presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Кечээ коомдук ишмер, саясатчы, "Замандаш" партиясынын негиздөөчүсү Мухтарбек Өмүракуновдун кичи мекени Ат-Башыда жылдыгы өтүп, анда райондун борбордук көчөсүнө ысымы ыйгарылды. Жыйынга маркумдун айылдаштары, республиканын бардык аймагындагы санаалаштары, алыстагы мигранттар катышып, эл уулун эскеришти. Айыл аксакалдары Мухтарбектей асыл уулдун жасаган иштерин даңазалашып, анын элесин өчүрбөй алып жүрүүнү кийинки муундарга тапшырышты.

Анын иштери улантылат


Алгач сөз алган Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков бул жоготуу теңир-тоолуктар үчүн гана эмес, жалпы кыргыз эли үчүн оор болгонун, биргелешип Нарын өрөөнүн көтөрөлү, социалдык жашоосун жакшырталы, жумушсуздукту азайталы деп жардам берүүнү көздөгөндөрүн айтып, "райондун борбордук көчөсүнө атын бергенибиз - элесин өчүрбөгөн саамалык, бирок бул Мухтар агадай эл уулу үчүн да аздык кылат. Мухтар бизге, элге кызмат кылды эле, биздин кызмат атын өчүрбөй, ишин үлгү тутуп, элесин аздектеп жүрүү" деди.
Ат-Башы айылынын ардактуу аксакалы Дүйшөк Термечиков Мухтарбектин жасаган иши орто жолдо калбасына ишенерин айтып, артында калган санаалаш замандаштарына ишин уланткыла айланайындар деп суранды. "Мухтар уулубуз теңир-тоолуктарга эле эмес жалпы Кыргызстанга жардам берип, жеңил өнөр жайын бутуна тургузуп, мигранттарды колдоп, эл үчүн иштеди эле. Мындай улуу иштердин башында Теңир-Тоонун кулуну турганы бизди сыймыктандырат" дейт Дүйшөк аксакал.
Ал эми Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Канат Карабаев аксакал "Мухтарды жок дебейли, ал арабызда. Анткени анын элим деп соккон жүрөгү, жерим деп күйгөн руху баарын көрүп-билип турат. Айрыкча чет жердеги кыргыздарга чоң таканчык эмес беле. Мухтар элине ак кызмат кылды, эми акыретке кеткенинде биз ага кызмат кылалы. Ага кылган кызматыбыз - Мухтардай балдарды тарбиялайлы. Жаштар, Мухтарбектей тарбиялангыла, анын баскан өмүрүнөн үлгү алгыла" деп аксакалдык батасын берди.
Россия, Казакстандан келген санаалаштары да сөз алышып, Мухтардай опол тоосунан айрылган мигранттарга чоң жоготуу болгонун, сырттагы мигрант достору анын ар бир ишин аздектеп улантышарын, мигранттардын атасы болгон Мухтар ар биринин жүрөгүндө түбөлүк каларын айтып өтүштү. Эскерүүнүн соңунда маркумдун туулуп өскөн айылы Калининдеги мүрзө башына барып куран түшүрүштү.
Эмилбек Өмүракунов, Мухтарбектин агасы: - Мухтардын ысымы Ат-Башынын борбордук көчөсүнө ыйгарылып атканы - бул да болсо жердештеринин ага болгон сый-урматы, ызаты деп түшүнөм. Инимдин баштаган иштерин колубуздан келишинче улантабыз. Бүгүн Мухтарды эскерүүгө түндүк-түштүк дебей, Россия, Казакстандан бери замандаштары келип отурушат. Мухтар баштаган иштер - жалпыбыздын ишибиз. Анткени менен иним кыргыз эли өнүп-өссө, бакубат турмушта жашаса деген ийги иштердин башында болду. Ал иштер мындан ары да улантылат.

Олжобай ШАКИР




Абдималит ЖУМАШЕВ:

"Саясатты билгени, билбегени деле жаза берет"



Технология өнүккөн сайын кааласак-каалабасак да коомго ыкчам маалымат жеткирген телерадио, интернет сайттары акырындап рыноктон гезит, журналдарды сүрүп баратат. Ай сайын эмес, саат сайын Кыргызстандын медиа чөйрөсү жаңы маалымат агенттиктери жана интернет сайттары менен да толукталууда. Алардын көпчүлүгү негизинен күндөлүк жаңылыктарды чагылдырууга ыңгайлашып, маалымат мейкиндигинде күчтүү атаандаштык орун алгандыгы айтыла баштады. Биз ушул жана башка маселелер боюнча "Жетиген" журналынын негиздөөчүсү жана башкы редактору Абдималит ЖУМАШЕВ менен маектештик.

- Абдималит мырза, журналист катары кыргыз гезиттеринин азыркы абалы, бири-бирине коендой окшош гезиттердин көбөйүшү тууралуу эмне дейсиз? Рыноктун шартында журнал деген өзүн актайбы?
- Чынында азыркы доордо гезит-журналдардын жашап кетиши өтө кыйын. Ошондуктан далай гезиттер жабылып, далайлары кайра пайда болуп турушу көнүмүш адатка айланып калды. Жаңы гезиттерди көпчүлүк окурмандар тааныбай аттарын чаташтырышат. Мурун гезиттер аз эле. Ошого байланыштуу эл гезиттердин аттары турмак, алардын чыга турган күнүнө чейин билишчү. Анан калса азыр гезиттердин баары эле билсе да, билбесе да саясатты жаза беришет. Жазылган материалга коомчулук кайдыгер. Бир кезде теледе жакшы бир берүү көрсөтүлсө бүтүндөй өлкө "дүң" дей түшүп, гезиттерде бир өзгөчө макала жарык көрсө шыпшынып кеп кылышып, коомчулукта бир кыйлага чейин сөз болчу. Айрым бир журналисттик материалдар 90-жылдардын ортосунда деле саясый "аба ырайына" таасир эткен учурлар болгон. Азыр болсо кээ бир гезит беттериндеги абдан таамай жана курч жазылган макалаларды окуп калабыз. Бирок ага карата коомчулук көңүл буруп, резонанс болгон учурлары аз. Демек, коом маалымат агымынын көптүгүнөн же ага карата ишенбестиктен улам орчундуу маалыматтарды деле көңүл сыртынан кетирип жатса керек.
- Сөз эркиндиги тууралуу эмне дейсиз? Азыр Кыргызстанда гезиттер эркинби?
- Чү деген эле жерден айтарым, эч качан абсолюттук эркиндик болушу мүмкүн эмес. Эркиндикти да туура пайдаланыш керек. Журналист укугун билгендей милдеттерин да билген оң. Менимче азыр жогорку бийлик тараптан басма сөзгө кысым жок, бирок кандайдыр бир деңгээлде кызматта отурган кайсы бир чиновниктин жеке аракетинен улам журналисттерге акча төлөп, аларды көз каранды кылууга болгон аракеттер бар. Азыр айрыкча гезит, журналдар каржы булактарынан көз каранды болуп калды. Анткени бизде окурмандар рыногу өтө эле аз, гезит, журнал басуу кымбатка турат. Алардын өздүк наркынын дээрлик 70%ы сырттан келген сырьёдон куралат. Бийликтин атайын кысымы жок дегеним, акыркы эки жылдан бери Кылмыш кодексинен калемгерлерди макаласы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна жол ачкан берене алынып салынды, башкы телеканал коомдук каналга айландырылды, гезиттердин саны көбөйдү.
- Ошондой шартта түстүү журнал чыгаруу өзүн актайбы?
- Чынында журналды чыгаруу тозоктун иши. Бирок азыр биздин журнал өзүн-өзү толук актап, кээ бир чыгымдарыбызда да жаба баштады. Бул да болсо өзүбүздүн аракетибиз. Учурда биз менен ири компаниялар иштеше баштады. Буга чейин журналдар Бишкектин тегерегинен чыкчу эмес эле. Азыр өлкөгө текши тарап, учурда биздин окурмандарыбыз элеттиктер.
- Саясатты жазбай да журнал чыгарса болобу?
- Биздин журнал көп тармактуу коомдук басылма. Саясатка аралашпай эл окуй турган темаларды чагылдырууга аракет кылабыз. Бул жерде бөбөктөн баштап токсонго чыккан аксакал да окуй турган материалдар бар. Биздин журналдын окурмандарынын саны көбөйүп баратканы да ушу көп тармактуу болгонунан улам го деп ойлойм. Каржылык жактан бир дагы саясатчыга көз каранды эмеспиз. Өзүбүздү өзүбүз гана каржылайбыз.
- Там-туң басып калган экенсиңер…
- Өткөн жылдын май айында журналыбыздын биринчи санын чыгарып, тушоосун кестик эле. Ага кыргыз эл баатырлары, кыргыздын көрүнүктүү инсандары келип ак баталарын берип кеткен. Ошолордун батасы тийип жакшы ийгиликтерге жеттик. Эми бир жашка чыкканыбызды да белгилеп, мындан ары да сапарыбыз байсалдуу болсун деген максатта кийинки жумада улуттук филармонияда кыргыздын таланттуу уул-кыздары менен бирге окурмандарыбызды, кесиптештерибизди, тилектештерибизди чогултуп жакшынакай концерт берип коелу дедик.
Зайырбек АЖЫМАТОВ












??.??