Көңүл чордонунда

Жаза элеги Страсбургдагы сот калды,


Ата элеги мылтыктагы ок калды…


Ала-Тоолук эли-журтубуздун сыймыгы болгон "Кыял" өнөр ишканасы рыноктун катаал шартында мамлекеттин казынасына "келе!" деп алаканын жайбай, алгалаган басыгынан тайбай, эл аралык көргөзмөлөрдөн башбайгелүү сыйлыктарды жеңип келатканын ар бир кыргызстандык жакшы билет. Бирок "Кыялга" айдарын тигип, ичтери күйүп, кырчаңгыча жондорун эки жылдан бери тынбай кашып келаткан эки эргулдун ким экендигин да элибиз жакшы билет. Эмесе сөз ирети менен болсун.


2010- жылдын июль айында Шанхайда "ЭКСПО - 2010" деген Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө ачылып, ага "Кыял" ишканасынын чеберлери активдүү катышып жаткан. Ага генералдык комиссар болуп президент Р.И.Отунбаеванын буйругу менен Султанбек Макашов дайындалган эле. Ушунчалык зор көлөмдөгү чыгармачыл көргөзмөнү уюштуруу чынында эле оор жана жоопкерчиликтүү милдет болчу. "Кыял" жана анын мобилдүү өнөрчүлөрү бул жолу да бийик деңгээлдерин даңазалап, эл аралык абройлуу көргөзмөнүн алтын медалына татыктуу болду. Бардык катышуучулар кыргыз чеберлерине кол чаап, ыраазычылык арнап жатышканда, орустарда айтылгандай "гром среди ясного неба" болуп "Кыялды", анын жетекчиси Султанбек Макашовду жерден алып көргө киргизген "С.Макашовдун монополиясынан ким куткарат?" деген макала "Кыргыз Туусуна" жарыяланса болобу. Анын авторлору Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев менен кол өнөрчү Динара Чочунбаева дегендер экен. "Кыял" Кытайда мактоо сөздөрдү угуп жатса өз мекенинде "өздөн чыккан жат жаман" болгону эмнеси деп көптөрдүн оозу ачылып калды. Көрсө, реалдуу дүйнөдөн иллюзия дүйнөсүнө конуш оодарган айым менен мырза жүрөктөрүн күн-түндөп сүйүнткөн пландарын ишке ашырабыз деген кадамдарын баштап калышыптыр. Эргулдар "война план покажет" дешет да, газетага удаа "Кыялды" каралаган жалаа арыздарын түз эле президент Р.И.Отунбаевага жөнөтүшөт. Президенттик администрациянын жетекчиси Э.Каптагаев "ап бали!" дейт да, башчылыгына президенттик администрациядан А.Шаршеевди төрагалыкка дайындап, составына прокуратура, Ички иштер министрлиги, Финансы полициясы, Салык инспекциясы, Эсеп палатасы, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агентствосу ж.б. кирген М.Качыбекованы, Д.Субанбековду, М.Бердибаеваны, Э.Канетовду, У.Азыгалиевди, Б.Масалбековду, М.Михееваны киргизип, 8 адамдан турган ведомстволор аралык комиссия түзөт. Текшерүү үч ай бою жүрөт. Акырында комиссия "Кыял" бирикмесинде арызда көрсөтүлгөн финансылык-чарбалык тартип бузуулар аныкталган жок деген жыйынтык чыгарат. Ошол эле учурда Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору К.Качыбеков да текшерүүгө катышып, ал дагы "тартип бузуу" болбогондугун белгилейт. "Ишенген кожом сен болсоң, алды артыңан тал карма" деп эки алаканын "шак" коюп Э.Каптагаев досуна таарынып, эки эргул ээрчише басып Эсептөө палатасы менен финполиция жетекчилерине барышат. Эсеп палатасы бу жолу Б.Кайымов деген мамлекеттик инспекторун, финполиция Э.Канетов, Т.Эргешов деген оперуполномочен жигиттерин "Кыялды" текшерүүгө жөнөтүшөт. Ак нерсени кара дешке акыйкаттык жол бербейт эмеспи. Булар да финансылык-чарбалык тартип бузуулар табылган жок деген жыйынтыкка келишет.
Мындай жыйынтык алардын куйкасын куруштуруп, эшек тарамышын тырыштырып, 2011-жылдын 1-июнунда кайра дагы президент Р.И.Отунбаевага кезектеги чарчабаган, чаалыкпаган өтүнүч катын жөнөтүшөт. Президент чукул чара көрүү үчүн 2011-жылдын 27-июлунда №07-90-9820 номерлүү тапшырмасын чыгарат. "Кыял" кайдасың, кантип таптык айласын?" деп баягы Мамлекеттик эсеп палатасы жооптуу кызматкери Н.Бокешевге жолдомо берет. Бир нече күндөп текшерилгенден соң Н.Бокешевдин жыйынтыгы да ишканада одоно көрүнүштөр жок деген баштагы бүтүмдөрдү ырастайт.
Юристанбек Шыгаев менен Динара Чочунбаева жана ал экөөнүн кампаниясы дагы да банкрот болгондоруна ичтери бышып, куттары учуп, колдоруна кайрадан калем кармашып арыз жазганга отурушат. Эми кимге? Президент, өкмөт, прокуратура, ИИМ, Финполиция, Эсеп палатасы, Салык инспекциясы жоопторун беришти. Жогорку Кеңештен арга издемек болуп жатка айтылып тарпы чыккан арызды чүргөштү. Жогорку Кеңеш 5 фракциядан экиден депутат тандап 10 адамдан турган авторитеттүү комиссия түздү да, текшерүүнү кайрадан башташты. "Кыялдын" имаратына алар "арсыз арызчылар" деген атка конгон баягыларды бетме-бет отуруп сүйлөшүүгө чакырды. Ю.Шыгаев, Д.Чочунбаева ж.б. беттерин табактай кылып "Кыялдын" элдик чеберлеринин алдында отурушту. Депутат Т.Мадылбеков арызда фамилиясы жүргөн СССРдин эл артисти, атактуу комузчу Самара Токтакуновага доо-арызы тууралуу кайрылса, ал минтип айтпадыбы: "Менин атым Д.Чочунбаева жазган тизмеге кандайча жазылып калганын билбейт экемин. Мен алар жазган катты окуган да, ага кол койгон да эмесмин". Депутаттар тактаганда арыздагы узун тизмеде Д.Чочунбаеванын күйөөсү Урматбек Осмоев, келини Айнура Бозгунчиева, келини Гүлмира Кутуева, жээни Алина Сыдыкова, жакын тууганы Кенжекан Рысалиева, жакын тууганы Алмаш Найзабекова жүргөнүн укканда фальшивый арыздын примитивдүүлүгүнө отургандар баш чайкап тим болушту. Кылдат текшергенде булардан тышкары төмөндөгү дагы биртоп фамилиялардын арызга дегеле тиешеси жок болуп чыкты: Асел Сапакова, Гүлнара Жумалиева, Амантур Кенжаев, Мадылбек Кулубаев, Бермет Дөөлөтбакова, Темир Мусакеев ж.б.
Депутаттык комиссия дагы бир адилеттик ишин жасады: "Кыял" тууралуу текшерүүлөрдүн материалдарын соттук экспертизадан өткөрүүнү сунушташты. Ал жыйынтыктын чынчылдыгын жана тазалыгын соттук эксперттер Карыпбек Сагынбаев менен Жапар Азырмамбетов колдорун коюп күбөлөндүрүштү.
Ушундай кара кылды как жарган экспертизалык жыйынтыктарга ишенбеген Ю.Шыгаев, Д.Чочунбаева ж.б. 3-4 арызчылар 2012-жылдын 26-апрелинде "Де-факто" газетасына "Кол өнөрчүлөрдүн борбору "Кыялды" көлөч саткандар басып, убайын бир ууч атка минерлер көрүп жатат" деген жалаа менен ушак-айыңга сугарылган кезектеги макаласын жарыялашты. Ошо макала жарыкка чыккан учурда "Кыял" жана анын элдик чеберлери борборубуздагы Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз өкмөтүнүн колдоосу менен өтүп жаткан "Кыргызстан, туризм жана саякат" деген эл аралык көргөзмөдө ийгиликтүү иштери үчүн кезектеги Алтын медалын алышты. Дал И.Крыловдун "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген тамсилиндегидей окуя болду, капырай!
Учурда эки жылдан бери "Кыялдын" имаратына көздөрүн кызартып, күн тынымынан, түн уйкусунан безип арыз жазганга адис атыгышкан Ю.Шыгаев менен Д.Чочунбаева арызданар жерлери түгөнүп карайлап турган чактары. Көздөрү караңгылап турган бул эки эргулга "Кыялдын" коллективи минтип кайрылат: Силер эми арызыңарды, мынча болду, Страсбург сотуна жөнөткүлө. Жалаң силердин эки жылдагы арызыңарды текшерет элек деп 57 ревизор суй жыгылышты. Ар бири куру десе бир айлап жүрүп, силер үчүн 570 миң сомдук өкмөттүк каражатты сарпташты. Жарым миллион сомдук зыян тарттырып, моралдык кыйноого салгандыгыңар үчүн эл алдында жооп берүүгө милдеттүүсүңөр.
Эки арсыз арызчыл кайрылган Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын Эсеп палатасы жана Салык инспекциясы менен бирдикте жүргүзүлгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгын эл-журт да угуп койсун: "Проверкой установлено, что торговых мест или контейнеров за С.Макашовым не числится. Оплату за аренду торговых мест и контейнеров находящихся на территории "Кыяла" получает бухгалтерия "Кыяла". В коллективе присутствует нормальный морально-психологический климат. Большинство умельцев работают в объединении от 20 до 40 лет. Руководителя своего очень уважают за его порядочность, доброту и внимание. Среди писавших жалобу нет ни одного работника "Кыяла".
Ушундай, мырза Шыгаев менен мадам Чочунбаева! Ичиңер күйсө туз жалагыла. "Кыялдын" кербени жүрө берет… Калганын айтпай эле коелу.
"Кыялдын" коллективинин жана колдору коюлган 596 элдик чеберлердин атынан профуюмдун төрайымы З.САТКЕЕВА, Л.Л.ЖДАНОВА, Р.С.АМИРОВ, З.АЙЫЛЧИЕВ