Жомок сымал жазда келген көз ирмем,
Жандүйнөмө азык алам өзүңдөн

Ак кагазды алгамын, ак куу,
роза жасаганмын
Бул көздүн жоосун алган ак куулар, роза гүлдөрү кадимки альбом барактарынан жасалган. Буларды Чолпон-Атадагы Алыкул Осмонов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу ЭРКИНБЕК кызы Жаркынай жасаган. Бир ак кууга А4 форматындагы алты барак кетет дейт оригами кружогуна катышкан Жаркынай.


Нурзада КАБЕШОВА, Бишкек шаардык №4 мектептин окуучусу:
"Нукура кыргыз кызы болгум келет"
Мен эки жылдан бери чий, кыргыз оймосу кружогуна катышып, кийизден ушундай нерселерди жасайм. Кийизден атургай сөйкө, шуру, билерик жасаса болот. Баарын колго тигебиз. Негизи кыргыздын улуттук буюмдарына кызыгам. Өзүм нукура кыргыз кызы болгум келет.


Нурмухаммед ТУРГУНБАЕВ, Бишкектеги №51 мектептин 4-классынын окуучусу:
"Бул кемелерди картондон жасагам, эми жыгачтан жасап баштайм".


Бөжөктөр да, бөбөктөр да керемет


Жетим-жесирлерге ушинтип үй курсак кана?
Ар кимдин ысымы жазылган бул кыштар - кайрымдуулук кыштары. Таза кышты көңүлүнөн чыккан акчага сатып алган адам өз ысымын жазып, дубалга кынап кете берет. "Биз Чолпон-Атадагы "SOS балдар айылынан" келип акция кылып атабыз. Биздин айылда кароосуз калган жетим балдар багылат. Өзүңүздөр көргөндөй бир кышка бирөөлөр жыйырма, дагы бири жүз, айрымдары эки жүз сомдон берип атышат" дейт уюм кызматкери Азамат КАПСАЛАҢОВ.



Ольга БОЙКО, оригами студиясынын мугалими:
"Гүлдестени балдар кагаздан жасаган"
- Оригами менен алектенгениме төрт жыл болду. Учурда балдарга сабак берем. Буларды Свердлов райондук балдар чыгармачыл борборунун балдары жасаган. Бул гүл кадимки эле кагаздан жасалган. Балдардын эң кичүүсү 1-класс, улуулары 9-класста окушат.


Мелис СОВЕТ уулу