"Карачы, - деди бири жанындагысына.
- Дөңгөлөктөрү шумдук экен. Ушундай дөңгөлөктөр менен Москвага барам десе жетеби?" - "Жетет" - деди беркиси.
- "Ай, ушу Казанга жеталбайт го?" - "Жеталбайт" - деди беркиси.
Н.В.Гоголь. "Өлүү жандар"


Дөңгөлөк - II



Өткөндө айттык. Биздин дөңгөлөктөр Москвага жеткирди дедик. Бышык экен дедик. Эми Казанга, жок, береги Казакстанга жеталабызбы - кеп ошондо. Эсеби маселең, Алмазбек Шаршенович бир кезде: "Мен президент болуп калсам, Нуракенин бутуна жыгылсам да Каркыраны Кыргызстанга кайтарып берем" деп калың кыргыз калкына берген антын аткаралабы? Бүшүркөбөңүз. Гоголдун "беркисиндей" бетке чаба ойлонгон киши түз айтат: аткаралбайт! Анткени ал устукан эмес, берип коюп, кайра доолагандай. Устуканды да антпейт. Андай маселенин жүгүн ат да, төө да көтөралбайт. Андай маселенин жүгүн… албетте жүзү курусун, кандуу согуш көтөрөт, аскерий кайрат-күчү ашып-ташыган мамлекет көтөрөт. Тарых тажрыйбасы аны абдан тастыктаган. Бизде андай күч-кубат барбы? Жок! Жана болушу, Гоголдун "беркисиндей" таккесе айтканда, мүмкүн эмес. Ошон үчүн эл кай маселеде болбосун улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын, келечегин туу кыл, бекем тут деп президент шайлайт. Тилекке каршы, андай болбоду. Аялдарынын этегине кирип качкан Кыргызстандын кандуу чеңгел эки президентинин көчүк жаламай тышкы саясаты мамлекет башкарууда тажрыйбабыз жоктугун, өз алдынча чарба куруп, бийлик жүргүзүүгө даяр эместигибизди далилдеди. Кыргыз мамлекет курганына бири эки миң жыл болду десе, бири алты миң жыл болду деп апылдаганы менен, элибизде мамлекеттик инстинкт ойгоно электиги билинип калды. Ал ойгонбосо, жалаң климаттык же географиялык шарт менен мамлекет курууга мүмкүн эместиги эч акылды талап кылбайт.
Мамлекеттик инстинкттин ойгонолектигинен Үзөңгү-Куушту Кытайга алдаттык. Орто Азиянын негизги өзөндөрүн өзгөртпөй сактап турган түбөлүк мөңгүлөрү менен. Жаңылбасам, 2009-жылы бекен, Стамбулда суу маселеси боюнча илимий конференция өткөн. Дүйнөнүн көп мамлекетинен окумуштуулар, адистер катышкан. Бизден да барса керек эле. Конференцияда жылдардын бир жылдарында бүт дүйнөдө, анын ичинен Орто Азияда суунун жетишсиздиги байкалат деп коңгуроо кагылган. Нефть, газ маселеси ал коркунучтун алдында шоона эшпейт дешкен. Орто Азияда болжолдонуп жаткан суу кризиси дүйнөлүк тажрыйбанын, асыресе Израиль менен Сириянын, Индия менен Пакистандын ж.б. мисалына негизделген.
Ал мындан улам эске түшүп атыр. Кыргыз президентинин Москвага иш сапарынан соң Камбар-Ата ГЭС курулушу тууралуу маселе кайрадан калкып чыкты. Жөн калкыган жок, кудум аңги суу байлоону жырып кеткендей болду. Не дегенде, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык, аскерий байланыштарды Алмазбек Шаршенович адаттагыдай эжелеп, жалтаңдап, бөйпөңдөп козгогон жок, мамлекет куруп аткандай козгоду. Тең орток кызыкчылык болуш керек деди. Өмүр бою "хоп, акелетип" көнгөн Россияга бул бир кыйла өөн учурады сыяктуу. Эсеби маселең, Россиянын Кант шаарындагы аскерий базасы 4-5 жылдан бери бир тыйын аренда акы төлөбөй жашап атканын айтты. Кыйкым издеген орус журналисттери ал база ОДКБга (Коллективдүү коопсуздук боюнча келишим уюму. Тилди туурасынан чайнатпай орусча кыскартылган баш тамгалары менен атайлы) тиешелүү, ал ОДКБга кирген мамлекеттерди сырткы душмандардан, т.а., террорчулардан коргойт, керек кезде сокку урат. Кыязы президент ал боюнча мамлекеттер ортосунда түзүлгөн келишимди окубаса керек, болбосо авиабаза аренда акы төлөөгө милдеткер эместигин билмек маанисинде "мат" кылышты.
Анда акыйкат үлүшү аздыр-көптүр бар. 2003-жылдын сентябрында түзүлгөн келишим боюнча ошондой. Андан бери база канчалык чоңойгонун мындан байкаңыз: 2003-2008-жж. 640 млн. рубль менен каржыланса, 2009-2010-жж. ал 1,7 млрд. рублга жеткен. Андан бери алда канча көбөйгөн болуш керек, анткени РФ аскер ишине, согуш куралдарына триллиондорду бөлүп атат. Менде кийинки маалымат жок.
Ошого карабастан, аренда акыны мындай кой, өздөрү пайдаланган коммуналдык кызмат, электр энергиясы, телефон, газ, суу менен жабдууларга кеткен чыгым Россия авиабазасынын эсебинен эмес, Кыргызстандын түбү жыртык бюджетинен жабылып келет. Алмазбек Шаршенович айткан 4-5 жылдан бери эмес, 10 жылдан бери. Эмне үчүн деген маселе кечээ, бүгүн чыккан жок, эбак көтөрүлгөн. Эсеби маселең, 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин жаңы бийлик Кыргызстан кызыкчылыгына кыйшык ишти түзөп коебу деген үмүт менен маселе кыйла кызуу көтөрүлдү. Коомчулукта. Парламентте. Эсимден өчпөсө, аны парламентке биринчи ошол кездеги депутат Кубанычбек Исабеков алып чыкты. Мен эле канча макала жаздым, айрым белгилүү коомдук ишмерлерден интервью алып жарыяладым. Эшиткен эч ким болбоду. Россиянын торпедо сынаган 954-базасы убада кылган компенсациясын төлөбөй койду деп көлдүктөр анда бир толкуган. Жөнү бар болчу, ал базаны куруу үчүн керемет курорт "Койсары" жер үстүнөн жексен кылынган. Жүздөгөн гектир жайыт жерлерин тикенек зым менен чычкан мурду өрдөгүс чырмап алган. Айрым маалыматтарга караганда, Россия ал жана Кара-Балтадагы (Чалдовар) 338-аскерий байланыш түйүнү үчүн жылына 4,5 млн. доллар төлөп турмак. Ал Кыргызстан аскерине кадр даярдоо, техникадан жардам берүү өңдүү "тил менен кармалган жолборстой" жок бойдон калды. Алмазбек Шаршенович мүмкүн ошону Канттагы авиабаза менен механикалык чаташтырып аткандыр. Эмнеси болсо да андан "сумма" өзгөрбөйт. Тек, Алмаз Шаршенович иштин андай жагдайын эми араң билдим дегени ишеним жаратпайт.
Дагы бир момент. СССР урандысынан бутуна турган мамлекеттер ортосунда 1992-жылдын 9-октябрында түзүлгөн келишим бар. Ал боюнча бардык союздук республикаларда жайгашкан орток мүлк комплекстери ошол республиканын менчигине өтүүгө тийиш. Адал логикага таянсак, Койсарыдагы сынак база да Кыргызстан юрисдикциясына өтмөк. Казакстан ошентти. Аскерий техникаларынан баштап, атом куралдарына чейин алып калды. Кийин куралсыз мамлекетке айланабыз урааны менен АКШдан миллиондорду санатып алып, жок кылды. Украина ошентти. Совет бийлигинен аскердик-техникалык арсеналдарды модерндештирип, коргонуу күч-кубатын чыңдап алды. Санай берсе мисал көп.
Биздин алабарман Акаев эмне кылды? 1993-жылдын 5-июнунда Россия менен Кыргызстан ортосунда келишимге келиштире кол коюп, базаны баш-оту менен бүт территориясын кошуп Россия менчигине өткөрүп жиберди. Өз калтасы канчалык кампайганын ким билсин, казынага эч нерсе түшкөн жок. Москва ушунусу үчүн эле качкын президентти бапестеп бага турган жөнү бар.
Экинчиден, Кыргызстан президенти "Коммерсант" гезитине берген интервьюсунда маселени туура койду: "ОДКБнын ар бир мүчөсү өз өлкөсүнө Россия базасын ачыш керекпи?" Антип айтууга негиз бар: Канттагы базаны ОДКБнын аскер күчү десек, эмне үчүн жалаң Россия аскер контингентинен турат? Же ОДКБга мүчө мамлекеттердин коопсуздугу Россияга эле керекпи? Ушул жагдайдан караганда, Кант авиабазасы ОДКБга эмес, Россиянын өзүнүн кызыкчылыгына кызмат кыларын байкоо анча кыраакылыкты талап кылбайт. Канткен менен бул жерде үч үлкөн держава - Россия, Кытай, АКШ таасир талашып атканы азыр ачыла калган чындык эмес.
Маселең, Казакстан да ОДКБ мүчөсү. Биздеги сыяктуу эле аларда да Россиянын 5 аскер объектиси жайгашкан. Казакстан бизге салыштырмалуу байкер, жери да эбегейсиз кенен. Бирок Россия базаларынын бирин да бекер жайгаштырган эмес. Атактуу "Байкоңур" үчүн Россиядан жылына 115 млн. доллар аренда акы алат. Келишим 2050-жылга чейин түзүлгөн. Учкучтардын 929-сынак борборуна Россия 4,454 млн. доллар, "Сары-Шаган" полигону үчүн 18,932 млн. доллар, анын дагы бир бутагы - Эмба полигонуна 0,718 млн. доллар, 4-ар түрдүү сынак борбору үчүн 0,682 млн. доллар төлөйт. Баса айтам, бир эле ирет эмес, жылына. Объектилердин бардыгы совет мезгилинде курулган, ал кулагандан кийин Казакстандын менчигине өткөн. Өзүңүз көрдүңүз, ошондой эле 5 аскерий объекттин 20 жылдык аренда акысына президент Россия бийлигинен 15 млн. доллар өндүрүп келди, тытышып жатып.
Же Тажикстанга келели. Россиянын эң ири 201-аскер базасы Тажикстанда. Анын аренда акысы менен "Нурек" электрондук-оптика түйүнүн Россияга менчиктеп бергенине чегерип, Россия Тажикстандын бүт карызын кечип жиберген.
Мамлекеттер мамилесинде түбөлүк достук болбойт, түбөлүк кызыкчылык болот деген көөнө сөздүн көркү ушул. Россия маалымат каражаттары катуу-катуу кабарлаган, биз да жаздык: Россия Африка өлкөлөрүнүн 40 млрд. доллар, Афганистандын 100 млн., Ирактын 10 млрд. доллар карызын кечти. Ал эми биздин 20 жылдан берки 180 млн. доллар карыз Чубактын кунундай чубалып келатыр. Он жылдан бери анын ордуна сунуш кылбаган ишканабыз калбады. Ал эми атактуу, атактуу дегенибиз, эски союз чөлкөмүндөгү экинин бири эсептелген завод - "Дастан" трансулут корпорациясын сунуш кыла берип тарпын чыгардык. Бакиев бийлиги 2009-жылы заводдун 48% акциясынын себине учурда РФ соода өкүлчүлүгү турат, мурда "Кыргызалтын" мамконцерни жайгашкан зор имаратты кошуп берели, карызыңарды кечкиле маанисинде макулдашып, чыпалак алышканга чейин жеткен. А бүгүн айнып отурушат. Жок, берсеңер 75% акциясын бергиле, анткени жабдыктары эскирип кетиптир, чыгашасы көп экен таризинде талап менен чыгышты. Президент Атамбаев бу жолку иш сапарында Россия-Кыргызстан келишимдерине байланыштуу бир кыйла ачуу чындыкты айткан, Россия алган милдеттенмелерин аткарбай жатат деген. Кыргызстан жетекчилигинен сын пикир угуп көрбөгөн орус бийлигине катуу тийсе керек.
Эмнеси болсо да бул жазуучулар арасында айтылып жүргөн азил кепти аргасыз эске салат. Бир карыя жазуучубуз: "Ойлоп, ойлоп отурсам, сени кыз албапмын" деп кемпирин сабайт имиш. Анын сыңары Россия тарап ойлоп, ойлоп отуруп келген жыйынтыгы ошол болсо, айрым кыргыз адистери башканы айтат. Эсеби маселең, 2009-жылдын февралындагы келишимде заводдун жалпы наркы өндүрүлгөн продукция жана аны сатуудан түшкөн киреше менен гана чыгарылган. Заводдун имараты, жер участкасы, техникалык жабдуулары, өндүрүш цехтери эсепке алынган эмес дейт. Иш ыңгайы андай болсо адистерден куралган комиссия келишимди кайрадан карап чыгуу зарылдыр. Болбосо, айланайын чалкайган аянтты ээлеп жаткан имарат, Ысык-Көлдө пансионаты, канча филиалдары бар. Кечээ жакында, кыязы, Россия тараптын дооматтары угулган соң, "Дастандын" деректирлер кеңешинин төрагасы Албек Ибраимов биртоп орус-кыргыз журналисттерин чогултуп, заводго саякат жасатты. Атүгүл буга чейин өтө жашыруун-жабык кайтарылган "Шквал" В 111 торпедосу жасалган цехти да ачып жиберди. Журналисттер заводдун технологиясы менен таанышты, жаңыланган техникаларды көрдү. Шарт боюнча булардын иштөө мөөнөтү 20-30 жыл деди заводдун инженери.
(Уландысы бар)
Алым ТОКТОМУШЕВ