Кемирейген генофонд

Бизнеси жабык, этеги ачык сойку соода



Кыргызстандан чет өлкөгө жыл сайын төрт миңден ашуун 25 жашка чейинки жаш кыздар сойкулукка сатылат экен. Сыртка иштөө үчүн атайын чыккан башка кесиптегилер айына миң долларга иштесе, сатылган сойкулар алардан он эсе аз акчага жалданышат. Жаш кыздардын көбү өздөрүнүн жакшы тааныштары же үй-бүлө мүчөсүнүн жакындары аркылуу сатылат.

Биздин өлкөдө канча секс соода түйүнү бар экенинин так саны белгисиз. Бирок көнүмүш адат менен элдин көбү цирктин тегерек-четинен, Правда көчөсүндөгү көпүрөдөн жана шаардын четиндеги айланма (объездной) жолдон издешет.
Кыргызстан жакыр мамлекет болгону менен ушул сыяктуу жабык бизнестегилердин көпчүлүгү гүлдөп келет. Алар мамлекетке салык төлөшпөйт. Жаштары 15-25теги сойку кыздардын дээрлик 100%ы аз камсыз үй-бүлөдөн чыккан калктын аялуу катмарынан. Ушул сыяктуу жаш кыздар менен катар жаш эркектерди сатып алуу сауналарда, түнкү клубдарда, мейманканаларда кездешет. Сойкулардын ставкасы саатына 250 сомдон 250-300 долларга чейин. Ушундай тарифтеги кыргыздын кыздары үчүн коңшу Казакстандан да келишет. Быякта көп жылдан бери иштеген, тажрыйбалуу сойкулардын баасы жаңыдан бул чөйрөгө аралашып, эне сүтү оозунан кетелек жаштарга караганда алда канча жогору турат. Мисалы, тажрыйбалуу сойкунун ставкасы 1000 сомдон жогору. Ал эми жаштардыкы алардыкынан эки-үч эсе аз.
Денесин сатып акча тапкан сойкулардын эч кандай укуктары жок. Алардын укугун сутенеру, бир жагынан милиционерлер, тейлеген кардарлар да тепсешет. Эксперттердин айтымында, сойку кыздардын иши гана гүлдөбөстөн, Кыргызстанда сойку мырзалардын да кызматы гүлдөп аткан кез.
Атайын адистердин айтымында, сойку кыздарга караганда сойку эркектердин арасында ар кандай ВИЧ оорусуна чалдыккандар көп. Сойку эркектердин көпчүлүгүн орусча мыкты сүйлөгөн, өтө тың, шаарда жашаган же райондун борборунда тарбиялангандар.





Шейхтердин шегин билгендер


Өзүн Апполон деп тааныштырган кыргыз жигит да алты жылдан бери сойку болуп иштейт экен. Жашы 26да. Жыйырма жашында тааныштарды ээрчип Эмиратка барып сойку болуп эки жыл иштеп келген. Быякка келгенден кийин эркек балдардын сойкуканасын ачып, карамагында сегиз баланы иштетет. Кээде өзү айткандай, "жирный кардарларды" өзү тейлейт. Түнкү клубдардын биринде трансвестит-шоусунда бийлейт. Ал жерге келген жашы ортолоп калган бай аялдарды, бизнесмен эркектердин да көңүлүн ачат. Эмиратка барганда адегенде бул ишти жашыруун жайлардан баштаган. Кийинчерээк ага чоң фирманын жетекчилери, шейхтер, бизнесмендер да келишкен. Ал жерде эркектер аялдарга караганда баалуу, бирок бул иш менен шугулдануу өтө опурталдуу дейт. Себеби эркекти пайдалангандан кийин аны кемсинтип, шылдыңдап акчасын бермек түгүл өлтүрүп да койгон фактылар бар. Кээ бир шейхтер өзүнө жаккан жаш жигитти бир-эки жыл чөлдөгү хансарайына эч кимге көргөзбөй кармашат, каалаган учурда келип-кетип көңүл ачып турат. Андан тажаганда акча бермек түгүл, документтерин да алып калып көчөгө чыгарып койгон учурлар бар. Ал эми эркектерге караганда аялдарга жеңилирээк. Себеби чакырууга барган сойку-эркек аялды же кардарды канааттандыруу үчүн ага ошончолук энергия сарптайт. Ошол энергияны топтоо үчүн кээде дары ичүүгө туура келет. Эмиратта иштеген Тимур деген татар жигит дүүлүктүрүүчү дарыны ашыкча ичип алып ууланып өлүп калган. Андан тышкары, эркектердин сырткы келбети да кардардын оюндагыдай болушу шарт. Айымдар бетине косметика чаптап, сулууланып алышат. Ал эми эркектердин косметика колдонгону көпчүлүккө жага бербейт. Үй-бүлөсү, бала-чакасы бар, жашы улгайып бараткан эркектер эмнегедир жаш жигиттер менен жакындашууну каалашат. Бир жолу 68 жаштагы абышка пенсиясын чогултуп, байбичесин төркүнүнө жөнөтүп, быяктан жаш жигитти чакырып кетти. Бул жашоодо баарын татып көргүм келет дептир. Эми айтып отурса мындайлар көп. Россияда мындай бизнес менен шугулдангандар сойкуларга 30% төлөшөт, калганын сутенер алат. А быякта теңме-тең бөлүнөт дейт Апполон.
Статистика боюнча эркек сойкулар Кыргызстандан Араб Эмиратына, Түркияга, Грецияга кеткендер көп. Чет өлкөдөн алтын тоону убада кылып, эркек сойкуларды алып баргандардын көбү аяктан тозок жашоону көрсөтүшөт экен.
Негизи буга кызыккан кардарлардын 90%ы эркектер. Күйөөсүнөн канааттануу албаган айымдар же колунда бар бизнес ледилер, жашы өтүп бараткан аялдар анда-санда гана эркек сойкуларды жалдашат. Кээ бир аялдар түнкү клубга барып ал жерден арактан өлөрчө ичип, эрмек кылчу эркегин унутуп уктап калган учурлар да болот дейт Апполон.





"Башка кесипте иштей албайбыз"


Бул чөйрөдө сегиз жылдан бери иштеп келаткан 31деги Жульетта деген кыргыз келин да сырын айтып берди. Албетте Апполон, Жульетта деген алардын жашыруун аттары экени айтпаса да түшүнүктүү. Жульеттанын айтымында, турмушка чыгып бир кыздуу болгондон кийин күйөөсү Кореяга кетип, ошол боюнча келген эмес. Кайындары менен катташпай калган. Адегенде бул ишти сутенер "мамашасы" менен баштаган. Бирок "мамашасы" Жульеттага жарытылуу акча берген эмес.
- Бул кесип оңой, көчөгө чыгып эркектин алдына жатып берсең эле акча табылып калат деп ойлошот. Бирок буга да нерви чыдаган, психологиялык жактан туруктуу адам иштей алат. Мени менен төрт кыз турабыз. Биз түнкүсүн чыкпайбыз, күндүз түшкө чейин өзүбүздүн точкадан каалоочулар алып кетишет. Быякта өтө кежир, өжөр болбосоң сени башка атаандаштар сүрүп чыгарып коюшу ыктымал. Өзгөчө өзүбүздөн жаштарды жаныбызга жолотпойбуз. Тилекке каршы, буга жаңыдан аралаша баштагандар тез эле ВИЧ сыяктуу ооруларды жуктуруп алышат. А биз ай сайын өзүбүздүн гинекологго текшерилип турабыз. Негизи түштүктөн келген сойку кыздар көп. Арасында өзбек улутундагылар, бир тууган эже-сиңдилер, жеңе-кайынсиңди болуп чогуу иштегендер да бар. Көпчүлүгү туугандары менен таптакыр катышпай калгандар. Кээ бирөө бир табак тамакка же бир пачке тамекиге деле иштей беришет. Албетте аларды жалдагандар үй-жайы жок селсаяктар, же аракечтер болот. Тилекке каршы, мындан эки-үч жыл мурун эки эже-сиңди ошентип көчө селсаяктарын тейлеп жүрүп жаман оорудан көз жумушту. Аларды туугандары да алып кетишпей, акыры өлүкканадан көмүлдү окшойт.
Биздин укугубузду коргойт деп укук коргоочуларга, милицияга кайрылсак, алар да пайдаланып, кемсинтип басынтышат. Кез-кезде белгилүү саясатчылар, укук коргоочулар, артисттер, журналист эркектер келишет. Аларды тейлөө биз үчүн сыймык. Кээде арзан баага деле макул болобуз. "Мамашабыз" жок иштегенибиз менен бизди көзөмөлгө алып "крышовать" эткен милициялар бар. Сойкуларга рейд жүргүзөрдө бизге маалымат жиберишет, ал күнү сыртка чыкпайбыз. Бирок кармалганда деле сураган акчасын берип чыгып кетебиз.
Негизи сойкулардын эң жашы 13-14 жаштагылар деп угуп калабыз. Бирок алар биз сыяктуу көчөдө турушпайт. Көпчүлүгү "мамашасы" аркылуу чакыруу менен иштешет экен. Ал эми эң картаңы деп 58деги бир эже бар. Анын деле өзүнүн кардарлары бар, жыйырма эки жылдан бери ушул кесипти аркалап келатат. Союз убагында деле далай белдүү адамдардын койнунда болуптур.
Быякта элге айтпай турган көп сырлар бар. Аны ачыкка чыгарууга болбойт. Криминалдык чөйрө менен да кээде байланыштар болуп калат.
P.S. Албетте ар бир адамдын тагдыры, жашоосу өзүнүн колунда. Илгери союз убагында ар бир кесип ардактуу деген ураандын алдында иштечү элек, эми сойкулар да биздин кесип ардактуу деп сыймыктануу менен сүйлөгөнү таңгалдырды. Тилекке каршы, денесин сатып иштеп көнүп калгандар башка ишти аркалай албасын жашырышпады.
Даярдаган Назира КУЛМАТОВА





Тасмадан кийинки сөз

Алыкулдун күйдүмчок күйөрманы Досбол Сарбалаевге



"Жаңы Агым" гезитине (23.03.12) жарыяланган Досбол Сарбалаевдин "Бечара Алыкул" аттуу пикирин окуп, аны кадимки сын пикир катары кабыл алдым. Анткени ар бир адамдын өзүнүн көз карашы, өз деңгээлине жараша ой жүгүртүүсү жана ал адамга тиешелүү дүйнө таанымы болот эмеспи. Ошону менен катар чыгарма болобу же башка нерсе болобу, бардык эле адамга бирдей жага бербестиги бештен белгилүү нерсе. Мен үчүн ар бир көрөрмандын пикири маанилүү.

Менин айтарым, Досбол Сарбалаев деп псевдоним жамынбай, өз атынан эле ачык айтып чыкса, аны эч ким эч нерсе демек эмес. Мына ушундан улам мен бирөөлөрдүн ичин күйгүзө турган иш кылган окшойм деп ойлоп калдым. Досбол Сарбалаевдин артына жашынган адам "ишенсеңер, аш жейм деп келип таш тиштегендей болдум" дейт. "Мезгил жана Алыкул" тасмасын көргөндөргө маалым болгондой, тасмада Алыкулдун образын ачуу биринчи орунда турат жана ошондой эле поэзия, лирика жатат. Досбол Сарбалаев бирөөнүн үй-бүлөсүн бузган ойношторду көрөм деп келсе керек, себеби күнүмдүк жашоодон чыга албаган тасмалардын катарын толуктабайт деген сөзүм аны аябай делөрүтүптүр да.
Негизи жашоодо ак-кара, ачуу-таттуу, күн-түн, жамандык-жакшылык деген нерселер бирдей жүрөт эмеспи. Албетте тасманын кемчилиги менен катар жакшы жагы да болууга тийиш. Досбол Сарбалаевдин тасманын жакшы жагын көрбөй жаманын гана көрүүсүн мен жөн гана каралоо же болбосо көө жабуу деп бааладым.
"Жаңы Агым" гезитиндеги (23.03.12) Анара Дүйшөналиеванын "Мезгил жана Алыкул" макаласындагы жазуучу Бексултан Жакиевдин "Алыкулдун жашоодогу маанайын мыкты көрсөтүп бере алган. Аракети күч экен, ыраазы болдум". Режиссер, драматург Жаныш Кулмамбетовдун "азыркы муун үчүн Алыкул Осмонов ким болгон деген суроого жооп алганга жакшы маалымат" деп айтканы мен үчүн чоң жетишкендик, ийгилик деп эсептейм. Менин максатым - акын Алыкул Осмоновдун образын ачып, бейнесин чагылдыруу болчу.
Мен "Мезгил жана Алыкул" тасмасынын сценарийин жазууда Алыкул Осмонов тууралуу болгон маалыматтын баарын окуп чыктым. Алыкулду кандай көрсөм, тасмада ошондой чагылдырып бердим. Андыктан бул менин жеке көз карашым.
Дүйнөлүк чыгармаларды карап көрсөк, Римдеги Спартак жөнүндөгү тасманын отуз чакты варианты бар экен. Менин айтарым, ким Алыкулду кандай көрсө ошондой кылып тартып көрсөтсө азыр да кеч эмес, эч ким тоскоол болбойт.
Чыгармачылык чөйрөгө аттанткан өзүмдүн агайым Жаныш Кулмамбетовдун бир жакшы сөзү бар "Чыгарма сынчылар үчүн жаралбайт. Чыгарма окурмандар үчүн, көрөрмандар үчүн, угармандар үчүн жаралат" деген. Андыктан мен чыгарманы ката табыш үчүн гана көргөн сынчыларга эмес Алыкулдун күчтүү ырлары кантип жазылганын көмүскөдөгү айтылбаган ойлорго катып, мезгилге катып, көрөрмандарга ачып бердим.
Айдай ЧОТУЕВА, "Мезгил жана Алыкул" тасмасынын режиссеру