Карайлаган кыргыздан кабар алар жан барбы?

Жерге-Тал абасы жанга жагымдуу, жери малга, дыйканчылыкка жайлуу өзүнчө бир керемет жер. Кадырман карылардын айтымында, чоң-чоң шаарларда бир кезде каатчылык болуп, эл ачарчылыктан бир четинен кырыла баштаганда да Жерге-Талда жокчулуктан өлүм-житимге учурагандар аз болуптур. Берекелүү тоо койнунда өскөн роо, миңгек, мандалак сыяктуу жер азыктары не бир апаат замандарда элди кырылып жок болуп кетүүдөн сактап калганын көп жолу укканым бар. Согуштан кийинки таңсык жылдары айрыкча роонун тамырынан кадимкидей токоч жасап жешерин ыраматылык таенем айтып калар эле. Башкасын мындай койгондо да, Тажикстандагы кечээки эле жарандык уруш жылдары атыш-тополоңдон, ачарчылыктан жабыла качкан 15-20 миңдей шаардыктарды супурасы каңгырап араң турган жерге-талдыктар (өзү араң 40-50 миң болуп туруп) бир боорундай тосуп алып, жыл айлана багып сактап калганы бекеринен эмес.

Мындан 15-20 жыл мурда бизге келген меймандар бул аймакта жашаган эки элдин ынтымагына, достугуна тан беришер эле. Айрыкча көчөнү жөн коелу, үйүндө бала-чакасына чейин кыргызча таптаза сүйлөгөн тажик улутундагылар алардын оозун ачырчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күндүн картинасы такыр башкача. Төрт-беш кылымдан бери бул жерди ыйык ата журту катары санап келишкен кыргыздар акыркы жылдары батирде тургандай, эртеңки күнүнө ишеничи жок жашап калышты. Буга кийинки эки жылдан берки тажик өкмөтүнүн башка улуттарга болгон калпыс саясаты түрткү болууда. Бүгүнкү ааламдашуу принциптерине түп-тамырынан каршы турган бул сокур саясат жүздөгөн жылдардан бери ынтымак-ырашкерчиликте жашап келе жаткан эки элдин биримдигине да доо кетирбей койгон жок.
Баары кыргыз тилин такыр колдонуудан чыгарып, жерүүдөн башталды. Алгач жол боюндагы кыргызча жазылган көрнөктөр тажикчеленсе, кийин мектептердин аталыштары, ички жасалгалары тажиктештирилип, иш-кагаздарын толугу менен тажик тилинде жүргүзүүгө мектеп жетекчилерине катуу талап коюлду. Бул мамлекеттик тилде жаза албаган кыргыз тилдүүлөрдү жетекчилик кызматтарда иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Бул жергиликтүү калктын дээрлик 70 пайызын түзгөн жерге-талдык кыргыздардын шаабайын суутту. Жерге-талдык кыргыздардын тарыхын, тагдырын камтыган, алардын улуттук жүзүнүн эн белгиси болуп саналган кыргызча жер-суу аттарынын жасалма аттарга алмаштырылышы да элдин үмүтүн өчүрдү. Эл аралык да, кошуналык да, адамкерчилик да мыйзамга сыйбаган тажик жетекчилеринин мындай кадамы - жерге-талдык кыргыздардын улут катары, эл катары укугун гана тебелеп-тепсебестен, жүздөгөн жылдардан бери ошол аймакта жаралып, калыптанган тарыхын, маданиятын, үрп-адат, каада-салтын жокко чыгаруу саясатын жүргүзүп жаткандыгынын белгиси. Муну маданий геноцид дегенден башкача атоого мүмкүн эмес. Анан калса, жерге-талдык кыргыздардын тарыхы - ошол жерди мекендеген кыргыздардын эле тарыхы эмес, бул жалпы Кыргызстандын, жалпы кыргыз улутунун тарыхы. Демек, бул маселеде кайдыгер болуу - улуттук чыккынчылыкка барабар.
Жерге-Талда кыргыздар келечекте жашап калышы керекпи же маданий геноциддин айынан жок болуп кетиши керекпи? Бүгүнкү тагдыр чечүүчү маселе ушунда болуп жатат. Мында эч кандай апыртуу жок. Жерге-Талга кошуна жайгашкан Тажикабад деген райондо (калктын негизги бөлүгүн тажиктер түзгөн жерде) кадим замандан бери жашап келе жаткан кыргыздар бар. Алардын тулку-түспөлү кыргызга окшогону менен, өздөрүн миң кайталап кыргызбыз дешкени менен аларда кыргыздын зат-жыты калган эмес. Эгер жерге-талдык кыргыздарга карата мамиле ушундай жүрүп отурса, ал жерден көчпөй калгандар да көп узабай өз тилинен ажырап, тажик болуп кетери турган иш.
Жалпы эле тажикстандык кыргыздардын арасатта калышына, алардын түрткүнчү элге айланышына кыргыз коомчулугунун, айрыкча кыргыз бийлигинин да күнөөсү бар. Тарыхый мекени менен болгону 10-15 км аралык бөлүп турган (Алайдын Улуу-Карамыгы менен Жерге-Талдын Кичи-Карамыгынын ортосун 7 км гана бөлүп турат) кичи мекендештерине кыргыз мамлекети өз убагында көңүл буруп, эч болбогондо рухий-моралдык, маданий колдоо көрсөтүп турганда байкуш элдин абалы мынчалык аянычтуу жагдайга тушукпайт эле. СССР тарагандан бери Кыргызстан тараптан бир да жолу аттуу-баштуу (расмий) жардам Жерге-Талдагы кыргыз мектептери үчүн бара элек. Мындан бир аз жыл илгери Тажикстандын билим министринин орунбасары Кыргызстандагы тажик мектептерин бирме-бир кыдырып, алардагы окутуунун жагдайы менен өзү таанышып чыгыптыр. А бизге министр эмес, министрликтин катардагы кызматкери басып барганын али уга элекмин. Мектептерде кыргыз тилиндеги окуу куралдарынын тартыштыгынан окуунун сапаты кескин начарлап кеткени бир болсо, кыргызча адабий китептердин, газета-журналдардын жоктугунан, теле-радио угулуп, көрсөтүлбөгөндүктөн кыргыз тили жоголуп жатат. Бул - кыргыз жетекчилеринин ыкшоо, кайдыгер саясатынан Жерге-Талды жүздөгөн жылдардан бери мекендеп келе жаткан кыргыздар жоголуп жатат дегенди билдирет.
Эгер кайсы бир орус дүйнөнүн кайсы бир аралында кырсыкка учураса, Орусия бүткүл ааламга чуу салат. Жыйырма жылдан бери эч ким сурап койбогон тажикстандык кыргыздарды албетте тажик бийлигиндегилер каалагандай күүгө салат. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай, менин карындаштарым (жалпы эле Тажикстандан келгендердин кыйласы) кыргызчага караганда тажикче ыр-күү укканды артыгыраак көрүшөт. Эгер алар кыргыздын музыкасын кабылдабаса, жалпы эле маданиятын түшүнө бербесе - бул алардын күнөөсү эмес, шору. Ар ким бала күнүнөн баштап кайсы элдин музыкасын угуп чоңойсо, ошол музыканы өзүнө сиңирет, кийин да ошол музыка гана ага жагымдуу учурайт. Айыл жерлеринде Тажикстандан көчүп келгендерди "тажиктер" деп аташат. Чын эле алар кай бир жагынан "тажиктешип" кетсе, бул да алардын айыбы эмес. Буга биринчиден, алар буга чейин жашап келген тарыхый шарт себеп болсо, экинчиден, тагдырдын буйругу менен мекенинен обочолонуп калган боордошторуна маданий чөйрө түзүп бере албаган кыргыз бийлиги, кыргыз интеллигенциясы күнөөлүү.
Эми жер-суу аттары маселесине өтөлү. Эмне, Кыргызстандын картасында тажикче коюлуп калган тарыхый аталыштар азбы? Толуп жатат. Факты үчүн айрымдарына гана токтололу. Келте-Булак, Дөрө, Кажы-Сай, Кыз-Дара, Зилзала-Булак, Санам-Булак, Бас-Мойнок, Баткен, Зардалы, Дөгмөп, Жоопая, Ташты-Калан, Дароот-Коргон, Кандава, Мады, Говсувар, Жалал-Абад, Өзгөн, Исфана, Исфайрам, ж.б. (маалымат К.Конкобаевдин "Топонимия Южной Киргизии" деген китебинен алынды). Эгер дүйнө мамлекеттери өз аймагынын топонимикасын каалагандай бурмалап өзгөртө берсе, анда географиялык карта сокур саясатчылардын бутаарчысына айланбайбы! Мурдунун учунан алысты көрө албаган Тажикстандын айрым саясатчылары ушуну түшүнбөй жатат.
Жерге-Талдын чыгышында Деп-Шаар, Мөк, Миң-Булак, Иргет, Кандоо, Кожо-Топ деген эң четте жайгашкан айылдар бар. Бул айылдарды сырткы дүйнө менен байланыштырып турган Көк-Суу дарыясына салынган көпүрөнү 2006-жылы суу алып кетип, аймактын жашоочулары болгону 15 км түзгөн түз жолдун ордуна 70 км айланма жолдон каттоого аргасыз болуп калышкан. Бул мүшкүл аз келгенсип, былтыр июль айында Думана деп аталган сууга салынган көпүрөнү да сел алып, элдин жашоосу азапка айланды. Эми сырткы дүйнө менен байланыш толук үзүлдү. Карайлап калган элге өкмөт тарабынан же башка уюмдар тарабынан да али эч кандай жардам көрсөтүлө элек. Учурда аймактын жашоочулары өздөрү кышта каттоого ылайыктуу гана көпүрө салышып, тириликтерин жүргүзүүдө. Бирок бул убактылуу көпүрө май айларына суу ташкындаганга чейин гана жарайт. Ошол мезгилге чейин жаңы көпүрө курулбаса, 300-400 түтүндү түзгөн бул адамдардын тагдыры эмне болорун болжоп болбойт. 2006-жылдан бери Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго, райондун жетекчилерине кайрылуудан эч майнап чыкпаганына көзү жеткен эл ушул жылы Кыргызстандын президентине, өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке, БУУнун Калкты жайгаштыруу боюнча Кыргызстандагы комитетине, Агахан IVтүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кат менен кайрылышкан (бул кайрылууда мен жогоруда сөз кылган Жерге-Талдагы көйгөйлөр, чек арадагы мыйзам бузуулар да камтылган эле). Тилекке каршы, эч натыйжа чыкпады.
Мен жерге-талдык кыргыздардын атынан жалпы кыргыз элине, жаңы шайланган президентке, кыргыздын аттуу-баштуу инсандарына, кыргыз интеллигенциясына, деги эле кыргыз үчүн күйгөн адамдарга кайрылам. Үн кошуп, мүмкүнчүлүккө жараша жардам бериңиздер, айласын таппай алдастаган бир ууч кыргызды Жерге-Талда сактап калалы!
Бул макаланы жазып бүткөн кезде Жерге-Талга каттаган жолдогу Улуу-Карамык постунда жүргүнчүлөрдү ар кандай шылтоолор менен тоноо кайрадан күч алгандыгы тууралуу кабар келди. Белгилүү журналист Жолдош Турдубаев сындап жазгандан кийин соңку эки-үч айда чек арадагы каракчылык бир аз тыйыла түшкөн болчу. Эми кайра өз билгендерин кылып жатышат окшойт.
Аким Кожошев, Жерге-Талдан келген кыргыз атуулу