Кара түстүү дүйнө

"Атам мага ишенбесе, апам жакшы көрбөсө…"



Дүйнө жүзүндө расмий статистика боюнча өзүнө өзү кол салып көз жумгандардын саны жылына 1 млн.100 миңди түзөт экен. Ал эми статистикага катталбаган маалыматка таянсак, өз жанын кыйган адамдардын саны жылына 4 млн. Алардын көбү дары-дармекти ашыкча ичкен, жолдогу кырсык, бийиктиктен жыгылуу ж.б.у.с. кокустуктан өлдү деп эсептелинет. Ал эми бир жылда 19 млн. адам өз жанын кыюуга аракет кылат, бирок анысы ишке ашпайт экен.


Дүйнө жүзүндө өз жанын кыйган беш жаштан он тогуз жашка чейинки жаштардын саны 65%ды түзөт. Алардын 30%ы 14-24 жаштагылар, 6%ы эркек бала болсо, 10%ы кыздар. Адистердин айтымында, 90% өз жанын кыйган өспүрүмдөр өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн гана ушул аракетке барышат экен.
Акыркы мезгилде Кыргызстанда да өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салуу фактылары көп кездешүүдө. Мисалы, 2008-жылы республика боюнча 72 өспүрүм өз жанын кыйса, 2009-жылы анын саны 76га жеткен, 2010-жылы 96, ал эми 2011-жылы 106 өспүрүм өмүрүнө кол салып көз жумган.


Жакыр турмуш, жарыгы жок сүйүү
Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын өз жанын кыюу көйгөйү тууралуу Билим берүү жана илим министрлигиндеги мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Дамира КУДАЙБЕРГЕНОВАга кайрылдык.
- Негизи бул көрсөткүч Кыргызстанда эле эмес КМШ мамлекеттеринин ичинде да көп экени байкалат. Буга чалдыккан өспүрүмдүн үй-бүлөсү, жашоосу материалдык, моралдык жактан жабыркагандар. Өз жанын кыйгандардын 30%ы психикалык жактан сокку алгандар. 2009-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда төрт суицид катталган. Андан кийин ошол өз жанын кыйган баланын кошунасы бойго жеткен жигит да суицидге барган. Тилекке каршы, суицид бири-бирин тартып азгырып кеткендей. Бойго жетип келаткан өспүрүм баланын гормондору өсүп, психикалык жактан туруктуу эмес, мүнөзү калыптана элек, каны кызып турган кез. Ушундай учурда аларга аяр мамиле жасоо шарт.
Акыркы кезде Ысык-Көл жана Талас облусунан суицид көп катталууда. Мисалы, жакында эле Талас облусунун Манас районунда 6-класста окуган кыз эжеси менен уруша кетип асылып өлгөн. Ата-энеси шаарда иштегендиктен, үйдө балдары калыптыр. Учурда көпчүлүк ата-эне балдарын таштап акча табайын деп талаалап кетип атышат. Кароосуз калган балдары өз алдынча жашоого калыптана элек болгондуктан көп маселени чече алышпайт. Туура эмес жасап алган күнөөсүнөн өз жанын кыйып арылгысы келет. Көпчүлүк учурда өзүнө өзү кол салып көз жумган балдардын ата-энеси алардын өлүмүнүн себебин жашырып коюшат. Көз жумган балдардын көпчүлүгү жакыр үй-бүлөдөн, чыр-чатактан, теңтуштары же сүйгөнү менен урушканда, акчанын жетишсиздигинен ушундай жолду тандашат. Биздин иликтөөбүзгө таянсак, суицидге барган өспүрүмдөрдүн 46,9%ы үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөрдөн, ал эми 13,6%ы сүйүүдөн улам чыккан. Өз жанын кыйган өспүрүм өлгөндөн кийин ата-энеси анын себебин иликтеп, айлана-чөйрөсүнөн, досторунан, мектебинен күнөө издешет. Бирок бул жерде эң негизгиси, ата-энелердин көңүл буруусунан, материалдык, моралдык жактан колдоо алалбагандан улам, көптөн берки бул жашоого таарынычы топтолуп отуруп, акыры ушундай өкүнүчкө келип такалат. Тилекке каршы, ата-эне үй-бүлөдө балдары менен жандүйнө жөнүндө сүйлөшпөйт. Көз жумган балдардын көбүнүн энеси акча табуу үчүн чет жактарга иштегени кеткен же башка үй-бүлөдө турмуш куруп жашап аткандар болуп чыгат. Суициддин алдын алуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында, мектептерде, окуу борборлорунда психотерапевт болуш керек. Тилекке каршы, бизде Кыргызстан боюнча суицидолог жок экен. Мугалимге таарынып өз жанын кыйган фактылар да бар. Бирок мугалимдердин урушу ошол баланын суицидге барышынын акыркы эле тамчысы болот. Психикасы туруктуу, үйдөн жакшы мээримдүү тарбия алган бала ага анча көңүл бурбайт. Азыр ар бир мектепке социалдык кызматкерди киргиздик. Бирок булар психолог эмес, ошондуктан алар социалдык маселелерди гана чечишет. Ал эми мектептеги окуучунун жандүйнөсүнө сүңгүп кирип, алардын психологиялык көйгөйүн чече алышпайт. Андыктан баланын акыркы кадамга барбоосун алдын алуу үчүн үйдөн ата-энеси, мектептен мугалимдер камкордукка алышы шарт.


"Суицидге барган адам аман калса экинчи жолу да кайталайт"

Өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюунун себептери тууралуу психолог Кеңешбек УСУПОВГО кайрылдык.


- Өз жанын кыйган өспүрүмдөр артында жеке трагедиясы, жашоосундагы катастрофа, эч жерден моралдык колдоо алалбаганда алардын аң-сезими акыры өлүм деген коркунучту жеңип чыгышат. Алардын 62%ы үй-бүлөлүк чыр-чатактан, чоңдордун ур-соккусунан, мугалимдердин урушунан, классташтарынын, досторунун кемсинтүүсүнөн тажап, айлана-чөйрөсүндөгү кайдыгерликтен чыгат.
Көпчүлүк өспүрүмдөр өзүнө көңүл бурдуруп, көйгөйүн ушундай жол менен чечип алууга аракеттенишет. Алардын көпчүлүгү өлүп калам же ден соолугума зыян келет деп ойлошпойт, болгону жанымдагыларды ушундай жол менен коркутам дешет. Мындай учурда алар кан тамырын кесишет, дары ичишет, муунгандай түр көрсөтүшөт.
Кээ бир өспүрүмдүн жандүйнөсү кыйналып суицидге барарда эмоциясын сыртка чыгарып, өлүп калам дегени менен кантип өлө турган так планы да жок болот. Алар асылып калат же уулуу нерселерди ичишет.
Ал эми чындап өлгүсү келген өспүрүмдөрдүн кулк мүнөзү башкача болот. Алар акырындап бардыгын пландашат. Туугандарына, жакындарына, досторуна кат жазып, өлүмүнүн себебин айтып, коштошушат. Булардын көпчүлүгү асылып же бийиктиктен секиришет. Негизи суицидге барган балдар бир эле күндө чечимге келбейт, алар жылдап, айлап, жумалап чогулган депрессиядан чыгат.
Суициддин биринчи баскычында өспүрүмдө өлүм жөнүндө ой боло баштайт. Аларда жетишкендик азайып, бир нерсеге болгон кызыгуу жоголуп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт, кыжыры бат келип, мүнөзү туруксуз болот. Көпчүлүк учурда алар ушундай жашоодон тажадым, уктаган боюнча турбай калсам деп жашоодогу көйгөйдү өлүмгө алмаштыргысы келет. Ар бир өзүнө кол салган адам өзү өлгөндөн кийин айланасындагылардын ага карата абалын көргүсү келет. Мындай кадамга барган өспүрүм айланасындагыларга көйгөйүн кыйытып айтат. Бирок аны түшүнүп, уга турган адамдар тилекке каршы боло бербейт. Экинчи баскычында өспүрүм өлө турган убакытты, орунду, ыкманы пландап коет. Ал эми үчүнчү баскычында ал адам буга сөзсүз аракет жасайт, аны ишке ашырууга чечим чыгарат.
Суицид кээ бир адамдарда өнөкөт оору сыяктуу аң-сезиминде өмүр бою калыптанып калат.
Негизи өмүрүнө кол салып өлбөй калган өспүрүмдү жакшы колдоого алып дарылатпаса арадан үч-төрт ай өткөндө ал экинчи жолу аракет кылышы ыктымал. Ошондуктан мындай балдарга өзгөчө аяр мамиле жасоо шарт.
Өспүрүмдөр өз жанын аргасыздан кыят, ошол учурда өлүмдөн аман калууга үмүттөнүшөт. Көпчүлүгү өздөрүнө кол салганда аны тезирээк таап ала тургандай көрүнүктүү жерде, же үйүндө чак түштө жасашат. Алар өлүп баратканда кимдир бирөө жардамга келет деп үмүттөнүшөт. Бирок, тилекке каршы чечиле турган көйгөйдү биротоло өлүм менен чечип, ага эч ким жардамга келбей калганын өздөрү да аңдабай калат. Суицидге каршы факторлордун бири анын жакындарына, туугандарына болгон сүйүүсү, бирөөгө милдеткерлиги, өзүнүн ден соолугунан чочулоо, айланасындагы адамдардын ал өлгөндөн кийинки ушак сөздөрү, жашоодогу жетпей калган нерселери, үй-бүлөсүндөгү чечилелек пландары жана жашоого болгон кызыгуусу жогоруласа өмүрүн кыюудан баш тартат. Суицидди болтурбай алдын алууга болот. Эң негизгиси, ага кам көргөн, аны сүйгөн, уга билген, түшүнгөн адамдар айланасында болуусу шарт.