Эски гвардиянын акыркы могиканы


Президент Алмазбек Атамбаевди бала чагында Алешка деп тергешчү экен. Андагы Алешка, мындагы ажонун баскан жолу, жеке жашоосу жана көпчүлүккө белгисиз жактарын сунуш кылабыз.

Баскан жолу
? Толук аты-жөнү: Атамбаев
Алмазбек Шаршенович
? Туулган жылы, айы: 1956-жылы 17-сентябрда Аламүдүн районундагы Арашан айылында төрөлгөн.
? Билими: жогорку. 1980-жылы Москвадагы башкаруу институтунун инженер-экономист адистигин аяктаган.
? Эмгек жолу: 1981-жылы Кыргыз ССРинин байланыш министрлигине инженерлик жумушка орношкон. 1989-1997-жылдары илимий-өндүрүштүк "Форум" ишканасынын башдеректири болгон. Андан кийин эки жыл катары менен (1997-1999-жылдары) "Кыргызавтомаш" АКсында башкы деректирликти аркалаган.
2005-жылдагы март ыңкылабына активдүү катышкан. Ошол жылы президенттикке талапкерлигин коерун жар салганы маалым. Бирок Бакиев-Кулов тандеми жаралганына байланыштуу ал оюнан кайтат. Кийинчерээк өнөр жай, соода жана туризм министрлигин алты ай жетектеген.
2007-жылдын 29-мартында кокусунан өкмөт башчылыгына барып, ошол эле жылдын 28-ноябрында отставкага кеткен. Арадан эки жыл өткөндө оппозициянын бирдиктүү талапкери катары ажо жарышка катышып, жалпы шайлоочулардын 7%дык ишенимине арзыган.
Апрель окуясынын эртеси утурумдук өкмөт төрайымынын 1-орунбасары, 2010-жылдын 17-декабрында парламенттик көпчүлүк (КСДП-"Республика"-"Ата журт") түзгөн келишимдин аркасында өкмөт башчылыгына шайланган. Өткөн жылдын 1-декабрынан бери президенттикти аркалап келет.
? Саясатка кеткен жол: 1993-жылы Кыргызстан социал-демократтар партиясын (КСДП) түптөгөн. Ал эми 1995-жылы эл өкүлдөр жыйынынын депутаттыгына шайланган. 2000-жылдагы президенттик шайлоодо үчүнчү орунду ээлеген. Ошондон тартып Акаев бийлигинин элдешкис оппонентине айланган.
? Алган сыйлыктары: 1999-жылы Даңк медалын, 2007-жылы Данакер орденин тагынган.
? Уруусу: ичкилик.
? Бою 173-175 см чамалуу, салмагы 77-78 кг.
? Эңсеп жеген тамагы: тамак ылгабайт.
? Спортко болгон мамилеси: бильярддын "американка" түрүн жакшы көрөт. Бирок үч жылдан бери быйыл араң кий кармаганга чолосу тийди.



Өлкө башчысынын атасы Шаршен Атамбаев Улуу Ата мекендик согушка катышкан. Атасы сот системасында иштесе, апасы Канымгүл өмүр бою колхоздо эмгектениптир. Алар үч уул, бир кызды тарбиялап өстүрүшкөн, эң кенжеси Алмазбек. Президенттин бир туугандары боюнча так маалымат таба албадык. Бир билгенибиз, Болот аттуу агасы жаш кезинде каза болгонун, анын Эмил Шаршенов аттуу уулу бар экенин билебиз. А.Атамбаевдин дагы бир агасы тээ совет доорунда эле Өзбекстанга көчүп кетип, ошо бойдон ал жакта мектепте физикадан сабак берип келет. Эжеси айыл чарба институтун аяктаган.
Болочоктогу ажо карапайым үй-бүлөдө өсүп тарбияланган. Ал аз жерден орустардын баласы болуп кала жаздаганын эшиткен жайыбыз бар. Анатолий Голик аттуу айылдык аткаминер уулуңузду мага бериңиз, ысымын Алексей кылып өзгөртүп, өзүмө каттатып алайын деп сураганда, Шаршен аксакал алгач көңүлдөнүп, бирок кайра айнып кетиптир. Эгер Шаршен ата макул болгондо, Алмазбек Атамбаевдин өмүр жолу түп-тамырынан өзгөрүлүп, бүгүн минтип такка отурбай калмак беле?..
Эң биринчи…
Максим Горькийдин "Балалык", "Эл арасында", "Менин университеттерим" үчилтигин окуп чыккан. Ошондон тартып адабиятка болгон кызыгуусу күчөгөн.
Алгачкы мугалими Стрельникова Мария Павловнаны дайыма эстеп турат.
Алгачкы миллионун 1990-жылы китеп сатуу аркылуу тапканы белгилүү. Марио Пьюзонун "Өкүл ата", Энтони Берджестин "Заводдук апельсин", "Анжелика жана король" сыяктуу китебин "Вагриус" басмаканасынан кыргызча чыгарып оңбогондой каражат тапкан. Бүгүнкү күндө байлыгы 5,5 млн. долларга барабар.
Атамбаев үчүн жашоосундагы эң оор сокку 90-жылдардын аяк ченинде болгон. "Филипс" компаниясы менен биргеликте кызматташуу аракетине Акаев бийлиги бөгөт койгон.
Биринчи ишканасын 1989-жылы түптө-гөн.
Атамбаев динди мамлекеттик деңгээлге чыгарбайбы?
Бала чактан берки досу - Бишкек мэри Иса Өмүркулов, а саясаттан тапкан досу - Ош губернатору Сооронбай Жээнбеков.
Кимдир бирөөгө таарынса өмүр бою жазылбайт. Жадагалса "сатып" кеткени үчүн жакын досунун тажыясына барбай койгон.
Мурдагы жансакчысы Болот Сүйүн-баевди өзүнө башкы кеңешчиликке дайындап алган.
Дүйнө лидерлеринин арасынан орус премьери Владимир Путин менен ынак. Февралдын аяк ченинде Москвага барганда Путин өзү машине айдап Атамбаевди сейилдеткен.
Акыркы мезгилде диний китептерди көп окуй баштады. Куранды кайталап окуп чыкты. Диний ишмерлерден Абдышүкүр Нурматов менен бат-баттан баарлашып турат.
Фейсбук, твиттер сыяктуу социалдык түйүндөргө көп башбакпайт. Интернетти жаңылык окуш үчүн гана колдонот.
Бир тамганы алмаштырып айтып алганынын азабын тартмайы бар. Мисалы, аксакалдарды акшакалдар деп айтканы коомчулуктун сынына кабылган. Мындай кемчилигин өзү деле сезет, бирок көнгөн адатын таштай албай кыйналганы кыйналган.
Орус-казак режиссеру Егор Кончаловскийдин тасмаларын атайын кинотеатрга барып калтырбай көрөт. Маселен, былтыр Кончаловский тарткан "А га" кайтып баруу" ("Возвращение в "А") фильминин ачылыш аземине катышкан.
Тун жубайы Бүажар менен ажырашканда ага бардык мүлкүн калтырып үйдөн чемоданын көтөрүп чыгып кеткен.
Атайын стилисттин кызматын колдонот.
Жансакчылары тууралуу так маалымат айтылбайт. Зарыл учурда 30дан ашуун жигит президенттин коопсуздугун сактайт.
Жети жылдан бери телефон номурун алмаштыра элек. Жакшы санаалаштары анын номурун жакшы билишет.
Президент болгондон бери атайын адис жалдап англис тилин үйрөнүүдө. Азыркы тапта англисче "сайрабаса" дагы орто деңгээлде сүйлөшүп калды.
Музыкалык аспаптардан гитарада эркин ойнойт.
Бала чагында музыкант же жазуучу болсом деп кыялданчу.
"Кыргызстанга бир эле Майрам жетишет, экинчисинин кереги жок"
Ажобуз экинчи никеде жашап атканы калайык калкка дайын. Биринчи жубайы Бүажар менен 1988-жылы кол үзүшүптүр. Бүажардан Сейитбек, Сейтек, Диана жана Динара аттуу эгиз кыздуу болгон. Ал эми кийинки өмүрлүк жары Раиса Мидахмедовнага баш кошконуна быйыл 24 жыл толот. Экөөнүн ортосунда 19 жаштагы Кадыр аттуу уулу, 15 жаштагы Алия аттуу кызы бар.
Раиса айымдын улуту татар, Россиянын Урал жергесинде төрөлгөн. Ата-энеси Кыргызстанга көчүп келип отурукташып калышкан. Азыркы канайым Ош шаарында орто мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган. Медицина илиминин кандидаты. Акыркы сегиз жылдан бери иштебейт, үй кожойкеси. Раиса Мидахмедовна менен маектешүүгө аракет кылдык, тилекке каршы, мүмкүн болбоду. Анүстүнө Алмазбек Шаршенович "Кыргызстанга бир эле Майрам Акаева жетишет, экинчи Майрамдын кереги жок" деп өмүрлүк жарынын саясый иштерге аралашуусуна, маалымат каражаттарына маек беришине тыюу салганын кабарлашты.
Атамбаевдин улуу байбичесинен төрөлгөн балдары туурасында расмий маалымат жок. Бир билгенибиз, Сейитбек мырза атасынын Түркиядагы бизнесин көзөмөлдөп турат. Кыздары Диана менен Динара да ишкерликке жакын. Расмий маалыматка таянсак, бир кезде алар борбор калаадагы "Нооруз" ресторанын иштетишкен. Ал эми Кадыр 2010-жылы №29 гимназия мектебин алтын медаль менен аяктаган. Учурда Түркиянын Анкара шаарында америкалык университетте билим алууда. Түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Кызы Алия 9-класстын окуучусу.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail: kerimbayev@mail.ru,
тел.: 29-88-45