Айтылбай турган сөз эле
Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВ, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү башкы дирекциясынын жетекчиси:

"Алар бизди коркутуп жатышат"


- Жусупжан мырза, 2010-жылкы коогалаңда катуу бүлүнгөн Кыргызстандын түштүк аймагын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө 5 млн. доллар ажыратуу демилгеси кимге таандык?
- 2010-жылдын июнь айында Шанхай кызматташтыгы уюмуна (ШКУга) мүчө мамлекеттердин кеңешмесинде Кытай Эл Республикасынын (КЭРдин) төрагасы Ху Цзиньтао анын өлкөсү Кыргызстандын кыйраган түштүгүн калыбына келтирүүгө жана аны өнүктүрүүгө 5 млн. АКШ долларын бөлүшөрүн жар салган.
Чындыгында, акыркы 20 жылдын ичинде Ош шаарында көп кабаттуу үйлөр таптакыр курулбай калыптыр. Ошол себептүү өлкөнүн түштүк башкалаасында социалдык чыңалуу дээрлик чегинен ашып түшкөн.
Анүстүнө кыргыздар "белекке берилген аттын тишин карабайт" деп айтат эмеспи. Ошентсе да кандай гана шартта болбосун биз Кыргызстандын кызыкчылыгын мыйзам чегинде талаша жана коргой билгенге көнүшүбүз кажет.
Ошондуктан 2010-жылдын күзүнөн тарта биздин мамдирекция Кытай менен тынымсыз сүйлөшүүлөрдү күчөтүп, 5 млн. долларга карапайым кишилерге социалдык маанидеги турак-жайларды курууну чечкенбиз. Адегенде 12 кабат үй тикелеп, биринчи жана экинчи кабаттарына өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй бизнес жана маданий борборлорду жайгаштырууну ылайык таптык.
Ошентип Кытай тарап ушундай ири курулушту кыска аралыкта бүткөрүүгө толук ынаган.
- Анда пикириңиздер эмне үчүн келишпей калды?
- 2011-жылдын 30-декабрында Кытай тарап мындайча айтканда, жумушту аткаруучу уюм 64 батирлүү көп кабаттуу үйдүн эскизин сунуш этти. А биз 2012-жылдын 10-январында кытайлык ишканага өзүбүздүн сын-сунуштарыбызды жөнөттүк. Анда 1 квадрат метр аянтка болжолдуу түрдө 600 АКШ доллары жумшаларын маалымдап, 60 батирлүү 5 кабаттуу эки турак-жай (жалпы жонунан 120 батир) курууну ылайык тапканбыз. Ошол эле кезде лифт бул үйлөргө зарыл деле эместигин баса белгилегенбиз.
Анан ушул жылдын 6-мартынан тартып эки тарап байма-бай кеңешип-таңаштык. Акыры 22-мартта кытайлык ишкана бүткөрүлгөн эскизди алдыбызга жайды. Алар 45 батирлүү 5 кабаттуу эки үйдү куруп берүүнү (ар квадрат метри 1239 доллар) сунуш этишти. Эртеси эле биз буга таптакыр макул эместигибизди ачык билдирип, бизге элита үй эмес, жөн гана карапайым жарандар жашаганга бардык шарты бар социалдык турак-жай зарылдыгын катуу кулак кагыш кылдык. Анткени, кытайлык ишкана таңуулаган 1 квадрат метри 1239 долларга бааланган курулуш бизге дегеле жаккан жок жана жарабайт дагы болчу.
Айтмакчы, кытайлык ишкана ушул жылдын 26-мартындагы бизге жооп катында батирлер кымбатка түшүшү Кыргызстандагы салыкка жана мамлекеттик башка жыйымдарга тыгыз байланыштуу экендигин, анүстүнө бардык жабдыктар, курулуш материалдары жана жумушчу күчтөр Кытайдан тартылып келерин жар салышты.
- Анан сиздер ушуга көндүңүздөрбү?
- Мындай ультиматум бизди дегеле чочулаткан жок. Анткени Кыргызстандын түштүгүндө көп кабаттуу үйлөрдү биздин мамдирекция гана курат. Ошон үчүн курулуш материалдарынын баа-баркын бизчелик эч ким билбейт. Анүстүнө өлкөбүздүн түштүгүндө 1 квадрат метр аянтка ашып баратса 600 доллар гана сарпталат. Мунун ичинде салык, мамлекеттик башка жыйымдар бүт бар. А орточо эсептегенде бул баа дагы 450 долларга түшүшү толук ыктымал эле.
Мындан тышкары, жумушчу күчтөрдүн 70 пайызы Кытайдан тартылат экен. Буга биз азыркыга чейин караманча каршы туруп жатабыз. Мейли, 30 пайыз адистер (инженер, долбоорчу) келип иштешсин, а бирок бизде 70 пайыз жумушчу күч оңой табылат. Кесиби бар, бирок, иши жоктор өзүбүздө деле толтура. Ошолорду тартсак, чынында далай маселелер чечилип, жумуш эбак эле алга жылмак. Кытайлар ушуга көнбөстөн кыйтыр жол менен бизди дале көпкө түшүргүсү келип жатышат.
- Балким бул жерде кыргызстандык аттуу-баштуу кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жаткандыр…
- Маселе дал ушунда болуп жатпайбы. Убагында айтпасаң сөз атасы өлбөйбү, Алишер. Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары эки тараптуу сүйлөшүүнүн төркүнүнө толук түшүнбөй туруп биздин ишибизге эмитен ачык эле кийлигишип жатышат.
- Ушундай тирешүүлөргө карабастан макулдашууга кол койдуңуздарбы?
- Ооба. 2011-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык бизге 5 млн. доллар ажыратылат. Ошентип Кытай "Хубей Чжое" курулуш компаниясын жумушту аткаруучу катары аныктады. Бирок себеби алигүнчө түшүнүксүз, 2011-жылдын 26-августунда Кытай тарап бизге күтүүсүздөн кабарлап атпайбы "Xingjian Beijing Road and bridge Construction" компаниясы генподрядчик болуп эсептелет, ал эми "Хубей Чжое" ишканасы субподрядчик сыңары жумушту аткарат экен. Эң шектүү жери: экөөнү тең Пекиндеги Кытайдын коммерция министрлиги эмес, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги ылгап жаткандыгы бизге эмдигиче табышмак.
Таптакыр айлабыз куруганда, ушул жылдын 13-14-апрелинде эки тарап жолугуп, маселени кабыргасынан коюп сүйлөшүүнү кытайлык өнөктөштөрүбүзгө дагы бир ирет сунуш эттик. Бирок КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Чжен Шэн Ли биздин мамдирекциянын кызматкерине чалып 5 млн. долларлык долбоор туурасында узакка сүйлөшүшкөн. Анда Кытай элчилигинин өкүлү Чжен Шэн Ли эгер гендирекция Кытай сунуш эткен генподрядчикке көнбөсө жана ишти дале кечеңдетүүгө жол койсо каржылоону дароо токтотушарын абдан катуу эскертти.
- Эми мындан ары кантесиздер?
- Кантмек элек, алардын чыныгы позициясын билүү максатында КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Цзинь Юй Лунга кат жөнөтүп, Чжен Шен Линин телефондогу сүйлөшүүлөрүн бышыктап берүүсүн өтүндүк. Алардын бир ыктай жообунан кийин гана Кыргыз өкмөтү менен биротоло кеңешип-таңашарыбызды кошумчаладык.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кырдаалды кең-кесири баяндап, Кытай тарап менен чукул арада расмий жолугушуу уюштуруп берүүсүн сурандык. Анткени 5 млн. доллар өлчөмүндөгү Кытай долбоорунун тагдырын дал бүгүн аныктап албасак бизге бут тосчулардын аягы дегеле тыйылчудай түрү жок.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, сүрөт автордуку





"Жаңы Агым" жазгандан кийин

Батыровдун белгилүү-белгисиз "барактары"



"Жаңы Агымдын" жакында чыккан санына июнь окуясынын башкы күнөөкөрү саналган Кадыржан Батыровдун биздеги жана Россиядагы бизнес объектилерин тизмектеп бергенбиз. Ошондой эле ал эбак эле Россия жарандыгын алганын жана аталган державанын долбоору болгонун кошумчалаганбыз. Буга байланыштуу өзбек лидери Швециядан "Азаттык" үналгысы аркылуу үн катып, пикирин билдириптир.

Ал маегинде Россия атуулдугун албаганын, мындай ойдон чыгарылган ушакты кезинде Бакиев бийлиги атайын таратканын айтат. Ошол эле учурда Россияда кана эмес бөлөк өлкөлөрдө да бизнеси бар экенин ырастаган. "Менде эч кандай Орусиянын жарандыгы болгон эмес. Бакиев бийлигинин тушунда ошонун бардыгы атайын ойдон чыгарылган болчу. Ошонун негизинде мени депутат болбой калсын деген ниетте жасалган иш. Мен башка бир мамлекеттин жарандыгын алган эмесмин. Бирок бир эле Орусияда эмес, менин башка өлкөлөрдө бизнесим бар экендиги чын. Мен башкаларга окшоп кылмыштуу жол менен же кызматта отуруп коррупциялык схемалар аркылуу акча тапкан эмесмин. Мен сырттан маңдай терим менен бизнес кылганымды бардыгы эле билет. Бирок ага карабастан мени ушинтип каралай беришет" дейт Батыров.
Бул макала "Азаттыктын" расмий сайтында жарыяланары менен окурмандар тарабынан түрдүү комментарийлер мөндүрдөй жааптыр. Алар К.Батыровду жакындан таанышабы, айтор, кызык фактыларды келтиришкен. Албетте жазылгандардын канчасы чын, канчасы жалган экендигине кепилдик бералбайбыз. Ошентсе да айрым пикирлердин орчундууларына токтолуп өтпөсөк болбос.
"Сосед" аттуу дарегин Швеция деп көрсөткөн окурман Кадыржан Батыров Кыргызстандагы дүнүйө-мүлкүн түгөл пулдаганын, ортомчулук милдетти космонавт Салижан Шарипов аткарганын жазып чыккан. Анын белгилешинче, россиялык ишкерлер, атап айтканда, олигарх Алишер Усмановдун кишилери июнь коогалаңынан кийин Салижан Шарипов аркылуу К.Батыровдун бизнесин сатып алышыптыр. Ага улай К.Батыровдун Украинанын Харьков шаарындагы Шевченко көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу "Навруз" рестораны бардыгын, анын жанында дагы бир ресторан курулуп атканын, бирок ресторандын жарымы экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевге таандык экени камтылган. Мындан сырткары, К.Батыровдун Дубай жана Прибалтикада банктык эсептери ачылганын, Түркияда да бизнеске ээлик кыларын "Сосед" баса белгилейт.
Ушул эле окурман К.Батыровдун Кыргызстанда 450-500 курал-жарак сактоочу жайы бар экенин ачыкка чыгарган. "Сосед" курал-жаракты сатып алуу кандайча жүргүзүлгөнүн төмөндөгүчө сүрөттөйт: "...Как раз у таджиков они их и купили, сделка делалась в Южной Корее, там таджики получили деньги, вещи передали позже уже в Кыргызстане. Завоз на юг был под видом "китайского барахла".
"Agent 007" аттуу окурман Кадыржан Батыровду союздаш державалардын биринин атайын кызматтары көзөмөлгө алып турушарын, андыктан аны кармап келиш өтө кыйынга турарын шардана кылган. Атайын кызматтар алгач аны Украинада кармап турушканын, кооптуу жагдай жаралгандан улам кийинчерээк Швецияга көчүрүп кетишкенин "Agent 007" ынанымдуу билдирет. Аталган окурмандын белгилешинче, К.Батыровду кармоо зарылдыгын, анүчүн кыргыз "үч тамгасы" Өзбекстан жана Тажикстандагы кесиптештери менен тыгыз кызматташышы керек экен. Андан дагы таңгалычтуусу, "Agent 007" пикирин "... бизде Артур Медетбеков, Шамшыбек Медетбеков, Адахан Мадумаров, Акмат Келдибеков дегендердин иш-аракеттерине байкоо салып, шайлоодо (президенттик же парламенттик шайлоону айтып атса керек - Н.К.) алар кимдер менен кызматташкандыгын билсеңер, алар Кыргызстанга кантип "эмгек сиңирип" жаткандыгын көрөсүңөр" деп табышмактанта жыйынтыктаган.
Кадыржан Батыровдун таржымалынын элге белгисиз жагынын бир капталы гана ачыкка чыгып отурат.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ