Аягы көрүнбөгөн "согуш"

"Чабактарды" эле эмес "киттерди" деле кармап жатабыз"


Ички иштер министрлигине караштуу уюшкан кылмышкерлерге жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Алмазбек ЭРГЕШБАЕВ менен өз кабарчыбыз башкармалыктын бүгүнкү күндө жасап жаткан иштери тууралуу маектешти.

- Алмазбек мырза, түштүктө сиздердин эсебиңиздер боюнча уюшкан кылмышкерлердин канча тобу бар?
- Кыргызстанда төрт уюшкан кылмыштуу топ аракеттенет. Алар Алмамбет Анапияев, Камчы Көлбаев, Максат Абакиров (каймана аты Водолаз) жана Аваз Мирсадыковго таандык.
Президенттин жана өкмөт башчысынын тапшырмасына ылайык ушул топторго аралашкан 64 кылмышкер колго түшүрүлүп, учурда чекесинен сурак берип жатышат. Атүгүл бир далайынын айыптары толук тастыкталып, ар кайсы мөөнөткө кесилишти.
Ал эми Кадыр Досонов (каймана ысымы Жеңго) Тажикстанда кармалып, ушул тапта түрмөдө. Ал Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуу топторду жетектеп турган. Жеңго далай кылмыштуу жана кандуу окуяларды жүзөгө ашырууга активдүү аралашкан.
- Бардыгын чекесинен кармап, мыйзам чегинде чара көрүүгө кудуретиңиздер жетчүдөйбү?
- Иштин баары Кылмыш-жаза кодексине барып такалат. Мисалы, Грузияда бул өңүттө өзүнчө мыйзам бар, ошого жараша чаралары дагы абдан катаал. Ошондуктан ал жакта уюшкан кылмышкерлер кескин түрдө азайды. А бизде Кылмыш-жаза кодексине 37 беренеден турган сунушубузду кийирдик эле, анын жетөө гана араң кубаттоо тапты. Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларына жана өтө активдүү мүчөлөрүнө жоопкерчиликти ого бетер күчөтүүнү өтүнүп, парламентке дагы бир ирет аргасыздан кайрылып отурат. Эгер демилгебиз жактырылып колдоо тапса, өлкөбүздө стабилдүүлүктүн туруктуу орношуна чындап өбөлгө жаралмак.
- Баса, президент Алмазбек Атамбаев жана ошого улай кыргыз өкмөтү соңку кезде коррупцияга каршы аеосуз күрөш жарыялабадыбы. Ошого жараша түштүктөгү үлкөн аткаминерлердин бирөө жарымын кармадыңыздарбы?
- Мына, аз күн мурда Жалал-Абад шаарындагы 10-абактын жетекчиси кылтакка илинди. Ушуга улай Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку жетекчилери кармалды. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коррупциялык иштерге аралашкан мурдагы жетекчилери дагы темир торго киргизилди. Биздин колубуздагы маалыматтарга караганда, булар мамлекеттик бир нече миллион сомдук каражаттарды каалагандай мойсошуп, өлкөгө орду толгус зыян келтиришкен.
Мындан тышкары, айрымдары уюшкан кылмыштуу топтор менен тил табышып, каалагандай тайраңдашкан. Териштирүүнүн жүрүшүндө башка дагы теңирден тескери жоруктардын жүзү ачыларынан кымындай күмөнүм жок.
- Элдин баамында жалаң "чабактар" колго түшүп, ал эми "киттер", мындайча айтканда үлкөн кызматкерлер дале эркиндикте жүрүшөт. Сиз ушуга кошуласызбы?
- Жок. Мен буга таптакыр кошула албайм. Анткени жогоруда мен айткан мисал ошол "киттер" деле моминтип колго түшүп жаткандыгын айгинелеп турбайбы. Менимче, жанагылардын айыбы толук далилденсе албетте мамлекет казынасынан жегендерин толук кустурабыз.
- Сиздин жана кызматкерлери-ңиздин өмүрү дайыма коркунучта. Анткени уюшкан кылмышкерлер же мурдун балта кеспеген коррупционерлер чекесинен көзүңөрдү тазалоодон дагы кайра тартышкыдай эмес. Мындайда кантип атасыздар? Дегеле, сиздерде коопсуздук жагы кантип жатат?
- Ооба, соо адамдар менен күрөшүп жаткан жокпуз. Ар кандай карама- каршылыктарга, коркутуп-үркүтүүлөргө кадам сайын учурап жатабыз. Анткени кармалгандардын арасында бийликтин жогорку тепкичинде иштегендер да бар. Уюшкан кылмыштуу топтор менен тыгыз кызматташкандар дагы жок эмес. Ошентсе да корккон жерибиз жок.
Себеби бизди президент өзү, анан дагы өкмөт туруктуу жана бекем колдоп жатат. Эң башкысы, биздин коопсуздугубузга мамлекет өзү толук кандуу кепилдик берип атат. Маселен, ашкере коркунучтуу кылмышкерлерди же алардын тобун кармоо маалында кырсыкка учураса же каза тапса, милиция кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө чыгымдары толук бойдон төлөнүп, аларды социалдык жактан колдоо маселеси чечилген.
Ушул жышаан кесиптештериме өзүнчө демөөр байлатып, милдетин абийирдүү аркалоого шыктандырып турат.
- Алмазбек мырза, сиз дасыккан адис эмессизби. Дегиңкиси уюшкан кылмышкерлер тобун биротоло тизгиндеп, коррупционерлердин алкымын тыюу максатында кыргыз өкмөтү ириде кандай чара көрүүсү кажет?
- Моюндашыбыз кажет, биринчи кезекте ушул өңүттөгү мыйзамдарыбыздын чала жерлери толтура. Ошолорду азыртан алымчалап-кошумчалап, чукул арада өксүктөрдөн арылтсак, ошондо баары нугуна түшөт го деп үмүттөнөм. Ошол эле учурда бул өңүттө башка укук коргоо органдары менен дагы тыгыз иштешүүгө тийишпиз. Мындан тышкары, ушул жагынан жарандык коомдун дагы түздөн-түз көмөгүнө абдан муктажбыз. Ушундай чогуу-чаран аракеттин акыбети сөзсүз кайтаарына мен абдан ишенем.
Дагы кошумчалай турган жагдай, жанагыдай уюшкан кылмыштуу топтордун жорук-жосундарын айгинелөөдө күбөлөрдүн коопсуздугун туруктуу камсыз кылуу бизде соңку жылдары өтө олуттуу көйгөйгө айланып баратат. Анткени даттанган тараптын жашырындыгын сактоо - биздин түздөн-түз милдетибиз. Кокус сот жараянынын жүрүшүндө күбөлөргө капысынан кол салынса же андан кийин деле аларды аңдуу, коркутуп-үркүтүү такай улантылса ким жооп берет? Ушул жагдай дале мыйзамда даана жана так каралган эмес. Анүчүн жоопкерчилик дагы жок.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары, сүрөт автордуку