебиз.
Көрсө мээрим мээримди ойготот тура. Албетте бирок бул деле ошол адамдын өзүнүн адамдык сапатына байланыштуу болот эмеспи. Негизи эле ар кандай себептерден улам кыйналып турган адамдардын баарына жакшылык кылганга не жетсин. Жараткандан андай иштерди жасоого мүмкүнчүлүк беришин сурайлы.
Зайырбек АЖЫМАТОВ














??.??