presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



КР эмгек сиңирген артист Темирлан СМАНБЕКОВ:

"Бөбөктөрдүн руханий


дүйнөсүн азыктандырууга үлгүрбөй атабыз"


Бишкек шаарындагы Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында бөбөктөр үчүн жума сайын кызыктуу оюндар көрсөтүлөт. Бул театр жакшы ийгиликтерге жетип, чет өлкөдөн баш байгелерди утуп келгенин директору, КР эмгек сиңирген артист Темирлан СМАНБЕКОВ айтып берди. Темирлан мырза театрдагы иш-чаралар менен катар өзүнүн чыгармачылыгын да айтып өттү.


- Биздин театр жакында Тажикстанда өткөн үчүнчү эл аралык куурчак театрлардын фестивалына катышып, жакшы ийгилик менен келди. Ал жерге он республиканын куурчак театрлары катышкан экен, биздин "Достор" деген спектаклди өзгөчө белгилеп мактап атышты. Биздин театр илгертеден келаткан салтты бузбай көрсөткөнүбүз менен өзгөчөлөндү. Илгери көшөгөнүн артында куурчактарды сүйлөтүп ойнотсо, ал ыкма акыркы кезде жоголуп, азыр колуна бирдеме кийип алып, же колуна куурчакты кармап көрсөтүү методун колдонуп атышпайбы. Көрүүчү балдар мындай учурда актерду же куурчакты карарын билишпей, баштары айланат. Салттуу куурчак театры көшөгөнүн артында ойнолушу шарт. Биздин театр ошол салтты жоготкон эмес. Ал жактан эки жакшы нерсе жасадык. Биринчиден фестивалга катыштык, экинчиден, биздин театрдын өзгөчөлүгүн жактырышып, Душанбе шаарында бир жума бою оюн көрсөттүк. Бир жума гастролдоп, барып келген чыгымыбызды чыгардык. Анткени өкмөттөн фестивалга барабыз деп бир тыйын сураган эмеспиз.
- Ал жактан Душанбедеги балдарга көрсөтүүнү кимдер уюштуруп беришти?
- Душанбенин мэриясы жана Маданият министрлиги тарабынан ушул спектакль биздин балдарга көрсөтүлсүн деген сунуш түштү. Өздөрү уюштуруп, түшкөн каражаттын жарымын алар, жарымын биз алдык. Биздин театрга Душанбедеги бүт мектептер, бакчалардан көрүүчүлөрдү алып келип атышты. Ал жактан жакшы оюнду балдар сөзсүз көрүш керек деп, муну жакшы жолго коюп алышыптыр.
- Кыргызстандагы биздин кичинекей көрүүчүлөр кандай?
- Чындыгында бизде андай жолго коюла элек. Азыр мектептер менен сүйлөшүп атабыз. Билим жана илим министри Канат Садыков да балдарды тарбиялап, жандүйнөсүн азыктандырып, ак-караны ажырата турган спектаклдер болсо уюштуруп беребиз, окуучулар көрүшсүн деп атат. Жакында Алматыга барабыз деп турабыз. Бир жолу Алматыга "Томого" деген спектаклибизди койгондо абдан кызыгып калышкан эле. "Томогодо" Ч.Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасындагы Найман эне менен Маңкурттун окуясы баяндалат. Бул спектакль Татарстанда өткөн фестивалда жакшы ийгиликке жетип, Алматыдан гран-прини алганбыз. Алматыда болгондо "Томого" спектаклин дүйнөлүк фестивалга катыштырууга сунуш болгон. Буга АКШ, Кытай, Польша, Франция, Япония анан Кыргызстан катышат экен. Польшада өтө турган бул фестивалдын уюштуруучулары дүйнө жүзүн кыдырып, эң мыкты деген куурчак театрларды тандашкан. Бул оюн кыргызча ойнолот, бирок орусча, түркчө, англисче котормолору бар. Кайсы жерге барсак дагы кыйналбай котормосу менен ойноп кете беребиз. Жыл сайын Кыргызстандагы облустардын район, айылдарынан бери кыдырып келатабыз. Биздин театрды көргөндөн кийин облустук жетекчилерге жакшы таасир калтырып, дагы качан келесиңер деп азыркыга чейин телефон чалып калышат.
- Эмнегедир куурчак театрында кандай оюндар көрсөтүлүп атканы тууралуу жарнактарды көрө албайбыз…
- Телеканалдан жарнактар кетип атат. Бирок көпчүлүк аны көрбөй калышат экен. Быйыл Нооруз майрамында биздин артисттер куурчакча кийинип алып шаардын көчөлөрүн кыдырып, плакаттарды, чакыруу билеттерин тараттык. Азыр ар бир жекшемби күнү саат 11де жана 12.30да орусча-кыргызча оюндар жүрүп атат. Жекшемби күндөрү театрга эл аншлаг менен келип атат. Андан тышкары коомдук транспортторго кооз жарнактарды чаптадык. Күнүгө эки-үч бала бакчага оюн көрсөтөбүз. Биздин театр күнү-түнү сапарда десек болот. Ошондуктан биздин театр быйыл "Лидер театр"деген наамды жеңип алдык. Үч жыл бою жылдын мыкты театры болуп, "Эң мыкты жамаат" наамын да жеңип алды. Маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган жалаң актерлордон турган ырчылардын сынагы болгон. Мындан да биздин артисттер гран-прини жеңип алышты.
- Жыл сайын мамлекетке канча план төгөсүздөр?
- Бизге былтыр бир миллион сом акча табуу пландалган. Аны таап бердик. Башка театрларда билеттер 150-200 сом, циркте 500-600 сомго чейин жетет, ал эми бизде 25-50 сом. Биз ошого карабай планды толтурдук. Өкмөттү карап отура бербестен сыртка гастролго чыгып, 4-5 жылдан бери чет өлкөгө бир нече сынактарга, фестивалдарга катышып жакшы ийгиликтерге жетиштик. Башка театрлардай биздин мекемеде ижарага берчү бош бөлмөлөр жок. Биз жалаң өзүбүздүн эмгегибиз менен иштеп таап атабыз.
- Театрда да кыйынчылыктар болсо керек…
- Кыйынчылыктарды айтсам транспорт жагынан кыйналабыз. Облустарга гастролго чыкканда унааларды жалдап алпарабыз. Тапкан акчабыздын жарымысы унаанын ижара акысына кетет. Эгерде өзүбүздүн менчик унаабыз болгондо дагы көп каражат тапмак элек. Андан сырткары театрдын отургучтары эскирип кеткен. Анын сынган жерин оңдоп-түздөп ушул убакытка чейин алып келатабыз. Ага бир миллион сомдун тегерегиндеги каражат кетет экен. Калган майда-чүйдөсүн, анча-мынча ремонттоо иштерин өзүбүз тапкан акчабыз менен оңдоп келатабыз. Аскар Салымбеков театрдын жанына балдардын паркын ачып, короону кооздоп беребиз дешкен. Андан сырткары театрдын тегерегиндеги куурап калган бактарды жок кылып, декоративдүү бактарды отургузганбыз. Алар өзүнчө парк, токой болуп өсүп келатат. Себеби, келген балдарга театр башкача таасир калтырыш керек. Тегерегин көргөн балдар театрга киргенден кийин көргөзмөдө турган куурчактарга кызыгып сылап карашат, сүрөткө түшүшөт. Чындыгында кооз куурчактарды балдар эле эмес чоңдор да кызыгып карашат.
- Куурчак театрынын өзүнүн интернет сайты барбы?
- Биздин театрдын сайты бар. Ошол аркылуу дүйнөлүк театрларга чыгып, тажрыйба алмашып, биздин театрдын тарыхын, коюлуп аткан оюндарын жөнөтүп атабыз. Биз өзүбүздүн эле казаныбызда кайнабай, дүйнөдө башка куурчак театрларда эмне болуп атканы менен кабардар болуп турабыз. Андан тышкары Япония, Кытай, АКШга өзүбүздүн оюндарды жөнөтүп атабыз.
- Бир куурчакты жасап, кийимин тигүүгө канча чыгым кетет?
- Бир куурчакты жасаш үчүн адегенде пьесаны көркөм кеңеш окуп чыгып, сүрөтчүгө берет, ал куурчактын декорациясын чийип ошонун образына жараша жасап чыгат. Мисалы, абышка жасай турган болсо ал каардуубу, жакшыбы, оройбу, мээримдүүбү ошого жараша образын даярдап, кийимдерин чийет. Андан кийин скульптор, сүрөтчүлөр жасашат. Куурчактын көлөмүнө жана анын образына жараша чыгым кетет. Мисалы, бир куурчак орто эсеп менен 3000 сомго чейин чыгымдалат. Бир куурчак экинчи спектаклге колдонулбайт. Театрда жалпысынан миңге чукул куурчак бар. Бизде 70 жыл мурда коюлган спектаклдердин куурчактары сакталуу. Ошолордун арасындагы түзүгүрөөктөрүн кайра жасап,көргөзмөгө коюп, театрдын музейин ачалы деп даярданып атабыз.
- Эми өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңызды айтсаңыз, кээде кинолордон көрүп калабыз...
- Азыркы жаш курагыма жараша мыкты ролдорду жаратсам болмок. Бирок мен өзүмдүн чыгармачылыгымды куурчак театры үчүн курмандыкка чалышым мүмкүн. Театрда 110го чукул кызматкер иштейт. Ай сайын миңдеген бөбөктөр келип оюн көрүшөт. Мени өз жеке чыгармачылыгым эмес, ошолордун тагдыры көбүрөөк кызыктырат. Баарына шарт түзүп бериш керек. Албетте, кинолорго тартылып, мүмкүнчүлүгүмө жараша ички жандүйнөмдү ачып бере турган өзгөчө образды жаратсам дейм. Убагында Феликс Шаршенбаевич премьер-министр, губернатор болуп турганда ал тууралуу тасма тартабыз деген сөздөр болгон. Ошондо мага келишип, сценарий даяр болуп калды, эми сизди тартабыз деп сунушташкан. Бирок көп өтпөй эле Феликс Шаршенбаевич камалып кетти. Ошол боюнча фильм да токтоп калды. Ал түрмөдө отурганда фильм тартылат, Темирлан Сманбеков сиздин образыңызды жаратат дешиптир. Кийин экөөбүз жолуктук. Эгерде ал тууралуу тасма тартабыз деп сунуштаса баш тартуу болбойт. Мен өзүм драмага, трагедия, сентименталдуу образга жакынмын. Кээде комедия ойногон учурлар да болгон. Эми актер болгон соң көп нерсени өздөштүрүшүң керек. Жалаң эле бир типтеги актер болбой кээде герой любовник, кээде трагедия, комедияны, ошол эле учурда баатырларды да ойной билиш керек. Актер деген камыр сыяктуу, кандай жуурулса ошондой болушу шарт.
- Театрларды чарбалык эсепке өткөрүш керек деген сөз болуп атты эле, анын жакшы-жаман жагы кандай?
- Эгерде театрларды чарбалык эсепке өткөрсө, анда аларды жаап коюу дегенди түшүндүрөт. Анткени бир эле театрдын электр энергиясын, суусун, жылуулугун, башка чыгымдарын төлөш үчүн жылына сегиз миллион сом кетет. А биз чуркап жүрүп тапканыбыз жылына бир миллион сом. Мыкты театрларга милдеттүү түрдө өкмөт жакшы каражат бериши керек. Ал каражат артисттерге же театрга эмес, келечек муундарга бөлүнөт. Себеби, бөбөктөр театрдан тарбия алат. Биз чындыгында балдардын жандүйнөсүн азыктандырууга үлгүрбөй атабыз. Алар театр көрбөй өсүп кетип атышат. Ошон үчүн алар чоңое элек убагында оюндарды көрсөтүп, тарбия беришибиз керек. Алыскы аймактагы балдардын руханий дүйнөсүн байытуу үчүн кыдырып, оюн көрсөтүп калалы деп аракет кылып атабыз.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА












??.??