Малдүйнө
Канат Иманов, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин
асыл тукум инспекциясынын жетекчи орунбасары:

"Дыйкандардын тагдыры өз колдорунда"



Кыргызстандын мал чарбасы толугу менен жеке менчикке өткөндөн бери ар ким өз билген намазын окуп келет. Колунда барлары өз чарбасын гүлдөтсө, итке минген жакырчылыкта жашагандар андан көп. Ушундай кырдаалда Айыл чарба министрлигине башбагып, карапайым дыйкандарга жардамчы болуу максатында кеңеш берүүлөрүн өтүндүк. Мындан тышкары Романов породасындагы койлордун сырлары жөнүндө да алдыда сөз учугун уламакчыбыз.

- Учурда Кыргызстанда жалпы малдын саны канча? Мурунку жылдарга салыштырмалуу кандай өзгөрүү­лөр бар?
- Азыркы учурда Кыргызстандын мал чарбасынын 95 пайызы жеке менчикте, алардын ашып кетсе 5 пайызын гана мамлекеттик чарбалар түзөт. Учурда өлкөбүздө 1 млн. 300 миңге жакын кара мал, анын ичинен 680 миңи саан уй болуп саналат. Союз убагындагы көрсөткүчтөн алда канча өсүп кеткени менен сапаты жагынан аябай эле артка кетти. Малдын асылдуулугу аябай эле төмөндөдү. Мындан 20-30 жыл мурун бир уйдан жылына 3500 литр сүт саап алсак, азыркы учурда 2000 литрдин гана тегерегинде сүт саалып жатат. Мурда 10 миллиондон ашык уяң жүндүү (меринос) койлор болсо, азыркы чурда 5 миллиондон гана бир аз ашкан эле кой бар. Убагында ар бир койдон 3 жарым килограммга чейин жүн кыркылса, учурда араң гана 2 кг 600 граммды түзөт. Убагында ошол жүндөрдүн 90 пайызы уяң болуп дүйнөлүк стандартка жооп берсе, азыркы мезгилде тескерисинче 90 пайызы кылчык жүндөр. Азыркы маалда кылчык жүндөрдү дыйкандар кулак байлаганга колдонуп, айрымдары өрттөп жатышат. Жылкы баласынын саны союз мезгилинде 312 миң болсо, учурда 380 миңге жетти. Азыркы учурда орто эсеп менен 100 тубар жылкыдан 72 төл алынып жатат. Жылкы баласын эт багытында гана пайдалануу менен чектелип жатабыз. Болбосо жылкы өзүнчө эле чоң улуттук спорт да.
- Стратегия, план, программа деп жүрүп эле мал чарбасындагы иштердин баары кагаз жүзүндө калып келет. Министрлик айыл-кыштактардагы чабандарга, дыйкандарга конкреттүү эмне жардам бере алат?
- Бардыгы барып баягы эле акча каражатына такалат. Биз ЮСАИДдин программасы менен ар бир дубанда асыл тукум чарбасын ачканы турабыз. Алар мал чарбасына 7 млн. долларды грант түрүндө бөлүп бергени жатышат. Биз ал акчаны дыйкандардын колуна бербей, асыл тукум мал сатып беребиз. Баарын кыйратып ийебиз деп айткандан алыспыз. Анткени 20 жылда талкаланган нерсени бир жылда ордуна коюу мүмкүн эмес. Өзүңүздөр жакшы билгендей, өткөндө Монголиянын президенти менен жолугушуу болду. Эки тараптуу келишимдин негизинде Монголиядан тыбыттуу 200 миң баш эчки алып келгени жатабыз. Кудай буюрса келип калса, аймактардын шартына жараша бөлүштүрүп беребиз. Негизи Баткен дубанына таратууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, жакында эле Катар мамлекетинен эксперттер келип Ысык-Көл, Чүй аймактарын көрүп кетишти. Мал чарбачылыгын аябай жактырып кетишти. Эгер этиңердин сапаты эл аралык стандартка жооп берсе сатып алат элек деген ойлорун айтышты. Ал үчүн биринчиден, мал халал стандартынын негизинде союлушу керек. Бул үчүн мамлекеттик деңгээлде иштер аткарылышы шарт. Ошол эле эттин сапатын аныктай турган лаборатория курулушу керек. Жогорку деңгээлде шарттар түзүлсө чет өлкөдөн көптөгөн сунуштар түшүп жатат. Эгер аталган маселелер чечилип калса дыйкандардын этин, сүтүн сатууга чоң-чоң мүмкүнчүлүктөр ачылмак.
- Айылдык дыйкандар, чабандар өз киндигин өздөрү эле кесип калышпадыбы. Жок дегенде баланча породадагы малды баксаңар дагы да кирешелүү болот деп кеңеш катары эмнелерди айта аласыз?
- Өкмөттүн стратегиялык планынын негизинде дыйкандарга, чабандарга кеп-кеңешибизди берип турабыз. Бул үчүн атайын айылдык кеңеш берүү кызматы иштейт. Эми уй чарбачылыгы боюнча айта турган болсок сүт багытында бурый-шведский деген порода мыкты болуп саналат. Бул биздин эле Ала-тоо тукумуна жакын, бирок европалык түр болуп саналат. Ошол биздин жаратылыш шартыбызга абдан ыңгайлуу болот. Булардын бир ую жылына 4 жарым миң тоннага чейин сүт бере алат. Уйдун сүтү тилинде демекчи, багууга жараша сүт берет. Күнүнө 16-18 литр сүт саап алса болот. Ал эми эт багытында абердин-ангус, галловей жана лимузин тукуму 1 жашында эле 1200 кг салмак бере алат. Ал эми биздин Ала-тоо тукуму болсо 2 жашында араң ушундай салмак берет. Аталган уйлар суткасына 2-2 жарым кг салмак кошо алат. Ал эми жылкы багытында көпчүлүк эле аш-тойлорго союш үчүн же болбосо эт багытында гана колдонушат. Жылкы баласынан негизи таза кандуу англис жылкылары дүйнө боюнча эң мыкты порода болуп саналат. Кой багытында Романов тукуму абдан кирешелүү болуп саналат.





Айылдык кеңеш берүү кызматынын жетекчиси Жоомарт Жумабеков Романов породасындагы койду Орусиядан алып келип жергиликтүү койлор менен аргындаштырган. Жоомарт мырза аталган порода боюнча кандидаттык диссертация жактаган экен.

- Романов кою кандай жол менен Кыргызстанга келип калды? Адис катары аталган породанын чоо-жайын айтып берсеңиз?
- Романов кою мындан 100 жыл мурда Романов губерниясында пайда болгон. Бул койдун породасы аябай тандоо жолу менен, элдик ыкма менен кабыл алынган. Төлдүү кой болуп саналат. Таза кандуу койлору төрттөн алтыга чейин козу тууйт. Козулары 5 айда эле күүгө келип, энеси менен жарышып эле тууп баштайт. Эң алгач Романов кочкорун алып келгенбиз. Койлорун алып келгенде биздин шартка көнбөй койгон. Кара өпкө болуп өлүп калган. Романов коюна биздин тоют абдан жагат экен. Кыргыздын жарым кылчыктуу коюн Романов кочкору менен куудурттук. Андан алынган тукумду кайра куудуртуп, аралашма породаны алдык. Жергиликтүү кой менен аргындаштыруунун натыйжасында эттүү, сүттүү жана терисинин сапаты жогору кой келип чыкты. Булардын жергиликтүү койдон айырмасы бир жылда эки жолу күүгө келет. Козулары эрте жетилет. Артыкчылыгы - азыркы учурда Кыргызстандын шартында жүзүнө 175тен төл берет. Кыргызстан боюнча Жайыл, Кемин жана Кочкор райондорунда да аз-аздан бар. Бирок биздин эксперимент жүргүзгөн адамдын кою Кеминде 450 башка жетти. Өкмөт жардам берсе Орусияга барып таза кандуу Романов кочкорлорун алып келсекпи деп жатабыз. Кудай буюрса он чакты баш алып келүүнү пландап жатабыз. Учурда кызыккан фермерлер да көп болуп жатат.


Кемин районуна караштуу Кайыңды айылынын тургуну Барыктабас ҮрпӨевдин учурда Романов породасындагы 450 баш кою бар. Барыктабас аксакалга кой жайып жүргөн жеринен байланышка чыгып, аталган койлордун сырларын сурадык.

- Романов кою жөнүндө кененирээк айтып бересизби?
- Бул койлорду багуу жөнүндө Жоомарт Жумабеков мага сунуштаган. Жакырчылыкты кыскартуу үчүн 2006-жылы эчки тарата баштаганда, андан көрө кой жакшы да деп Романов кою менен кыргыз жарым уяң жүндүү койлорун аргындаштырган. 80 койду Романов кочкорунун уругу менен жасалма уруктандырганбыз. Азыркы учурда Романов тукумундагы койдон 450 баш багып жатам. 90 пайызы эгиз тууйт. Козулары 6-7 айда күүгө келет экен. Булардын өзгөчөлүгү канчаны тууса ошончону бирдей багышат. Таза Романов тукумдагылар беш козуга чейин тууйт экен. Менин тажрыйбамда бир кой эки жылы удаа үчтөн тууду. Бир кой быйыл төрттү тууду. Бир коюм 4 жылда 10 козу тууп берди.
- Кочкорлорунан качан сатасыз? Баалары канчадан?
- Эми азыр койлор жаңыдан төлдөп жаткан учуру. Айылдагылар да кызыгып тукум сурап жатышат. Баасы берки кочкорлордон эки эсе кымбат болот. Мисалы, козу кочкорлор 10 миң сомдон өйдө. Күзүндө сатабыз. Булардын жүнү анча баа эмес. Бирок этти жакшы берет. Териси абдан баалуу келет. Мунун терисинен дублёнка жасалат. 10-11 айлык козулар 25-30 килограммга чейин эт берет.


Патрон - жорголордун патрону

Ысык-Көл облусундагы №54 жылкы заводунда Патрон аттуу жорго сегиз жылдан бери ат чабыштарда алдына ат чыгарбай келет. Патрон 8 жыл бою жорго салышка катышып, баш-аягы 95 жолу чабылып, 90 жолу баш байгени жеңип чыккан. Ошол байгелердин 38и автоунаа болгон. Андан тышкары акчалай 2 млн. сом уткан. Азыркы учурда айгыр катары тукум алып калуу максатында кармалып турат. Патрондун түпкү теги орус таскагы деп аталган тукумдан. Казакстан менен Кыргызстандан алдына ат чыгарган жок. 2 жыл мурун ардактуу эс алууга чыкты. Патрон 100 жылда бир жарала турган жаныбар болуп саналат.
БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк боюнча уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө жүзү боюнча 64 миллиондун тегерегинде жылкы бар. Кытайда 10 миллиондон ашык жылкы бар. Ал эми эң азы 140 - мамлекетте 350 гана жылкы бар. Ошол 140 мамлекеттин ичинен Кыргызстан жылкы чарбасы боюнча 388 миң баш жылкысы менен 30-орунда турат.
Түркмөнстанда атактуу түркмөн жылкысы бар. Жылкыны улуттун сыймыгы катары сыйлашат. Жылкыларынын саны бизден 20 эсеге аз, болгону 20 миңдин тегерегинде. Алардын өзгөчөлүгү - сыртка бир да жылкы чыгарбайт, ошондой эле сырттан да албайт. Сыртка чыгыш үчүн президенттин деңгээлинде уруксат алынып, атайын чечим кабыл алынат.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ